Эрнис Турсуновдун эскерүүлөрүнөн

Залкар талант Алыкул Осмонов жөнүндө…

a_osmonov77Мен Алыкул Осмоновду №5 мектепте окуп жүргөнүмдө көрүп калдым. Ал кезде мен 16-17 жаш курагында болчумун. Башында дайыма кара кепка болоор эле. Бутунда кончтуу кара кайыш ботинка. Кара мех менен капталган жакалуу кыска кара пальтосун кийип жакасын дайыма көтөрүп алчу. Алыкул Панфилов районунда Каптал-Арыкта өскөн. Балдар үйүндө чоңойгон. Жайкысын такай Чолпон-Атада болчу. Акын-жазуучулардан биринчи болуп победа машинасын алган Алыкул Осмонов эле. Менин кайын-журтум да көлдөн эмеспи. Ошол мага кайын-журт болгон Курманбай деген бээ байлап кымыз жасоочу. Курманбайдын бээлеринин кымызын иччү Алыкул. Күлүйпа, Күмүшай, Жеңишбек, Курманбай, Миңбай, Маймак деген адамдар бүт ошо Чолпон-Атадагы адамдар. Бул адамдардын аттары бүт Алыкулдун чыгармаларында кездешет. Алыкул түнт жалгыз жүрчү. Сүйгөнү Айдай Жигиталиева аттуу кыз болгон. Ашыгына жетпей ошол кездеги көрүнүктүу актрисалардын бири Зейнепке үйлөнгөн. Алыкул бир гана Зейнеп менен жашады. Кызы Жыпариса чарчап калгандан кийин экөө ажырашып кетишкен да Зейнеп Ташкенге кетип, ошол жактан турмушка чыгат. Алыкулдун Алыкул болушуна Жоомарт Бөкөмбаевдин салымы чоң. 1939-жылы Сталин 60ка чыккан. Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» чыгармасын Сталин сүйүп окуган, абдан баалаган. Ал китеп дайыма Сталиндин иш үстөлүндө турчу экен. 1939-жылы «Жолборс терисин жамынган баатыр» чыгармасын башка тилдерге которуу боюнча мамлекттик заказ болот. Ал мамлекеттик тапшырма Кыргызстанга да келет. «Колунан келет» дешип бул тапшырманы Жоомарт Бөкөмбаевге ыйгарышат. Жоомарт бирөөдөн жакшылыгын аябаган март, колу ачык, тоонун суусундай шар мүнөзү бар алп акын, коомдук ишмер болгон. Мен Жоомартты да көрүп, колуна суу куюп калдым. Жоомарт ошол убакта Алтын кыз, Айчүрөк декадасы менен калың элге алынып, Ардак белгисин алып чыгармачылыгы гүлдөп турган учур болгон. Ардак белгисин ошол жылдары Жусуп да алган. «Ажал ордуна» спектакли үчүн. Жоомарт Нестан Дарежандын катын дагы бир нече үзүндү которуп, чындыгында эле такыр колу тийбейт. Акыры мамлекеттик тапшырманы кечиктирбөө үчүн Алыкулга барат да, «Алыкул, сен котор, сенин убактың бар, сен өз деңгээлине жеткире которо аласың» деп ишенимдүү эле айтып, заказды Алыкулга өткөрүп берет. Алыкул ошол кезде азербейжан кемпирден завещание болуп калган үйүндө турчу. Айнектерин караңгылап, калың сукнону терезесине жарык өтпөй турган кылып кактырып, эки күндү бир күн кылган Алыкул. Күндөп-түндөп иштеген. Бир жыл үч ай дегенде которуп бүткөн. Эң мыкты которгонун ушундан бил, эл талашып окуп, ошол жылы кыргыз элинде төрөлгөндөр бүт эле Автандил, Тариел, Нестан, Дарежан, Тинатин деген ысымдарга ээ болушкан. Алыкулдун ийгилиги котормолордон башталган. Шотанын бул чыгармасын мыкты которгону үчүн Ардак белгиси орденин алган. Ошол жылдары Алыкул өзүнүн чыгармачылыгында чоң бурулуш жасаган. Алыкулдун эң мыкты чыгармалары 1939-жылдын тартып, 1949-жылга чейинки он жылдык аралыкта жазылган. Бул жылдары Алыкул эң оор жылдарды башынан өткөргөн. Турмуштан аябагандай оор соккуларды алган. Ага карабастан, баардык кыйынчылыктарды ырлары менен жеңип, өмүрүнүн акырына чейин калемин колдон түшүргөн эмес. Алыкул 35 жашында өлсө, Жоомарт 34 жашында өлгөн.

 

Алыкулдун тагдырдан алган жети соккусу

Биринчи сокку; бул акындын айыкпаган дартка чалдыгуусу. Акындын кан түкүрүп 10 жыл катуу оору менен алпурушуп, ошондо да калемин колдон түшүрбөй ыр жазган.

Экинчи сокку; жалгыз кызы Жыпарисанын чарчап калуусу. Жалгыз өзү этегине салып барып, түбөлүктүү жайына жалгыз койгону. Акын кайгысын ырынан чыгарып «Бөбөккө» деген ырын жазган.

Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин, бир боор тууган ата-эне.
Ошончолук көп шириндин ичинен,
Атасы үчүн андай ширин жок эле.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.

Үчүнчү сокку; өмүрлүк жубайы Зейнеп Сооронбаеванын Алыкулдан ажырашып кетиши жана Ташкенге турмушка чыгуусу. Кызынын өлүмүнөн кийин жубайлардын ортосу сууй берип, 1948-жылы ажырашып тынышкан. Зейнеп да кыргыздын кыйын кыздарынын бири болгон. Эгер Ташкентке кетип калбаганында театр жаатындагы жанган чолпон жылдыздарыбыздын бири болмок.

Төртүнчү сокку; мааниси жок махабат деген фельтондун «Кызыл Кыргызстан» гезитине Мидин Алыбаевдин жазып чыгуусу. Бул эми атайын Алыкулга каршы уюштурулган сокку болгон. Атайын уюшулган топ Мидин Алыбаевке жаздырышкан.

Бешинччи сокку; моралдык сокку. Оорунун айынан коомдук уюмдарга аралаша албай калган. Дамамат бетаарчысын оозуна калкалап күрс-күрс жөтөлүп, бетаарчысына кан түкүрүп, анысын аарчынып бүткөн соң шымынын чөнтөгүнө салып, кайра башкасын алып оозуна калкалап жөтөлгөн. Алыкул чакырган жерлерге оорусунан тартынып баралбай калган. Ачык кургак учук менен ооруган Алыкулду кийин чакырбай да калышкан. Жалгыздыктын аралында жалгыз калса да, ого бетер көшөрүп иштеген. Жалгыздыктагы ырлары абдан күчтүү чыккан.

Алтынчы сокку; Көтөрмөлөй турган, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу жакын адамдардын жоктугу. Достордун жоктугу. Сырдашаар, бугун айтаар адамдын жоктугу. Адамдык колдоого муктаждык. Достордун колдоосуна муктаждык. Күңгүрөнүп өзү менен өзү сүйлөшүп, адамдан таппаган колдоону чалкып жаткан көлдөн тапкан. Көл жерибей кучагына алган. Көл сүйүп койнунда эркелеткен. Көлгө эркелеген, көлгө сырын айткан. Көлдү сүйүп, көлдү караан туткан, көлдү жолдош кылган.

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун, 
Толкуса толкунуна мен ортокмун.
Дүйнөдө канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.

Жетинчи сокку; үй ичин караган эч ким жок болгон. Иретсиздик. Эт-майы көгөрүп кеткен убактар да болгон. Үй ичинде аялдын колу тартуулаган жылуулук, иреттүүлүк жок. Убактылуу ысык тамак сунуп, кирин жууп, үйүн жыйнаган ак жоолук жок. Кээде керебетине өтүкчөн, пальточон чечинбей кыйшайып, таң атырган күндөрү көп болгон. Эмнегедир Алыкулдун 50чү жылы жазган ырлары бүтүндөй уурдалып кеткен. Бири да сакталып калган эмес. Өлгөндө биринчи болуп Төлөн Шамшиев кириптир. Акындын өлөөр жылы жазган ырларын бирин калтырбай белгисиз бирөөлөр уурдап алышкан. Албетте, бул уят жана ал ырлар эч кимге буюрбайт. Акындын өзүнө буйрубаган ал ырлары кимге буюрмак да, кимге жакшылык алып келмек.

 

Жоомарт Бөкөмбаев тууралуу…

Joomart(1)Кыргыздын дагы бир залкар акыны Жоомарт Бөкөмбаев Кетмен-Төбө өрөөнүндө жарыкка келген. Негизи Кетмен-Төбө өрөөнү өнөргө бай өрөөн. Айтылуу Токтогул, Жоомарт, Коргол кийин Сарыкунан, Тууганбай, азыр Элмирбектей өнөрпоздор чыккан касиеттүү өрөөн. Азыр деле Кудайга шүгүрсүңөр, бирок «скидка» менен. Жоомартча чыгыш керек. Токтогулча чыгыш керек. Жок эле дегенде Корголчо чыгыш керек. Өмүрүнүн акырында алыска бара албай калганында Коргол мал базарга барып ырдаган. Эл Корголду көрөбуз деп, ырын угабыз деп, мал сатпаса да, мал базарга атайын Корголдун ыры үчүн келишчү тура. Жоомарт да балдар үйүндө жүрүп окуган. Жубайы Тенти, Жунушбай деген башкарманын өңдүү-түстүү, билимдүү эрке кызы болгон. Жоомарт Тентиден он жашка улуу. Жоомарттын адамгерчилиги өтө улуу бирөөнүн кайгысын өзүнүкүндөй кабыл алган, адамдарга жакшылык гана каалап берээрге ашын таппаган март, шар, колу ачык, бапырап жүргөн, бараандуу акын болгон. Ачык күлкүсү тоо жаңыртып, атына заты жарашкан март эле. Мансапка, атакка кызыкпаган токпейил ынсаптуу адам болгон. Демилгечи, уюуштургуч, күжүрмөн киши болчу. Жоомарт дайым Жусуптукуна келгенде Жусуптун жубайы Гүлсүнгө акча карматчу экен. Гүлсүн бул эмне деген акча деп албаса, алгыла мен өткөндө акчам жок калып, Жусуптан карыз алдым эле деп койчу дешет. Чынында Жусуптун үйүнө жөн эле көрсөткөн жардамы болчу экен. Жусуп Жоомарттын үйүнө анан Касым Тыныстановдун үйүнө конокко барып, ушул эки үй-бүлө менен гана катышчу дейт. Согуш убактысында жазуучулар союзунда Жоомарт убактылуу секретарь болуп иштеп калат. Ошол тушта «Союзга фронтко жардам бергиле» деген кат келет. Бериле турган жардам мээлейден тартып, колдон келген баардык нерсе. Жоомарт жазуучуларга чык айтып, жардам бергиле деп чакырат. Бирок, бирөө да келбейт. Бирин-серин келбесе, жапырт келишпейт. Жардам чогулбай калабы деп тынчсызданган Жоомарт жазуучулар үйүнүн кулактандыруу тактасына «жазуучуларга акысыз көмүр берилет, баланчанчы күнү» деп бадырайта жазып илет. Ал күнү тим эле жазуучулар топтошуп бири калбай келиптир. Баары көмүр кана дешет. «Алганды билген, бергенди да билгиле» дейт Жоомарт абалды түшүндүрүп, согуштагылар жардамыбызга муктаж. Ошентип алды жылуу кийим, арты жылуу мээлей кыскасы, бар тапканын жазуучулар фронтко чогултуп берет. Жоомарт акын эле эмес коомдук ишмер да болгон. Токтогул Сатылгановду көтөрүп чыккан ушул Жоомарт болгон. Токтогулдун хрестоматияга кирип калышына албетте, Жоомарттын салымы абдан чоң. Жоомарт кыргыз жерин жанындай сүйгөн. Кыргыз жеринин кооз табиятын, агын сууларын, атыр жыттуу абасын, бийик тоолорун, салкын төрлөрүн, тунук көлдөрүн даңазалап сүрөттөгөн. Жоомарт 34 жашында каза болду. Трагедиялуу өлүм. Чоң Сары-Ойдо машина оодарылып, борттун кыры басып калган Жоомартты. 6 кишинин ичинен Жоомарт өлгөн.

Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.
Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, 3-март, 2014.

Эрнис Турсунов

“Аруу дүйнө” (“Кыргыз гезиттер айылы”)

Соц тармактар:

Добавить комментарий