Арийлердин «түпкү ата журту» каер?

(Уландысы. Башы)

Кандай болгон күндө да, жеке кызыкчылыктан жана сыймыктан илимий изилдөө жогору болуш керек. Менин айтайын дегеним, санжыралардын көпчүлүгү жана улуу «Манас» эпосунун маалыматы боюнча да, Угуз хан «түп ата», ал эми Кыргыз анын «баласы» же «небереси» катары айтылган маалымат «чындыкка жакын» сыяктанат? Бирок бул акыркы тыянак сөз эмес. Ошнетсе да Балык манасчынын минтип ырдаганын мисал келтиребиз:

Алгыр куштай кыраандар,
Угуздан чыккан берендер
Кол баштаган нойондор деп.

Дал ушул сыяктуу эле, Угуз хан Кыргыз элинин түпкү ата-бабалары экени улуу «Манас» эпосунда да айтылат. Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча, Манастын генеалогиясы мындай: «Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер болгон экен. Байгур балдары Бабыр хандан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, андан Ногой, Шыгай, Чыйыр деген үч уул болгон. Ногойдон Орозду, Үсөн, Бай, Жакып деген төрт уул болгон.»1 Ошентип, Кыргыздын түп атасы «Кара хан», «Угуз хан» экени «Манас» эпосу боюнча да кайталанат.

Ушуга байланыштуу атактуу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун минтип жазганы бар: «Кээ бир материалдарга караганда огуз уруусу азыркы түрк тилинде сүйлөгөн улуттардын эң түпкү ата-бабалары, ал эми Огуз хан дал ушул огуз уруусунун эң адепки башчысы болуп саналат». Тарыхчы сөзүн андан нары улап, эзелки уйгур урууларынын бир бөлүгү да «огуз» атын алып жүргөнүн айтат.Бүгүн биз, түрк элдеринин ичинен эки гана эл кыргыздар менен гагауздар «огуз» этникалык аталышын сактап калганын көрөбүз.

Ушул эле ойду кыргыз санжырасын изилдеген окумуштуу С.Закиров да толуктайт. Анын жазганы боюнча, байыркы Отор хан заманында, «түрк уруулары» дешпей, «угуз уруулары» же «огуз уруулары» дешкен. Урааны да «угуздар» деп чакырылган». Автор андан нары сөзүн улантып, Отор хандан кийин көчмөндөр «оторлоп» ураан чакыра баштаганын айтат.

Кыргыз санжырасын изилдеген белгилүү тарыхчы окумуштуу Сабыр Аттокуров келтирген схема боюнча, адегенде Нух, андан – Яфас, андан – Түрк, андан – Элчи хан, андан – Аланча хан, андан – Кара хан, андан – Өгүз хан, андан – Тоо хан, андан – Кыргыз тарайт. С. Аттокуров: «Илимий Тюркологиянын атасы Абулгазы Бахадур Кыргыз атабызды Өгүз хандын небереси, Тоо хандын уулу деп бир эмес, эки китебинде кайталайт» деп жазат.

Бул генеалогия боюнча, Кыргыз Угуз хандын небереси, Тоо хандын уулу. Ал эми жогоруда Үсөйүн ажынын санжырасы боюнча, Кыргыз Тенгиз хандын урпагы экенин кеп кылганбыз. Санжыраларда айтылган бул маалыматтардын кайсынысы туура? Биз азырынча аны так айта албайбыз? Анткени, Кыргыз этнониминин бир мааниси – “күн адам”, “күн хан” дегенди да билдирет.

В.Я.Бутанаев жана И.И.Бутанаеванын эмгектеринде, бир замандарда Алтай-Сайан элдерин бийлеген күч-кубаттуу жана каардуу Кыргыз хан аттуу бир ажо жашаганы айтылат.

Дагы бир Кыргыз хан тууралу, алтайлык кайчы Н. Улагашевдин айтуусундагы вариантта Кыргыз хандын кызы – Аруу Күмүшкө (Күмүжек Ару) Байбарактын уулу – Алп Манаш үйлөнгөнү баяндалат.

Ушул эки ысымдын артында эки урунуун кошулушун кабарлаган окуя жаткансыйт? Балким, бул эки уруунун (Кыргыз менен Манастын) аттары «усун» менен «серик» болуп жүрбөсүн» деген бир ой келет? Балким, Бичурин айткан эки уруунун «нике союзу» же кошулушу элдик оозеки чыгармада ушинтип берилгендир? Анда булардын кимиси – «Кыргыз хан», кимиси – «алп Манаш»? Албетте, усун – «Кыргыз хан», ал эми серик – «Алп Манаш». Анткени, Аристовдун жазганы боюнча, усундун элдик аты – «кыргыз» болгон. Белгилүү манастаануучу окумуштуу Т.Абдыракуновдун изилдөөсү боюнча, Манастын уруусу – «саруу» (“сарыг”) болушу мүмкүн. Ал эми Абулгазы боюнча, Кыргыз да, Сарыг да — Угуз кагандын неберлери.

Чынында Кыргыз кошуна элдерден гана эмес, тектеш калктардан да өзүнүн сырткы көрүнүшү, ички руханий байлыгынын молдугу менен айрмаланып турган. Мисалы, кытай тарыхчылары: “Ак жуумал, сары чач, көк көз гяньгун эли келип чыгышы боюнча “бөрү” тегине жатпайт. Гяньгундар кудай менен тоодогу үңкүрдө жашаган уйдун катышынан келип чыккан” деп жазышкан.

Ал эмне деген кудай экенин Алтай-Сайан элдеринин аңыз кептеринен билебиз. Алардын ишеними боюнча Көкө Теңирден кийинки “Үлкөн кудайынын тогуз уулунун бири – адамдардан салтты, наркты сактоону жана эл башчыларынан адилеттүү башкарууну талап кылган “каардуу Кыргыз хан” экендиги айтылат. Тогуз уулдун ичинен ага Сот бийлиги таандык болгон”.

Ал эми “тоодогу үңкүрдө жашаган уй” — “топоз”. Демек, бул — Кыргыздын энеси бодо малды тотем тутунган “тоолук Огуз уруусунун кызы” экенин билдирет.

Алтай-Сайан элдеринин мифологиясы боюнча, «Үлген» асман ээси экени белгилүү. Ал эми алтай бакшыларынын барабанында анын элеси «күн баштуу адам» кейпинде тартылат экен. Ар кандай варианттарда ушул Үлгендин бир канча балдары жана кыздары бар экени баяндалат. Белгилүү хоорай (хакас) тарыхчы окумуштуусу В.Я. Бутанаев жазып жүргөн варианттарда, анын сегиз уулунун бири – Кыргыз. Ал эми кээ бир мифологиялык сөздүктө, кыргыздын ысмы «Кара куш» (Каракус)» деп берилет. Дал ушундай айтылышында да, кыргыз этнониминин этимологиясына жакын бир түшүнүк жатат. Мына ушул кудай (Үлген), жогоруда кытай тарыхчылары жазып калтырган мифтеги энесайлык кыргыздардын түп «атасы». Андай болсо, Кыргыздын атасы – «Үлген» кудайы, энеси тоолук «огуз кызы» («уй») болгон деп айта алабыз.

Кантсе да, бүгүнкү түрк-монгол элдеринин түпкү ата-бабаларынын ичинде Кыргыздын орду өзгөчө. Өздөрүнүн «түпкү аталарынын» аттарын башка элдер өздөрү көтөрсө, биздин түпкү атабыздын ысмын бүгүн «кыргыз» атын алып жүргөн эл эмес, башка элдердин аңыз кеп кылып айтышы да анын жөн адам болбогонун айкындайт.

Рашид-ад-Дин, Абулгазы Бахадур жана аларды улантып айткан санжырачылардын көпчүлүгүнүн эмгектеринде, негизинен Кыргыз Угуз хандын небереси катары айтыларын жогоруда кеп кылдык. Ал эми “Манас” эпосунда да Кара хан, Угуз хандан тарта Манаска чейин да көп аталар өткөнү баяндалат. Бирок, кээ бир Кыргыз санжырачылары айткан варианттарда орун алмашып, Кыргыз Угуз хандын “атасы” же анын “баласы” болуп жүргөнүн да мисал келтирдик.

Бирок, бул жерде Ч. Валиханов жазып алган дагы уламышты мисал келтиргенибиз туура болор. Анын жазганы боюнча: Кыргыз элинин оң сол жана ичкилик деп аталган үч канатынын тең түп атасы болуп, Кыргызбай деген саналат. Дал ушул уламыш, алдыңкы бапта биз мисал келтирип айткан менин таятамдын санжырасы менен окшош. Анын айтканы боюнча да, Кыргыз эли Кыргыз атанын: Көгөй бий, Тагай бий жана Көлөй бий деген үч уулунан тарайт. Бул үч уул Үч канаттын түпкү аталары. Бирок, салыштырып изилдөөлөр түрк санжырачылары айткандай, Кыргыз — Угуз хандын токол катынынан төрөлгөн “небере” эмес, Угуз хандын өзү экенин көрсөтүүдө.

Кээ бир убактарда кыргыздын санжырасына маани-маңыз бербегендер, “саруу” уруусу бөлөк уруулар сыяктуу калмак доорунда абдан азап чегип, баскынчыларга каршы турганы тарыхта талашсыз окуя.

Тарых жана санжырада, Ысык-Көлдүн ээси Саруу экенин айтылды. Бул жердин ээси менмин деп, Угуз каган менен Түрк атанын урпактары айтып кеткен экен.

Жазуучу жана журналист Кайнарбек Бийлибаевдин «Алакчын Бердике берен санжырасы» аттуу китебинде мындай деп жазылган:

  1. 1732-жылы калмактар Кетмен-Төбөнү басып алганда, кыргыздардын оң, сол эли биригип, баатырлар: Чоң Мамбет, Базыл, Бишкек, Жайыл, Нийаз, Сыдык, Тилекматтардын аттары аталат. Шамен Сыдыков өзүнүн поэмасында:

Түлкү баатыр, эр Солтоной, Бердике
Шыгы артып, шай колдогон эрдикке
Жайыл, Нышан, Кошой жана эр Улак
Ташкен көздөй калмактарды кубалап, — деп жазыптыр.

  1. Жыйнаган санжыралардын жана кол жазмалардын ичинен Эр Солтоной кыргыз баатырлары, калмактардан кыргыз жергесин бошотууга аттанышып, алыскы Анжийандан баштап, Сайрам, Чынабат, Олуйа ата, Талас ичин тазалап, андан кийин Эл Солтонойго кошулган баатырлар Итим, Атаке, Сатыкей, Каратал, Бердике, Темир, Болоттор менен бирге жоо бетинде жүргөндөрү, Чүй жергесинен Атаке, Жайыл, Кошой баатрылар калмактарды сүрө чабышып, андан нары Кемин, Кочкор, Көл жергесине бет алгандыгы тууралу көптөгөн материалдар табылды.
  2. Бердике баатыр, Бердике берен Сырдыбай уулу (18-кылымдын ортосу, Талас району, Бешташ капчыгайы.) кыргыздарды жунгар баскынчылыгына каршы уюуштуруучуларынын жана башчыларынын бири. Саруу уруусунун Алакчын уругунан, Кушчу. Жетиген урууларынын башчысы – Эр Солтоной, кушчудан — Итим баатыр, солто элинен Жайыл менен Кошой, сайактардын – Эр Садыр, сарбагыштан – Атаке баатыр жана башкалар менен бирдикте жунгарларга каршы согушта таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда. Бердике баатыр жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Жогоруда атттары аталган баатырлар менен бирге Талас өрөөнүн, Чүйдөн, Кеминден баскынчыларды сүрүп, Ысык-Көлдүн тескейин бошотушкан, Бердике баатыр үч жыл Көл боюнда туруп, хан Бердике аталган. Бердике кийин Таласка келип, анан Кокон бийи – Эрденеге каршы аттанган. Ушул жоортуулда, Анжийанда Бердике баатырды Нарботонун адамдары ууланган жебе менен атып өлтүргөн.
  3. Бердике келип: “Калмак өттү жер калды, эрендер өттү даңк калды” – кылып, көл жерин бошотот. Бердике баатыр түштүктөгү Анжийан, Сайрам, Чынабат, Олуйа ата, Талас, Чүй жерлерин бошотуп, жер бермети болгон Ысык-Көлдөгү калмактардын бийлигин биротоло кулатып, 1752-1755-жылы Кыргоо деген жердин Бир Кулак деген жерине конушка кондурат. …Бердике баатырдын эрдигин жогору баалаган Атаке баш болгон баатырлар Көл жээгине боз үй тигип, “Бердикенин хан ордо” дедирте: “Кыргыздар кылбас чара жок, сыйлайлы баатыр улууну” дешип, Бердикени ар уруудан: саруу, кушчу, бугу, кытай, алакчын, сайак, басыз, багыштардан куралган жасактары менен калмактардын кол салуусунан коргоп турат. Көп элдин катышуусунда ак боз бээни курман чалышып, “бул жер бизге ылайык жер болушу керек, шейиттерди сыйлайлы” деп, хан көтөрүшөт. Көлдө хан бийлигин жүргүзүп турган мезгилде, ал жерден Чачыкей деген кызга уйлөнүп, төртүнчү никелүү болот. Бердике ал жерден көргөн уулунун атын Сатыбек коет.
  4. Сарбагыш көчүн ушул жерге түшүрүп, жердеп калалы,- дегенде Бердике баатыр менен Итим баатыр: “Талас- бул эзелтен саруу, кушчу, кытай урууларынын ата-бабалары жердеп келаткан жер. Алардын мекендеген жерин кармата берген деген жаманатты бизге калат, кеңирсиген кең Чүйдү, кереметтүү Кочкор жеринен ажыраткан” деген токо наалат сизге калар. Жоонун артынан кууп бара жатканда, курулган кошунду токтотпойлу. Анда биз душманга тыным берген болобуз. Саруу, кушчу, кытай, сарбагыштын түмөндөгөн колун жоо артына салып, жүрүп отуралы. Сары – өзөн Чүйдү, Эки Кемин, Кочкор, Ысык-Көл жергелереин бошотконго чейин бел чечпейли. Нары жакта Нарын жатат” дейт.

Мына ошол жылдардан бери саруу эли Көл кылаасын жердеп, мекендеп жашап келе жатканы тарыхтын унутулгус так баяны.

Байас Турал, «Мурас», 13.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий