Токсондун түшүшү, чилденин чыгышы

childe

Кыргыздар “Токсондун түшкөнү жаман. Чилденин чыканы жаман” дешет. Бул калетсиз сөз. Токсон 29-ноябрдан баштап 11-декабрга чейин түшөт. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Айрым жылдары 3 күндөн 7 күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын,жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилеке каршы жок болуп баратат. Кочор өрөөнүндө өткөн доордо Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн. Эсенбай эсепчинин күнүмдүк аба райынан баштап, төрт мезгилдин кандай болоорун так айткан өнөрү дүң болуп калың элдин учу кыйрына тарап, алыс жакындан атайлап ат арытып келип акыл сурап кетип турушчу экен.Эсенбай эсепчи менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, кыштоого качан көчкүлө — десе көчүп, кышка камылга көрүп турушкан. “Кыш оор болот. Жаз кеч келет. Отун сууну кенен камдап, малга тоютту мол камдагыла”- десе айтканын аткарышкан. Эсенбай эсепчи чилденин чыгышын төрткө бөлгөн. Биринчи, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19-январдан 2-февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болуп кар кайта-кайта жааса “Жыл жаанчыл жакшы болот экен” дешет. Эгер кырк жигит кетип жатканда күн жылымык тартып, кар жаабай калса, “Жылды кудай урат го. Жыл кургакчыл болуп жер түшүм бербей кыйынчылык болот окшойт. Жигиттер жигит мүнөзүн көрсөтпөй мылжыңдап калды” дешет. Экинчи, 2- февралдан баштап “Кырк кыз” кете баштайт. Кырк кыз 2-февралдан 14-февралга чейин кетет. Кырк кыз кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе, бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса, бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй мүнөз кылык көрсөтөт. Муну “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын” дешкен. Кырк кыз чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап бирде күн ысып кар ээрип, жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” дешкен. 14-февралдан баштап 26-февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” дешкен. “Ыйлаак кемпир биринчи жумада жыла басып жумшак карап кар аралаш жамгырлатат. Коро сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет.

Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алальбаптырмыналалбаптырмын
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын
Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин,
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн — деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш. Ыйлаак кемпир “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам” деп шерт кылып келет тура. Ошондуктан жогорку ырды ырдап жатат да. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерк жылда дагы келээрмин..” деп жатпайбы.

Ыйлаак кемпир борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт” дешет. Эгер ыйлаак кемпир (20сынан 26-февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса “Силердиби, мени кетти дебегиле, 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз” деп кекенип кетет имиш. Жанагы апрелде, ал түгүл май ичинде кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон ыйлаак кемпирдин бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти” дешет. 26-февралдан 11-мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Бул мезгилде бирде күн жылуу болсо, бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп ары-бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” деп коюшат. Ошентип 11-марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртө кетип жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. Бирок токсон түшүп аткандагыдай 7 күнгө чейин жылышпайт. Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тиеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай кетип жатат өзгөчө байкашкан. Эсте сакташкан. Ошондуктан нечен легендалар айтылган. Маселен, “Кырк жигитке” жолугуп жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жолугуп жүрөгү тоңуп кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө жомок легендалар бар. Ал өзүнчө сөз болот…

Чолпонбек Абыке уулу,
(“Жазуучунун ч
өнтөк дептеринен” аттуу жыйнак китебинен алынды),
“Мурас”, 13.02.205-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий