Гүлсана Сарногоева: «Кыялым – кайрадан тарых музейинде иштөө…»

Gulsana_atasy_menen

Көчмөндүк кыргыздын канында бар. Ушул азыркы цивилизация доорунда да ошол кан-жанга тынчтык бербей туйлаткан бабалар чакырыгы ойноп кетип, Кыргызстандан миңдеген чакырым алыстарга кетип, жашап, иштеп жүргөн замандаштарыбыздын бири, кыргыз Эл акыны, көйкашка талант Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева менен ат жалында маек курганбыз.

– Сизге болгон кызыгуум албетте, сиздин атаңыз, кыргыздын мыкты акыны Байдылда Сарногоев экенине да байланыштуу болду окшойт?

– Ооба, мен Байдылда акындын кызы боломун. Атамдын өз аты Убайдулда, ал эми атасынын аты Айтмамбет экен. Атасын бир ногой молдо ээрчитип жүрчү экен, ошондон улам Сарыногой деген атка конуп калыптыр. Мен болсо, таятам менен таенемдин колунда өскөнүмө жараша бала чагымда кез-кезде мектептеги каникул учурунда Бишкек (андагы Фрунзе) шаарына келип турчумун. Атам да, апам да бизге, балдарына өтө мээримдүүлүк, боорукерлик менен үйрүлүп түшүп карашчу. Атам бизге: “Китепти көп окуганыңар жакшы, көптү билесиңер” деп айтчу. Апам болсо, тор сокконду үйрөткөн. Атам комуз черткенди сиңдим менен иниме үйрөтүп койгон экен. Ата-энем менен чогуу жашаганымда балким, комуз черткенди мен да үйрөнөр белем деп калам. Ал эми атамдын ыр жазуу өнөрү мага жукпаптыр. Ыр жазып, акын болуш үчүн акындын кызы гана болуу жетишсиздик кылат. Апам дарыгердин окуусун оку дегенинде, врач болгондон корком деп, ага да макул болбодум. Алгачкы эмгек жолум Бишкек шаарындагы тарых музейинде башталган. Ошол музейде иштеген күндөрүм такыр эсимден кетпейт, анткени музейдин ичинде өзүңдү тарыхта калган улуу инсандар менен чогуу жүргөндөй элестетесиң… Мен үчүн бул өзүнчө бакыт эле. Эгер азыр менден бирөөлөр: “кайсы жерде иштегенди каалайсың?” деп сурап калышса, “тарых музейинде” деп жооп берет элем.

– Италияга – кандайча барып калдыңыз?

– Италияга келип жашап калам деп такыр ойлогон эмесмин. Убагында кинорежиссердун окуусун окуйм деп ВГИКке даярдангам, тилекке каршы, ал жерге өтүш аябай кыйын экен. Ошондуктан, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун режиссердук бөлүмүнө тапшыргам. Ал жерде окуп жүрүп, Москвага которулуп кеттим. Окуумду бүткөндөн кийин залкар кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Келечек” аттуу кинокомпаниясында иштеп калдым. Андан кийин гана Италияга сапар алдым. Италияга алгач барганда ар кандай жумуштарда иштедим. Рим шаарында “Tele+» деген дүкөндө сатуучу, телеберүүлөрдө фигурант, элдердин достук үйүндө Кыргызстан тарабынан мүчө катары катышып жүрдүм.

– Италияда кыргыздар көппү жана өз ара карым-катышыңар барбы?

– Бул жактагы кыргыздардын кээ бирөөлөрү менен катышып турам. Алардын баары иштешет, тапкан каражатынын көбүн ата-энеси, бала-чакасына жиберип турушат. Адеп келгендеринин бутуна туруп, жашоосун оңдоп алгандары да, кийинчерээк келишип, тил билбей кыйналып калгандары да бар.

– Атаңыздын кайсы ырын жатка билесиз? Заман түрүнө санаа тартканын байкачу белеңиз?

–  Атамын «Сынчыга», «Мен киммин», «Күч бирдикте» деген ырларын жатка билем. Атам бизге кайгырганы тууралуу айтчу эмес, анын маанайы жайында эместигин комузда кайгылуу күүлөрдү чертип жатканынан билер элек. Гезиттен терс көрүнүштөрдү окуп калса  да терең үшкүрүп алчу эле.

– Учурда кайсы жумушта иштейсиз?

– Италиянын Фолинио шаарында «Casa de popoli» деген уюмдун мүчөсүмүн. Анан Рим шаарындагы телеберүүлөргө фигурант болуп катышып турам. Италияда жашайм, бирок Италиянын жараны эмесмин.

– Телеберүүлөрдө фигурант дедиңиз, ал кандай маанини билдирет?

– Телеге чакырылган конокторго суроо беребиз. Кез-кезде өзүбүздүн өлкөбүз тууралуу айтып беребиз, ал эми көбүнчө кол чаап олтурабыз.

– Мекендин алгач эле эмнесин сагынасыз?

– Кыргызстан дайыма көз алдымда турат. Эң биринчи энемди жана бир туугандарымды сагынамын. Эки күндүн биринде эле телефон аркылуу сүйлөшүп турам.

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 03.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий