Токтосун Асанбек уулу. «Каныкей эне жана Найман эне»

Токтосун Асанбек уулу Кытайдын Иле-Казак автоном облусунда жашайт, белгилүү Манастаануучу.

Кытайлык кыргыздар колдонгон араб графикасынан кирилл графиксына оодарылганда макаладагы сөздөрдүн жазылышында айрым туура эместиктер болуп алышы мүмкүн. Бирок кытайлык кыргыздардын орфографиясын жакшы билбегендигимен оңдоолорду кылганым жок. Кытайлык кыргыздардын тилин, жазуу эрежелерин жакшы билген бирөө бул макаланы тууралаганга жардам беришсе ыраазы болот элек.

kanykey

Баарыга белгылүү болгондой «Манас»та «Каникейдин Тайторуну төлгөгө чапканы»на байланыштуу алда качан кайып болуп кеткен уулу Семетейден качандан-качанка эч күдөр үзбөй, түңүлбөй бырок мунусун эч кымге тынбай жүрүп акыры тапканы бул – эненин нагыз түгөнгүс мээр кудиретин жогорку бийыктыктен чагылдырып берген өзгөчө нуска. Мында, эненин мээр кудиретин таанытуу болобу же өлгөнүнө көзү толук жетпеген адамды (елибиз өлгөнүнө көзү жетпеген адамды кайып болуп кеткен жана тирөлүк деп эки башка карайт эмеспи) болобу кайта тирилтүү, оболку калыбына келтирүү бул жоктон бар кубулуш, болбосо, жаратуучунун колундагы иш деп билген. Мына ошол иш адам уулунун ичинде бир келсе тек эненин гана колунан келээрин көрүп, байрыкы «Манас»ты жараткан жаратуучу башка эмес, эне кудиретине ыйгарылганы өзгөчө улуулук жана чыныгы байырыкылык эле. Ооба эне чын эле жаратуучу экен, ал өз баласын жараткандын сыртында, адам уулунун адамдык сапатын жоготкон кезде же ал өлгөндө Теңир башка эмес энеге гана өлгөндү тирилтүү жана адамды адамдык сапатка кайтарып алып келүү кудиретин берген экен. Ал эненин ак сүтү болсо анын дил дүйнөсүнүн кудирети катары Теңирдин ордундагы анын ак кызматын аткаруучу касйтетүү себеп экен.

В.В.Радылов жазып алган «Манас»та Көзкамандардин кастыгынан өлгөн Манастын күмбөзүнө сыйынууга барышса күмбөздүн ордунда аябай жасалгаланган ак боз үй тыгылып калыптыр. Аккула алтын акырдан кышмыш жеп, ак шумкар туурда, ак тайган – Кумайык каргыда турат. Манас болсо белден төшөк салдырып, ай десе, ай эмес, күн десе, күн эмес сулуу кыз анын башын жөлөп, отурганын көрүшүп ага аябай аң-таң калышат. Өлүү же тирүү эмес Манаска энеси эмчек сүтүн берип, аны тирилтет. Мына ушинтип, бул жорук, Каникей энеге, түбүн кууганда ары жактан уланат, ошондон жүрүп отуруп дүйнө адабият сахынасында кыйын Айтматовко уланган кыргыздын жаратылыш жана адам таанымындагы салттык жөрөлгөгө айланып отурган бул мотип адабияттин да ааламдык аркагына айланып калышы, билген кышиге «Манас» барда таң калыштуу иш эмес…

«Манас» менен Айтматов дүйнөсүнүн бул жүйөдөгү ажайып керемет уланган улуттук нугу ушул жерден да башталат.

Улуу жомокто Манас да, Семетей да, өлүп тирилет, тирилгенден кыйын алар ата-энесин дароо тааный албайт. Ошондо эне жана эненин сүтү алардын өзүнө келишине бирден-бир себеп болот. Ал аташкан жар менен достуктун кудирети бул жүйөнү толуктаган маанилүү тепкыч катары кызмат кылат.

Айтматовтун «Кылым карытаар бир күн»үндөгү Найман эненин алда качан дайынсыз кеткен уулун бүткүл эл журт эсинен чыгарып, унутуп кеткенде да эне жүрөгү аны эч качан жамандыкка кыйбаган мүнөздө берилип, жогорку аталган өрнөк менен бирдыктүү жөрөлгө түзөт. Бул – жөрөлгөлүү адабиятибиз менен жазма адабиятибиздин ушундайча чокусуна көз жалтанып араң жетүүчү бийыктеги өрнөктөрдү таанууда биз бир кыйла ойлорго кабылаарыбыз чын.

Мында башкысы, Каникей да, Найман эне да дайынсыз кеткен куу баланын тирүү экенинен башкалар эчак түңүлсө да эне түңүлбөй, убакыт баарын унуттурса да эне үчүн бала эч качан жамандыкка жорулбай койгону, күндөрдүн өтүшү менен көкөйүндөгү ошол катылуу түйүн эрип, жоюлмак түгүл кайта көңүл тереңиндеги бекем катылган берчке айланып, ал акыр жүрө-жүрө «ырбап» отуруп, эч бир күчкө ээ-жаа бербей, акыры өз керемети менен ааламды кайыл кылып атпайбы. Мындайдагы тереңдыктин белгыси: алар дайынсыз чуу чыгарып, жер-ааламга даң салып, эл-журтту дүрбөтпөй, байыркы энелердин айрыкча сабырдуу салабаты менен бир сырдуу тереңдыгы, нагыз көчмөндөргө таандуу чыдамкай базмырттыгын жете тааныткан көрүнүштүн нускасын дап-даана көз көрүп, көкүрөк сезет.

Ушул жерде бир сыр кылымдардан беркы угармандар менен бүгүнкү окурман баамында «Эне менен баланын жаны бир, тирүүлүгүндө аларды эч кым ажырата албайт, себеби баласыынын жаны эненин жанынан бөлүнүп чыккан, бырок бир жолото бөлүнүп кетпей турган бир жашыруун рухуй бүтүндүк барын, ошого эне жүрөгүндө баласынын аман же жаманын билет» деген тымызын байыркы элдык туюмду сүрүп келишкени бекер жеринен эместир демекпиз. А түгүл энелердин алыста жүргөн баласынын бир кыйын күндөргө туш болсо жүрөгү сезээрин, же бир жамандыктын болоорун алдын ала сезээри, анда эненин жүрөгү туйлап же өзүнөн-өзү аткалактап, же эмчеги зыркырап белгы берээри да кылымдардан бери карай айтыла келгени бекер жеринен эмес болсо керек…

Мындай белгылер «Манас»тын баардык катмарынан табылары анык. Мисали, Чийирдинин алда качан кургап калган эмчеги Аккула эшыгыне келгенде бир ийийт, Алманбет келгенде бир ийийт, ал Каникейдин болсо Күлчоро менен Канчорону эмизгенде бир эмчегинен сүт, бир эмчегинен кан чыгып, анан ошол бойдон кургап калган тура, ошондон Сейтектин үнүн биринчи укканда бир ийийт, анан Семетей табылганда акыры кайта ийип жатканы… Мына ушунун баары бекерби?

Ал эми, «Каникейдин Тайторуну төлгөгө чапканы»да мына ушул маниден улам келип чыккан да.

Семетей өлтүрүлгөндөн кыйын өлүгүн таппай калгандыгын ойлоп, «Семетей батадан бүткөн бала эле, аны кайыптар алып кетти бекен, деген үзүлбөс үмүттө болушат. Бакай карыя ак шумкардын жагоосун мойнуна салдырып, шумкардын кайсы тоонун бооруна учуп барып конушун байкайт. Бакайдын кебин уккансып ак шумкар шаңшып, Семетейдин ордосун үч айланып, канатын ирмеп жаркылдап, кайыпчынын кара үңкүрүн көздөй жөнөйт, билгычтер Семетей кайыпчыда экен, деп баамдашат. 12 жыл күткүн, деп куу инген, куу тайгандар агытып жиберилет». Ж. Мамай айткан («Манас» эпосунун окуяларынан кыскача баян» 264-бет)

Ошол, ошол бойдон ай-жылдар аркырап өтө берет, арадан көп иштер өтөт, акыры Сейтек да элин таап, таласта улуу журт эс жыйып, арыстандан калган уул Таласка кан болуп, ал Гүлнарага үйлөнүп, ар жерден келген эл-журт ушул күндү куттукташып, соогага келген мал-пулун өткөрүп алып, жакшылар ордого кырып калышты дейт…

Анда Каникей эне болсо:

«Үйдөн чыгып Каникей,
Дааратка кетип баратып,
Көзү түштү тору атка,
Кадаада турган жарашып,
Жанынан басып баратып,
Көзүнө жакшы көрүнүп,
Жанына басып барганы,
Маңдайынан сылады,
Түгөнгөн жалдын учунда,
Кош кулактын тушунда,
Күлүктүктүн белгыси,
Жоон чийдей калыптыр,
Кыямын таап байласа,
Байге алышы аныктыр,
Оозун ачып караса,
Сыйы токсон карыптыр,
Каникей антып турганда,
Күлчоро басып барыптыр,
– Ак байбиче энеке,
Тай торуга таңданып,
Туруп кеттиң неге эле,
Кошойдун минген малы экен,
Жалгызек алып келди эле.
Бетбак тоода карманып,
Алган зайбы Кардыгач,
Бай Жакыптын кызы эле,
Төрөбөй жүрүп Кардыгач,
Алтымыш бирде төрөгөн,
Атын койгон көбөгөн.

Мына ошол баласы он сегизге толгонун, аган төркүндөн кышы келет деп той бермек экенин айтат. Анда Каникей эне:

Андай болсо гүлүсүм,
Абаң минген мал экен,
Кулагынын түбүндө,
Күлүктүк белгы бар экен,
Семетей абаң башында,
Батадан бүткөн бала эле,
Бей ажал өлбөйт деди эле,
Жыгылганын көргөн бар,
Өлүгүн таап көр казып,
Көмгөнү жок эч кандай,
Тору атты байлап багалы,
Кайнежемдин тоюна,
Калбай барып чабалы,
Төлгөгө чапсак Тайтору,
Абаң келип калабы?»[1]

Бырок бул жолку Тайторунун байгеден чыгышы да оңой менен колго келбегенин, ал Каникейге да оңой түшпөгөнүн, анын Теңирге зары абдан жеткенде барып тилек тийгенин эл жакшы билсе керек.

Мына ушунун баары башкысы энеге, эненин эл үмүтү менен айкалышкан ак үмтү, бала менен жанбиргелиги, ошо менен бир учурда жаратылыштын кандайдыр бир сырдуу улуу чындыгы аркылуу эненин Теңирге уланып бүткөн улуулугу да ушундан бир билинет.

Анын сыңарындай, Айтматовтун чыгармачылык баамындагы Найман эненин баласы жөнүндө сарсанаа түйшүгү менен түгөнгүс да, үзүлгүс үмүтү дал ушул мүнөздө байыркы көчмөн дээр менен дил кудиретин даана көрсөткөн экен. «ар кандай жоготуу бара-бара баасынан тайып, кайгы бара-бара өчө берет, ошондой болуп, тууган-туушкан акырындап анын уулун унута берди. Бырок эненин кайгысы бөксөрбөдү. Эне гана унута албады, түңүлө албады. Ой-санаасы баягы тегеректе чарык имерилип жүрө берди, атына эмне болду, ээр-токуму да табылбайбы. Жа дегенде курал жарагынын бирдемеси табылса да уулу тууралуу бир бардеш ураар эле. Үрккөн ат чарчап бүткөн бир жерде жуңжаңдар кармап алышы да мүмкүн эмеспи… Үзөңгүдө сүйрөлүп жүргөн уулун эмне кылышты: көмүп салыштыбы, же ыт-кушка жем кылып таштап кете бериштиби? Эгер ошого чейин уулунун чымындай жаны чыга элек болсочу? Кыйноосун узартпай өлтүрүп салыштыбы, же кыйналып жатып өлсүн деп ай талаага таштап кетиштиби? … Кокус?

Күдүктөнгөн санаанын чеги жок».[2] мына бул эки улуу чыгармадагы энелердин жалпылык бир көрүнүштө чагылдырылышы. Мына бул сүрөттөөлөрдөн байырыкыдан тарта уланып келген улуттук мүнөздөгү жөрөлгөлүү көрүнүштөр менен атпай адамзаттык жалпылык улуу касийеттердин өзгөчө ыйыктгын, өз ара айкалыша үндөшкөн көркөм жарашыгын көрөбүз.

Уулунун аман келишин байгеден чыкса Тайтору аттан төлгө кылмак болгон эненин көзүнө уйку кырсынбы?

«Каникей энең ошондо,
Семетей барып көрүнүп,
Элестеген көзүнө,
Ысмайылдын сөздөрү,
Чыкпай турат эсинде.
Адамдан артык энекең,
Түн ортосу мезгылде,
Эркекче кыйып кыйымды,
Чачын түйүп шилиге,
Башына туулга көмөрдү,
Сүт боз деген бир атты,
Минип алып жөнөдү..
Таң зыркаары жүргөндө,
Таш мойноко барды эле,
Сүт боздон түшүп Каникей,
Нары басып буралып,
Бери басып суналып,
Таңды күтүп калды эле»[3] – бул болсо, Каникейдин Тайторуну чаап ийип, санаасы санга бөлүнүп, уктай албай Семетейдин жакшы жышаанын гана көзү менен көрүүгө ак эткенден так этип, бир жагы баланын дарты болсо, бир жагы намыс үчүн жанын коёорго жер таппай тызылдаган эненин жан-далбасы эле, Найман эне алда качан дайынсыз кеткен уулунан кыпындай болсо да жолоочудан каңшаар кеп угуп, жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түшкөндөгүсү мындай сүрөттөлүптүр:

«Таң кулан өөк болгондо, жолго белен Найман-эне тамандырык аттап үйдөн чыкты. Чыкты да, кайра босогого сүйөнүп, уйкуда жаткан айылды карап, ойлонуп саамга туруп калды. Азыр ушул айылды таштап жол тартат. Баштагы сымбатын сактап калган, сулуулугу өчпөгөн Найман-эне белин курчанып, алыс сапар жолго даяр. Аягында өкчөлүү өтүк, чалбар шым, көйнөк үстүнөн кыйген чолок жең кемсел, ийининде чепкен. Башын ак жоолук менен бек бууп алган. Уулун тирүү көрөмбү деген үмүттө баратканы»[4] жазылган.

Бул жерде эки энеге тең эң эле кыйын болгону эмне эле?

«Ошентип Найман эненин дүйнөсү эңшерилип, муңдуу күндөрү башталды. Согуш деген согуш, эр-азамат шейит болоорун эне түшүнүп эле турат, бырок, уулу эрме чөлдө жалгыз жарадар, же сөөгү көмүлбөй калганына жаны кашаят. Ачуу кайгы сары санаага чөгөт, арманын айтып бугун чыгарып алар кышы жок. Бир кудайдан башка кымге айтмак эле арманын…

Уулунун өлгөнүн өз көзү менен көрүп ишенмейинче, биротоло түңүлмөйүнчө сары санаадан кутулуп, жаны жай табаар эмес. Андан соң тагдыр ушул экен деп отуруп бермек, баарынан да уулунун аты дайынсыз кеткени тынчытпайт»[5]

Эки чыгарманын мейли кайсынысында болбосун байырыкы энелердин кайсардыгын, байырыкы элдык тарыхый турмушту, муң-зарды, балага болгон түңүлбөс эненин мээрине бүткөн улуу кудирети көрсөтүлүп эле калбай, жоокердык тарыхыбыздагы энелердин кези келгенде эрлерден да ашып түшкөн, кандуу согуштарда чачтарын төбөсүнө түйүп эркекче кыйынып, жоого беттешүүдөн да кайтпаган кереметтерин ачык элестете беребиз. Мындайча айтканда, эненин гана чын дилинде баласынын жаны бирге жашаары, ал чын тилесе баласын табаары, аган жан бере алаары, ак акыйкат, ак чындык жана оболку жаратылыш тек эненин гана табиятинда жашаары чагылдырылып жатат.

Кайыпчынын тоосунан Семетейди алгач көргөн Карадөө далдакдап чуркап алдынан тосуп туруп: «абакебиз Семетей, азап чектиң ченебей, энекеңиз Каникей, алганыңыз Айчүрөк какшап ыйлап ал жүрөт. Күлчоро иниң кар болду, кең дүйнөңүз тар болду»[6]–десе Семетей үн чыгарбай жүрө бергенде тоо жарылат да, алар тоого кырып жок болот.

«Семетейдин чыкыйга балта тийип, өпкөгө найза кырып, кош өпкөсү тешилген, мээнин кабы жарылган, каны жүрбөй уюган, сүйлөбөй тили буулган эле, Көкмончок канча түрдүү даарыны аябастан иштетип, ириңден арылтып, чириген тамырын жетилдирген. Ушундай түрдүү себептен тили кечир булдурап, так келе албай чулдурап, кулагын чер басып, шар уга албай датташып, канча жыл жатып, күн көрбөй көзүн кал басып калат»[7]

«Эр Карадөө далдактап,
Чылбырдан кармап тыртактап,
Жайын айтып кан какшап,
Карадөө ыйлап турганда,
Күңгүрөнүп сүйлөдү,
Кээсин укту Кара дөө,
Кээсин угуп билбеди,
Кээсин угат кулагым,
Кээде укпай каламын,
Кээде тилим күрмөлөт,
Кээде тилим күрмөлбөйт,
Кээде көзүм жарк этет,
Кээде көзүм күүгүмдөйт
Көзүмө ачык көрүнбөй,
Жердин бети күдүңдөйт.
Менин атым Семетей,
Күлчоро десең угулат,
Андан башка кептериң,
Мага турат чурулдап»[8] – бул жерде Карадөөгө жолуккан Семетейдин – Каникей эненин уулунун абалы ушул болсо, ал эми, кербенчилер кезыккен Найман эненин уулу Жоламандын кейпи кандай?

«Маңгурт кербенчини телмире тыктеп, көпкө унчукпай туруп анан күңк этти дейт:

Мен күндө айды тыктей берем, ал мени тыктей берет, бырок, бирибиздин үнүбүздү бирибиз укпайбыз… Ал жерде бирөө отурат…»[9]

Андан калса ал өзүн, ата тегин, а түгүл энесин унуткан……

Семетей андан өзгөчөлөнүп аз да болсо мурункуларын эстей алат, ал маңгурт болсо такыр эстей албайт…

Анан Семетей Каникейдин эмчек сүтү менен кулагы, бакайдын кыл мурту менен көзү ачылат, жары айчүрөк менен баласы Сейтекти бооруна бекем басып алардын ысыгы өткөндө жүрөгүнө акырын жан кырет…

Ал маңгурт болсо, Семетейдей дене жагынан эле эмес, эң жаманы акыл-эс жагынан шыпкалган… Ошого ага эч кандай даба да, эм да конбойт, эң чоң айырма мына ушунда…

Көкчөкөздөр:

«Арагына бал куюп,
Уу кошуп чайкаңар,
Бу Манаска берели!»[10] – деп туруп максатын ишке ашыргандан кыйын, Манас өлөт, Ак шумкар, Ак тайган, Ак кула ат баштап катуу кайгы чегип, наар сызбай коёт. Ата-энеси кор болот. Бир күнү Каникей түш көрөт, түшүндө:

«Мен атакем менен энекем,
Эки турбай бир бекен?
Түндө жатып түш көрдүм,
Ошу түшүм опкон түш,
Жүрөгүм башы копкон түш!
Ай караңгы түн экен,
Ай төбөдөн тууптур:
Күн караңгы күн экен,
Күн төбөдөн тууптур!
Мынан алал тилек ичиптир,
Коломтодон бир терек,
Колтоё терек чыгыптыр!
Бир бутагы кайрылып,
Айдын көзүн алыптыр:
Бир бутагы кайрылып,
Күндүн көзүн алыптыр!
Күн ысык болгондо,
Көлөңкөлөп жүрүптүр
Күлүш жөнү Каникей,
Көлөңкөлөп жүрүптүр!
Бир бутагы кайрылып,
Асмандын көзүн алыптыр–
Ала тоодой Жакып кан,
Ал көлөңкөлөп жүрүптүр!
Бир бутагы кайрылып,
Жердин жүзүн алыптыр!
Жер суук болгондо,
Багдөөлөт байбиче,
Ал жылынып жүрүптүр!
Падышам Манас тирилип,
Тырылып келген жүрбөйбү!»[11]

Бул жерде, Каникей эненин балага эле эмес, эң алды менен жарга адал, жан биргелиги да өзгөчө касийеттүү сыр менен берилген.

Манастын дагы бир жан бирге бүткөн Ак шумкары, Ак тайганы, Ак куласы жоголот. (ал Манастын жанына кеткен эле) бул белгылер болсо Манастын тирилишинен дарек берип жаткандай болчу. Манастын тирилгени мындай:

«Душманды көзгө илбеймин,
Мен не болгонум билбеймин.

Атакем деген немене жөөт? дейт,
Энекем деген немене жөөт? дейт,
Кырк чоро деген немене жөөт? дейт.
Мен өлүү эмесмин,
Мен тирүү эмесмын –
Мен өскө болуп калыпмын!»
Серек эми айтты дейт:
«Атакеңди билбедиң, Манас,
Энекеңди билбедиң, Манас,
Кырк чорону билбедиң, Манас–
Бакай барбы эсиңде, Манас,
Алтымыш алты мал досу,
Мал досуңдун ичинде,
Кыяматтык Кара токо жан досу
Барбы эсиңде, Манас?»
Эми Манас айтты дейт:
Кара токо жан досу–

«Ак асаба кызыл туу
Ак найзага аштадым,
Кырк чорону баштадым,
Аргымак минип ат алдым,
Ак бадыша өзүнөн
Мен барып бата алдым!
Мен өлүп-тирилген турбаймбы,
Атакемди Жакып кан алып кел!
Энекемди Багдөөлөт байбиче алып кел!
Кырк чорону барыңды алып кел,
Кериней, сурнай тартыңар!
Манас тырилип келгенин
Эми журтка айтыңар!
Багды дөөлөт байбиче чүнчилеп (сүйүнчүлөп т.а) барыңар

Энекемди ылдам алып келиңер!» [12].

Мына бул жерде мындай чоң фылософыялык жүйө бар эле: адам эсин жоготкондо же өлгөндө (жогордо: «өскө болуп калуу» делгенин көрдүк, бизче, нес болуу, башы маң болуу, маңгы баш болуп калуу, Ч.Айтматовтун аташы менен маңкурт болуп калуу менен жүйөлөнөт) же өлүп-тирилгенде эне менен баланын жан бирге бүткөн дүйнөсү менен катар, адам баласы үчүн достук да эң жогорку жан биргелыктин быйык чегинде белгыленип турганын, атап айтканда бул жерде, Манас «өскө болуп» калганда ата-энесин да эстей албайт, ошончодон Каратоко жан досун эске алат да, дароо өзүнө келет.

Жогоруда, Манас тырилип, эс-үшүнө келээрде эң биринчи жары Каникейдин түшүнө аян берсе, Ак шумкар, Ак тайган, Ак кула аркылуу сыр берсе, анан жан досу Кара токо биринчи эсине келсе, энеси Багдөөлөт (бул варянт боюнча көбүнчө чакан делет) байбичеге сүйүнчү суратса мына бул маанилер бырыгып жалпы бир жүйөөнү – жан бирге жакындыктын эң толук, эң быйык, эң кудуреттүү, эң ыйык, эң түпкү, эң түбөлүктүү адамдык нарктын башатын улам жайытын кеңирте ачып берет тура.

«Багды дөөлөт байбиче
Эне болуп жүрдү дейт–
Катып калган как эмчек
Делбиреп келип ийди дейт.
Манас сүтүн эмди дейт!
Багды дөөлөт байбиче
тактанын үстүнө койду дейт»[13]

Бул жерде, кыргыздар да адамдын кыйналган учурун «өлүп-тирилди» деген сөз менен бергени бекеринен эмес экен. Бир жагынан адам чыныгы адам болуу үчүн «өлүп-тирилген» жерге барганда гана чынына келээри, антмейин адам адам, баатыр баатыр болмок эмес деген маани чыгып жатканы белгылүү. Мунун түбүн сүргөндө эң байыркы адамзаты тарыктан мурдагы кудайлар доорунан дөө-шаалар дооруна жаңыдан өтүп жаткан, адамдардын ой-пыкыры мыфтык мүнөздө тургандагы, же Теңирлердин эми жаңыдан адамдаштырыла чагылдырылып келе жаткан кездериндеги, ошондой эле эненин жаратуучу катары таанылуучу, же Теңир катары таанылуучу энелык доор учурундагы, эне сүтү болсо адамдын чыгып кеткен жанын өз денесине кыйрып салып берүү кудиретине ээ экени жөнүндөгү маанини гана эмес, дагы адамдын өлүп кайра тирилүү жөндөмү барболо турганы, мындайча айтканда, адамзатынын эң алгач өлүмдү таанип-билүү доорундагы, а чындыгында бул көрүнүштөр өлүмдү тааныган адамдын Теңирлер жана дөө-шаалар доорунан жаңыдан бөлүнүп жаткандагы уңгулуу рухуй дүйнөлөрдүн жемиш бере баштаган маалындагы маанилерди таанытып калганын баамга алсак болот. Ошентип, буйерде өлүп-тирилүү – адам уулунун чыныгы адам болуу жолу, ал маңгурт болуп, андан кайта кайта албай калуу өлгөндөн да ары миң эсе жамандыкка баалана турган маанини чыгарып берет эле. Адам чыныгы адам болуу үчүн өлүп-тирилбей, Теңирдин алдына барип-келбей адам жана эрен болуп жетиштирбесин улуу жомок ушунчалык жеткыре чагылдырып эле калбастан, эң сүйүктүү Теңирге тете алып баатырды да өлүп-тирилген жерге апарып сынаган жана аны ошондой кырсыктан анын өзү канчалык кудиреттүү болбосун ал өзүн-өзү куткаруу жөндөмү жетпеген абалда тек гана эне жана эне сүтү буган кудиреттүү болуп чыкканы – бул улуу жомоктогу дагы бир анысайын уюткулуу ууз чындык эле.

«Атакем деген немене жөөт? дейт,
Энекем деген немене жөөт? Дейт,
Кырк чоро деген немене жөөт? дейт» – мында Манас өз ата-энесин тааныбай «өскө болуп калганын», же маңгы баш, маңкурт болуп калганын көрдүк, бырок, андан тышкаары дагы кандай маани жашырынып жатканын билүү да ого бетер маанилүү. Ошондо бул жерде дагы жомокто айтылып жаткан тарыктан мурдагы белгысиз мезгылдерден кыйын адам өзүнүн ата-энеден тууларын билген доорго көчүүнүн босогосунда турган жаңы ачылышты да чагылдырып жатканы байкалууда. Себеби, Манастын андан мурдагы өмүрү туулбаган-өлбөгөн – Теңирлерге таандык доорлорду кечип келгенинин бегиси да жок эмес болчу. Демек мындай жашоо Теңирге гана мүнөздүү болсо да, дал ушул өзгөчөлүк албетте Манаска да таандык болуп, ошол эне-атадан туулуп же эне менен атасын адамзат алгач тааныгандан тартып Манастын Теңирге таандык курбаты бир жолдо эле үзүлүп, бүтүндөй адамдашып кеткен эмес. Манастын өлбөй-житпей жашай бере турган Теңирге мүнөздүү дал ошондогу жөндөмү элдин көкөйүндө ушул күнгө дейре бүпбүтүн бойдон бүлүнбөй терең уялап калганын да эч кым танбайт. Себеби, Манасты эл өлгөндү билбеген түбөөлүккө жашай турган, ал замандан бул заман урпактарын кыйын күндөрдөн сактап алып өтө турган, колдоочу, коргоочу катары, Манасчыларга ар дайым аян берип, улуу жомокту унттурбай уламадан уалап, эли-журтка дайыма жалганып турган Теңири жалгамы, ошол эле учурда дагы түп бабасы катары белгылүү.

Ал эми адамдын атасы менен энесин таануунун өзү да доор жагынан бир топ кыйынкы мезгылди көрсөткөнү менен бул да албетте адамдын кудай-Теңирин таануудан кем түшпөс өз тегин таануу жөнүндөгү ыйык кенч. Ошентип бул жерде дагы эки маани жаралат. Бири: Теңирдин адамдан айырмаланып, ата-энеси болбойт, андыктан туулбайт жана өлбөйт деген түшүнүк болсо, дагы бири: адам туруп өз ата теги менен энесин (жаратуучусун) тааныбай азып калуу бул – өскө болуп калуу, маңгы болуп калуу, маңкурт болуп калуу менен өлчөнүп келген экен. Ошого эл «ит атасын тааныбайт» деген тура. Ал эми Манас болсо, улуу жмокто да, элдин эс-тутумунда да канча кылымдар өткөн менен баары бир адамдаштырылган Теңир бойдон тереңдеп кала берген. Мына бул адамзаттын Теңирден(жаратилиштан) эч качан кол үзүп кете албайтурганы, ал кол үзгөн күнү Теңирин тааныбай өскө же маңкурт болуп кетээри «Манас» жагынан кулакка кумдай куюлуп келген. Адамдын туулууну-өлүүнү билген анын сырынын кереметтей өзгөчө болоорун билген, эр-аял кошулгандагы ыйык ширнени таткандан тарта адам уулу эң оболку чындын жете тааныган десек, «Манас»тагы эненин гана жаратуучу мүнөзүндө жана өлгөндү тирилтүү (азганды адам калыбына келтирүүчү) мүнөзүндө чагылдырышы бул – эң байырыкылыкты таанытып бергендиги үчүн гана эмес, башкысы, адамзатка эң тунук ачылышты өз калыбында сунгандыгы менен да өзгөчө баалуу.

Ошого бул бул гана эмес, баштан бойго айтылган оюбуздун маани алкагын дагы улам кеңири жана тереңирээк түшүнүүнү талап кыла турган тема.

Кыскасы, алмустактан тарта бала менен ата-эненин арасындагы жоопкерчилык, эл менен эрдин, эрен менен эрендин бир-бирине жоопкерчиелыгы, эне менен урпактын үзүлбөс мээрине байланганын тереңден тааныткан аңыздар менен жомоктордун улуу нускасынан жаңылбай, анын адам табыятыдагы улуу дил менен диттин касийетинен көрүнүүчү кереметине тереңдей кырып, аны ошол турпатында ачып чагылдыра баштоо гана бул – түбөлүктүү улуттук асыл өрнөккө ак кызмат.

Ал эми, «Манас»дагы баштан бойго тартылган, улам кыйинкылерге түбөлүктүү үн салып турган улуу чакырык, чакырык эле эмес, элди эл катары, адамды адам катары сактап келе жаткан түбөлүктүү ыйык каада жана керээз: «атаң Манас болуучу, элиң алаш болуучу, жериң талас болуучу» деп кыйинкылердин кулагына кумдай куюп келген нуска ушул унутпоо менен адашпоо… Энелердин да, аталардын да бой тумардай сактап кылымдардан кылымдарга, не бир кыйын, эл тагдыры жан алкымга келген учурларда да элди элдей, адамды адамдай сактап келе жаткан улуу жол ал – «алты атасын билбеген арсыз күңдүн белгыси, жети атасын билбеген жетесиз кулдун белгыси» – деп аныктап да, тактап да келген даана сөз, табыштап кеткен ата жол. Андан азса маң баш, «өскө болуп», маңгы баш болуп, маңгурт болуп баарынан айрылаары аныкталган…

Айтматовто да бул улуу нуска эне дилинен «атаңдын атын билесиңби? Өзүң кымсың, эли-журтуң кым? Деги кайсы жерде туулганыңды билесиңби?

Жок, маңгурт эчтеме түшүнбөдү, эчтеме эсинде жок экен»[14]

«есиңе кел, сен кымсың? Кымдын уулусуң? Кым өз атың-ысымың эмне? Сенин атаң дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!»[15] – деп акыры барып келип ушуга келген тура…

Шүгүрчүлүк, «Манас» бизге жетиптир, ошол асыл топурактан Айтматов жаралыптыр, ал Каникей эне менен Найман эне эми бизди түбөөлүккө тегибизден адашпоого үндөгөнү үндөгөн, биздин энебиз Каникей менен Найман эне, кеп эми ошол энелерден жаңылбоодо, нагыз энени чындап таанууда, анда, энени анык тааныганда эле баарын тааный алат экенбиз да, качан энени унутканда барын унтат экен адам баласы…

Эне адамды жаратуучу жана адамдын канткенде адам болуусун көрсөтүүчү көсөм көз, улама сөз, толук маанисиндеги адамды жаратуучу Теңир экени ушундан элебилинип кала берет тура!

18.02.2010

Токтосун Асанбек уулу

 

[1] [3] [8] [9] Ж.Мамай айткан «Манас» Шынжаң эл басмасы, 2004, ысылавыянча 806-807- 808- 814-беттер.

[2] [4] [5] [14] [15] Ч.Айтматов «Кылым карытаар бир күн», Кызылсуу кыргыз басмасы 209- 210- 213- 208-205- 221- 232-беттер.

[6] [7] Ж.Мамай айткан «Манас»тын кара сөз нускасы 304- 306- 307-беттер.

[10] [11] [12] [13] «Карт дастан», Кызылсуу кыргыз басмасы, 1997-жыл, «Манас»тын В.В.Радлов жазып алган нускасы71-81-87- 88-бетер.

Соц тармактар:

Добавить комментарий