Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан

Мамыр Мерген уулу — Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Эки-Суу арасы деп аталчу өрөөндүн Үч-Коргон, Избаскан чөлкөмдөрүндө жашаган сол канат кыргыздарынын мундуз уруусунун жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан инсан болгон. 1873-жылы жаз айларында 35 жаштагы бул адам Кокон ханы Кудаяр ханга каршы кыргыздардын Эки-Суу арасын, Көк-Арт өрөөнүн, Сузактан Өзгөнгө чейинки чөлкөмдөрдү туруктаган мундуз, багыш, басыз, карабагыш жана кушчу урууларын көтөргөн. Мамырдын социалдык теги тарыхый булактарда айтылбайт. (Караңыз: Мирза Алим. Ансаб-ас Салатин…115б—116а-беттер.//Шилтеме Р.Н. Набиевдин ”Из истории Кокандского ханства…” китебинин 77—78-беттери).

Мамыр 1873-76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик-боштондук кыймылынын (Жалпы жетекчиси Искак Асан уулу Полот хан (1842-1876) 4 очогунун бир очогунун башчысы катары каралып келет. Ал очоктор:

  1. Аксы очогу
  2. Эки-Суу арасы очогу
  3. Алай очогу
  4. Түштүк-батыш очогу (Баткен, Лейлек райондорунун аймактары)

Элдик кыймылдын аталган очокторунун экинчиси болгон Эки-Суу арасындагы кыймылды Мамыр Мерген уулу жетектеген (Караңыз: Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот хан. Бишкек: КТЖ, 1997; Ошол эле автор. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Бишкек: Кыргызстан, 1997; Ошол эле автор. Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү. Бишкек, 2009).

Элдик кыймылдын очокторунун өз ара байланышын оозеки фольклор да бышыктайт. Мисалы, мургабдык карыя М. Мамытовдун оозунан жазылып алынган ”Абдылдабектин арманы” аттуу дастанда: ”…Кутчу менен Мундуздан, элети көчмөн кыргыздан. Кара-Үңкүр менен Кабаадан, Арыстанбап менен Чарбактан, Массы менен Шайдандан, Жалгыз буудан четиден, Анжияндын бетиден, Абдылдабек козголуп… Баатыр Мамыр баш болуп, айтса көңүл каш болуп…” деп ырдалат. Көрүнүп тургандай, дастан, Абдылдабек көтөрүлүшкө орус тилдүү тарыхый булактарда берилгендей 1875-жылдын жайындагы Махрам салгылашуусунан кийин катышпастан, 1874-жылы эле аралашкандыгын, а түгүл Мамыр Мергенов активдүү ролго ээ болгон Эки-Суу арасы очогундагы көтөрүлүшкө байланышы болгондугун ырастап турат (Караңыз: Ала Тоо.—1990. —№ 10.—84—88-беттер).

Эки-Суу арасы деген аймак Нарын менен Кара-Дарыя аралыгындагы азыркы Анжыян облусунун Избаскен, Наманган облусунун Хакулобод райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун чөлкөмдөрү аталган. Бул жерлерде негизинен кыргыздардын, кыпчактардын кыштоолору, өзбектердин кыштактары боло турган. Белгилүү тарыхый инсан Мусулманкул миң башынын мекени Көгөй, анын уулу Абдрахман аптабачынын кыштактары Миң-Туш менен Таш-Кичик ушул чөлкөмдө жайгашкан. Так ушул аймакта 1873-жылдын жазында Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астындагы азаттык кыймылы башталган. Ал кыймыл алгач Көк-Арт өрөөнүн каптаган. Көтөрүлүшчүлөр зекетчилерди өлтүрүп, жыйналган салыктарды тартып алышкан. Жалал-Абад, Ханабад кыштактарын ээлешкен. Кыймыл тез эле ошол жылдын жайына чейин Эки-Суу арасын толук каптаган.

Мамыр жетектеген көтөрүлүш бир топ кубаттуу болгондуктан аны басууга Кудаяр хан өзү аттанган. Ал Анжыян шаарына келип, көтөрүлүшчүлөрдү талкалоого күчтүү жазалоочу отряд жиберген(Мирза Алим. Ансаб-ас Салатин…—115б—116а-беттер.//Шилтеме Р.Н. Набиевдин ”Из истории Кокандского ханства…”деген китебинин 77-бетинен алынды.). Бирок, алар качып кетишкен. ”Таснифи Гариб” аттуу тарыхый булактын маалыматы боюнча Мамырдын кыймылы Азирети Аюбдун түндүк багытында (Азыркы Жалал-Абад курортунун ысык булактары ал мезгилде Азирети Аюб мазары аталган) эрте жазда башталып, ага каршы Кудаяр хан иниси Султан Муратты замбиректери бар чоң кошуун менен жиберген. Бирок, тоолорго качып кетишкен көтөрүлүшчүлөрдү таппастан жазалоочулар кайтып келишкен (Таснифи Гариб — 315-бет.//Шилтеме Р.Н. Набиевдин ”Из истории Кокандского ханства…” китебинин 77-бети).

Июлда Мамырдын отряды Өзгөн шаарын алуу менен жаңы кыймыл баштады. Аны талкалоого эми түрктөрдөн куралган кошуундун башында Шахрихандын беги Иса Олуя менен Халназар түрк жиберилди. Алар кыймылды айоосуз басып, Өзгөндү көтөрүлүшчүлөрдөн бошотушкан (Мирза Алим. Ансаб-ас Салатин…—116а-бет.//Шилтеме Р.Н. Набиевдин ”Из истории Кокандского ханства…” китебинин 77-бети).

Токмок ойозунун башчысы Томскийдин Жети-Суу облусунун аскер губернаторуна 1873-жылдын 19-сентябрында жазган рапортунда —”…кыргыздардын толкундоолору жөнүндөгү каңшаарды текшерип келүү үчүн Кокон чегине жиберилген капитан Бессонов төмөнкүлөрдү мага билдирди: … жаз айларында башталган толкундоолор мындан эки ай мурун кушчу, мундуз, багыш, басыз, карабагыш урууларынын башында турган Мамырдын Ханабад шаарына (Азыркы Сузак району менен Кара-Суу районунун ортосундагы жайгашкан Ханабад шаары.) кол салуусу менен башталды… Мамыр жеңилип калды, кошуунунан 300 кишини жоготкондугун санап олтурат, кармашта өлгөндөрдөн башка алардын арасында эгин талаасынан кармалып кеткендер да бар. Кокон бийликтери туткундарды айылма-айыл таратып казыкка олтургузууга буйрушту. Айдоо талааларында балдарды өлтүрүшүп, боюнда бар аялдардын кардын жарышты…Кыргыздар биздин ээликтерге качышып, ар жерге, көпчүлүгү Кетмен-Төбөгө жайгашышты. Мамыр 100 жигити менен адыгинелерге өтүп кетти. Абдрахман алардын кадырлуу адамдарын жана бийлерин чакырды эле, казыкка олтурууну каалабагандыктан, макул болушпады” (Өзбекстандын борбордук мамлекеттик архиви. (Мындан ары ӨБМА.) —1-ф.—1-оп.—278-иш.—43—46-барактар),— деп билдирген.

Мындан Мамырдын колу талкаланып, көтөрүлүшчүлөр тоо таяна качып, анын ичинен 1700 түтүндөй мундуз, карабагыш, кыпчак жана башка уруулар бийлери менен кошо Тогуз-Торо, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнө кирип кетишкендиги маалым болгон. Ал мезгилде Тогуз-Торо жана Кетмен-Төбө аймактары Орусиянын курамына кыирип калган эле. Кудаяр хан качкындарды кайтарып берүү жөнүндө Токмок ойозунун башчысына кайрылуу жолдогон. Бул өтүнүч ойоз башчысы тарабынан аткарылып, козголоңчулардын бир бөлүгү кийинки жылы Анжыян вилайетине кайтарылган. (Караңыз: ЦГВИА РФ.—ВУА фонду.—6874-иш.—24-барак.).

Мамыр баштаган жүздөй жигит 1873-жылдын 1874-жылга караган кышында кийинки жылкы күрөшкө даярдануу үчүн Алай тараптагы адыгинелерге өтүп кеткен(ЦГВИА РФ.—ВУА фонду.—6868-иш.—175—76-барактар.). Кай бир маалыматтарда Мамыр андан ары Кашкарга барып, кыргыздарды Кудаярга каршы үндөгөндүгү айтылат(ӨзБМА.—715-ф.—1-оп.—61-иш.—155-барак.). Бирок, ийгилик болбогон соң Кара-Кулжага кайтууга аргасыз болгон.

Кыш мезгилинде Кара-Кулжадагы жана Алайдагы кыргыздарды көтөрүлүшкө чакырып, Мамыр Мерген уулу ишеничтүү жигиттери менен жаз айларында Тогуз-Торого өткөн. Ал Кокон хандыгына каршы күрөшүүгө аркалык туугандарын тартууга аракеттенген. Орус бийликтеринен колдоо издеп, аларга букара болууга макулдугун билгизип, кат жазып да көргөн. Бирок анын 1868-жылкы орус-кокон келишими жөнүндө кабары жок эле. Албетте, орус бийликтеринен жооп келген жок. Үмүтүн үзгөн Мамыр Фергана чөлкөмүнө кайткан.

1874-жылдын жазында элдик толкундоолор кайрадан күч алып, алоолонгон. Аксыда Искактын, Алай аймактарында Абдылдабектин, Баткен тарапта Мамырбай менен Орозаалынын кыймылдарына шыктанган Кара-Кулжа чөлкөмүндө көчүп жүргөн кыргыздар Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астында жаңы күч менен күрөшкө чыгышкан. 5-6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Анжыяндан алыс эмес Коргон-Бардан сепилин алышкан, Анжыянга чабуул коюшкан. Бирок, 2 миң сарбаздан турган кокондук жазалоочу отряд көтөрүлүштү басып, бир нече жүз туткундарды жана көп сандаган аттарды, түрдүү олжону колго түшүрүшкөн. Мамыр Мерген уулу Капка өрөөнүнө (Нарын чөлкөмү) качып кеткен, бирок Кокон ханынын өтүнүчүнө байланыштуу Токмок уездинин башчысынын буйругу менен 1874-жылы 15-июлда кармалып, ”көтөрүлүштүн чордонунан алыстатуу жана орус ээликтериндеги кыргыздарды кокон тополоңуна тартууга мүмкүнчүлүгүн жоготуу” максаты менен Лепси уездине (Казахстан) камакка салынган(ӨзБМА.—715-ф.—1-оп.—61-иш.—155-барак.). Мамыр Мерген уулу 1877-жылы гана энесинин суранычына байланыштуу Анжыян уездине тымызын көзөмөлдөнүп туруу укугу менен кайтып келген (ӨзБМА.—19-ф.—1-оп.—275-иш.—24-барак.).

Мамыр кийинчерээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө аракеттенген. Ал 1878-жылдын жазынан баштап Кудаяр хандын алысыраак тууганы Жетим хан (Кудаяр хандын алысырак тууганы) менен бирге Ош, Анжиян, Кокон уезддерин кыдырып, эми орус колониялык бийлигине каршы көтөрүлүүгө элди үндөгөн. Кашка-Терек, Сарай-Булак деген жерде кол курап, «лашкер беги» наамына жетишкен. Падыша аскерлери Жетим хандын тобун 1878-жылдын жай мезгилинде талкалаган. Ошол кармашта Мамыр падыша аскерлерине каршы баатырларча кармашып, качып кетүүгө үлгүргөн, бирок 8-сентябрда Болот, Наркул деген жигиттери менен колго түшүп, 1878-жылдын 22-декабрдагы аскер сотунун өкүмү менен 15 жылга сүргүнгө кесилген. Бирок болуш башчысы М. Атанаевди жарадар кылган деген айып тагылган жана аскер губернатору А.К. Абрамовдун буйругу менен өкүм кайра бузулуп, аны эми эл алдында дарга асып өлтүрүүгө 18-январда өкүм чыккан. 1879-жылдын 25-январында базар күнү Анжиян шаарында өкүм аткарылып, дарга асылган.

1878-79-жылдары Мамырдын Орусияга каршы азаттык кыймылга катышышы жакында эле теги, аты кыргыз коомчулугуна дайын болгон Молдо Калбек Муса уулунун “көк дептердеги” ырларында да айтылат. Бул жазгыч акын “1878-жылы Жетим хандын козголоңу” деп аталган кыймылда Мамыр Мерген уулу менен бирге Базаркоргон аймагында Орусия ээлигине каршы боштондук күрөшүнө аралашкандыгы үчүн 10 жылга Сибирге сүргүнгө айдалып, жаза мөөнөтүн толук өтөп, өз мекенине кайтып келген экен (Караңыз: К.Молдокасымов. Молдо Калбек Муса уулу анжыяндык)

Бул окуя тууралуу Молдо Калбек мындай деп жазыптыр: «Абакта, шордуу, солдат колунда, Туткунмун Орусия каапыр элинде. Бул ташпиш өткөн, Жылан жылдын кышында, Сана — миң эки жүз токсон бешинде. …Сүргүнгө айдашты жалаа менен. Шылтоосу – «Мамурга кошулду» деген. Кайгы менен өткөрдүм тиричилик, Карап көр ал жазылган көк дептерден»- деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган (Молдокасымов К.Азаттыктан айтылган акындын урпактары табылды)

(Мамыр Мерген уулунун 1878-79-жылдардагы азаттык күрөшү жөнүндө кененирээк материалдарды белгилүү журналист С.Абдрахмановдун Улуттук баатыр унутулабы? Аттуу Кыргыз Туусу гезитинин 31.03.2009 санынан, тарыхчы Э.Авазовдун “Мамыр Мерген уулу — боштондук күрөштүн баатыры” аттуу макаласы)

Т.Кененсариев, т.и.д., профессор, “Мурас”, 05.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий