Үч акын. Үч керемет ыр

gesse

 

 

 

 

 

Герман Гессе

ТУУГАНЫМ ӨЛҮМ

Унутпайм аны эч качан,
Бир күнү келесиң,
Бошотуп кайгы-азаптан,
Жашоомду кесесиң.

Кайдыгер азыр жашоомо
Жүрөсүң алыста,
Бейкапар төккөн ак шоола
Чоочун бир жылдыздай.

Аз калса бирок убактым,
Ач болсоң жалындай —
Даярмын, келгин тууганым,
Ал мени буйдалбай.
31.7.1918

 

Автору белгисиз (азырынча)

ӨКСҮК

Канат кагып уча албадым кезинде.
Кайрат айтып деген менен өзүмө,
Качанкы бир калпыс кадам, ойлорум.
Кайрып бербейт жаштыгымды, демимди.

Кандай сонун кыял-тилек бар.
Каалгый учуп ай-ааламды сермеген,
Мен ал кезде кыял менен жашаган,
Мен ал кезде бир башкача жан элем.

Кайран гана кангып калган жылдарым,
Кайран гана карып болгон күндөрү.
Кайран гана санаа баскан жан-дүйнөм
Кайып болуп кыялдарым жоголгон.

Мээрими жок таш боор эне сыяктуу,
Мен силерди аң-сезимдүү өлтүргөм.
Мен силерди аяп жүрүп өтөөрмүн,
Мен силерден сурап турам кечирим.

Балким дагы далай ашуу ашаармын.
Балким дагы бийиктерге жетээрмин.
Бирок, аттиң сая кеткен күндөргө,
Билип турам өксүп жүрүп өтөмүн.

Эмне дейбиз эстүүсүнөт дебегин.
Эсиң болсо кыялдарың кеспегин.
Кыйчалышта турса дагы тагдырың.
Кыялдарын жолго таштап кетпегин.

Кыялдарым көр тиргилик сапырып,
Ырларымды куюн кетти учуруп.
Сүрөттөрүм тартылбаган тытылып,
Өзүм турам өксүп эми окүнүп.
Өзүм калдым өксүп ыйлап чөгөлөп…

 

Сүрөттүн автору Б.Карагулова

Алик Акималиев

* * *

Кимге керек аңкоо, мажес ырларым?
Кимге керек беймаал кыйкырыктарым?
Уу саясат, уу-дуу тирлик, ушак кеп,
Жалаң заар тил болду менин укканым:

Кимге жеке таарынычы керт баштын,
Ызааларым, кыжыр, куса, көз жаш, муң.
Кыргызмын деп жерде дурус жашабай,
Жылдыз болуп асманга учуп чыкпадым.

Кыжаалат чак. Көз ирмебейм не түндө,
Кыжы-кужу… күйөм көйгөй өртүндө.
Бүт Мекенди бекер сүйөм дептирмин,
Бүдүрдөй да керегим жок эч кимге.

Эч ким күтпөйт. Эч ким мени сагынбайт.
Ич сыйрылат. Ичим дүр-дүр жалындайт.
Өлүк деген толо моргдо Хагенске,
Саган Алик көк мээ гений табылбайт.

Өлдү менин Гейне сындуу максатым,
Өлдү менде — Есениндей мыкты акын.
Кырандардан келе жаткам кыйкырып,
Кырдан учуп өлүп кала жаздадым…

Таңуу кылбайм тагдыр, мейли, жашты төк,
Тазалайм деп ыпыр-сыпыр тутант өрт.
Поэзиям, сен алданган жан-дүйнөм,
Апендидей, жаш баладай ишенчээк.

Ченеми жок илхам ирмем, минутаң,
Чебердиктен атаар шыктуу улуу таң.
Кетиргенге кек, өч ыплас ойлорду,
Керек, балким, баёо кирсиз Лирикам!?

Соц тармактар:

Добавить комментарий