Акын Тенти АДЫШЕВАнын уулу БӨКӨНБАЕВ Кулубек: “Менин апам эки атама тең татыктуу мырза-айым болгон”

t_adysheva

Кыргыз аялдар поэзиясынын көч башында турган Тенти Адышева ар дайым эскерүүгө татыктуу инсан. Акындын өмүр сересине көз чаптырсак анын чыныгы кыргыз айымынын асыл сапаттарын камтыган күчтүү инсан экендигине күбө болобуз. Улуу муунду унутка калтырбообуз керектигин эске салуу менен бирге биз бүгүн эки залкардын, тактап айтканда кыргыз адабиятынын классиги Жоомарт Бөкөнбаев менен акын Тенти Адышеванын канынан жаралган уулу Кулубек агай аркылуу акын айымдын бейнесине кайрылабыз.

– Агай, Тенти Адышеванын Тенти деген ысым алышынын өзүнчө тарыхы бар экенин уктум…

– Менин таятам менен таенем үркүндөн кайтып келген соң жалгыз кызынан ажырап калышкан экен. Андан кийин да көпкө күтүп жүрүп менин апам төрөлгөн экен. Алгач атын Сайракан деп аташыптыр. Анан кайра кыргыздын ырымын кылып баланы көтөрүп алып тогуз үйдү кыдырып чыгып туруп “тентип жүрсө дагы аман болсун” деп ырымдашып Тенти деп аташкан экен. А таенем энемден кийин таптакыр төрөбөй калыптыр. Ошону менен энемдин Сайракан аты унутулуп Тенти болуп калыптыр дагы, таятамдын абдан эрке кызы болуп чоңоюптур. Энем тогуз жашка чыкканга чейин таятам аны эркекче кийинтип, чүкө атып, ат мингенди үйрөтүп эркек баласы катары багып жүрүптүр. Ошондон улам эркек балам жок деп капаланчу да эмес экен. Бирок тааныштарынын пикирине көнүп уул көрүү үчүн токол алган экен. Биз ал аялын Жумакан жеңе дечүбүз. Ал жеңебизден таятабыз 3 уулдуу, 3 кыздуу болуптур. Андан дагы кызыгы андан кийин деле энемди уул катары көрүп балдарына “Тенти байке” дегиле деп үйрөтүп коюптур. Ошону менен энемди инилери көзү өткөнгө чейин “Тенти байке” деп чакырышты.

– Анан качан кыз сыпатын күтүптүр?

– Энем кийин 15-16 жашка чыкканда деле өзүн эркек баладай алып жүрчү экен. Бирок табият берген аялдык сулуулугу укмуш болчу. Анан анын сулуулугуна суктанып, ашыктык сөздөрүн билдиргендерге энем “эмнеге мени балдар жакшы көрүп атышат” деген таризде жинденгенин айтып калчу. Антип энем тоготпогон жигиттердин арасында атам Жоомарт дагы болгон экен.

– Тоготпогон эркек мүнөз кыз акын менен кантип табышып калган экен?

– Атам менен апамдын жаш айырмасы 10 жыл болгон. Апам бир күнү атамдын ишине чакыруу жеткирип барып калган экен. Апамды көндүрүш атама оңой болбоптур. Ошол жолгушуудан баштап беш жыл бою артынан жүрүп жакшы жооп ала албай, жолдошторун ортого салып жүрүп акыры тоготпос кызды сүйүүсүнө багындырып алган экен. Апам атамдын “ай Тентибай, сенин кыялың ай, сенин кыялың болбогондо эмдигиче беш балалуу болуп калмак элек” деп тамашалаганын көп эскерип калчу эле.

– Жоомарт Бөкөнбаевдин жашоодон эрте кеткени баарына маалым. Алар канча жыл бирге жашашкан?

– Мен бир тактоо айтып кетким келет. Атам ажал чеңгелине 34 жашында кеткен деп айтылып, окутулуп келет. А чындыгында атам 33 жаштан 34 жашка жаңы гана оогон маалда каза тапкан экен. 33 деген эмне деген жаш. Апам атама 19 жашында турмушка чыккан болсо, 24 жашында чиедей болгон 3 бала менен жесир калган. Мен 1940-жылкымын, карындашым 1943-жылкы болсо, кичинекей иним 1 жашка толо элек ымыркай болгон. Кандай гана трагедия?!

– Согуш маалынан кийинки оор заманда үч баланы багып кетүү азабын эскерчү беле?

– Жогоруда энемдин эркек мүнөз болгондугун айтып өтпөдүмбү. Бул сапаты анын күйөөгө чыгуусу менен эле жоголуп кетпептир. Энем эң акыркы күнүнө чейин кайраттуу, сөзгө бек, эркектей болгон курч сапатын жоготкон жок. Ошондон улам болсо керек, апамдан ажырап калганга чейин анын бир дагы жолу заманга таарынып ким бирөөгө арызданганын уккан эмесмин. Бирок атамды жоктоп ыйлаганын, ишинен муңайым тартып келгенин көп эле көрчүмүн. Апамды заман гана эмес айланасындагы адамдар дагы кыйла азапка салышкан. Апам кыргыз айымдарынан чыккан биринчи коомдук, саясий ишмер болгон. Ошол ишин аркалап жүргөн кезинде жапжаш, супсулуу бойдон жесир калган жалгыз бой аялга түрдүү кеп жабышкан экен. Ага жаман ой менен кол сунгандарды апам кагып койгону үчүн артынан тоголок кат жазышып, партиядан чыгып калган учуру да болгон. Апамдын ошол күнү келип ыйлаганы азыр дагы көз алдымда.

– Акындын адабиятта сакталып калган ырлары ушул жылдарда жазылган экен да?..

– Ооба, бармактайдан баш кошкон адамын, 3 наристесинин атасын жоготуу апама абдан кыйын болгонун айтпаса да түшүнүктүү. Ошондой кезде энем түш көрүп түшүндө атама арнап ыр айткан экен. Анан туруп ал саптарды кагазга түшүргөндөн тарта ыр жазып калгам дейт. 10 жыл бою жалгыз жашоосунда апам кайгылуу ырларды көп жараткан. Ал үчүн дагы ар кандай сын-пикирлерди уккан. Негизи табиятынан жашоону сүйгөн, оптимист адам эле. Кийин гана экинчи турмушун баштаган маалда анын чыгармаларында жаркын маанай сезилип калган.

– Апаңыз сиз канчага келгенде экинчи турмушун баштаган?

– Апам экинчи сүйүүсүн туура 10 жыл күттү. Атам Жоомарт кыргыздын агартуучу, билимдүү инсаны болгону баарына маалым. Анан андай адамдын ордун кайрадан дал ошондой интеллекти бийик, күчтүү инсан басышы керек эле да. Апама андай асыл адам 34 жашка келгенинде жолукту. Бул кезде мен 14 жашка чыгып калган элем. Бир жылча бир адам анда-санда биздин үйгө келип биз менен бирге чай ичип кетип жүрдү. Бир күнү апам мени кепке тартып ал адам тууралуу сурап калды. Мен анын жакшы экенин айтсам, ал адам менен жашасам деген оюн билдирди. Эсимде, эмнеге экенин билбейм, токтолбостон макул экенимди билдирип кубанып алган элем. Балалык сезимим Муса атамдын жакшы адам экенин туйса керек да. Ошентип Муса атам келип, бир үй-бүлө болуп жашап калганбыз.

– А ал атаңыздын сиздердин бүлөгө кошулушу өзүңүздүн атаңызды унуткарып кеткен жокпу?

– Менин апамдын акылдуулугун ушундан билсе болот. Биз атабызды элестете албай калчу кенедейибизден атабыздан ажырап калган болсок да атабыз тууралуу, анын кандай адам болгонун, эмгектеринин баарын жакшы билебиз. Себеби бизге апабыз анын баарын какшап айтып, жүрөгүбүзгө сиңирип койгон. Таята, таенебиз дагы, атамдын жолдоштору дагы атабыз тууралуу айтып беришчү. Ошондой эле апабыздан биз аны ким деп айтабыз дегенибизде жөн гана “дядя Муса” дегиле деп койгон. Буга баарыбыз көнгөндүктөн «Муса ата» дегенди кийин гана айтып калганбыз. Жоомарт атабыздын атын унутпашыбызга Муса атабыздын дагы салымы чоң. Анткени ал табиятынан айкөл, жакшыны баалай билген адам болгон. Иса Ахунбаев Күлүйпа Кондучаловага “Ушул жигитке таң калам, жаш туруп бирөөнүн жесирин үч баласы менен багып алганы кандай?” дегенде Күлүйпа эже “Алымбек, Курманжан даткалардан калган кан тукуму ушундай эле болот” деп жооп берген экен. Муса атам даткалардын чөбөрөсү болгон. Мен жогорудагы пикир эң туура деп баалайм. А менин апам эки атама тең татыктуу мырза-айым болгон. Муса атамдын ичинин кеңдигин мындан бил, кийин апам экөө атамдын жылдыгын белгилешкен экен. Ошол кечеде апам эл алдына чыгып Жоомарт атамдын ага арнаган, өзүнүн атама арнап жазган ырларын окуп берип ыйлап жиберсе жанына туруп алып Муса атам кошо ыйлаган экен. А бизди өз баласындай эле багып, жашообузга жакшы багыт берип, атыбыздан атабай эркелетип чоңойтту.

– Муса атаңыздан да бир тууганыңыз барбы?

– Ооба, Жаныбек деген иним бар. Ал он жылдан бери АКШнын Чикаго шаарында чоң университетте профессор болуп иштеп, жашап келет. Кези менен Кыргызстанга келип турат. А өзүмдүн Сырга карындашым да илимдин арты менен кеткен. Зайнидин иним болсо 2002-жылы авто кырсыктан каза тапкан. Азырынча биздин тукумда энем менен атамдын жолун жолдоп акындыкка бел байлагандар жок.

– Тенти Адышева тууралуу кеп кылууда келини Ишенгүл Болжурова тууралуу айтпай кетүүгө болбойт го?..

– Ишенгүлдү апам менен Муса атама 1978-жылы тааныштырдым. Муса атам «эки айдай күтүп тур, анан тоюңду кылып берем” деген эле. Бирок кайран киши ага жетпей эле каза болуп калды. Ошону менен Ишенгүл биздин бүлөгө аза күтүү маалында келип кошулуп калды. Жубайымдын кайын журтуна кылган эмгеги азыркы келиндерге үлгү болсо дейм. Апам менен атамдардын иши үчүн мен канча чуркаган болсом ар биринде Ишенгүл мени колдоп, мени менен тең чуркап келет. Апам мага “сенин кыялыңа Ишенгүл эле чыдайт. Кадырына жетип жүр” деп айтчу эле.

– Тенти Адышеванын акыркы чыгармасы кайсы болду?

– Энемдин эң акыркы чыгармасы “Кылы үзүлгөн комузум” деген чыгармасы болду. Бул эмгеги кол жазма түрүндө калган эле. Кийин аны сөзмө сөз карап чыгып, басып чыгарганбыз. Андан дагы апамдын акыркы ырларынын бирине токтолгум келет. Энем 1984-жылы каза тапкан, 1983-жылдары энем “мен турамын таштан. Оң жагымда колодон Жоомарт турат, сол жагымда кызыл таштан Муса турат” деген маанидеги ырын жазып кеткен экен. Бул ырдын сыры 10 жылдан кийинчечилди. Жоомарт атамдын сөөгү Фучик жактагы согуш маалында каза тапкан баатырларды койгон мүрзөгө коюлган эле. Анан атамдын жайын издегендерге белгилүү болсун деп аны “Ала-Арча” көрүстөнүнө которуу ишин жүргүзгөм. Бул маалда чындыгында Ала-Арчада бир топ орун ээленип калган эле. Анан байкасам эмнегедир апамдын жанында 10 метрдей жер бош калыптыр. Кантип анча жерди бош калтырышкандары белгисиз. Ошону менен Жоомарт атам энем ырында айткандай анын оң жагына коюлуп калды. Поэзия дегенде чындыгында бир сыйкыр бар деп билем. Сыйкырдын күчү ушул го, энемдин жазып кеткен ырынын чындыгына биз 10 жылдан кийин күбө болдук. Ушундай керемет өнөрдүн ээси болгон, билимдин туу чокусунда жүргөн инсандардын уулу болгонума сыймыктанам.

Гүлайым Калыбекова, “Леди.KG

Соц тармактар:

Добавить комментарий