Арстан менен коен

(жомок)

Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коен жашап, коркоктугунан казып алган ийнинен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: “Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр болоюн”,- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коендун жанына келип:

— Бакыраң көзүм, колго түштүң-ээ! Эми сени жейин, -деп тиштерин кычыратты.

Коён эсин жыйып, кантип кутулуштун аргасын издеди. Акыры арстанга:

— Жесең мейлиң, бирок айта турган сырым бар,-деди.

— Анда тезирээк айт.

— Сен өтө күчтүүсүң, мунуңа толук ишенем, бирок тетигинде кудукта сенден да чоң арстан бар. Ал бая күнү – сени жейм деп ачууланып жатканын уккам. Оболу ошого бир беттешип көр, күчүңдү көзүм көрүп калсын, мени анан жебейсиңби… Эч кайда качпайм, сырттаным!

Арстан чындап ачууланып:

— Кана?.. Кайсы жерде? Ээрчитип баргын! – деп буйрук кылды. Коён арстанды терең кудукка ээрчитип барып:

— Ушул кудукта… Өзүң карап көр,- деди. Арстан кудукту карап, өзүнүн сөлөкөтүн көрдү да:

— Мен ушундан кантип кем калайын? Күч сынашат, ээ! Кана кармашып көрөлү! – деп кудукка куюндап кирди. Сууга барып “шалп” эткенде гана өлөрүн билди.

Ошентип коён амал менен арстанды өлтүрүп, “анык макоо тура” деп секирип жолго түштү.

Соц тармактар:

Арстан менен коен: 2 комментария

Добавить комментарий