Сулайман Рысбаев. «Чынаркандын түшү»

ңгеме)

Чынаркан «чоңойгондо кандай адам болсом» деп кыялдана берди. «Комузчу болсомбу… Мугалим болсомбу…» — деп. Бир кезде «колумдан эч нерсе келбеген жалкоо болуп калсамчы…» деп ойлоп алып чочуп кетти. Анан бул оюн чоң атасы Жакыпка айтты.

Чоң атасы бул сергек кызынын сөзүнө ыраазы боло, тамашалап минтти:

-Сен түндө жаздыгыңдын астына комуз, китеп, анан нан коюп укта. Макулбу? Түшүңө эмне кирсе, чоңойгондо ошондой болосуң…

Чоң атасынын бул тамаша сөзү Чынарканды аябай ишендирип таштады. «А кокус, комуз да кирбей, китеп да кирбей, нан кирсечи…» – деп тынчсызданып жатып уктап кетти.

Түшүндө ал экинчи класстын «Эне тили» китебин көрдү. Эртең менен эле муну чоң атасына айтып берди. Чоң атасы кызынын түшүн жоруп:

–Түшүңө китеп кирсе, чонойгондо мугалим болот экенсиң, — деп эркелетти.

Андан бери далай жылдар өттү. Анткандай эле, Чынаркан чоңоюп жогорку окуу жайын бүтүрүп, мугалим болду. Азыр экинчи классты окутат.

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

Сулайман Рысбаев. «Чынаркандын түшү»: 1 комментарий

Добавить комментарий