Жамбы атыш

jamby

Жамбы 5 кадак (1 кадак болжолуу 409,5 грамм, кыргыздын чен бирдиктери) күмүш болот. Эң бийик кылынып шыргый орнотулуп, башына чоң кулактуу жамбыны бекитип байлап коюлат. Каалаган кишилердин бардыгы мылтыктарын октошуп, ыраактан чаап келип жамбыны атып өтүшүп турушат. Жамбыны ким атып түшүрсө ошол алат. Жамбы атып түшүрүлбөй калса ээсине калат.

 

Жамбы атыш

jamby2

«Жамбы атыш» аталган алтын же күмүш уюмтмасын карай атуу өнөрү да жоопкерлерди таамай атууга көнүктүрүү максатын көздөйт. Жаачылар бийик түркүккө асылган баалуу куйманы атып түшүрүү үчүн мелдешкен. Алар жамбы байланган ичке жипти үзө атып түшүрүп, байге катары ошол жамбыга ээ болгон.

Окумуштуу-тилчи К.Юдахин «жамбы» түшүнүгүн «Кытайда акча ордуна колдонулган ар кандай таризде жана салмакта куюлган күмүш уютмасы» деп чечмелейт. Чындыгында эле «Манас» дастанында жамбы кээде акча ордуна колдонулганы айтылат. Мисалы:

Бөйрөк жамбы бөтөн бар
Тай туягым бирөө бар
Чыныгы жамбым үчөө бар.

Аштагы жамбы атышка Манастын өзү дагы катышат. Ал көзгө атар мергендигин көрсөтүү менен, эң бийик түркүк башына илинген алтын уютмасын ыргыта атат. Анда мындай айтылат:

Арчатору закымдап,
Жамбыга жетти жакындап,
Көтөргөндө мылтыкты
Көк түтүнү бурады,
Көктөгү жамбы кулады.
Түркүгүн түптүн сындырды
Дүйнөнүн көөнүн тындырды.
Туура таңган жыгачын
Туйгунун Манас сындырды,
Душмандын көөнүн тындырды.
Тууганга кубаныч кылдырды.
Түшүрдүкөктөн жамбыны,
Түмөнгө сөздүдаң кылды.
Арчатору чуратып
Арстан Манас жеткени,
Тоголонуп калчанга,
Көктөн түшкөн жамбысы
Токтоп орун алганча
Чапкан баатыр жеткени,
Кыргый илген торгойдой
Илип алып кеткени,
Арстан Манас баатырдын
Адистиги эмей эткени!

Эпостон жамбы асылган түркүктүн сыпаттамасын да кездештиребиз:

Каркыранын карагай,
Кыскасына карабай,
Узунунан кыйдырды,
Устунду бирмиң жыйдырды.
Түбүнө түркүкбуратып,
Алты жүзүн асманга,
Чыгарып ийдиулатып,
Жамбыга танап кылмакка
Болоттон боосунулатып,
Көкөтөй жыйган пул жен,
Жүргөн алтын бир жамбы
Жүз адамдын куну жен.
Жамбыны бийикзөө кылды.

Жамбыны атуу жүрүмү мындайча сүрөттөлөт:

Ат менен чаап жөнө деп,
Атып алсаң өнөр деп,
Мылтыкка адис мыкты бар,
Саадакка адис ыктуу бар.

Эпосто көп учурларда ар кандаи мылтык түрүнөн атышкандыгы айтылганына Караганда, илгерки заманда жамбы атууга көбүнесе жаа колдонулган. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында жазайыл, очогор, койчагыр, чотолажана башка ушул өңдүүмылтыктар колдонулганы айтылат.

http://www.eposmanas.ru/

 

ЖАМБЫ АТЫШ

(1958 жылы манасчылардын айткандарын бириктирип, курама болуп чыккан 2 томдуктан)

Эл эригип алар, — деп, —
Сегиз күндө ат келет,
Зеригип жатып калар деп,
Бекерге кантип жатсын деп,
Белсенип жамбы атсын» — деп,
Каркыранын карагай
Кыскасына карабай
Узунунан кыйдырды,
Устундан бир миң жыйдырды.
Түбүнө түркүк буратып,
Алты жүзүн асманга
Чыгарып ийди улатып.
«Бул немене кылат» — деп,
Билбегендин баарысы
Бир-биринен сурашып,
Темирди зымга тарттырып,
Асемин антип арттырып,
Жамбыны бийик зоо кылды,
Сары алтынды боо кылды.
Дүнүйөнү жыйнатып,
Шыргыйлардын учуна
Каухардан жамбы байлатып,
Жамбыны атып алсак деп,
Ар кимдин болуп талабы,
Ал жамбыга байланган —
Так алтымыш танабы.
Жар чакырып кеп айтып,
Идерлүү жигит мергениң
Жамбы аткыла деп айтып,
Жамбы атууга мергени,
Түркүн-түркүн кошуундан
Түп көтөрө келгени.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай,
Бул чыгарды миң мерген.
Кытайлардын кан Жолой,
Ал чыгарды миң мерген.
Катын балбан Ороңгу,
Ал чыгарды миң мерген.
Шибээлердин Музкиндик,
Ал чыгарды миң мерген.
Манжуунун каны Нескара,
Бул чыгарды миң мерген.
Опсуз балбан Ороккыр,
Ал чыгарды миң мерген.
Эштектердин Жамгырчы,
Ал чыгарды миң мерген.
Буудайыктын Музбурчак
Бул чыгарды миң мерген.
Элемандын эр Төштүк
Ал чыгарды миң мерген.
Казактардын кан Көкчө
Ал чыгарды миң мерген.
Кокон кандын Козубек,
Бул чыгарды миң мерген.
Анжыяндын айры сакал Сынжыбек,
Ал чыгарды миң мерген.
Алты шаардын Алабек,
Ал чыгарды миң мерген.
Оогандын каны Акун кан,
Ал чыгарды миң мерген.
Жанаалы, Карач биригип,
Ал чыгарды миң мерген.
Урумкан уулу Көкбөрү,
Бул чыгарды миң мерген.
Ал жамбынын түбүнө
Мылтыктары короктоп,
Мергендер келди сороктоп.
Мергендердин кызыгы
Камчыларын бек тиштеп,
Ат-аттарын күш-күштөп,
Мергендердин баарынын,
Моюндары узарып,
Милтелери кызарып,
Жамбысына туу сайып,
Жаның чыккан Бокмурун,
Калайыкка чуу салып,
Миң-миңден каптап атышып,
Ата алышпай жатышып,
Билбестен ок жанылып,
Өлүп жаткан дагы бар,
Кудуреттин салганын
Көрүп жаткан дагы бар.
Кыйшая түшүп жааларын
Тартып жүргөн мындан көп.
Дүйнөдөн адам тоёбу,
Адам көрбөс кызыкка
Батып жүргөн мындан көп.
Асты менен сүрүлүп,
Кара түтүн буркурап,
Мылтыкка буудай куурулуп,
Бараңдын үнү зыркырап,
Келтенин үнү чыркырап,
Очогор үнү дүпүлдөп,
Сыр бараң үнү күпүлдөп,
Козголбой жамбы турганы.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Керилип жааны тартты эле,
Кебелген жок бул жамбы.
Манжуунун каны Нескара
Басып атып берди эле,
Караса көзгө илинбейт,
Огунун кайда кеткени
Тегеле жанга билинбейт.
Кара кытай буркурап,
Кайтып атты чуркурап,
Кайкайган жок бул жамбы.
Калмактар атып өткөнү,
Качырып Кошой жеткени,
Ал Кошойдун колунда
Көзгө атуучу көп мерген,
Абаң Кошой баш болуп,
Адистери бүт келген.
Миң мерген менен жабылып,
Кошой ата бергени.
Козголуп жамбы былк этпейт,
Которулуп кылт этпейт.
Кезме-кезек атышты,
Кезектешип жатышты.
Мергендер баары жанаша
Минтип көрдү тамаша.
Октун баары зуулдап,
Жылдыз болуп зыркырап,
Очогордун оозунан
Ыштыктай түтүн буркурап,
Мергендери мекчейип,
Жаа тарткычы чекчейип,
Төштүк кирип атты эми,
Кайкайган жок бул жамбы.
Калмак менен кыргызы
Алмак-салмак атышып,
Көкөтөйдүн жамбыга
Алек болуп жатышып,
Мергендерге күч болду,
Укумунан тукумга
Унутулгус иш болду.
Күпсөрдөн дары күбүлүп,
Тескери оюн экен деп,
Канчалар жандан түңүлүп,
Калк чаалыгып болгондо,
Кайтып көңүл калганда,
Кыраан Манас жөкөрү,
Касиети бир канча —
Кайран Бакай бекерби?
Көк тулпарга камчы уруп,
Бакай барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Карткүрөң менен ойнотуп,
Аргын кандын Ажыбай,
Ажыбай барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Айсарала ат минген,
Сары жаргак шым кийген,
Алмамбет барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Көк ырапыс тон кийген,
Көкала сындуу ат минген,
Алышкан алы жетпеген,
Арыстандын тиши өтпөгөн,
Чубак барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Алтымыштын артыгы,
Кырк чоронун кыйыны,
Ак болоттун кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы,
Ал да барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Ырамандын Ырчуулу,
Ычкыры түпөк кырк мууну,
Бу да барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Үзүктөй калпак эр Шууту,
А да барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Күлдүр менен Чалыбай
Катар жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Кырктын башы Кыргылчал,
Бу да барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Кызыл көөдөн эрени,
Кылымды бузган берени,
Бозуул келип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Ак буудайдын ороосу,
А да Манас жоросу —
Тамашалуу Тазбаймат,
А да жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Күлкүлүүсү Мажиги,
Көп чородон каниги,
Бу да жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Төлгөчү кара Төлөгү,
Төлгөсү журттан бөлөгү,
А да барып бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Сереңдеген Сереги,
Серпишкен жоодо кереги,
А да жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Манаста чоро бир далай,
Баарынан балбан Акаяр,
Каарына келгенде,
Калайманды баштаган,
Чын ачуусу келгенде,
Төөнү жаза муштаган —
Төө көтөрүп Акаяр,
А да жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Кош олоңдуу Байчоро,
Колу күчтүү эр чоро,
Аксур менен чугоюп,
А да жетип бир атты,
Бир танабын кыя атты.
Өтүп кетти ааламга
Бул жамбынын амалы,
Калган экен самсаалап,
Жамбынын жалгыз танабы,
Кабары оор, аты улук,
Арбагы бийик, опсуз эр,
Далайды оозун караткан,
Таалайлуу кылып жараткан,
Аты Манас, — арыстан,
Айкөл Манас жеткени,
Арыстан жетип бир атты,
Бир танабын кыя артты, —
Баатырың жамбы кулатты.
Көкөтөйдүн казына
Байгесине сайганы,
Кыймылдаган мөрөйдү
Кымбатың Манас алганы.
Жамбыны Манас алганда,
Дүнүйөдө олжого,
Кыркы жетип калганда,
Жамбысын атып бүткөнү,
Кабыландын кырк чоро
Муразга минтип жеткени.

Соц тармактар:

Добавить комментарий