Сулайман Рысбаев. «Сагынуу»

(аңгеме)

Нурай апасы айылдан келгенче күтүп сагына берди. Эжеси ойнотсо да, болбоду, сөзүн укпады. Бир кезде  эжеси бөбөгү Нурайды ээрчитип алып, арык жээктеп апасынын жолун утурлап чыгышты. Бурулушка келишип, гүлдүү дөңсөөгө чыгып отурушту. Көпкө күтүштү. «Бат эле келем» деген апасы буларды күттүрүп кечигип жатты–Апам качан келет?– кайрадан ыйлай баштады Нурай.

–Азыр келет дебедимби. Сен жакшы кызсың да. Ыйлабайсың да.–деп, эжеси арык жээгиндеги кооз гүлдөрдөн десте кылып, бөбөгүнө карматты.

–Нурай, жыттачы. Сонун жыттуу гүлдөр экен ээ?

Эжеси Берген гүлдөр чын эле кооз да, жыпар– жыттуу да экен.Аны карап, чын эле алаксып калды. Анан кайра эле  ыйлап кирди:

–Эжеке, апам качан келет?

Анны көрүп, эжеси эмне кылар айласын таппай турду.

… Эх десең! Гүл канчалык сулуу да,  жыпар-жыттуу болсо да, сагынган балага апасынын сулуулугу менен жыпар жытын алмаштыра албайт да!

 

s_rysbaev111mС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Сулайман Рысбаев. «Сагынуу»: 1 комментарий

Добавить комментарий