Легендарлуу жердешибиз М.В.Фрузенин 130 жылдыгы белгиленет

Frunze1

Биздин жердешибиз, легендарлуу инсан Фрунзе Михаил Васильевич 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы – Василий Михайлович, Херсон губерниясынын оокаттуу дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1870-жылы Василий Михайлович медициналык колледждин фельдшердик бөлүмүнүн толук курсун бүтүргөн. Ал Токмокто фельдшер болуп аскердик кызматын өтөп бүткөн соң, Пишпек шаарында участкалык фельдшер болуп иштеген. Василий Михайлович Фрунзенин атасынын улуту молдованин болгон. Апасы – Мавра Ефимовна Бочкарева Воронеж губерниясынан ата-энеси менен көчүп келген. Михаил Фрунзенин үй-музейиндеги ата-энеси тууралуу экспонаттар легендарлуу жердешибиздин ата-энеси кыргыз элине кызмат кылганын көрсөтүп турат. Атап айтканда, В.М.Фрунзе кыргыздарды, алардын балдарын эмдеп жаткан сүрөттөрү музейде сакталуу.

Болочоктогу полководец Михаил Фрунзе башталгыч классты орус-тузем мектебинен аяктагандан кийин, 1896-жылы 11 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган.

Михаил Фрунзенин мектепте мыкты окуганын, анын сыйлыкка алган китептери, “Искра” газетасын жолдоштору менен окуп турган сүрөттөрү да Михаил Фрунзенин жетишкендиктерин көрсөтүп турат.

Ал кыргыз жерин сүйүп, анын кооз жерлерин кыдырууну жактырган. Ал өзүнүн жолдоштору менен Ысык-Көл, Пржевальск, Соң-Көлдү, Суусамырды 68 күндөй кыдырып чыгышкан. Ал жерлердин өсүмдүктөрүнөн гербарий чогултуп, Петербург шаарына жөнөткөнү маалым.

1904-жылы Петербурдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп, революциялык иштерге аралашкан. М.В.Фрунзенин музейинде анын окуу жайга кабыл алуу тууралуу арызы, анын окуган окуу жайы, лекция уккан аудиториясынын сүрөтү коюлган.

 

М.Фрунзенин ошол кезде окуган саясий адабияттары

М.Фрунзе “Трифоныч” деген партиялык жашыруун ат менен Иваново-Вознесенск шаарына келет. Ал Россиялык социал-демократиялык жумушчу партиясына (РСДРП) өткөн. 1905-жылы 9-январда Санкт-Петербургдагы Дворцовый аянтында студенттик жыйналышка жана манифестацияга катышканы үчүн шаардан чыгарып салышкан. Ал өзүнүн революциялык ишин Иваново-Вознесенскиде жана Шуюда “жолдош Арсений” деген псевдоним менен уланткан. Ал курал-жарак жасай турган жашыруун устаканада күжүрмөн жумушчу дружинасын түзгөн. Устаканада жасалган чокмор, найза, канжар курал-жарактарынын үлгүлөрү музейдин витринасына коюлган.

1906-жылы партиянын IVсъездине делегат болуп шайланып, ал жерден алгачкы жолу В.И.Ленин, Дзержинский, Луначарский, Калинин, Крупская, Ворошилов, Сталин ж.б. менен таанышкан. 1907-жылы мартта камакка алынып, 1909-1910-жылдары эки ирет өлүм жазасына соттолгон. Бирок 25 жаштагы кайраттуу жигитти бул жаза коркуткан эмес. Бул өкүмдүн үстүнөн карындашы жана политехникалык институттун профессору арызданып, өлүм жазасынын 1-жолкусу-4 жылга, 2-жолкусу -6 жылга алмашылган. Михаил Фрунзе Владимир централында, андан кийин Николаев түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатып, ал өз билимин жогорулатуу менен алектенген. Саясий адабияттарды тынымсыз окуп, дүйнө таанымын кеңейткен. М.Фрунзе андан кийин Мазурка түрмөсүнө жөнөтүлгөн. 1914-жылы Сибирге сүргүнгө, аны менен бирге 15 киши Иркутский түрмөсүнө жөнөтүлгөн. Бир жыл убакыт өткөндөн кийин ал 1915-жылы августта сүргүндөн качып чыккан. Ага жолдоштору “Васильенко Владимир Григорьевич” деген паспорт жасап беришкен.

1916-жылы М.В.Фрунзе жашыруун түрдө Москвага келген. Партия аны жоокерлер арасында революциялык иштерди жүргүзүү үчүн Батыш фронтуна жиберет. Ал аракеттеги армиянын курамында “Михайлов” деген фамилияны алып, аскер кызматын өтөп, биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Ал мында анчалык чоң эмес топко жетекчилик кылат. Улуу Октябрь Социалисттик революциясына даярдануу мезгилинде партия М.В.Фрунзени кайрадан Иваново-Вознесенскийдеги большевиктер уюмуна жөнөтөт. Петроградда Октябрь социалисттик революциясы жеңди деген кабар угулар замат Шуя шаарында кан төгүлбөстөн бүткүл бийлик Советтердин колуна өткөн. М.В.Фрунзе иваново-вознесенскийлик жана Шуялык жумушчулар Мсквадагы “Метрополь” мейманканасын жерлерден бошотууга жардамга келет. Кыргыздардан чыккан Совет бийлигин орнотууга жардам көрсөткөндөр: Д.Саадаев – Кыргыз коомунун жооптуу катчысы, Швец-Базарный – Совет бийлигинин уюштуруучу төрагасы жана А.Сыдыков, Токомбаев, Арабаев, Жукеев-Пудовкин, Айтбаев, Едренкин, Худайбергенов, Логвиненко, Фидякин, Иваницын, Айдарбеков, Сарыкулов, Хобеков ж.б. Музейде бул бөлүм В.И.Лениндин чоң портрети жана тынчтык, жер жөнүндөгү лениндик декреттери, Россия элдеринин укуктары жөнүндөгү декларациялар – Совет бийлигинин биринчи мыйзамдары менен аяктайт.

 

М. В. Фрунзетүштүк фронтунун командачысы

1920-жылы сентябрь айында барон Врангелдин командасы астында топтолгон Деникиндик армиянын Крымдагы калдыгы олуттуу боюнча, Мекенди коргоого кайрадан коммунисттер, комсомолецтер, жумушчулар көтөрүлүштү. Д.Моордун “Врангель али тирүү, аны аеосуз түрдө талкалагын” деген плакаты менен башталат.

1920-жылы сентябрь айында Крым фронтуна 1800 коммунист, ошондой эле бир нече миң комсомолецтер жана профсоюздун мүчөлөрү келген. Англия, франциялыктар күчтүү броневиктерди, самолетторду, танкаларды жана куралдары менен, Врангелдин армиясы жабдылап турган. Генерал Врангель Деникинден, Колчактан калган армиясын чогултуп, контр чабуулду Украинага, андан кийин Донду басып алууну көздөдү. М.В.Фрунзе түштүк фронттун абалын түшүнүп, 3 оперативдүү согуштук планын түзөт.

1) Каховка плацдарм-аскер инженери Карбышев жетекчилик кылат. Салгылашууда, биздин жоокерлерибиз эң сонун жеңишке жетишишти жана тогуз танканы колго түшүрүп алышты. Бул тууралуу музейдин витринасында: англиялык танканын үстүндө М.В.Фрунзе жоокерлер менен отурганы бар.

2) Түндүк-Таврия (Крым жарым аралы) М.В.Фрунзенин оперативдүү иштеп чыгарган планы боюнча, бардык аскерлер күчтү Тїндүк Таврияга бурду. 28-октябрдан 2-ноябрга чейин Врангель армиясы талкаланды, бирок Крымга өтүшүп, Перекоп мойногу менен Чоцгар жарым аралын Врангель бекем чепке айландырып, кубаттуу коргонуу курулуштарын тургузуп алган эле. Перекоп-Чоцгар мойногун бошотууга 1-атчандар армиясы өзгөчө эркин көрсөтүштү. Бул согушта Буденный менен Ворошиловдун жетекчилиги астында өткөрүлгөн Врангельдин Перекоптогу армиясына каршы 6-армиясы жана 52-аткычтар дивизиясы, 7, 8-ноябрда 15 градус суукта, Сибаш аркылуу өтүшөт. В.К.Блюхердин 51-аткычтар дивизиясы, “турецкий балга” чабуул коюп жатышты. Төр жагы бийиктиги 10 м, узундугу 11км болгон, төртүнчү жолу салгылашууда ак гвардиячылардан бошотулду. Бул согушта эки тараптан көп жоготууларга учурады. Советтик аскерлер Крымды, Симферополду, Севастополду, Ялтаны бошотушту. Врангелдин армиясын талкалагандыгы үчүн “алтын шашка куралы” менен “Народному герою” сыйлыгы менен сыйланат. М.В.Фрунзени генералдык штабга которуу жөнүндөгү республиканын революциячыл согуштук Советинин №2882 буйругу менен аяктайт.

М.В.Фрунзенин үй-музейиндеги 4-бөлүм М.В.Фрунзенин – Украина республикасынын куралдуу күчтөрүнүн командачысынын чоң фотопортрети менен ачылат. М.В.Фрунзенин алдында кыска мөөнөт ичинде Махнонун бандаларын кыйратып, Украинада тынчтыкты калыбына келтирүүчү Буденный, Ворошилов жана М.В.Фрунзе Махнонун бандасын талкалоо үчүн карта-планын түзүшөт.

М.В.Фрунзе негизи Махнонун топтошкон бандасын тез арада жок кылууга атчандардан турган отрядын түзөт. Кызыл армиянын сокку уруучу башкы багыттардын, Махнонун топтошкон бандасын толук талкалады. Украинадагы бандитизмди талкалагандыгы үчүн Фрунзенин экинчи жолу алган Кызыл-Туу ордени экспозицияланган. М.В.Фрунзе пролетардык көрүнүктүү полководец гана эмес, ошону менен бирге мыкты дипломат болгон. Ал Советтик Украина менен Түркия республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимди даярдоо жана түзүү боюнча өз милдетин эң сонун аткарган. Анкарага баргандыгы жөнүндө өзүнүн көңүлүндө калгандарын жазган кол жазмасы турат. М.В.Фрунзе Аскер жана Деңиз иштер боюнча элдик комиссар болуп турганда Аскер-Деңиз флотун чыңдоого көп көңүл бурган. М.В.Фрунзе өзүнүн “Бизге күчтүү Балтика флоту керек” деген макаласын жазган. Музейдин дубалындагы фотосүрөттөрдө: Фрунзенин Балтика флотуна барганы, Кызыл Аянтта аскерлердин парадын кабыл алып жатканы чагылдырылган. Падышалык сүргүндүн оор шарттары, талыкпаган эмгеги, элдин келечеги үчүн канын-жанын аябай иштөө анын ден-соолугуна терс таасирин тийгизбей койгон эмес. Музейдеги фотосүрөөтрдө М.В.Фрунзенин эс алуу убагында аңчылык кылып жүргөнү, шахмат ойноп олтурганы, сейилдеп жүргөн учурлары тартылган. 1925-жылы 31-октябрда ашказанга операция жасатып, операцияны анын жүрөгү көтөрө албай, токтоп калып дүйнөдөн кайтат. Анын сөөгү Москвадагы Кремль дубалына коюлат.

 

Даңктуу жердешибиздин ысымы түбөлүккө калтырылган

Михаил Васильевич Фрунзе болгону 40 жаш өмүр сүргөн. Аз жашаса да, мазмундуу өмүр сүргөндүктөн, анын ысымы мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдө аздектелип келет. Анткени ал жарык дүйнөдєн кош айтышаары менен анын ысымын калтыруу тууралуу расмий документтер жарыяланган.

Кыргызстандын борбору 1926-жылдан 1991-жылга чейин Фрунзе шаары аталган.

1925-жылы М.В.Фрунзе каза болгондон кийин эки айга жетпей атайын Москвадан чечим кабыл алынып, мурда жашаган үйү музей болуп калган. Ошол учурда Фрунзенин кичинекей үйү, короосу болсо, 1967-жылы анын үстүнөн үч кабаттуу чоң музей курулган. Бул музейде он төрт миңден ашуун экспонаттар сакталып калган. Фрунзенин жашаган, төрөлгөн үйү, анын буюмдары, экспонаттын бардыгы 19-кылымдан бери сакталып келе жаткан түп нускасы.

Биздин даңктуу жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин 130 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Ушул мааракеге карата музейдин кызматкерлери кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биз Бишкек шаарынын жана жалпы эле Кыргызстандын тургундарын жана конокторун М.В.Фрунзенин музейин көрүүгө чакырабыз.

Стамкулова, «Эркин тоо», 28.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий