Жашоо сабактары

js

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Сезим

Адамдын жашоосундагы эң баалуу жана кымбат күчтүн бири – бул, сезим. Сезимдин кубаты, күчү менен, сезимдин таасири менен адамдын дүйнөсүндөгү түркүн боектор анын жашоосун кооздоп, сулуулап, эргүү берип же болбосо кубаттан тайытып, алын кетирип, коркутуп, жашоонун жарыгын өчүрүп, булгап, өзүнүн таасирин тийгизет.

Сезимдин булагы үч түргө бөлүнөт:

1) Адамдык сезим. Бул жашоодогу түркүн кубулуштарга, жашоонун негизин таанып билүүдөгү, анын ыргагы менен бийиктеп, пастап, кубанып жана ыйлап ар тараптуу сезимге учуроо. Бул сезим адам жаралгандан бери жашап келет.

2 )Атуулдук сезим. Бул туулган жерге, Ата- мекенге, өзүнүн тамырына, жамаатка жана чөйрөгө өзүнүн асыл сапаттарын тартуулоо. Мунун жаралышы – айлана- чөйрөгө таандык сезим башталганда.

3) Өтө өзгөчө булак. Бул адамдын жан- дүйнөсүнө тийиштүү. Мында адамдын жан дүйнөсүнүн ыргагы менен билинип- билинбей байыр алган, өтө опурталдуу, назик, кылдат мамилени талап кылган, өтө сезгич адамдарга таандык була. Өтө опурталдуу деген – өзгөчө мамиле кылбаса, катуурак кармаса, туура эмес мамиле кылса буланын күчү катуу чабат, ошондон адам майып болуп калышы мүмкүн. Була деген, бул, өзгөчө күч уюган, өзгөчө таасир берген, өзгөчө келбетке ээ, өзгөчө жыштыкка ээ жарыктын топтолушу (Кудайдын жарыгы). Була жалаң жакшы жарыкка ээ.

Була чоң кубатка ээ. Бирок ошончо кубатты же мээнетти, өзгөчө мамилени, өзгөчө шартты, өзгөчө тутумду талап кылат.

Тутум үч негизден турат. Биринчи негиз бул кадыресе баалуу мамиле. Экинчи өзгөчө даярдык. Үчүнчү сезимталдык.

Кубатты талап кылган шарттар:

1) Көңүлдүн тазалыгы.

Көңүлдүн тазалыгы – бул, адамга карата мамиленин ичинде кытмыр ой, өйдөсүнүү, басынтуу, келекелөө, тамаша ирээтинде кабыл албай, ак санаа, түшүнүү, баалоо, суктануу, жакшы ниет. Көңүлдүн тазалыгында турган адамдын арамы жок.

2) Акылдын тунуктугу.

Алагүү болгондо акылдын тунуктугу азайып калат (кызуу, мас болгондо).

3) Өзгөчө жакшы сапаттар.

Адамдын алты сапатынын бирөөсү өзгөчө күчтүү болуш керек. Өзгөчө даярдык – адамдын дили, дити, аң- сезими жарыгыраак, таза болуш керек.

 

Эргүү

Сулуулукту көргөндө, тазалыкты, бийиктикти туу тутуп ага жакындаганда, үмүт жанганда, келечекте шам жанганда, багыттуу ишиң үзүрлүү болгондо, көкүрөгүң кубанычка толгондо, самаганга жеткенде, белектүү болгондо, башкаларга белек тартуулап аларды чоң кубанычка бөлөгөндө, кылган кызматың өзүңө жакканда, эмгегиң бааланганда, сени көрүп эл кубанганда, издегениңди тапканда – көпчүлүк адамда кан дүргүп, жаның ырахат алып, көңүлүң көтөрүлөт. Бул шарапаттын илеби менен адамдын аң- сезими менен жан дүйнөсү бийиктеп, көтөрүлүп, адамга эргүү келет. Эргүү адамга канат байлатып, бийиктетип, башта жетпей жаткан чекке жеткизип, ошондогу ыргак менен жасалган иши демдүү, сөзү өткүр, акылы маанилүү жана терең, кубаты өлчөлүү деңгээлинен жогору болгон учур. Бул учур адамдын шыгына шык, акылына жарык, келбетине бийиктик, ыргагына жыштык, сезимине бийиктик алып келет. Кызматына көркөм берип, акылына тереңдик берип, үмүтүнө үмүт жандырат. Мында адам көп учурда жаңы нерсени жарата алат.

 

Ой жүгүртүү

Адамдын жашоосу, адамдын кыялы, адамдын ой тилеги эң оболу ой жүгүртүүдөн башталат. Ой жүгүртүү үч түргө бөлүнөт:

1) Чөйрөгө карата ой жүгүртүү.

2) Келечекке ой жүгүртүү (эң өзөктүүсү тукум, жер, жалпы жолунан анан каражат). Адамдын жашоосунда жер өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Ээлеген жери үчүн ар дайым согуш болуп келген. Илгертен ээленип калган жерге дагы көз артып ээлик кылсам деген ойлор өтө көп.

3) Адамдын жагдайына, абалына ой жүгүртүү.

Ой жүгүртүү үч деңгээлге бөлүнөт:

1) Улуттук ой жүгүртүү.

2) Аймактык ой жүгүртүү.

3) Чөйрөлүк ой жүгүртүү.

  1. Улуттук ой жүгүртүүдө эң чоң орунду ээлеген бул билгилердин алдыңкы катмары.Улуттук ой жүгүртүүдө өзөктүүсү улуттун орду, улуттук деңгээл, улуттук көз караш, улуттун өсүүсү, улуттук байлыктар, улуттук дүйнө тааным жана улуттук баалуулук.
  2. Аймактык ой жүгүртүүдө – билгилердин ортоңку катмары. Аймактык ой жүгүртүүдө өзөктүү жер маселеси, жер ыңгайы, жер шарты, чоң курулуш, аймактык алака, өрөөндүк тартип, өрөөндүк даңаза ж.б.у.с. маселелер.
  3. Чөйрөлүк ой жүгүртүүдө – билгилердин ылдыйкы катмары. Чөйрөлүк ой жүгүртүү утурумдук жагдайга байланып турат. Чөйрөлүк ой жүгүртүүдө көбүн эсе жашоо шарты, жашоо тартиби, жашоо ыңгайы орун алат.

 

Ой толгоо менен ой жүгүртүүнүн айырмасы жана биримдиги

Ой толгоо – бул кубаттуу күчкө ээ болгон, алгылыктуу иш- чараларды көздөгөн, изилдөөнүн негизинде жыйынтык кылган, чечимге жеткен, көрсөтмө бере алган, көңүлгө жаткан ой түзүм. Ой толгоонун кубаты жана ой толгоонун санаты менен жагымдуу жана жагымсыз жашоо кырдаалдары, жашоо негиздери адамга тартылат (жакындайт). Ой толгоонун кубаты өтө чоң, алгылыктуу жана баалуу. Ой толгоо адамды байытат, өстүрөт, жарык кылат эгерде ал акта турса. Ой толгоо адамды кемитет, кубат бербейт, жарыгын алат, жансыз кылат эгер ал карада турса.

Ой жүгүртүү – адамдын көңүлүндөгү иликтөөсүз келген багыттуу ой. Ой жүгүртүү адамга капысынан көп мээнетти талап кылдырбай (ойду аныктабай, изилдебей) бир чечимге келтирбеген, тыянакка жеткизбеген, адамдын көңүлүнө жаккан ой санаты, тизмеги, каалоо тилеги.

 

Уйку

Адамга өтө чоң таасирин берген, адамды эс алдырып күч топтоткон, адамдын өмүрүнүн жарымы, бул – уйку. Уйку үч түргө бөлүнөт:

1) Соо уйку

2) Оору уйку

3) Жан- дүйнө, аң- сезиминин уйкусу

Жан дүйнө, аң- сезиминин уйкусу – бул адамга да, Кудайга да жакпаган уйку. Мындай абалда көп адам жашап өтөт. Мындай абалда адам туюмга маани бербейт, сезимин ойгото албайт. Белгини тааныбайт, жашоодо изденбейт, көйгөйгө баш ийип аны иликтебейт, жашоонун шартын тааныбайт. Мындай адамдын убарасы көп, жетишкендиги жок. Бул адам сапарга (изденүү сапарына) чыкпайт, жетеленме.

Мындай адам келечекке кызматты баалабайт. Чоң мааниге ээ болгон – бул анын күнүмдүк түйшүгү, күнүмдүк көйгөйү, күнүмдүк муктаждыгы. Мындай адамдар кубатуу агымдын же кубаттуу адамдын негизги кара күчү. Мисалы: Топ адам бир адамга кара күч болуп, караан болуп бере алат. Бул адамдар майдаланган, эленген адамдар, булар ойгонбойт, кара күч болот. Майдадан майда туулат, көкүрөгү сокур адамдар да ошого жакын, тукуму да ошондой болот.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 28.03.2015- ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий