Айдарбек Сарманбетов. «Кыраан»

(аңгеме)

Күмүш мөңгүлөрү күнгө чагылыша жалтырап, ала булутка тумандаган чокулары көк челе шаңкайган касиеттүү Ала-Тоо. Этегинде ыйыктыгы андан кем эмес, алпейим чалкыган көпкөк Ысык-Көл. Бийиктен караганда ал, токойлуу тоолор менен кемерленип, Күндүн жалтыр нуруна чагылышкан Көл чөйчөктөгү мелт-калт эткен сымаптай көрүнөт. Ошондой, ыйык өрөөндөгү бийик, жалама аскалуу капчыгайды бүркүттүн кайталай шаңшыганы жаңыртты. “Клак! Клак!” деген шаңдуу да, өкүмзар да дооштон жан-жаныбарлар түгөл селт этип алышты. Жүрөктөрү зааркана дүпүлдөп, кан тамырлары лакылдап асманды текши жалт карашты. Анткени, ал үн асман паашасы – бүркүттүкү болучу! Бүгүнкү шаңшыганы өзгөчө – өкүм, ызалуу да, ачуу да эле. Неге?

Күңгөй кырка тоосунун калдайган караандуу ириси да, касиет баккан кубаттуусу да болгон Кес-Сеңирдин Бүркүт -Уя аталган тик, жалама көк аскасынын боо­руна салынган эски уясында карт бүркүт канаттарын калдаңдата кагынып, ошентип шаңшып алды. Төбө­сүндөгү түпсүз көк асманды, артындагы заңкайган кубаттуу тоолордун зор кубатын, алдындагы чалкыган көпкөк көлдү жон териси менен сезип жатты. Бул, кенен, түбөлүктүү, керемет жарык дүйнөнү акыркы ирет көрүп, кош айтышып жатканына ишене албай турса да, ал, өзөк өрттөгөн ачуу чындыкты жүрөк толтосунан түпөйүл туюп турду. Тирүүлүктөн акыры кол үзүп, түбөлүккө, эзели кайрылгыс, жок болуп кетээрине кайсыл пенде ишенмек. Жарык жашоодон ким эле кетейин десин! Бирок, ажал ак. Ал, улуу Акыйкатка моюн сунбаска арга жок! Акыры ал арман ар бир жандуунун башына келбей койбойт. Жаралуунун жоголуусу, келгендин кетмеги бар. Кимдин улуулугу менен пастыгы ошол, соңку сапарына кетээринде иргелет. Ал, ачуу чындыкты ким кандай кабыл алат? Ажал менен бетме-бет арбашып чыкканда ким пастанат да, өтмүш өмүрдөн кайрылгыс өтүп баратканда ким акыркы, улуу жеңишине жетет. Пенденин кимдиги ошондо!

Ошентсе да үмүт чиркин үзүлбөйт тура! Каруудан кайтып, мүрүсү чыккан калдайган канаттарын толук жыйганга дарманы келбей, күнү кечээ эле каалагандай кайкып учкан асманына атырылып чыгууга умтулгансып улам жүткүнө октос берген карт бүркүттүн сүлдөрү кеткен менен көздөрү гана демейдегисиндей сүрдүү, өткүр. Бирок, анда да ачуу арман, өкүт катылуу. Атаңгөрү! Түпсүз асманды аралай учуп, толук өкүмдарлыгын жүргүзгөн баягы, жаштыгы, жок дегенде беш түлөк курагы болсо кана?! Ал, улуу кезеңдин бир ирмеми эле кайрылып келсечи, арман! Канаттарын калдайта жайып, өзүн дүйнөнүн жалгыз ээси сезе учу-кыйырсыз асманды бир чарк айлана учуп, өкүмзар шаңшып албайт беле. Аттиң, ар бир көз ирмеми баа жеткис асыл өмүр кезеңи колдо турганда бааланбай калат тура.

Ошентсе да улуулук сүрүнөн кайтпайт! Бүркүттүн өкүм үнүнөн суурлар томпоңдой ийнине качып, шалпаң кулак коендун жүрөгү үшүп, көздөрү оготөтөн алаңдап, алтургай Алатоонун ой-кырына өз бийлигин салган көкжал да кооптоно асманга жалт карады. Жок. Көк асманда канаттарын калдайта жайып, каалгый, айлана учкан демейки сүрдүү караан көрүнбөйт. Асман паашасы анда неге шаңшыды? Дагы кандай балээсин баштап туру? Анын ал-күчтөн тайып, армандап турганын ким билмек. Каалаганын илип алар кубаттуу чеңгели уясындагы куураган чегедектерди араң тутамдап турду, кулап кетпей. Атаңгөрү! Ошол, көпкөлөң кезекте канатташ учуп келаткан жаш түгөйүнө мактана коем деп капылет торго түшкөнүчү! Карт бүркүтчү тону менен баса жыгылганда ал, арзытканынын айлана учкан элесин көк асмандын бетинде акыркы ирет бир көрүп калды! Аны ошол бойдон жоготту. Канчалык ичинен имерилген менен ачуу акыйкаттан аргасы жок ал, сапарын улай учуп кете бербедиби! Ал да туура. Өлгөндүн артынан өлмөк — акылсыздык. Жашоону улагандын өзү эле эрдик. Акыры бир күнү түбөлүк кол үзүп кете берээрин туюп туруп жашоо, ошондо да намысын бийик тутуп, үлгү болорлук өмүр сүрүү эки эсе эрдик эмеспи! Антүү нагыз кыраандардын гана колунан келет. Баса, кыраан демекчи, ошол, торго алгач түшкөндө тону менен баса жыгылган чокчо сакал ээси ачып, карабай жатып эле “кырааным, айланайын кырааным” деп, чечекейи чеч боло сүйүнбөдү беле. Көрсө, сыртынан небак эле багып, көз артып жүргөн окшобойбу!

Анан ээси экөөнүн эрөөлү башталды. Адам пендеси бүркүттү караңгы кампасына камап, тууруна кондуруп коюп, ачкачылык менен кайыктырды. Анысы, арам этинен арылсын дегени эле. Эч кимди эгем деп тааныбай, ээн асманда эркин дооранын сүргөн кыраан бир канча күн биресе ызасынан, биресе куру суудан бөлөк эч тамак жоктугунан оозуна наар албай, качан гана алдан тайып, алсыраган денесин муздак тер басып, калтырап калганда ээси келди. Эшик калдырай шарт ачылып, нечен күн көрбөгөн жарыктын жалтыр нурларынанбы, же өзөк карарткан ачкачылыктанбы көздөрү тумандап, ээсинин сөлөкөтүн араң баамдап, тааныш үнүн эптеп эшитти. Канаты менен кагып, же темирдей курч текөөрүн шилтегенге дарманы жетпей калган. Алаңгыр көздөрүн жалт-жалт алаңдаткандан башкага жараган жок. Ошондо кыраан канчалык өзүн шер сезген менен эмки жашоосу, тагдырынын боосу эми биротоло ушул адамдын колуна өткөнүн анык туюп, армандуу моюндады. Антпеске аргасы канча! Кааласа бу адам минтип ачкалык менен эле мертинтип коет тура. Жоон билегинен калың кайыш боо менен тууруна байланып, асманынан ажыраган бүркүт жер үстүндө адамдын өкүмзарлыгын даана туйду. Эрөөлдө жеңилди, ача буттуу адам асман паашасын утту. Торго чалынганда калдактап, адамдын кучагынан кутулуп чыгууга жандалбас уруп, көзүн да чукуп алуудан кайра тартпаган бүркүт эрегишүүнүн эми майнапсыздыгын даана туйду.

Ошотапта кыраандын дилинде багып турган купуя оюн туюп тургандай ээси:

– Кел, эми, кырааным, тирешпей, бу жазмышта эриш-аркак бирге бололук! Эрегиштен эр өлөт. Экөөбүздүн бирибиз өлгөндө экинчибизге не пайда? Сен менин намысымды алып бер, мен сени кордобоюн, кырааным!- деп, алайган оттуу көздөрү менен саал тике карап туруп, колундагы жаш этти шамшардай курч ийри тумшугу менен жулуп ала, лак-лак жутуп кирген бүркүттү башынан аяр сылап, — Айла-анайын, ыраазымын сага, кырааным! Антташкан дос бололук! – деп, капыстан эле жашый кетти. Эмнеге, түшүнүксүз. Деги, адамдарды билип болбойт. Ээсинин жумшак, аялуу үнүнөн бүркүт жакшылыктын жышаанын сезип, каарынан кайтты. Ошону менен шерт бүттү. Унчукпай түшүнүштү.

Бир апта өтүп-өтпөй ээси бүркүтүнө алаңгыр көздөрүн жаба томого салып, чыканагына чейин келген калың тери мээлейине кондуруп алды да сыртка көтөрүп чыкты. Канаттарын калдактата күүлөп, таза абадан көкүрөк кере кенен жуткан кыраан тез эле кубаттанды. Камыга түшкөн экен. Ээси улам мойнунан сылап, канаттарын салаалай тарап, өзүнчө жалынып кыйла басып жүрдү. Анысы үнүн кулагына сиңдирип, өзүнө үйүр алдырып жатканы эле. Айбан менен адамдын айттырбай түшүнүшүүсү ошондон башталат эмеспи. Демейде желке жүнү үрпөйүп, жаалы чыга түшчү бүркүт эми антпей, жоошуп, көндү.

Дагы бир жумадай өтүп ээси кезектеги кызыгын баштады. Жоон жипке кызыл эт байлатып алып артынан сүйрөтүп, баласына ат ызгыта чаптырып, өзү айыл четиндеги окчундан бүркүтүнүн томогосун сыйрып, зуулаган этке серпип, аң алганды, аны кайра ээси келгенде гана кое берип ыроологонду үйрөттү. “Пө! Пөлөп” чакырып, ээсине кайтканды, колуна конгонду үйрөттү. Ошентип, эки ай айланбай, адам баласы акыл-амалы менен асман шаасын биротоло качкыс кылып жипсиз байлап алды. Экөө айрылгыс, кыйбас шерик болгонго жетишти. Эң башкысы, бири-бирине ишеништи, сыйлашты…

Кийин, бүркүт табына келип, тоо-ташта далай аң уулап, нечен жылдарды карытканда адам аны “досум, жан биргем” дегенге өттү. Анан эмне, томогосун башынан шыпыра берип, сермегенде эле көзү көргөн аңын куткарбай баарын алып берип жатса! Түлкүнүн калтарына, бөрүсүн дөбөтүнө чейин алып берди. Тоо-ташта болсун, же чуулдаган атмайдандагы майрамдардабы ээсин бир да жолу намыска сындырбады. Ошондо да амалданып, ичи тарыган көрө албас курдаштары бир жолкуда “эр болсоң текеге салчы, мактаган бүркүтүңдү көрөлүк” деп жаалашканда да ээси томогосун бир шыпырып, көздөрү чагылыша түшкөндө ээсинин намысы жалындай жанып, өлүп берүүдөн да кайтпай жандүйнөсү оттой күйүп, зор үмүт, ишеним артканын бир ирмемде туйду. Жан бирге болуп калган экөө дагы да бири-бирин айттырбай түшүнүштү! Канаттарын калдактата күүлөп, асманга кайый уча бергенде эле кайберендер да алгыр бүркүттүн көзү дал өзүлөрүн мээлегенин туюп шагылдарды шалдыратып аска таяна жапырылып кача берди. Ээмдин намысын жана да бир алып берейин деген кыраан, эң эттүү, нечен муундалган мүйүзү аркайган ири текени тандай шукшурула барып моюн-соорудан чапчый чеңгелдеп саал жерден көтөрдү да туягын жерден ажыратып, аскадан ары таштап жиберди. Жандалбастай тыбыраган теке ачуу маарап баш-аягы аласалып кулай берди! Бүркүт анын жерге “дүп” эте түшүшүн күтө саал кайкый учту да, ээсинин колуна калдактай келип кайра конду. Уйдун калың терисинен ийлене тигилген мээлейди тутамдай кармап, ээсинин колун бөтөнчө кыса кармады. Ал, ишенимиңди аткардымбы дегени сымал эле. Аны ээси түшүндү. “Айланайын кырааным, менин пирим!” деп анын ийри тумшугунан кайталай өөп жиберди. Көздөрүндө ысык жаш каканактап толуп кетиптир!

Ошондон кийин ээси аны кайрылып аңга салган жок. Анты болот деп ырым кылды. Кырааны алып деле бермек, каалаганын, ал, табына анык келип, ал-кубаты денесине сыйбай, толуп-ташып турган. Бирок, антпеди. Алгырын сыйлаганы эле. Кайберенден кийин макирөө түлкү же кайсаңдаган карышкырга салмакпы! Ал, тайкылык, сыйлабастык болмок. Жок, ошол бойдон эле кыраанын атайын салган жертөлөсүнө биротоло камап, камыктырып да койгон жок, жайкысын да, кыштын кыраан чилдесинде да түлкү тебетейин, кара күрпөң ичигин калдайта кийип, кыраанын колуна кондуруп алып, атын шайдоот темине курдаштары менен аң уулоого алып барып жүрдү. Бирок, башкаларчылап аны айгайлай сүрөп, аңга салбай койду. Антсе эле башкы мөрөй экөөнүкү болмогун баары жакшы билет. Кырааны теңдешсиз теке алып бербедиби! Эч кимиси ага теңеле албайт! Баарыдан башы бийик, атагы артык! Бир жолу…

Кеч күз эле. Ээси адатынча ичинен тап дулдуюп, аңга чыгып калды. Көздөрү шойкомдуу. Уу-Таш тарапта кыйды калтар пайда болуптур. Эч кимге алдырбай коет. Бостери, биягы Чоң -Сары-Ойдон бери мыкты делген төрт-беш мүнүшкөр макулдашып алып, таң эрте бүркүттөрүн калдайта кондуруп, шайдоот чыгышкан. Калтарды кимдин бүркүтү качырбай алып, өтө сейрек, не бир кымбат терини да, атакты да алаар экен деп ичтеринен тынган менен, баары сыртынан сыр бербей бажакташып күүлүү. Дээрлик бардыгынын өз бүркүттөрүнөн ишеними чоң. Ошентсе да бири-бириникин сынай да, кооптуу да карашып ичтен тап. Албетте, Буйлаш кыраанын салаар бекен, салса да качан, акырында салабы, же… деген убай, коога баарында күч.

Мелжеп келаткан кыраңдан кара калтар булак этип көрүнө калганда эле Бает айылынын мыктысы делген жаш мүнүшкөр чапчаңдык кылып, кепке алаксып келаткан аксакалдардан озунуп, бүркүтүн серпип калды! Аны алыстан баамдап калган калтар бадалдарды беттей ызгып берди. Бүркүт коебу, жебедей шукшурулуп мына жете берип, илип кетээринде калтар топтошо өскөн алачыктай төө куйруктардын түбүнө жата калды. Өзүнүн чамасын да, убакыт мерчемин да так болжогон экен, эргул! Куп жетишип калды. Амалга алдырган бүркүт шыпшыны сууп, төө куйруктардын үстүнөн калдактай кайып барып окчундагы чулу ташка барып соксойуп олтуруп калды.

– Чамасы чарк экен. Табына келе элек тура. Ашыгып салып коюпсуң.– деп алды мүнүшкөрлөрдүн карысы, Чалагыз аксакал. Калганы деле ошондой ойдо болсо керек, эч кими үндөшкөн жок.

Жаза тайган бүркүттү алып, түлкү кирип кеткен төө куйруктарды айланып мыш болгон баеттик жигит канчалык айгай салып, таш ыргыткан менен ал, жаны таттуу жаныбарды сыртка чыгара албады. Анын да бүркүтү сымал чамасы чарк экени байкалып калды. Айрыкча, аксакалдар анын бул кылыгын жактырышкан жок.

Жаш жигиттин жосунсуз жоругунан шаабайлары сууй түшкөн мүнүшкөрлүр чай ичип алмакка маңдайкы кашарга бет алышты. Баары үнсүз, ичтен тап. Бушайман. Күндүн соңу кандай болор экен, кыйды калтарды кимдин бүркүтү алат? Кудай берип, менин… деген үмүт баарында. Кашарга жеткидей болушкан жок. Намыстанып калган баеттик жигит улам артына кылчак карап келаткан эле, капыстан кыйкырыгы чыгып калды:

– Ана! Чыкты!.. Кетти!

Баары жалт карап, көмүрдөй кара, куйрук-бою суналган калтардын чымынкуюн түшүп, тоо беттей безип баратканын көрүнтү. Кезектеги дагы бир бүркүт серпилди. Алалбады. Ой-бо-ой! Демейкисинен өзгөчө, куйругун булактата көтөрүп алып качып бараткан неме, төбөдөн шукшурулган бүркүт куп куйруктан илип кетээринде чычайган куйругун жыя салып таштардын коңулуна култ этип кире качса болобу! Ой, тобо! Мындай амалкөй болорбу!

Калтар кайрадан таш аралай тоо таянып ызгыды. Ага серпилген бүркүттөрдүн кийинкилери да алалбады. Таштай атылган алгырлар шуулдап келе бергенде жакынкы таштын далдасына жата калып, буйтай жөнөйт. Качан өзү эле калганын туйган Буйлаш акыры күткөн кезегинин келгенин сезди.

– А, барбардигер! – деп, кыраанынын томогосун шыпырып алып обого серпип калды. Күтүүсүз жарыктан көзү карыга түшкөн бүркүт асманга каргып, көзү көнгүчө болбой, жан сабап качып бараткан кара калтарды көрө койду. Кыраан кыйлага көтөрүлүп алды да аны мелжеп, шукшурула таштай урулду. Ай, кеч болуп калган экен! Кыраан аркан бою калганда калтар калың бадалга кире качты. Бир көз ирмем гана эртерээк болгондо… Асманга кайый берген бүркүт аңгыча тайыз коктуда өнтөңдөп жүргөн белгисиз жандыкты көрө койду! Ал, кызыл теричен неме бирде томпоңдой жортуп, кайра токтой калып жер челип, бир нерсенин кызыгына катуу баткандай. Болду-болбоду, ээси жанагыл, бадалга жетип калган калтарга эмес, дал ушул сырдуу жандыкка салса керек деген бүркүт ага октой атыла жөнөдү. Не болсо да аны алуу керек. Ээси үчүн! Куру кайтпоо керек. Эч качан! Шамаал кулакта ышкырып жатты…

Ал, томпоңдогон “кызыл жандык” Кыдык чал болчу. Жакадагы дүкөнгө барып, үйүнө чай-чамелек алып келаткан. Көрсө, куржунунун түбү тешик тура. Алган чакмак кант, момпосуйлары жолдугата бирден чууруп түшө берген экен, байкап калып кайра терип жүргөн болучу. Алыстан кыйкырык-чуу чыгып, коогалуу бир нерсенин катуу шуулдап келатканынан улам кезектеги момпосуйга эңкейген денесин түзөй берип артына кылчайды эле, аттарын катуу теминип, камчы булгалай чаап келаткан бүркүтчүлөрдү көрдү. Ага удаа эле жанагыл шуулдак жете келип, ийинден ачуу апчый өтүп кайый берди. Ал, кыраан болчу! Кызарган “жандыктын” адам экенин байкай коюп, катуу күүлөнүп алгандан чукул багытын бура албай, кишинин ийнин такоол кыла тээп алып асманга кайра кайыган эле. Кыдык чалдын кызыл чепкенинин сол ийни чеңгелине кетти. Бүркүттүн катуу таканчына туруштук бере албаган ал бейпай сүрдүгө жыгылып, эки-үч аласалып кетти. Эсинен айрылып, дагы не балакети болуп кетет деп дапдаарып, коркуп калган чүкөдөй абышка эсин жыйып, ордунан тургуча бүркүтчүлөр шатыра-шатман жете келишти.

– Ой, бу Кыдык тура…

– Атааңдын көрү…

– Эмне кылып жүрөсүң, ой, жарыктык, бу ээн тоо-ташта?!

– Киши кийик болоюн деген го, карыганда. Ха-ха-ха!..

– Ой-бо-ой! Кырааның мыкты экен, кишиге кол салып…

– Көргөнүнөн кайтпай, табында экен!..

– Бали!

Бака-шака түшкөн бүркүтчүлөр ал күнү куру кол кайтышкан менен, амалкөй калтарды кыраан бир жума өтүп, ызаланып калган ээси биринчи кое бергенде эле алып берди. Мурдагысында деле саал эрте болгондо аны кутултмак эмес. Ажалынын анык келгенин туйган калтар жан айбатын жасап, бүркүт ач тырмагын саларда артына чапчаң кайрылып эки бутуна тура калып ырылдай тиш салса болобу! Бирок кыраан шамдагайлык кылып андан озуна тумшуктан кабыштыра кармоого үлгүрдү…

Дагы бир жолу…

Жан-жаныбарлар түгөл ачыгып калчу эрте жаз эле. Албетте, алгырлардан башкалары. Алар күнүгө аңга чыгып, олжосунун ысык этине кана тоюнуп жатса кайдан ачыгышсын.

Буйлаш бүркүтүн кампасындагы тууруна кондуруп коюп, кадимкисиндей багып жаткан. Кышы бою жаңы эттен өксүткөн жок. Түрдөп берди. Антпесе табын бузуп алмак да. Айрыкча кыраандарды бапестеп багып, сыйда мамиле жасабаса алар бат эле эле үрпөйүп, каруусунан да, табынан да кайта түшөт. Оюндагысын орундап туруу керек. Алтургай мыкты мүнүшкөр алгырынын каалаганын алдын алып багат.

Бир күнү түш оой Буйлаш келип адатынча кыраанынын томогосун алып, али жылуусу кайта элек бир кесим этти карматты. Маалы келип, тамак күтүп жаткан бүркүт өткүр тырмактары тарбайган карылуу колдору менен этти чеңгелдей алып, уучуна ыңтайлап алмак болуп копшолду эле, капыстан жерге түшүп кетти.

– Эк, ата-а, болор-болбос кыштан жүдөп, табыңдан кайтып калган белемсиң, жаман арам! – деп, негедир кыраанын баштагысындай эркелетип, кастарлабай, билегинин сырты менен моюн талаштыра кагып жиберди! Мындайды эзели күтпөгөн бүркүт тең салмагын жогото канатын жая калдактап, кыска байланган туурунан аз жерден кулап кете жаздады. Анда эле каруусунун булчуңдары чоюлуп, кыйлага забын тартып калмак. Эзели ээсинен кагуу жеп көрбөгөн бүркүттүн ызасы башына тээп, өзүнө өзү ээ боло албай канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп алды да ээсин ийин талаштыра удаама-удаа чаап жиберди! Буйлаш камгактай ыргып, капталдай жыгылды. Мындай айбатты түк күтпөгөн ал, бүркүттүн канат кагуусунан чаңы сапырылып чыккан кампанын босого туштагы бурчунан ызырына сөгүнүп, бозала чаң болуп тура калды да, колуна кокус уруна түшкөн төө тикенден жасалып, короо шыпырчу жаман шыпыргы менен бүркүттү жон талаштыра уруп калды.

– Э-энеңди!… Кантет?! Акмак го! Ээсине кол салып жинди болгонбу? Кутурган экенсиң!..– деп бакылдап, шыпыргысын ыргытып жиберди да калдактай чыгып кетти. Каалга артынан катуу жабылганда ачытылган ашаткыдай жагымсыз, чоочун жыт бур этти. Бу неси? Эми эмне кылар экен?

Ызасы кыйлага тарабаган бүркүт туурунда улам копшолуп, улага тарапты жалт-жалт карап ээсин коога тарта күткөнү менен ал кайрылып келген жок…

Мезгил көчү тынбай уланып, жай да келди. Мүнүшкөр менен бүркүт эзели ортолорунда эч нерсе болбогондой сыр беришкен жок. Рас, баягы, бири-бирин ызалаган капсалаңдуу күндүн эртеси таң заарда эле Буйлаш кампага баш багып:

– Кечирип кой, кырааным, мени. Бозого чоң тоюп алган окшобоймунбу карыганда, Кудай уруп… Эрлердин ортосунда мындай майда-барат боло берет. Элдешелик. Кек сактаба. Мен сени кандай сыйлаарымды билесиң…– деп сүйлөнүп, бүркүтүнүн моюнун эркелете сылай тарап, томогосун алып, көзүнө күнөөлүү тике караган. Ээсин аяп, анын сунган сулп этин суз жеп, бүркүт сыр берген эмес. Бирок ачуу ызасы ичинде калган эле…

Көпкө дейре канат күүлөп оболой учпай, бүкшүгөн кампада камыгып калган бүркүттөрү бир черден чыгып алсын дегенби, күндөрдүн биринде бостерилик чоң мүнүшкөр, айтылуу комузчу досу Чалагыз менен Буйлаш аттарын жеңил токуп, заңкая көк челген тоону беттей чыгышты.

Бүркүтчүлөр көп деле жүрүшкөн жок, демейкидей айгайлап сүрөөнгө алып, артынан атын камчылап бүркүттөрүн мурдатан акмалап жүргөн аңына деле салышпады. Тоо этектей келгенде ылдыйда мемиреп, чалкый жаткан Ысык-Көлдү беттете Чалагыз аксакал бүркүтүн кое берди. Ээсинин мерчеген аңы жок, таза абага өпкөсүн тазалап, канатына кубат алып алсын деген ой менен кое бергенин туйган бүркүт канаттарын калдактата төмөнтөн урган желди беттей күүлөп, тээ бийикке көтөрүлүп, эки ирет айлана учуп алды да денеси жибип, каны суюлганына маашырлана кайрадан мүнүшкөрүнүн колуна келип конду. Анан Буйлаш кыраанынын томогосун алып, абага серпти. Кампада кыйла олтуруп канаты талып, каны уюй баштаган кыраан жаңкы бүркүттөй жайыла учуп, черин кандырбастан көп деле алыстабай кайрадан ээсин беттей шектүү бурулду. Кыраакы мүнүшкөр Чалагыз бир шойкомдун болорун боолголой коюп:

– Ой, Буйлаш, бол, жашын! Мунуңду таарынтып койгонсуң го, ызаланып калган тура! – деп, айгайлап жиберди. Болбоду, Буйлаш өткөндөгү күчтүү бозонун күүсү менен кыраанын таарынтып койгонун дароо эстеп, аттан шыпырыла түшүп жакынкы казанбак таштардын арасына жашынганга үч-төрт кадам жеткирбей, жедеп саресеп болуп бүткөн бүркүтү артынан шуулдай жете келип, далысынан баса жыгылды! Буйлаш жер сүзө жыгылды! Кың этпеди. Анысы өз айыбын сезгени эле. Тек, бүркүтү кегин кантип, канчалык алаар экен деп гана бушайман тартып бүктөлө жатты. Эгерим, чеңгелин катуу кысып эле койсо жонундагы чепкени анын ачуу, шамшардай курч тырмактарына такоол боло алмак эмес, шибегедей көзөмөк. Антпеди, кырааны. Канчалык катуу намыстанып, кектесе да ачуусун өз кезинде баса алды, эми дагы ызама тийе турган болсоң моминтип эле оңой өчүмдү алып коемун дегендей сыр кылып койгондой. Көмкөрөсүнөн түшүп, деги бети-көзүм аман калгыдай эле деп чепкенинин жакасы менен бетин чулгай калганга үлгүргөн Буйлаштын алдында жатканына маашырлана учкундуу көздөрү менен бир шукшурула карап алды да, моокусу кангансып “клак!” этип, канат сермеп жакынкы ташка калдактай барып конду. Чын эле чоң балээден кутулдумбу деп ишеңкиребей, жону бүркүттүн оор жүгүнөн арылганын даана сезип турса да ал, амалданып, көзүмдү оюп албагай эле дегенсип, тумчуланган чепкенинин жакасынан акырын шыкаалады.

–  Ой, жамансары, тур! Аман калдың! Охо-ой! Оңой кутулбадыңбы.– деп бакылдаган Чалагыз курбусу жете келгенде санаасы тына түшүп, Буйлаш ордунан онтолой тура келди. Анын кызылжаян бетин көрө сала:

–  Ой, кокуй! Бу жырткыч кылгылыгын кылган тура! Деги, көзүң аманбы?! – деп, Чалагыз чырылдап жиберди. Жарыгынын булагы соо экен. Ысык кан жошолоп турса да көзү көрүп турганын сезе коюп, Буйлаш шүгүрчүлүк кылып, кубанып алды. Бетинин шылына түшкөнү кеп эмес, жаагы тырыйса да жарык дүйнөнү көрө алат! Ийме канжардай курч текөөрү чалып кетсе керек, жаагы кулагынын учунан чыкыйына дейре шылына түшкөн экен, териси алжайып, кызыл кан шорголоп турса да, калтыраган манжалары менен жаагын сыйпалап көрүп:

– Үх! Кексе кегин алды! – деп, күңкүлдөдү.

Чынында эле ээсинин канына забын кылууну кыраан ойлогон да эмес, тек кыр көрсөтүп коеюн деген. Сол чеңгели менен далысынан чапчып, оңу менен кежигеден чепкенин тутамдайын дегенде ээси күтпөгөн жерден башын чулгуй, көкүрөгүнө жүз катып жибергенде четки салаасы жаза тайып кетпедиби, кашайып. Дагы жакшы, ээсинин көзүн кашайтып алса эмне болмок. Курбусунун тердикти жыра тартып булайган кебезинен үзүп ала коюп ширеңкеге күйгүзүп, көк түтүнү басыла электе Буйлаштын жаратына басып жатканын көрүп, бүркүт күнөөлүүдөй башын жерге сала копшолуп алды.

Ошо менен кек бүттү. Ызасы таркап, деми басылды. Кайрылып ээсине кыраан айбат кылган жок. Жаагындагы алакан отундай тырыкты көргөн сайын гана ичинен өкүнүп ала турган. Буйлашка да чоң сабак болду. Мурдатан канчалык уккан менен, бүркүттүн мындай өч алаарын, кекселигин өз башынан өткөрүп көргөн эмес эле. Биринчи да, акыркысы да ошол болду.

Ошондон дагы үч жылдай ээсине кол салгандан да кайтпаган эр жүрөктүү накта кыраан делип, аймактагы эң атактуу бүркүтүн бапестей багып, көпчүлүк көзүнө сыймыктанып жүргөн соң, бир жолку жазда негедир аны айыл четине чейин жөө алып чыкты да томогосун шыпырып, жоон билегин кыса байланган кайыш боосун чечип:

– Эми сени затыңа жараша төтөн сыйлап, бага албай калдым, заман аңтарасынан түшүп калбадыбы, жаңы эт бергенге жарабай… өз оозубузга таба албай калбадыкпы, эми мага таарынба, кырааным, сени кордобоюн, түбөлүккө сага ыраазымын, бир жолу да намысымды сындырбадың, бийик башымды жер караткан жоксуң, алтургай кол салганыңан да атагым артты, эми өз жашооңду кыл, артым туман, убалыңа калбайын, кайыр кош!. – деп тумшугунан жана бир өөп алды да каканактап жаш толо түшкөн көздөрү менен адаттан тыш бүркүттүн көздөрүнө сугула карады. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү! Ызаат-сый, ыраазычылык экөөндө тең мелт-калт толуп турду! Санаасы тына түшкөн адам башынан аяр сылап алды да бүркүттү боштукка серпип жиберди. Кетти! Канаттары калдактап, чексиз эркиндиктен башы айлана түштү да адат менен алдыга канат күүлөй берди. Азаттык! Эми акыры-түбү жок асман толук аныкы. Каалаганындай жашайт. Ошол эркиндикти, бакытты акыры берген ээси! Эрки жетти.

Бүркүт тоо беттей канат күүлөп, тээ, чекиттей көрүңгүчө көтөрүлүп, бирок не кылаарын, канатын кай тарапка бурарын билбей калды. Уясы тараптан эч ким учуп чыкпай калганына көп болгон. Аңгырап ээн, кам көрөрү жок каралбай чачылып, кунарсыз калган аны көргүсү келбеди. Анүстүнө, канткен менен ээси экөө эриш-аркак, жашоонун кызыктуу бир мерчемин бирге жашашпадыбы. Эми кантет? Төмөндө, жашыл ыраң бетинде кара чекиттей жападан жалгыз калган ээсичи? Эмине күн көрөр экен? Сумсайып кала берди… Чын эле экөө эми кайрымсыз кайра көрүшкүс болуп айрылыштыбы? Неге? Кантип? Бүркүт артына кайрылды. Тээ, төмөндө көл жээктей созула карайган бактуу айылга, анын четинде, ээн талаанын этегинде колун серепчилей асманга тигилгин ээсин көрдү да төбөсүнөн эки ирет айлана учуп, ачуу шаңшып-шаңшып алды да кайраттуу тоо беттеди. Баарыбир эркиндик таттуу! Арбаганы арбаган…

– Айланайын пирим, кырааным, кайрылып коштоштуңбу? Мени кыйып кете алган жоксуңбу? Ыраазымын сага. Эки дүйнөдө сени унутпасмын. Эми эркин жаша, Кудайым амир кылган өз тагдырыңды кеч. Кайыр кош!.. – деп жашый күбүрөнгөн ээси чекиттей карайып барып, көздөн учту. Бүттү. Ошол бойдон экөө кайрылып көрүшкөн жок. Ээсинин бүркүттү эмнеге учуруп жибергенинин сыры жыл айланбай эле белгилүү болду. Кыштын кыраан чилдесинде көзү өтүп кетти. Ал, пенде ичээр суусунун бүтүп калганын алдынала сезсе керек. Ал жамандыкты бүркүттүн да жүрөгү сезди. Айылы гана эмес, бүтүндөй аймакка атагы чыккан бүркүтчүнү көрүстөнгө көтөрүп келип, көргө берип жатканда гана асманда ачуу шаңшып, айлана учкан кыраанды көпчүлүк көрө койду!

– Ой! Буйлаштын бүркүтү келди!

– Кана?!

– Тигине, асманды кара.

– А-а, ал, баягы теке алган кырааны тура!

– Кыдыкка да кол салган!..

– Алтургай, Буйлаштын өзүнө да…

– Ооба!

– Чын…

– Тобо! Ээсин билген экен…

– Ушундай да жанбиргелик болот тура!

– Астапырылла!.. – дешип, көк тиктей дуулдап алышты. Ал, чынында эле кыраандын ээсине жасаган акыркы зыйнаты эле.

Мына, эми ошол кыраан минтип, каруусунан кайтып, карылыкка моюн сунуп олтурат. Калдайган канаты асманды албуут жирей, өзүнөн он-жүз эсе оор текени көтөрмөк түгүл, абанын агымына туруштук бере албай кайрылып, ээсин көтөрө алгыс алсыз абалга түшүп калды. Азаттыгын алгандан эки жыл өтүп тапкан экинчи түгөйү да торго түшүп кеткен. Анын көргөн күнү эмне болду экен? Кандай тагдырга тушукту? Ээси кандай чыкты? Белгисиз калды. Кайрылып келген жок. Адам пендеси ар кай амалы менен өзүнө байлап алат тура! Тирүү болсо болгону. Өзгөчө жаркын жан эле…

Карт бүркүттүн ойлору удургуй учуп, тоо жаңырта армандуу дагы бир шаңшып алды. Экөөнүн табышканычы! Кантип унутсун. Эки бирдей мыктынын асман чеги канатташ болчу. Алыстан кыйла байкоос салып жүрүштү. Билишпесе да бири-бирин сыйлады. Акыры, буйрук экен, өп-чаптуу жаздын бир күнүндө экөөнүн көзү бир суурга түшүп, удаа шукшурулуп калбаспы. Ал, семиз суур чегара ортосунда эле. Кыраан алгач жеткен менен тигинин ургаачы экенин байкай коюп, урмат көрсөтө жол бошотуп асманга кайый берди. Тигил да билди, эркектин урматын. Ичинен ыраазы боло аңды илип кетти. Анан, кийинки күндөрү экөө улам барган сайын асманды айлана учуп, жакындай беришти. Бири-бирине тартылышты. Акыры, бир уяга кошулушту. Жылыга экиден балапан табышып, бирден учуруп турушту. Табигаттын улуу мыйзамы экен, алсызын күчтүү балапаны уясынан кулатып салмагы. Күчтүүлөрдүн тукум улантмагы акыйкат тура. Чабалдан чабал тукум калып, аталардын атын булгагыча жогу жакшы экен го!

Эми ошол, бир да балапаны атасын эстебеди. Келишкен жок. Канчалык оор болгон менен ал да мыйзамченем тура. Ар кимдин тагдыры ар башка, ачакей… Өз күнүн көрүп, торго чалынышпаса, кырсыктап, эрте өлүмгө кабылышпаса болгону. Аман болушсун! Ата-энеге ошол бакыт. Атанын уясын басаар бирөө чыгар…

Асман ачык, көпкөк, көз мелжийт. Жайдын саратаны. Жогорудагы мөңгүдөн салкын илеп келип, жакадагы ысыктын аптабы жетпейт. Бүркүттүн өзөгү карарды. Учайын, аңга чыгайын дейт, канатынын каруусуна ишенбейт. Кайрылып келе албачудай. Ит-кушка жем болгуча… Анүстүнө, коңшу жаш бүркүт эртелеп эле анын асманын ээлей учуп калды. Маскаралап, майып кылып коюусу мүмкүн. Жок! Намысты таза, бийик тутуу керек…

Өткөндө, каруу-кубаты кеткен чеңгелинен али жаны чыга элек, чабалактап туйлаган карт коенун чеңгелинде көтөрүп, уясына араң жеткен ошол күнү жолдо кара терге түшүп, нечен ирет “урдум, ушундай кара курсак көр оокатка!” деп, келе жатып нечен жолу коенду таштай салып кете бергиси да келген. Бирок, кара курсагын да кыя алган эмес. Ансыз азаптуу ачкадан өлмөк. Эми ошол, бир жумага узарган жашоого да кайыл болуп турду. Качанкыга чейин ушинтип, көр оокат көрмөк. Же түбөлүктүү, өлбөс болсо бир жөн. Акыры ажалга баш ийбей койбойт. Анда неге азаптанып, жашоонун болор болбос учугуна жандими тырмышат? Уясынан учуп чыга албай, мусапырга айланып, жаткан жеринде заңдап, бок-жинге аралашып калгандан көрө татыктуу өлүү керек. Намысын алдырбай, өлгөндө да башты бийик тутуп өлүү эрдик. Накта кыраандар гана ошентет. Тирүүлүк канчалык кымбат болбосун, ажал улук, акыры албай койбойт. Эскилер кетип, жаштарга өз маалында орун бошотуу, жаңылардын жашоону улап туруусу акыйкат. Ошондо гана жашоо алгалайт. Бирок, тирүүлөр татыктуу өлүмү менен ажалды жеңе алат! Демек…

Бүркүт ой-санаадан эсин жыйганда каш карайып калган. Асман тиреп заңкайган тоолор ого бетер сүрдүү калдайып, арттан күп эттире ылаажысыз басып калчудай демитет. Кечки муздак сыдырым жел чыйрыктыра баштады. Кыраан төшүн кере комдонуп, төмөндө күңүрт айнектей жылтырап жаткан көлдү, анын артындагы тескейдин ак мөңгүлүү көзгө сүйкүм мунарыктаган тоолорун, төбөсүндөгү уч-кыйырсыз коюу асманды куштарлана не бир кусалуу чарпый карап алды да, канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп, капчыгайды жаңырта ачуу шаңшып, жерге боюн таштап жиберди! “Кош, кымбат тирүүлүк! Жарык жашоо түбөлүккө кайыр кош!!!”

Кезинде кыйырсыз асмандын падышасы болгон бүркүттүн үмүттүү жайылган канаттары күүгө келе албай артка кайрылып, урган таштай төмөн кулай берди. Кыраан, тик аска ылдый ажалына бет алып баратып, алдыдагы урчук ташты мелжей бой түздөдү… Кыраан – дайыма кыраан!

 

a_sarmanbetovА.Сарманбетовдун өздүк барагы

 

Соц тармактар:

Айдарбек Сарманбетов. «Кыраан»: 1 комментарий

Добавить комментарий