Улуттук идеологиянын уңгусу кайда? Чайпалган “араба”…

ideologiya

Кыргыз коомчулугу, бийлиги өлкөбүздүн келечек өнүгүүсүн ар качан креативдүү жаштардын билим масштабы, жаңычылдыгы жана жараткан идея, ийгиликтери менен байланыштырып келет. Андыктан жаш муундардын улуттук идеология, эгемен мамлекеттүүлүк, жашоо, сүйүү тууралуу ойлору окурмандарыбызды кайдыгер калтырбасы бышык. Эмесе кеп кезеги ушуларда болсун.

И.В.Крыловдун балык сууга, ак куу көккө, бөйөн жерге, айтор, ар кимиси ар кай жакка тартып жатып, талкаланган араба жөнүндө тамсилин билсек керек. Бүгүн өлкөбүздөгү жаштардын багыты дал ошондой кырдаалга окшошуп калгандай ой калтырат…

Бир жагынан батыш маданияты тартса, ислам динин жамынган күчтөр экинчи, дагы башкалары үчүнчү жакка тартышат. Айтор, улуттук салт-санаа, маданият, тарых, идеология, нарк-насил колдон келишинче пропагандаланганына карабастан, жаштарыбыз кайда багыт алуу керек экенине баштары жетпей, маң болгонсуйт.

Ал эми жол көрсөтө турган улуу муундун айрымы улуттук маданиятка, нарк-насилибизге ыктаса, кээ бирлери “коммунисттик идеологиядан өтөрү жок”, – деп тим болушат. Албетте, коммунисттик идеология, ислам маданияты же болбосо, батыш маданияты жаман деген ойду айтуудан алыспыз. Бирок акыркысы коомдо өнүгүү менен бирге, көп көйгөйлөрдү да жаратып жаткандыгы талашсыз.

Бул багытта жазуучу, профессор Абдыкерим МУРАТОВ: – “Биз мурда массалык маданият Батыштан келет дечү элек. Азыр ал батыштан да, чыгыштан да, түндүктөн да, түштүктөн да келип жатат, ал гана эмес, ийри жыландай болуп өз ичибизден да чыга калууда. Өз элибиздин маданият, салтын башка маданияттар менен жуурулуштуруу өтө татаал, кооптуу процесс. Жакшыга караганда, жамандар көп келет, аларга каршы туруучу нерселер – кыргыздын байыртадан келе жаткан уңгулуу салттары, жөрөлгөлөрү, элдик педагогикасы. Биз ушул нерселерди тигил ааламдашуунун ажаан агымына тосмо катары коюшубуз керек, – деген оюн билдирди.

Андыктан бизде келечектин арабасын талкалап албаш үчүн улуттук тарых, тил, маданият, нарк насилибизди, динибизди караңгыда жанган шамдай колдонуп, жолдон адашпай келгенге аракет кылуу милдети турат. Бирок кырдаал көңүл жубатарлык болбой, өзгөчө диний сабатсыздыктан улам келип чыккан ислам динине болгон ашынган берилүүчүлүк да өөрчүп кетти. Бул багытта өлкө башчысы А.Атамбаев диний фанатизмге, андан келип чыгуучу коркунучтарга мамлекет көзөмөл жасоосу керектигин принципиалдуу билдирди. Бул маселе боюнча КРнын Баатыры Бексултан ЖАКИЕВдин ою мындай: – “Фанатизм дегендин өзү пейил, ыйман дегендин жоктугунан, караңгычылыктан чыгып жатат. Бир нерсени түшүнүп, маңызын билип алсак, андай болбойт эле. Бизде диний сабатсыздык күчтүү. Андан арылыш үчүн мектептерде дин таануу сабагын өтүш керек. Диндин өзү, тарыхы, пайгамбарлардын өмүр таржымалы кызык. Ошентсе дагы медресе менен жалпы билим берүүчү мектептерде динди окутуу эки башка болушу керек. Мисалы, медреселерде намаз окууну, куран окууну, динди терең изилдөө багытында болсо, ал эми, мектептерде дин жөнүндө түшүнүк бергендей кылып, диндин тарыхын, маани-маңызын ж.б. жалпылатып окутуу зарыл. Жазуучу К.Баялиновдун “Ажар” повестиндеги Ажар бир куту ши реңкени алып, жолго чыгат эмеспи. Анан эле түн кирип, желип-жорткон бөрүлөр тегеректей баштаганда, улам от жагып тегерегиндегилерди алыстатып алганы менен, кутудагы ширеңкеси түгөнүп калып, акыры бөрүлөр кызды жулуп-жалмап кетет…

Бул окуя да биздин жаштардын бүгүнкү жашоосуна окшош. Дал ошол Ажардын ордунда биздин жаштар, ал эми бөрүлөр – чет элдин маданияты, диний фанатчылык десек окшошчудай. Эмнеге андай..? Ошол биз кеп кылып жаткан улуттук идеология “Ажар” повестиндеги бир куту ширеңкеге окшошуп кеткенсийт. Элибиз, өлкө жаштары улуттук идеологияны жарык кылып алганы менен, ал улам түгөнүп бара жаткансыйт. Улам жаңылап тутандырылганы деле бирде жардам берсе, кай бир убактарда алсыз болуп келет. Балким, бул багытта кылган иштерибиз туура эместей көрүнөт.

Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин деканы Лайли ҮКҮБАЕВА: – Биздин жаштар да азыр курч кырдаалдын алдында: “Улуттук менталитетти, салт-санааларды сактап жүрүшүбүз керекпи же дүйнө элдеринен калбай, четке ыктайбызбы, ыктаганда кайсы жактарын алуу кажет?” – деген эки ара жолдо туруп калды. Ушул себептен кай бир учурларда пикир келишпестиктер да келип чыгууда. Бул багытта жаштарды күнөөлөп болбойт. Тилекке каршы, Кыргызстан 20 жылдан ашык мезгилден бери эгемендүү мамлекет болгонуна карабай, өз улуттук идеологиябызды бүгүнкү күнгө чейин иштеп чыга элекпиз”, – дейт. Айтылган маселе учурдун көйгөйлүү маселеси экени талашсыз. Андыктан аларды кечигип болсо да жалпылап колго алып, ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жаткансыйт. Анткен менен бул айсбергдин башы сымал, аталган көйгөйдүн учу эле болуп, түп жагы козголбогон боюнча калып кетүүдө. Демек, бул багытта жалпы журт, өзгөчө жаштар “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иш алып баруусу кажет.

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”, 13.02.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий