Балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларында педагогикалык идеялар тууралуу китеп жарык көрдү

ped_oylor

ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринин окутуучулары жана студенттери үчүн С.К.Рысбаев, К.Миңбаеванын «Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларында педагогикалык идеялар» аттуу жаңы кошумча окуу куралы жарык көрдү.

Окуу куралында улуттук балдар адабиятыбыздын бир катар өкүлдөрү Тоголок Молдо, К.Тыныстанов, А.Осмонов, Ш.Бейшеналиев, Т.Самудинов, Б.Асаналиев, К.Жунушев, Ж.Абдылдаев, Ы.Кадыров жана И.Токтогуловдун чыгармачылыгы, алардын чыгармаларындагы педагогикалык идеялар тууралуу сөз болот.

Ошону менен бирге, Токтогул менен Барпынын чыгармаларындагы адеп-ахлактык тарбия берүү ойлору да камтылган.

 

Токтогул Сатылгановдун дидактикалык поэзиясындагы философиялык, дүйнө тааным жана адеп-ахлактык ойлор

Элдик акылман идеяларды өзөгүнө сиңирген, аны кайра учкул саптар менен, дидактикалык поэзиянын курч тили менен элге жеткирген ырлар улуу акын, тоо булбулу атыккан Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүндө жатат.

Мисалга алалы: «Эмне кызык» деген ырында адам өмүрүндөгу көп жаркын элестер туурасында айтып келип, жаштарды:

Эмгек этип жашыңдан,
Элге жаксаң эң кызык,
— деп адал эмгекке чакырат да:

«Өмүрүңдүн ичинде
Өлбөгөнгө миң кызык»
,— деп, деги эле дүйнөдөгү түгөнгүс кызыгы көп өмүрдү даңазалайт.

Токтогулдун «Гүлдөп ал» деген белгилүү ыры да адам өмүрүн куру кол, бош өткөрбөө керектиган сыпаттаган, жүрөккө түнөй турган курч сөздөргө толтура. Өзгөчө элестүү мына бул саптарын айта кетсе болот:

Жанып келбейт өмүрүң,
Жаш экенде гүлдөп ал,

Жалтанбагын, качпагын

Жаш ойнобос көрдө бар…
– деген афоризм сөздөрү философиялуулуту менен айырмаланып турат. Мындай философиялуулук:

Бул дүнүйө бекерсиң,
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүнө ким жетерсиң,
— деген терең учкул ойлор менен башталган «Дүнүйө» деген көлөмдүү ырында андан ары улантылат. Анын аяккы сабындагы «Дүнүйө чиркин ушундай, колуңдан качкан кушуңдай» деген философиялуу бүтүм да жаштарды дүйнөнү таанып билүүгө илимий аныктамадан да күчтүү, так, элестүү туюлуп турганы жалганбы?!

Токтогулдун «Насыят» деген ырын  ким гана билбейт? Андагы:

«Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей.
Эркиң менен жумуш кыл,
Эринчээк жалкоо дедирбей»
— деген саптарын кимибиз окубаган элек. Бирок. кезинде буларды Токтогул ушинтип ырдаган экен деген супсак сыпаттоо менен гана кабыл алып келебиз. Ал мындай супсак сыпаттоо менен эле түшүндүрүлбөйт. Көрсө, биз буга чейин Токтогул, Барпы, Жеңижок сыяктуу акындарыбыздын дидактикалык поэзиясынын көркүн чыгарган, бирден бир каражат, курал болгон афоризмдерди элес албаптырбыз.

Мындай тарбиялык-таанып билүүчүлүк мүнөздөгү афоризмдерди өзүнчө жыйнап, мазмунуна жараша тематикаларга бөлүп, илимий жактан талдап, өз-өзүнчө анализ жүргүзүү зарыл.

Токтогул ушул ырында, бирде:

Берекеси жок болот,
Бекеринен мал тапкан
— деп насаат айтса, бирде:

Аз өмүрдүн ичинде
Амандашкын күнүгө
, — деп, адам ариетин сактап, анын нарк-насилин бийик көтөрөт.

Ошондой эле терең философиялуу афоризм сөздөрү «Санат» деген дидактикалык ырында да жыш учурайт.

Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасың!
Агайиңди жаман деп,
Тууганды кайдан табасың
…Же болбосо:

Тууганына батпаган,
Душманына жылынат…
Ошондой эле:

Эрди кудай урарда
Элүүсүндө жаш болот…
— Жана да:

Колуңдан келбес жумушту,
Оюң менен бүткөрбө
, —дейт да;

Бузук менен муңдапша,
Уятсыз менен ымдашпа
— деп, дос-жолдош, мамилелеш адамдан да татыктуу адамдардан болуусу керектишн кулагыбызга кумдай куят.

Акындын:

Жаман адам белгиси —
Өз камы учүн жүгүрөт
Жакшы адам белгиси —
Эл камы үчүн күйүнөт
— деген саптары («Үлгү ырлар») акындын өзүнүн да акындык жана адамдык сапатын, турмуштук позициясын бекем чагылтып турат. Ошонусу менен ал көп жылдык өмүр тажрыйбасынан улам келип чыккан бул туундуну балдарды тарбиялоонун бирден бир каражаты катар сунат.

Мындай турмуштук көрүнүштөр акындын «Замана», «Өмүр», «Карылык» деп аталган көлөмдүү ырларында да . уламдан улам бекемделип, түрлөнүп жүрүп отурат.

Муну менен улуу акын Токтогулдун буткүл дидактикалык поэзиясы, анын таалим-тарбия берүүчүлүк, дүйнө таанытуучулук маңызы жөнүндө айтып үлгүрүүгө мүмкүн эмес. Ошентсе да, аларды жыйынтыктап, жалпылап келип, мына буларды айткыбыз келет: элдик акыл-ойду өзүнө сиңирип, андан элестүү, бекем бир чулу ой туюмун жаратып, аны кайрадан элге жеткире алган акындын өзү — кыргыз элинин акылмандыгын чагылдырган улуу көрүнүш. Элдик акыл мурастардын бай казынасы болуу менен бирге түбөлүктүү акын-педагог катары кабыл алынат.

Ошондуктан акындын балдар үчүн чыгармаларын бир беткей талдоонун ордуна андагы философиялык, дидактикалык поэзиянын үлгүлөрүн өз-өзүнчө бөлүп талдоо, андагы афоризмдерди чогултуп, жыйнап тематикаларына жараша анализдөө, өз алдылча изиядөөгө алуу, өз алдынча китеп кылып басып чыгаруу зарыл.

Ошондой эле, дидактикалык поэзия деген аталыштын өзү жөнүндө да эки ооз сөз айталы. Поэзиялык чыгармаларды типтерге бөлүштүрүүдө пейзаждык, сүйүү, философиялык, граждандык лирика деп гана бөлүштүрбөй, анын өзгөчө бир түрү катары дидактикалык поэзияны да поэзия чыгармаларынын өзүнчө бир түрү катары талдап кароо туура экени көрүнүп турат.

Даярдаган: А.Мукамбетова,
«Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларында педагогикалык идеялар» китебинен алынды,
04.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий