Кыргызстан: Байыркы падышанын баа жеткис казынасы

«Кабар ордо» уникалдуу сейрек табылга тууралуу изилдеди.

umutkor1

Бир аз мурда, тактап айтканда 2014-жылдын 3-декабрында Англияда өткөн аукциондо Кыргызстандын V кылымга таандык зер буюму сатылган болчу. Лондондогу «Сотбис» аукционунда «Үмүткөр» деп аталган баалуу шөкөт 390 миң 474 долларга соодаланган.

«Сотбис» сайтынан алынган маалыматка таянсак, кыргыз үй-бүлөсүнө таандык болгон бул сейрек кездешчү табылга, атадан балага мураска өткөрүлүп келген буюм болгон. Ал алтындан, гранаттан жана айнектен жасалган. Окумуштуулардын айтымында мындай буюмдарды жасоо б.э. III-V кылымдарында кеңири тараган. Мындай баалуу зер буюмду падышалар, журт башы болгон бай, оокаттуу адамдар колдонушу толук ыктымал.

Уникалдуу зер буюмду 1890-жылдан 1985-жылга чейинки аралыкта кыргыз Сансызбайдын үй-бүлөсү алып жүргөн. 1939-жылы зер буюм Сансызбайдын кызы Зария Үмүткөргө мураска берилген, ал өз кезегинде 1967-жылы кызын турмушка узатып жатып, тоюна белек катары кызына тапшырган. Андан кийин шөкөт үй-бүлө мүчөлөрүнө мураска калып отуруп, 2013-жылы үй-бүлө мүчөлөрү аны Словакиянын Братислав шаарына жашыруун түрдө чыгарып кетишкен. Бирок иш жүзүндө бул айтылган маалымат төгүн экенин Кыргыз тарых коомунун вице-президенти, белгилүү археолог-тарыхчы Кубатбек Табалдиев баса белгилейт.

«Ачыгын айтканда бул эч кандай 19-кылымдан бери келе жаткан бир үй-бүлөнүн мурасы эмес. Бул ала жаздан тартып, жай бою, тээ кеч күз болгонго чейин Кыргызстандын аймагын кыдырып, баалуу казына издеп, табылга таап, аны казып алып, байыркы кыргыздын ата-бабаларынан калган мурастарды көмүскө жол менен талап-тоноп жаткан «кара» археологдордун кылган иши. Мен муну окумуштуу археолог катары жоопкерчилик алып айта алам. Бул ишти кылган «кара» археологдор жагдайды башка нукка буруп, коомчулукту «Лондондо сатылган баалуу табылга бир үй-бүлөнүн мурас буюму болгон» деп адаштырып кетишкенине ичтеринен сүйүнүп жатышса керек. Окумуштуулар чөйрөсү Кыргызстандын дагы бир баалуу, уникалдуу мурасы жок болгондугуна зээндери кейип кала берди. Мындай табылгалар дайыма эле табыла бербейт, өтө чанда кездешет. Бийликтегилер дагы бул жагдайга жетишерлик көңүл бурбады окшойт. Башка мамлекеттерде мындай иштерге өтө чоң жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Дүйнөдө казылган археологиялык баалуу табылгаларды көмүскө жол менен сатуу жана өлкө чегинен чыгарып кетүү боюнча кылмышка каршы турууда Кыргызстан эң эле алсыз тогоо (звено) деп дагы койсом болот. Мисалы, ошол эле коңшу Өзбекстандан, Казакстандан тарыхый баалуу буюмду чет өлкөгө чыгарып кетүү өтө эле кыйын. Европада бул иш мамлекеттик деңгээлде каралат. Ар бир табылга эл-журттун, мамлекеттин менчиги катары кабыл алынат.

umutkor2Ал эми бизде көмүскө иштеген археогдор антиквардык дүкөндөрдө, көмүскө рынокто тынымсыз иш жүргүзүп жатышат», — дейт Табалдиев.

Анын айтымында, археологиялык балуу табылгаларды сактоо ишин өкмөттүк деңгээлде мыйзам кабыл алуу менен эле чечип коюуга болбойт. Ал үчүн калк өзү баалуу мурастарды, өз тарыхын сактап калууга аракет кылыш керек, мекенчил сезим болуш керек.

«Кыргызстандын аймагында байыркы доорлордо, кийинки орто кылымдарда жашап өткөн ошол эле сактар, гунндар, түрктөр, карлуктар, төргөштөр, караханиддер жана башка урууларды учурда кыргыздар бир жактан келип жашап калып анан кийин жок болуп кеткен элдей кабыл алышат. Чындыгында алар биздин ата-бабалар. Канчалаган каада-салттарбыз ошол ата-бабалардан калган. Кыргыздын ушул түпкү бабалары, архитектуралык жактан алганда чеберчилик менен салынган шаарларды куруп, жазууну пайдаланып, жогоруда айтып өткөндөй алтын иштетип, көздүн жоосун алган зер буюмдарды жасаган. Маданият, искусство, кол өнөрчүлүк өнүккөн, өздөрүнүн мамлекеттери болгон. Кийин Чыңгыз хандын чабуулдарынын капшабынан гана жоодон жакшылап коргонуш үчүн кайрадан отурукташкан калктан көчмөн калкка айланган. Ошондуктан бабалардын мурастарын сактообуз кажет. Ал кыргыздын басып өткөн жолу. Тилекке каршы, Совет мезгилинде дагы, кийинки эгемендик жылдарында дагы байыркы мурастарды сактоого жакшылап көңүл бурулбай келе жатат. Учурда археологиялык мурастар таланып, бузулуп жок болуп кетүү коркунучунда турат», — дейт Табалдиев.

Тарыхчы окумуштуунун айтымында, «Сотбис» аукционунда сатылган чыгыш гунндардын мезгилине таандык байыркы зер буюм полихром стилинде жасалган шөкөт болуп саналат. Полихромия (грекче πολύς – көп сандаган жана χρῶμα – түс) – архитектурада, курулушта, скульптурада жана декоративдик искусстводо түрдүү түстөгү материалдарды колдонуу. Полихром стили маданияттын баардык тармактарында баардык доорлордо пайдаланылып келген. Ушул стилде жасалган буюмдар XIX кылымда – XX кылымдын башында жасалган кыргыздардын кооздуктарында кездешет. Анда көбүнчө күмүш кооздукка сердолик өңдүү таштарды чегерип, пайдаланылган.

Окумуштуу зер буюмдун биздин замандын III-VI кылымдарына таандык экенин жеке архивиндеги сүрөттөр менен далилдеди. «Лондондо сатылган шөкөт полихром стилине таандык. Ажыдаардын сөлөкөтү түшүрүлгөн, кооздолгон алтынга, күмүшкө башка баалуу таштарды ширетип жасалган мындай шөкөктөр Кыргызстандын аймагында мурда Чүйдүн Шамшы эстелигинен табылган» — дейт профессор.

Мындай таң калыштуу искусство Борбор Азиянын чыгыш аймактарындагы тарыхый аренага гунн уруулары келген Евразиянын талааларындагы мейкиндикте пайда болгон. Ошол учурда жергиликтүү азиялык искусство менен Европалык искусство ширелишкен экен. Гунндар Евразиянын элинин коомдук, саясий жана маданий турмушуна ар тараптан таасир берген. Бул доорго таандык көркөм жасалгаларды Кыргызстандагы Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табышкан. Ал эми Ош областынын Алай районундагы Жалпак-Дөбө көрүстөнүнөн уникалдуу зер буюмдар алынган. Ошондой эле Бишкектин түндүк чыгышынан кокустан табылган «Красный строитель» коргонунан дагы буга окшогон алтын шөкөттөр кокусунан табылган. Аны тапкан мекенчилер өз учурунда мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп беришип, музей тарабынан сыйлыктарын алышкан.

Археологиялык баалуу буюмдарды сактоо жана коргоо иштери КРдин «Тарыхый-маданий мурастардын объектилерине мамлекеттин менчиги», 1999- жылы 29-июнда бекитилген «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө КРдин мыйзамынын» негизинде жүргүзүлөт.

Буга чейин КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги зер буюмду чет өлкөгө жашыруун алып чыгып, Лондондогу аукциондо сатып жибергендер кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн экендигин эскерткен.

«Бул маселе атайын органдар тарабынан аныкталат. Зер буюм мыйзамсыз чыгарылып кеткен болсо, жаза чаралары колдонулушу мүмкүн», — деген министрликтин басма сөз катчысы Марлен Соляной «Вечерний Бишкек» сайты менен болгон маегинде.

Ошентип, Кыргызстандын тарыхый казынасы «Үмүткөр» деп аталган дагы бир зер буюмду жоготту. Мындан тышкары канчалаган уникалдуу тарыхый табылгалар тымызын уурдалып, сатылып кетип жатканы азырынча белгисиз. Мындай аракеттерге мамлекеттик деңгээлде катуу көңүл буруучу мезгил келгенин тарыхчы окумуштуулар белгилешүүдө.

umutkor3

umutkor4

umutkor5

umutkor6

umutkor7

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 04.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий