Жеңижоктун арзуусу

jenijok500

Кыргыздын улуу жана кайталангыс акыны Өтө Көкө уулу же болбосо Жеңижок аты менен кыргыздын кыйырына таанылган улуу акындын турмушунан сандан-санга кызыктуу үзүндүлөрдү беребиз.

Кайрылышта мүрзөмдү,
Кайрылып барып ким көрөт.
Капысынан мен өтсөм,
Кайгырып жашын ким төгөт.
Бурулушта мүрзөмдү,
Бурулуп барып ким көрөт.
Бул дүйнөдөн мен өтсөм,
Буркурап жашын ким төгөт.

Тургангазы жезде Жеңижок акын жөнүндө берилүү менен айтчу эле. Акындын талантына таазим кылып, «акын болсо ушу Жеңжоктой акын болсо. Ырды нөшөрдөй төкчү тура. Бир жаралган талант экен да, аттиң! Ушундай залкар акындан туяк калбаганын кара. Кыргыз элинде каргыш деген жаман нерсе. Көксулуу каргышка калган экен», деп жезде ушул окуяны айтып берген эле. Жезде окуяны көркөмдөп сонун кылып айтчу, Сөзгө уюган биз убакыттын кантип өткөнүн билбей, алдыга келген тамакка карабай кеп тыңшаар элек.

Тургангазы жезде Жеңижокту алдына акын салдырбаган талант гана болбостон, билимдүү, динди сыйлаган, араб, фарс, түрк тилдерин билген адам болгон деп айтчу. Жетимдиктин айынан, оорунун айынан таякелерин издеп, Аксыга барган кезинде таякелери билимдүү бала болсун деп байлардын, бийлердин балдарына кошуп, Намангендеги медресеге алпарып, мударистерге тапшырышат. Улуу акын ал жерден талантына талант кошуп, билимине билим кошуп келет. Зээндүү бала Курани Каримди терең үйрөнүп, Мухаммед пайгамбардын хадистерин жатка окуйт. Куранды мукамдуу үнү менен узакка окуп, беш убак намазга жыгылат. Даанышман акындардын араб, фарс, түрк тилиндеги китептерин окуп чыгат. Нары таланты бар, нары окуган билими бар, ойлонуп сүйлөп, оорундуу күлгөн, өң келбеттүү жаш акындын Аксыда баркы көтөрүлө берет.

Улуу акын өзүнүн Көксулуусуна жолдошу Кенжебайга күйөө жолдош болуп барган жеринен жолугуп ашык болот. Кенжебай Аксынын Баялы бийинин баласы болгон. Жаш кезинен кудалашып койгон колуктусуна Кенжебай шаан-шөкөт, кыргыздын салты менен барып түшөт. Ошол жерде улуу акын Көксулуусу экөө ырдап таанышкан экен. Кийин дагы Жеңижок ашыгына кыз тойго шылтоолоп нечен барат. Бир жаман жери Көксулуунун секелек кезинен калың мал алып кудалап койгон жери бар экен. «Башым байланган жер байдын баласы. Толугунан келген орой неме. Деги эле көңүлүм жок «- деп Көксулуу ыйлайт. Жеңижок ыйлаба, бир айласын табаармын деп сооротуп жүрөт. Эки жаш махабаттын отуна алоолонуп күйүп жүргөн кездеринде Көксулууну Авлетимге кайын -журту келип алып кетет. Боздоп ыйлаган Көксулуу ата-энесинин күчү менен араң кетет. Байдын уулун чанып, бир нече жолу качып да келет. Байдын баласы орой болгону менен апасы нарктуу да, барктуу да болгон экен. Ар бир качып келгенинде кайненеси ой-боюна койбой келинин зордукка салып алып кетет. Ак таңдай акын аргасы жок күйүп-күйүп ыр ырдап кала бергени менен ашыгынан үмүтүн үзбөйт. Ошол убакта Сулайманкул Датка Аксынын болуштугуна даярданып жүргөн болот. Жакшы ырчы болуп, менин жакшы иштеримди элге даңазаласа, элге жеткирсе деп ойлоп, ырчы тандап турганында жаш акындын кабары Даткага жетет. Кербендин базарында бир жаш бала атактуу Нурмолдону ырдап жеңиптир деген кабар Аксыга желдей тарайт. Сулайманкул Датка аткошчусу Жакшыбек дегенди жиберип, акынды алдырат. Эки күн ырдатып, алысты көрө билген Датка жаш акынды жанынан чыгарбай өз ырчысы кылып алган экен. Ат-тонун камдап берип, ырчынын баардык шартын аткарат. Болуш болушума жардам бер, мен да сага жардам берем деп, жамгырдай төккөн талантын баалап, Сулайманкул Датка ырчыны чын дилинен жактырат. Эс-дарты Көксулууну куткарса ушул адам куткарып берет деп жаш акын дароо макул болот. Калың элге аянбай ырдап Сулайманкул Датканын кылган ишин жолу менен, эби менен ырдап элге жеткирет. Жаш акын төгүп ырдап киргенде аба менен суудан баштап насаат ырларын ырдайт, кудайдын кулдары экенин унутпоосун, динди унутпоосун коштоп, элди кызыктырат. Эл чогулуп, ырга кызыгып калган кезинде гана Датка жөнүндө этияттык менен сөз кыстарып, Датканын эрдиктерин баяндайт. Акынга акындын алтындай ырларына ишенген эл, ошол шайлоодо Сулайманкул Датканы болуштукка шайлайт. Калыстык жагы бар болуш убадасына туруп, акынды эч нерседен кем кылбайт. Антсе да акындын кабагы салынып, күйүтү күч. Күндөрдүн биринде жакшы тамак астырып, болуш акынды чакыртат. Экөөнөн башка киши өргөөдө жок. Тамак желгенден кийин болуш сөз баштайт: «Акыным, эмне дартың бар, эмнеге кабагың ачылбайт?» — дейт. Ошондо Жеңижок комузун колго алып, муңдуу бир жүрөктү эзген күүнү чертип келип, ырдап кирген экен:

«Алты канат ак үйдүн,
Жарыгы элең Көксулуу.
Арзып жүргөн жанымдын,
Азыгы элең Көксулуу.
Алтымыш кыздын ичинде,
Периштеси Көксулуу.
Арзып сага жете албай,
Кейиштемин Көксулуу.
Жети канат көк үйдүн,
Жарыгы элең Көксулуу.
Жабыркаган жанымдын,
Жарымы элең Көксулуу.
Жетимиш кыздын ичинде,
Периштеси Көксулуу.
Жетпей калып өзүңө,
Кейиштемин Көксулуу.
Жүрөктөгү жарамды,
Козгоп турган Көксулуу.
Бир өзүңө жете албай,
Боздоп турам Көксулуу.
Сары түпсүз санаага,
Салдың мени Көксулуу.
Кайгы менен муң-зарда,
Калдым эми Көксулуу.
Көз жашымды күнүгө,
Көлдөтөсүң Көксулуу.
Көлдө сүзгөн чүрөктөй,
Көздөтөсүң Көксулуу.
Өзүң болдуң арманым,
Өлбөсөм бир күн табаармын.
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алаармын,
Айласын эптеп табаармын,
Айлыңа бир күн бараармын.
Ажал жетип өлбөсөм,
Ажыратып алаармын»
— деп, Көксулуу жөнүндө көпкө ырдап болушка кайгысын, арманын түшүндүргөн экен. Акындын махабатын баалап, туура түшүнгөн болуш, башка кызга акындын көңүлү түшпөсүн билип, Көксулууну келин кылып алган Артыкбайды Аркыттан чакырып келүү үчүн жакын жигити, билерман аткошчусу Жакшыбекти жөнөтөт. «Артыкбайды болуш чакырып жатат. Тез келсин де. Конбой кел!» — деп катуу дайындайт.

Атын ак көбүк кылып тердетип, Жакшыбек Аркытка жетет. Аттан түшпөй семиз байды алаңдатып, алдына салып, намаз шамда кайра жетип келет. Чайпалган семиз Артыкбай кай жеримден болушка жаздым, айыпка жыгып шиберге айдатса канттим деп, жол бою санаа жеп келет. Сулайманкул датка сөөк-саактуу, бойлуу, жолборс караш, сүрдүү адам экен. Болуш сурданып турса да, адегенде амандык сурашат да, сени бир зарыл иш менен чакырттым эле дейт. Жазды күтпөй кышында Кожо атадан келин алыпсың, келиндин көңүлү жок болсо да зордоп алыпсың, ушул күндө да келиниң зарланып ыйлап, төкүнүнө көп качат экен, себебин түшүндүрчү дейт. Сулайманкул болушка калп айтууга болбостугун жакшы билген Артыкбай бай: «Келиним тирикарак, өңдүү-түстүү, балам болсо майболпоч, жоош болуп калды. Келинчеги чанганына намыстанып кол көтөрүп койсо, келин качып кетет. Байбичем аркы-беркини айтып кайра апкелет. Жаш кездеринде баталашып калганыбыз үчүн ата-энеси да кошуп берет. Бирок, келин деги эле бизге ийибей койду болушум» — дейт, Артыкбай чынын айтып.

— Зордоп кармаган бүлө болбойт. Чанган келинди кетирбей туруп, уулуңа ылайык кыз таап куда түш. Айткан калыңын бүт толугу менен мен төлөйм. Жакшы бүлө тапкан күнү келинди мен жиберген адамдарга кошуп аттантасың. Буга бир жума убакыт берем, сөз бүттү! — дейт Сулайманкул болуш.

Жок дей албай, жок десе балээге калаарын билген Артыкбай: «Куп болот!» — деп жолуна түшүп, айылына жетип, бүк түшүп жыгылган экен. Окуяны уккан байбичеси кайгырып: «Байым, бекер макул болгонсуң, келин жаш, ыйлай-ыйлай көнөт дебейт белең. Урпактан-урпакка айтылуучу уят ишке макул болуп келипсиң. Элдин бетин кантип карайбыз. Койнунда жаткан колуктусун тарттырып, жанагы жүүнү бош балаң укумдан-тукумга сөзгө калтырды го?!» — деп каарданат.

Кайнене канчалык каарданганы менен айласы жок көнөт. Көнбөскө айласы канча. Ал кезде болуштун сөзүн эки ким кылган ким. Анда эле айыпка кесилип абака айдалбайбы. Ары-кетип, бери кетип уулуна ылайык кыз таап, калыңын бычып, ушунча мал болду деп, калыңдын баасын болушка айттырып киши жөнөтүшөт. Болуш айтылган малды ашыгы менен жигиттерге айдатып, артынан Көксулууну алдырыш үчүн, Көксулуунун Жүзүмкан, Алымкан деген эки жакын жеңелерин алдырып, өзүнүн баягы ишенимдүү Жакшыбегин аялы менен кошуп жаш акынды ошол кездеги жакын досу Кенжебайды кошуп, дагы өзүнүн ишенимдүү үч жигитин кошуп Көусулууну алып-келүү үчүн жөнөтөт. Жарым жолго жеткенде иш билги Жакшыбек Кенжебай менен жаш акынды алып алган тамак-ашы менен суу жээгиндеги калың арчанын арасына калтырат. -Силер бизди ушул жерден күткүлө. Көксулууну ушул жерге алып келебиз, ушул жерден тамактанып алып анан жөнөйбүз-дейт.

— Мен деле бара берейин дейт өткүр акын.

— Жок. Ачуулунун алдынан чыкпа-дейт. Артыкбай айласы жок болуштун сөзүнө көндү.

Кайненеси менен күйөөсү кандай дейт дагы сага асылып жүрүшпөсүн, Артыкбайдын байбичеси каардуу деп уккам -дейт Жакшыбек. Эстүү иш билги Жакшыбек Артыкбайдын айлына келип түшөт. Тамака күтүшпөй чай ичишип эле жолго чыгалы дешет.Жеңелери Көксулууну өргөөдөн чыгара алышпай убара болушат.Каардуу байбиче өргөөнүн эшигин түшүртүп, бүчүлөрүн байлатып коет. Жеңелери эшикте. Өргөөдөгү байбиченин ачуулу үнү эшиктеги Жакшыбектерге угулуп турат.

— Ак тилегим менен босогомду аттатып, куттуу үйүмө бүлө болот деп апкелдим эле. Эшигимден чыгарбайм же түндүктөн, же капшыттан чыгып кет.Сендей баламдын башын чанган бейбака ушул жаза -деп каарданат. Каардуу кайнене алдыртан камынып, эмне ойлогонун ким билсин, көз жашын төккөн Көксулуу денеси менен алты канат ак үйдүн керегесин көтөрүп сойлоп чыккан экен. Жерден жеңелери сүйөй көтөрүшүп аткарганда ак элечеги заңкайган байбиче: -Бейбак эл караган бетибизди жер караттың, ырыскысы агып турган ак өргөөңдү таштап, ак никелүү эриңди чанып, бир жетим томаяк ырчыны ээрчип кетипбаражатасың, ылайым көшөгөн көгөрбөсүн, өмүрү согончогуң канабасын, баланын жытына зар болуп жүрүп өт-деп эшикке чыгып аттанып жаткандарга тескери бата берип ийген экен. Байбиченин сөзү Көксулуунун сөөгүнө чейин жетип, жаш акындын жанына жеткиче ыйлап жүрүп олтурат. Көз жашы зарыгып күтүп жаткан ашыгынын жанына жеткенде гана басылыптыр. Сулайманкул болуш жаңы өргөө көтөртүп, жаштарды тосуп алып, өзүнчө өргөөгө киргизет. Байбичесин баш кылып чачыла чачтырып, жаңы келген келинге ак көшөгө тарттырат. Улуу акындын махабаты да улуу болуп Көксулуусу экөө өмүрлөрү өткөнчө бири-бирине тике карабай өтөт. Жаш денеси менен алты канат ак үйдү көтөрүп, капшыттан чыкканда мертинип калганбы, же каардуу байбиченин каргышы жеткенби, улуу акын менен Көксулуу балалуу болбоптур.

Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВА, “Мекенчил жаш” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.02-22.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Жеңижоктун арзуусу: 2 комментария

  • 18.02.2015 в 03:59
    Permalink

    70-жылдары Аксыда Байкуттуунун байбичеси 90 чендеп о дуйно салды, ошол апа айтып калар эле,Коксулуу карыган кезде»Мен каргыштан он таппай калдым, артындан туяк калсын, эже-синди болуп жашай беребиз, сага окшогон акындан тукум калбаса, мен озумду кечире албаймын, тарыхта кокбет Коксулуу болуп калгым келбейт деп аябай арман кылган экен.Кийин апамды баккан Жаанбу тайнем деле коп айтып журду.

    Ответ
  • 14.11.2015 в 20:43
    Permalink

    Суйгонуно жетпеген, арманы эстен кетпеген. Жалгыз да болсо жон эле, неченден бири ал деген. Анчалык эле болбосо, жообун алып кетсе мейли эле. Куйооно моюн сунбаган, аялды эмне дейм эми… Айланганы тийдиби! Арманда болуп журдубу. Чыдасын эле кантсе да, чыгалбай чийген чийинди.
    Ал кылганы шариятка да терс корунуш.

    Ответ

Добавить комментарий