Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»

(аңгеме)

Бекзаттын бир адаты бар. Колу бош боло калса эле ар түрдүү  нерселерден    үй сала баштайт. Үй салат да, «Мына бул менин үйүм» — деп жанындагыларга  жарыя айта баштайт.

Бүгүн чай ичип отурсак, чакмак канттарды тизип алып тасмалдын четине үй куруп кирди.

— Ата, — деп мага көрсөттү ал, – көрдүңүзбү, булар – кирпичтер… Аппак кирпичтер бекен…

— Ооба…

— А булар болсо-шийпырлары…тактайлары…

Ошентип ал чакмак кант менен печеньелерден бат эле эки бөлмөлүү апакай там салып койду.

— Ата, мына бүттүм. Бул – менин үйүм…

— А-ий, Бекзат, сенин канттан салган үйүң жакшы үй болот го э? Канттай эле таттуу болот го… э? – дедим аны кубаттап.

— Ооба, — деди ал ойлонбой эле, –менин үйүм таттуу үй болот…

«Айтканың келсин, — дедим ичимден, Бекзатты саамайынан  сылап, – сен да чоңоюп, өзүңө үй курасың. Үйүң таттуу үй болсун!».

Бекзат чакмак канттардан дагы да топтоп алып, баягы эки бөлмө үйүн чоңойто баштады…

 

s_rysbaev111mС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Сулайман Рысбаев. «Таттуу үй»: 1 комментарий

Добавить комментарий