Нургүл Кожомбердиева: «Атамдын каза болорун бир ай мурда түшүмдө көргөм…»

turar4

Залкар акын Турар Кожомбердиев 1941-жылдын 22-июнунда Калинин районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал жалпы элге, поэзия сүйүүчүлөргө жүрөккө жете алган, терең мазмундуу ырлары менен кеңири таанымал болгон. Аалы Токомбаев анын «От өчпөгөн коломто» аттуу китебине баш сөз жазып, Турар «ойчул, тапкыч» акын экендигин баса белгилеген. Акындын ысмы менен кыргыз поэзиясында эне, коломто, от аттуу түшүнүктөр кеңири мааниге ээ болуп, терең баа-баркын алган. Бүгүнкү маектешибиз, акындын кызы Нургүл Кожомбердиева атасы тууралуу эскерет.

Нургүл, эмки жылы 75- жылдыгы болгону турган атаң Турарды акын катары жакшы билебиз. Ал эми үй-бүлөдө, ата катары, адам катары кандай эле?

– Атамдын мүнөзү жөнүндө айтсам, аны тирүүсүндө көрбөй калгандар көзү өткөн адамдын баарын жакшы дейт деши мүмкүн. Ошондой болгон күндө да ал жанда жок жароокер, калыс, адамгерчиликтүү, намыстуу, Манас атадай айкөлдүгү жана акылмандыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. Деги ал бир өзгөчө жаралган жан эле. Мен ушул күнгө чейин бир дагы ага түспөлдөш, ага окшоштугу бар адамды түк кезиктирген жокмун. Анткени, атам бою менен да, ою менен да башкалардан бир кыйла бийик турган нукура кыргыз инсаны болчу. Анын мүнөзү, жүрүш-турушу, кылган иштери “мен кыргызмын” деп өз элине үлгү катары кудайымдан берилгендей эле. Орус тилин эң сонун биле туруп, бир да орусча сөздү колдонбой кыргыз тилинде таза, көркөм сүйлөй турган. Орусча кошуп сүйлөгөн адамдарды жактырбай “тантык” деп койчу. “Жакшы адам эч качан өз эне тилин чанбайт” деп бизге көп айта турган. Эч убакта жаман сөз сүйлөбөгөн, керек болсо “жаман” деген сөздү “жакшы эмес” деп айтканы эсимде калды. Бир жолу теледен “любовники” деген сөздү угуп калып (7-8 жашымда болушум керек), бул эмне деген сөз десем, мындай сөздү кайдан уктуң, кой уят, бала да ушундай сөздү айтабы деп мени урушкан.

Ата катары абдан мээримдүү,камкор жана жароокер болгон. Мисалы: Мени эртең менен мектепке бар деп бир эмес, бир нече жолу ойгото турган. Мен анда деги кум кулак бала экенмин, мына-мына, азыр деп коюп, кайра эле уктап калчумун. Араңдан зорго ойготуп, анан мени нанүштө кылдыбы же окуусуна ачка кетеби деп текшерип турчу. Кышында жылуу кийин, башыңа топу кий деп да көп кабатыр болор эле. А мен үйдөн бир аз узар менен топумду дароо чечип катып салчумун. Сабак даярдаганыма чейин көзөмөлдөп турчу,  мен болсо ал үчүн окуп жаткансып, бир да көңүлүмдү коюп сабак жасачу эмесмин. Азыр ал менин ошондогу ойку-кайкы мүнөзүмө чыдаганга кантип сабыры жетти экен деп таң калам…

Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлап, эч кимдин көңүлүн оорутпаганга аракет кылчу жана бизден да ошону талап кылчу. Ошону менен эле бирге арамзалыкты, кошоматчылыкты, ачкөздүктү ж.б. ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдү жек көрчү жана дагы андай адамдарды жактырчу эмес. Мага да андайларга жакын жолобо деп көп айтар эле,. Мени абдан эле эркекче тарбиялаптыр. Кичине кезимде абдан жоош, уялчаак элем, көп учурда таламымды талаша албай, “үйдө баатыр жоодо жок” болуп, үйгө келгенде ыза болуп ыйлаганда ал, “Эгер бирөө сени ызалантса, көңүлүңдү оорутса, эч качан минтип унчукпай кала бербей, жообуңду бер. Андай жакшылыкты, жакшы сөздү түшүнбөгөн акмакты көп убакыт коротпой эле, тумшукка бир мушта” дечү. Анан өспүрүм  кезимде “жооштон жоон чыгат” болуп тентек чыктым, кечинде бирөө телефон чалса, класс жетекчим чалып, мектепте шоктонгондорумду айтып койбосун деп коркуп, жашынып калар элем. Анткени, атамдын мээримдүүлүгү менен бирге катаалдыгы да күчтүү болчу. Бир туура эмес иш кылганыңды билсе казыктай кагып салчу, албетте сөз менен. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп туулган күн, дискотека деген жакка бастырчу эмес. Бир жактан кечигип келсең дагы, тынчсызданып, абдан күтчү.

– Иш бөлмөсүндө кандай адамга айлана турган?

– Өзүнө таандык буюмдарына, китептерине эч кимди тийгизчү эмес. Китептерине, кол жазмаларына жана башка буюмдарына абдан дыкат мамиле кылчу. Баарын ирети менен коюп, абдан тыкан болчу. Кээ бир кишилер менин үйүмдө “творческий беспорядок” деп коюшат ко, андай биздин үйдө жок эле. Үйдү күндө ким тазалайт деп кезметин кагазга жазып, илип койчу.

Ушундай улуу инсандын кызы болгонума чексиз сыймыктанам. Анын тарбиясын алып, бул жашоодо эрке өскөнүмө өзүмдү эң бактылуу адам катары эсептейм.

– Канча бир туугансыңар? Балалыкты эстегенде кайсы элестерди эстеп сагынасың?

– Менин Акылай деген сиңдим бар. Ал азыр мамлекеттик кызматкер болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Чыгармачылык менен эч иши жок.

Эсте калган жакшы күндөр өтө эле көп. Анын баарын айтып отурсаң, кагаз түтпөс. Атам менен базарга, магазинге барганда каалаганыбыздын баарын сатып берчү. Дүкөндөн чыккандан кийин сөзсүз эски аэропорттун жанындагы “Лагманная” деген жерге алып барчу. Ой, тимеле ачка жүргөндөй жанталашып жечү элек, үйгө келип мактанганда апабыз таарынып, баарыбызды минтип урушчу: “Эмне, мен силерге даамдуу тамак жасап бербей жатамбы” деп. А бирок, бизге анда ашканадан сатып жеген тамак бир өзгөчө даамдуу көрүнчү.

Акылай экөөбүз тең жаныбарларды жакшы көргөндүктөн, бир күнү атам үйгө зоомагазинден хомяк сатып келиптир. “Мына ушуну баккыла, эшиктеги мышык, иттерди өпкүлөбөй” деп. Аны жакшы көргөндөн башка, биз эч нерсе кылбай эле качып жүрчүбүз үйдөн. Анан Турар атам урушат: “Ай кыздар, эң жок дегенде мунун алдын тазалабайсыңарбы, мейли, мен унутпай тамагын берип турайын” деп. Базардан чемичке алып келип, аны колу менен чагып берет. Андан бир стакан чагып, жанагы хомяктын клеткасына салып койсо, жарым сааттан кийин эле эчтеке жок калат. Эринбей базарга барып кайра семичке алып келет, аны да чагып берет. А тиги болсо аны катып коет экен да. Атам аны билбейт, тимеле таң калат: “Эй, бул эмне? Эмне, бул тойбойбу? Жаңы эле берсем кайра жеп коюптур эй. Соргок неме го ия?”, — деп кайра кетет базарга. Анан тажап, бир чака чемичке, бир чака жаңгак көтөрүп келгенде баарыбыз күлгөнбүз.

– Атаңыздын кайсы ырын айрыкча жакшы көрөсүз жана эмне себептен?

– Атамдын ырларынын баары мыкты жазылган. Алардын бирин да калтырбай жакшы көрөм. Акын атамдын ырлары мага акыл-насаатчы, кеңешчи дагы. Улам-улам окуган сайын алардан жаңы сабак алып турам.

Менин жашоомдо туу туткан урааным катары эсептеген анын бул ыры:

Жеңилбейм, чегинемин кезегинде,
Жеңилдин жүргүм келбейт эсебинде.
Абийирдин кала берип этегинде…
Алптын да, жүргүм келбейт жетегинде.

Өйдөкү ырында акындын өзүнүн турмуштагы негизги позициясы камтылган жана бул ыры анын эң акыркы чыгармасы «Кыл чокулар» деген китебинде  берилген. «Кыл чокулар» 1988-жылы жылы чыккан. Мындагы Т.Кожомбердиевдин 4 саптуу ырлары ыр дүйнөсүнүн кыл чокусу болуп саналаn, анткени ал 4 эле саптын ичине улуу, кенен жана бийик ойлорун камтый алган.

– Достукка мамилеси кандай болчу жана эң жакын досторум деп кимдерди эсептечү?

– Үйүбүздөн киши үзүлчү эмес, атам абдан меймандос адам болчу. Ошого жараша достору да көп болчу. Алардын баары белгилүү инсандар эле, мен аларды минтип экиге бөлсөм жакшы болот:

Калемдештери: Асанбек Стамов, Жалил Сыдыков, Муса Жангазиев, Эрнис Турсунов, Анатай Өмүрканов, Асанбек Иманбаев, Рамис Рыскулов, Жолон Мамытов, Жылкычы Жапиев, Бекбай Алыкулов, Асан Жакшылыков, Сүйөркул Тургунбаев, Токтогул Имашев, Райкул Сарыпбеков ж.б. жазуучулар.

Композитор, обончу достору: Сардарбек Жумалиев, Калый Молдобасанов, Үсөн Сыдыков, Жолдубай Кайыпов, Советбек Исраилов, Мукан Рыскулбеков, Асанкалый Керимбаев, Шеркул Дүйшөналиев, Сүймөнкул Чокморов, ж.б. үйгө көп келип турушчу.

Досторунун баарын чын дилинен жакшы көрөр эле. Ар бири менен жакшы мамиледе болчу. Ал кезде Калыйбек Тагаев биздин үйгө кошуна жашачу. Ошондуктан алар көп убакытты чогуу өткөрүшө турган. Биздин үйдүн жогору жагындагы паркта экөө ээрчишип, сейилдеп баскандары дале эсимде. Бири узун, бири кыска. Бири тоодой, бири топчудай. Анан дагы экөө тең окшош мурутчан, кийгендери окшош плащ, баштарына кийгендери окшош берет. Аларды адамдар мойну үзүлгөнчө кызыгып карагандарына карабай, экөө жанындагыларды эч байкабагандай сезилчү. Менин кейигеним, ал убакта фото, видео аппаратуранын жетишсиздиги, азыркыдай заман болгондо кандай сонун сүрөттөрдү, элестерди  тартса болмок деп өкүнүп калам.

– Кайсы кесиптин ээси болдуңуз?

Мен медикмин, КГМАны бүткөм. Ал жерде фармакология кафедрасында калып, кандидат деген илимий даража алдым. Анан Саламаттык сактоо министрлигине которулуп, 10 жылга жакын иштедим. “Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери” деген наамым бар, бирок 2005-жылы турмушка чыгып, боюмда 7 айлык баламды көтөрүп жүргөндө, жанымда иштеген ичи тар дос сөрөйлөрүм мени жумушумдан кыскартып, ыйлатып, кайдыгерлик менен караөзгөйлүк  кылышты.

Ошол боюнча алгылыктуу жумушта иштей албай калдым, эми акырындап депрессиядан чыгып келе жатам. 2014-жылдын сентябрынан баштап, балам мектепке бара баштады. Нурбектин биринчи мугалими эң мыкты педагог экен, аз убакыттын ичинде эле баламды эң сонун кылып тарбиялап койду. Менин тилимди албай, окубайм деп мени убара кылып жаткан балам, азыр  «апа, мен качан мектепке барам» деп ал жакты сагынып турат. Буга  менин көңүлүм кадимкидей көтөрүлүп, кабагым ачылып калды. Эми жөн отура албай, күнүгө атамдын ырларын Facebook социалдык тармагына салып турам. Кудай буйруса, ырларын күнүгө терип жатып, 1-2  китепке кире турган материалдар даяр болуп калды. Эми аны акындын 2016-жылы боло турган 75 жылдыгына карата сөзсүз китеп кылып чыгарам.

– Учурдагы акындардын ырларына көз салып турасызбы? Турар акындын жолун улачулар байкалабы?

Учурдагы жаш акындардын арасынан мага Барчынбек Бугубаев, Жыргалбек Касаболотов, Алтынбек Исмаилов деген жигиттердин ырлары жагат. Кыздардын ичинен Алтынай Темированын чыгармаларын жакшы көрөм.

Атаңдын жолун улачулар байкалабы деген суроого жооп бериш кыйын го, анткени Турардай алп акын миң жылда бир жаралат. Бул сурооңо Барчынбектин бул ырын  мисал келтирсем:

А биздин Турар – “залп” акын!

Кыргызда жазат канча акын,
Жазмадан кээси шалкы акын.

Жазалбай койду Турардай,
Жазса да чечип майкасын…

Өстүрүп эне темасын,
Өзгөчө ойго март акын.
Жазалбай келет Тукемдей,
Жабылып жүрүп жалпы акын.

Байкасаң тегиз калыстап,
Баары бир минтип айтасың.
Жетимиш жылды колунан
Жетелеп турат алп акын.

Башкасы – салют, фейерверк,
А Турар болсо – “залп” акын!

– Атаңыздын ааламдан өткөн күнү эсиңиздеби?

Студент кезим эле. Кышкы сессияга даярданам деп Кызыл-Аскерде жашаган эжебиздин үйүндө болчумун. Эртең менен башымды жууп, жаңы эле китептеримди ачып, экзаменге даярданайын деп жатсам эжем, “атаң катуу ооруп калган окшойт, тезинен үйүңө бар” дегенинен чачымды да кургатпай жүгүргөн бойдон таксиге отуруп, үйгө жөнөдүм. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип, үйүбүзгө жетпей таксиден түшүп алыптырмын. Үйгө жете албай абдан убара болдум. Ал күнү эшик суук болчу, кар да калың жаап, жүгүрөйүн десем, басалбай улам жыгылам. Анан үйгө жеткенде эшиктин алдында турган элдерди көргөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Үйгө кирсем, атам залдын төр жагында жерде жатат, бетин жаап коюшуптур.

Көргөнүмө ишене албадым, а бир жагынан абдан таң калдым, анткени 30-январга бир ай калганда мен так ушундай болуп атамдын өлгөнүн түшүмдө көргөн элем. Кыргызда жаман түш көрсөң жакшылыкка жоруп кой дегенин эстеп, ии, ал көп жашайт окшойт деп ойлогом. Бирок бул түшүм эч оюман кетпей мени абдан кыйнаган, анткени бул түш, чындыкка окшош дапдаана болгон түш эле. Бир күнү түшүмдү ага айтсамбы деп ойлоп, атайын эжемдикинен үйгө келсем, ал жакшынакай болуп ыр жазып отуруптур. Абдан берилип иштеп жаткан экен, тынчын алганга дитим барбай койду.

Андан бери 26 жыл өтсө дагы, бул аян түш менен 1989-жылдын 30-январындагы күндүн дал келиши азырга чейин мени таңдандырат. Азыркы замандагыдай болуп экстрасенс, парапсихолог, нумерологдор болгондо бир нерсе кылып, баарын алдын алып, аман алып калсам болмок деп кейип калам.

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 27.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Нургүл Кожомбердиева: «Атамдын каза болорун бир ай мурда түшүмдө көргөм…»: 1 комментарий

Добавить комментарий