Талип Ибраимов: Биз орус тилине таянмайын кыргыз тили өнүкпөйт (2- бөлүк)

talip_ibragim

1-бөлүктү бул жерден окуй аласыздар

– Сизди кыргыз коомчулугунан мурда Орусиянын адабий коомчулугу 2006-жылкы адабий конкурста биринчиликти жеңип алганыңыздан улам жакшы тааныды эле, дегеле ошол ийгиликке кандай кокустук менен жеткениңизди айтып берсеңиз…

– Биртоп жыл киностудияда редактор болуп иштедим, айрым сценарийлерим боюнча тасмалар тартылды. Шооратым угулуп, тагдырыма ыраазы элем. Бир күнү мага сценарийин көтөрүп алып атагы дүңгүрөгөн бир режиссер келиптир, жазгандарын сындап кирсем, дайыма мактоо угуп көнүп алган неме корсоюп: «Сиз ким элеңиз? Деги өзүңүздүн колуңуздан эмне келет?» дебеспи. Ошондо ойлоно түштүм: чын эле колуман эмне келет? Режиссерлор, дегеле чыгармачыл адамдар жакшылыкты билбейт эмеспи: аларың иштери бүткөндөн кийин редактордун эмгегин сокур тыйынга баалабайт. А сценарийлерчи? Кайсы бир сценаристтин атын атагылачы? Тасмада биринчи режиссер, актерлор эле таанылат. Ошондо оор үшкүрдүм да, проза жазганга отурдум. Мени бир жыл бою каржылаган Александр Яковлевич Коротенконун жардамы менен бир нече повесть жаздым. Ошондуктан алган сыйлыгым ушу адамдын эмгеги. Кудай ага денсоолук берсин!

«Кошокчу» аттуу биринчи повестимди «Литературный Кыргызстан» журналынын редактор орунбасары Светлана Суслова жерге-сууга тийгизбей мактады. Светлана Суслова менен Александр Ивановдун мамилеси мени жазуучу катары абдан шыктандырды. Светлананын кеңеши менен повестимди Москвага «Русская премия» адабий сынагына жөнөттүм. Башында көнбөй аткам: «Мендей жиндилерге бышырып коюппу?» деп, бирок акыры Светлана мени көндүрүп, мендей жазган жазуучулар чанда кезигерин кулагыма куюп атып, ынандырды. Бирок чынын айтсам, өзүмдү жазуучу сезбейм, чыныгы жазуучу катары иштей элекмин. Убактым болгондо гана жазам. Проза үстүндө системалуу иштөөгө убактым жок, болбойт да окшойт. Жок дегенде үйбүлөм бейкапар жарым жыл жашай ала тургандай акча таап койсом болот эле. Акыркы 5 жылдан бери такыр эч нерсе жаза элекмин. Убакыт жок. Көр турмуштун айынан эки-үч жерде иштөөгө туура келүүдө. Үйбүлө же жазуучунун даңкын танда дешсе, мен үйбүлөмдү тандамакмын барыбир.

– Кийин казактар да өз каражаттарына «Чал жана периште» китебиңизди чыгарып, гонорарга карк кылышса керек эле, алар сизге кандай болуп кол сунуп калышты?

– Казактарга ыраазымын. Дайыма ажаатымды ачышат. 80-жылдары мени бул жактагылар куугунтукка алганда, ушулар сценарийлеримди сатып алып, акчадан өксүткөн жок. Москвада сыйлык алып атканымда да залды карасам, монгол көздөнгөн адамдар отурганын көрүп, жердештерим мени колдогону келген экен десем, жок, көрсө, алар Москвада окуп, иштеген казак туугандар экен. Колдоруна бирден китебимди карматтым. Алардын бирөө Евразия боюнча экономикалык изилдөө борборунун директору Айтолкын Курманова менен жолукса керек, ал кыз мага телефон чалып, китебимди чыгарып берем деп, гонорарын да төлөп берди. Казактар кыргыздардын ийгилигине жетиналбай, дайыма колдоп турушат. Айкөл эл да, ата-а!

Сыйлык тапшыруу аземи өтүп аткан имараттын жанында Орусиядагы биздин элчилик жайгашкан, бирок салтанатка дипмиссиядан бир да адам басып келген жок. «Русская премия» сыйлыгын Кыргызстандан мен анан Турусбек Мадылбай алдык. Кыргыз адабиятында ушундай сыйлыкты дагы ким алды эле? «Бир кыргыздын ийгилиги экинчисине кайгы алып келет» деген ылакап сөз чын экен. Ошол эле аземде Армения өкүлү үчүнчү орунду алды. Аны колдоп 20-30 адам келиптир, жердеши сыйлык алганына алар баладай кубанып, сахнаны гүлгө толтурду. Элиң ушинтип колдоп атса, жаңы ийгиликтерге белсенгиң келет экен. Армяндар кыйын эл, эй!

Турусбек экөөбүздү Кыргызстанда да эч ким капарына алган жок. Кудайга шүгүр, менин өз үй, өлөң төшөгүм бар. А тиги байкуш Турусбек 30га жакын тил билген полиглот, таланттуу жазуучу, төрт баласы менен батирден батирге көчүп жүрөт. Ушуга өкмөт жардам берип койсочу бир, ал өлкөсүнө канча пайда тийгизди!

– Учурда деле чыгармачылык менен узанып атасызбы? Эмненин үстүндө кажынып жүрөсүз?

– Азыр эч нерсе жазалекмин. Эки роман баштап койгом, аларды бүтүрөмбү, жокпу, убакыт көрсөтөт. Азырынча үйбүлөмдү багуу менен алекмин.

– 72ге келдиңиз окшойт, карылыктын жүгү кандай болот экен, сезиле элекпи?

– Өзүмдү картаң сезбейм. Жаш кезимдегидей эле демдүүмүн, адилеттүүлүк, жакшылыкка ишенем. Кээде эле денсоолук солгундай түшкөндө: «Атаңдын гөрү, карылык эмне экенин көрбөй эле өтүп кетпес бекемин?» деп күрсүнүп коём.

– Жакында Парижде болуп, «Периште»  повестиңиз француз тилинде жарыяланыптыр, төбөңүз көккө жетти го дейм…

– Э койчу ошону. Мен анчалык атак көзүмөн учкан акмак эмесмин. Мүмкүн жаш кезим болсо, көөдөн керип калат белем, ушул жашка келген адам деле ийгиликке өрөпкүбөйт калат окшойт. Ооба, француздар «Периште» повестимди жука китепче кылып чыгарыптыр. Француздардын жогорку маданиятына таң бердим. Булар орус адабиятын эмне кылат деген суроо жаралат. Жолугушуулар өткөн зал элге жык толуп, айрымдары ичине кире алган жок. Алар ар түрдүү суроолорун беришти, демек, алар биздин адабиятка деле абдан кызыгат экен дедим.

Актан Арым Кубаттын «Свет Аке» тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин (сценарийи Талип Ибраимовдуку) баары таңданды. Анан кол чабуулар дүркүрөп, пикир бөлүшүүгө кириштик. Француздар режиссердун метафора менен символдорун түшүнүп кабыл алышты. Мисалы, Эсендин ашы болуп аткан сценаны эстесеңер, баары клубга кирип, эшикти кулпулап салышат, ушул жерин француздар минтип түшүнүптүр: кыргыздар өзүнүн патриархалдык дүйнө-мүлктүү жашоосу менен бүт дүйнөдөн бекинип, кандай гана укмуш салт-санаасы болбосун, деградацияга учуроодо деп. Адамдар бири бирине чай куюлган чыныларын кандай сыйлоо менен сунат, бул тасма кандай гана сүйүү менен тартылган! Аларга кулак төшөп отуруп, өзүбүздүн билермандар дасторкондун жупунулугу, анда жалгыз турган койдун башын айтып, сындаганы эсиме түштү. Же жылаңач аял тартылган эпизодду алалы. Аны көргөндөр режиссерду жемеге алышты го, чиркин! А бул болгону режиссердун метафорасы, кыргыздар өз тарыхын соодага айлантканын айткысы келгени. Тилекке каршы, жөнөкөй көрүүчүлөр гана эмес, мындайча айтканда, интеллигенция эстетикалык жактан чала сабат болуп атпайбы…

Бир эпизод эч качан эсимен кетпейт. Кайсы бир жолугушуудан кийин жаныма бир татынакай орус кыз басып келип, кыргызча: «Саламатсызбы, агай. Мен Кыргызстандан болом, Караколдонмун» дебеспи. Аты Регина экен (кашайып, фамилиясын унутуп атпаймбы, карайлап). Мүмкүн ушул интервьюну окуса, мени табаар. Анын чоң энеси Каракол университетинин профессору экен. Өзү Борбор Азиядагы Америка университетин бүтүрүп, Германиядан магистратурада окуп, французга турмушка чыгып, азыр Парижде иштеп атыптыр. Экөөбүз бир кыйла кобурашкандан кийин ал мага: «Сизди кучактап алсам болобу?» деп калды, «ии…» дедим, жок дейт белем. Мени кучагына кысып: «Мекенимди кучактап атам» дейт бечара. Ошол окуяны эстеген сайын, алкымда демим кысыла түшөт… Биздин патриоттор элди жергиликтүү жана жергиликтүү эмес деп бөлөт, ой макоолор десе! Көрдүңбү, орус же өзбек, татар болобузбу, Кыргызстан баарыбыздын Мекенибиз!

Азыр мага Франциядан котормочулар жазып, бирге иштөөнү сунуш кылууда. Сыягы алар мени көп китеп жазган адам деп ойлойт окшойт. А менин болгону 4 китебим бар, бирөөнү «Мени кечиргиле» деп атап, Тилек Мураталиевдин жардамы менен басып чыктым. Тиричилик менен алектенип жүрүп көптөн бери жазбай калгам.

– Сиз персоналдык пенсионер болсоңуз керек эле, демек, маяна алып иштегендерге караганда бардар жашоого жеткидей пенсия алсаңыз керек?..

– Ой, мен жөнөкөй эле пенсионермин.

– Сиз маданиятка эмгек сиңирген ишмерсиз го?

– Ал Совет мезгилинде болчу. Азыр персоналдык пенсия алуу үчүн эмгек сиңирген ишмер наамына ардак грамотасын кошуп берүү керек, а менин грамотам жок.

– Эгемендик жылдарынан бери далай кинематографистер медаль, орден, наам менен сыйланды. Мен билгенден, акыркы жылдары сиздин муундагы кинематографистерден сиздей өндүрүмдүү иштеген жан болбосо керек. Курч макалаларды жазып, китептериңиз чыгып, фильмдер тартылып атат. Публицистикаларыңыз качан болсо резонанс жаратып дегендей. Сиздин сценарийден улам тартылган фильмдер ЭКФларда лауреат наамын апкелип, повесттериңиз «Русская премия» (2006-ж.) сыйлыгына татыды, жакында Парижде китебиңиз чыгып, оомат келип турат. Бул эми кинематография жаатында Темира Бирназаров, Актан Арым Кубат жана башкаларга жол көрсөтүп келгениңизди айтпаганда. Ошондон улам ой келет: капкайдагылар сый-ургаалга жетип, сиз эмнеге дайым эле босогодо каласыз?

– Мен башкалардын ийгиликтерин талкуулагым келбейт. Сен бу жерде менин таасиримди ашырып да ийдиң. Ар бир талант өзү өсөт, чөп сыяктуу керектүү жемин өзү таап жейт. Менин бул жерде тийешем жок.

Өкмөт наамдары менен сыйлыктары сатылып же тууганчылыкка баш ийерине көзүм толук жетип калды. Антпесе муну кантип түшүнсө болот? Биринчи жолу 20 жылдан бери кинодо иштебей жүргөн адам менен эмгек сиңирген наамын алууга талапкер болгом, ага наам беришип, мени чычаңга тээп коюшту. Экинчи жолу 30 жылдан бери кинодо иштебей жүргөн неме менен чыктым, анда да ошол неме алып, мени кайта да тээп чыгышты. Мен таарынып, документтеримди экинчи тапшыргыс болдум. Чынын айтсам, ушу сыйлыктарын урганым жок. Өзүмдү өзү багам, Ала-Арча көрүстөнүнө сөөгүм коюлбай эле койсун, жер өрттөнүп кетмек беле андан. Кеп башкада: өкмөт даңкеселерди, макоолорду сыйлап, баалуулуктарды тебелеп, беделин түшүрүп, коомдун адеп-ахлагына зыян келтирип атат ошонусу менен. Профессор Эмил Шүкүров, оорукчан, улгайып калган адам жөнөкөй пенсия алып, ал эми ондогон, жүздөгөн келесоолор персоналдуу пенсия алып атканын кандай түшүнсө болот? Мен бул жөнүндө артык сөз кылгым келбейт. Болду, сөздү токтотолу. Жакшы калгыла!

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 05.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий