Режиссер Алим Токторов: “Мекенчил Исхак Раззаковдун өмүр жолу экранда”

razzakov_kino

Коомдун тазалыгын самаганда “Сен таза болсоң, мен таза болсом – коом да таза болот” деген сөздү мисалга келтиребиз. Мындай таасын кебин калтырган Исхак Раззаковдун басып өткөн чыйыры тасмага түшүрүлдү.

— Алим мырза, Исхак Раззаков жөнүндө көркөм тасма тартканыңдан кабарыбыз бар…

— Бул идея мага Баткен облустук телеберүү-радио уктуруу комитетин жетектеп жүргөнүмдө келди. Ал учурда Кыргыз телеберүүсү “Чиркин өмүр” аттуу сериалды көрсөтүп жаткан. Ошондо биз эл аралык уюмдарга долбоор сунуштап, “Баткен сериалы” деген темада (20 серия болмок) телесериал тартууга киришкенбиз. Албетте, алгач тарткан тасмаларда кемчиликтер көп эле. Фильм тартуу үчүн атайын кошумча курстардан өтүп, билимимди өркүндөтүүгө туура келди. Буга байланыштуу көп китептерди окудум, Интернетти аңтардым, башкалардан үйрөндүм. Ошентип, үч сериал тарттык. 2005-жылы президенттер алмашканда сериал тартуу токтоп калды. Кийин ал сериалды улантайын дегенимче эле мени КТРге которуп жиберишти. Негизи, ошол кырдаалга чейин мен КТРде 15 жылдык тажрыйбага ээ элем. Катардагы кабарчыдан – редактор, режиссер, продюсер болуп иштеп келдим. Бишкекке келгенден кийин махабат темасында “Жыйырманчы жаз”, кыз ала качуу темасында “Дөңгөлөк.kg” аттуу толук метраждуу эки тасма тарттым. Ошондон кийин Раззаков тууралуу фильм тартуу идеясын башкалар менен бөлүшө баштадым. Алгач өзүм буга анча маани бербесем да, акырындап олуттуу кирише бердим. Бул чоң долбоор болгондуктан, арыз берип иштен да чыгып алдым.

— Бул тасмага тажрыйба топтогон соң киришкен экенсиң. Ушул бир жарым сааттык көркөм фильмге Өкмөт каражат жактан жардам бердиби?

— Кыргызда “Жылкыңа карап ышкыр” деген сөз бар. Алгач каражат сураштыра баштаганымда (жеке адамдардан да, мамлекеттик мекемелерден да) айтор, 40-50 миң доллардан ашык таба албасымды билдим. Ошого жараша сценарий жазылды. Тасманын бюджетине мамлекеттен расмий түрдө акча сураган жокмун. Бирок, “Көп түкүрсө – көл болот” дегендей мамлекеттик мекемелерден дагы жардам сурап жаттым. Фильмдин жанрына карай акча керектелет. “Жаздын он жетинчи ирмеми” деген орустардын фильми бар эмеспи, биздин тасма ошол жанрга жакын. “Токторов, бул акчаңа көркөм кинону кой, документалдуу фильм тартканга да болбойт” дегендер болду. Албетте, бюджети мен ойлогондон ашып кетти. Ал ортодо бензин, доллар кымбаттап кетти. Бышыкчылык келсе, карыздарыбызды беребиз.

— Эмне үчүн үч жылга созулуп кетти?

— Бүгүнкү кабинетти жасаш оңой. Ал эми өткөн кылымдын 40-50-жылдарындагы кабинеттерин жасоого убакыт талап кылынды. Кийим-кече, чач жасалгасы, айтор, бир эле эпизодго 15 күн же бир ай кетип калган учурлар болду. Мисалы, Сталин менен болгон эпизоддорду бир айдан ашык тарттык.

— Сталиндин ролун ким аткарды?

— Бекаури Гоча Васильевич деген грузин аткарды. Ал Кыргызстандагы грузин диаспорасынын директору, 64 жашта экен. Баса, Сталин Раззаков менен сүйлөшкөндө да ошондой куракта болгон. Алгач Бекауриден Грузиядан актер таап келүүсүн өтүндүм. Ал Тбилисиге барып келип, Грузияда Сталин тууралуу фильм тартыла элек, учурда спектакль да коюлбаганын айтты. Актер издегенге убактысы да болбой, бирөөгө дайындап келиптир. Бир күнү үй телефонуна чалсам, зайыбы алып: “Сталиндин ролуна Бекаури жарайт, досторунун баары аны Сталинге окшоштурушат”, – деп калды. Мен байкабаптырмын. Анан гримдеп көрсөк эле окшошуп калды. Кулагы делдегейирээк экен, чаптадык, маңдайдагы чачын кырдык, патриот киши экен, баарына макул болду. Сталин арыгыраак болуптур, биздин актерубуз толмочураак. Арыктоосун өтүндүм. Репетиция кылдык, бирок, дале Сталинге окшошпой туруп алды. Сырты окшош, жан дүйнөсү окшошпойт!.. Алты айдан ашык репетиция жасадык. Бир жагынан, грузин болуп туруп Сталинге окшошо албай койгонуна бир топ уялды. Кийин 70-80 пайыз окшошо баштаганда, негедир сөздөрүн унута баштады. Кинодо Раззаковду Сталинге эки жолу жолуктурдум. Ар биринде 5-6 мүнөттөн диалог кетет. Сөзүн айтса, образга кире албайт, образга кирсе, сөзүн унутуп, көпкө тартылган эпизоддордун бири ушул болду.

— Раззаковдун ролун өзүң аткарган турбайсыңбы?

— Оюмда да жок эле. “Алыкул жана мезгил” тасмасынын сүрөтчү-коюучусу болуп иштеген Орозбай Абдысатаров жолугуп, бул тасмада иштөөгө сунуш бердим. “Эски убактагы фильмди тартыш кыйындыгын айтып, макул болгон жок. Пилоттук долбоорго жардам берүүсүн суранып атып, араң ынандырдым. Раззаковдун ролун аткара турган актерду издеп жүргөнүбүздө “өзүң ойнобойсуңбу?” – деди ал киши.

Раззаковдун көздөрү чоң, терең, бирок, жүзү мага окшошуп кетет экен. Чачымды эки ай өстүрүшкө туура келди. Көздөрүмдү чоңойтуп гримм жасалды. Ошентип “пилоттук долбоорду” тарттык: – 1961-жылы 8-9-майдагы пленумда Раззаковду кызматтан алгандан кийин Байтиктин Басбөлтөгүнө барганы жана 1945-жылы Раззаковду Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болууну сунуштап жаткандагы Сталин менен болгон диалогу. Кээ бирөөлөр Сталинге жолуккан эмес деп айтып жүрүшөт. Раззаков Өзбекстанда иштегенден кийин Москвада КПСС БКда 6 айдан ашык инспектор болуп иштеп, текшерүүдөн өткөн. Кыргызстанга бир жарым айга келип кеткен. Исхак Раззаковду чечендиги-ораторлугу, чукугандай сөз тапкычтыгы үчүн Сталин “Чыгыштын булбулу” деп атаган экен.

25-октябрда Раззаковдун туулган күнү белгиленип, эл чогулуп, куран окутулду. Чай ичүүгө кырктай киши катышты. Көбүнчө жердештери, туугандары, чиновниктер, Республикалык И.Раззаков фондунун мүчөлөрү, ошол учурдан пайдаланып, тарткан пилоттук тасманы көрсөтсөм, баарына жакшы таасир калтырды. Ыйлагандар ыйлады, анан аягына чыгаруумду өтүнүп, бата беришти. Ошентип, тасманы тартууга катуу кириштик. Тасманын көркөм кеңеши түзүлүп, кастинг өткөрүлүп, ролдорго актерлорду беките баштадык. Бир топ себептерге байланыштуу Раззаковдун ролун кайра өзүм ойноп калдым. Раззаковдун ролун беките албай тасма тартуу убактысы мөөнөтүнөн үч айга кечигип башталды. Эгер мен өзүмдүн тартыларымды билгенимде улам гриммге убакыт коротпой, көзүмдү чоңойтуп операция жасатмак элем.

— Тасманы качан эл сынына саласың?

— Ачыгын айтканда, каражаттын жетишсиздиги бар. Ал маселени чечип алсак эле, аягына толук чыгабыз. Исхак Раззаковдун каза болгон күнү – 19-март. “Раззаков өлгөн эмес, ал тирүү” деген ураан менен ошол күндөн тарта элге көрсөтө баштайлы деген үмүттөбүз.

— Кыргыздын мекенчил уулу Раззаков агабыз менен экрандан жүз көрүшкөнгө чейин анда, Алим мырза!

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ, Эркин тоо, 23.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий