Толкун Ади уулу. «Модель»

(аңгеме)

Жалгыз керебет коюлган жалгыз ооздуу тар бөлмөнүн ичинде, жаш сүрөтчү жылаңач кыздын сүрөтүн жан- ынтасы менен берилип сызып жатты. Куштун боосундай болгон көкүрөк таңгычы менен, көмүскө жерин көрсөтпөй жашырып туруучу эндейи эки ээли келген үч бурч ич кийиминен бөлөк эч нерсеси жок, сыйкырлуу да, ширин да болгон аялзатына таан өзгөчө кооз ички дене көрүнүшүн толугу менен ашкерлеп, көргөн кишинин көз майын жечүдөй болгон сулуу “модел кыз»”, бет маңдайындагы дан терип жеп жаткан кекиликтей мойнун сороңдотуп, колундагы жүн калемин түрдүү боёкторго тез-тез мала коюп сүрөт сызып жаткан жаш сүрөтчүнүн ички дүйнөсүндө кандай кубулуштардын болорун байкап- билүүгө кызыгып, бүт зээнин жыйнап, кирпик ирмебей кадалып олтурду.

Ал сүрөтчү жигит болсо эч нерсе менен иши жок, жалгыз ооздуу бөлмөнүн ичинде өзүнөн башка жат инсан жоктой сезилип, бет алдындагы жылаңач кыздын оттой ысык илебы ылебине келип тийсе да, тоготпочудай болуп, өз өнөрүнөн башка эчтекени ойлобой күчтүү төк чырактын нурунда сүттөй жаркырап моймолжуп турган “модел кыздын” эң бир назик жерлеринен бери калтырбай, алдындагы жарым кулач ак кагаздын бетине өз турпатындай түшүрүү менен алек болуп жатты.

Түн быир окум болуп, теребел тыптынч уйкуда. Кереметтей сыйкырлуу сезилген ушул бейпил түндө, тигил жалгыз ооздуу жатакананын ичинде сезим жагынан бири- бирине магниттей тартылып олтурган эки жаштын жалындуу жүрөктөрүндө кандай укмуш сезимдердин болуп жатканын адам баласы эмес, ал асманга батпай чатырап турган көктөгү жылдыздардын түшүнүп- билүүгө чамалары жетпегенсип, ансайын шынарлап көздөрүн жымыңдатышса, ал кай бир жылдыздардын такаты кетип, токтоно албай даркан талаанын бир четине тоголонуп түшүп жатты.

Жаш сүрөтчүнүн тигил жылаңач кыздын сүрөтүн сызышы ушул биринчи жолкусу эмес, илгери да сызган. Ар экөөнүн тең ойноо- тентек бала кези, ал тигил сулуу кыздын мындай жылаңач туркунда, дагы келип экы эле кадам маңдайында модел болуп туруп бериши жаш сүрөтчүнүн уктаса түшүнө да кирчү иш эмес эле. Байкуш жигит сулуу кызга сыртынан карап ашык болуп, жакындап барууга далалат кыла албай, алыстан туруп көз таштап, эч кимге билиндирбей, балалык сүйүү сезими менен алгачкы жолу колуна калем кармап, жанындай көрүп жактырып сызып чыккан сүрөтүн кармаган колу калтырап араңдан- зорго көрсөтсө, тигил сулуу кыз жактырмак түгүл каарданып, кайта кайрылып анын бетине ыргыткан күнү бүгүнкүдөй эсинде…

— Асылнур!…- деп мукактанат бир күнү кечки үйрөнүү мезгилинде Алымкул жанында олтурган сабакташын жеңинен тартып,- сага бир нерсени көрсөтөм жактырасыңбы?!

Толук ортого келип бир класста окуп жүргөн, үч жылдан бери карай Алымкулдун алгачкы жолу тиш жарып, Асылнурга тике сөз кылышы ушул болчу.

— Жактырбагандачы, көрсөтчү кана, эмне ал?- деди Асылнур дагы ойлонуп турбай эле тез жооп кайтарып.

Ал чактарда Асылнурдун тулку бою толукшуп, кудум маралдын маркасындай сүйкүмдү да, кырсыз көрүнүп, көрүнгөн жандын сугун түшүрүп жүргөн чагы. Үч жыл барышында классындагы балдарга гана эмес, бүт мектептеги менменсиген жигиттердин кыйласы Асылнурга сөз таштап, “өмүрлүк” болууга ант беришип, оттой ысык сезим менен жазылган сүйүү каттарынан эченди айдатышкан. А бирок, Асылнур эч кимге макулдугун ачык билдирген эмес. Ал өзүнүн жалындап турган жаш жүрөгүн жалгыз эле бир кишинин бийлигине тапшырып берүүгө кыйбай, сулуулугуна дагы да көп жигиттерди суктандыргысы келип, кудум кутурган кулундай болуп ойнокшуп, ансайын жасанып, таранып, өзүнүн сулуулугуна өзү кумарланып, тастаңдап жүрө берүүчү. Тек класс боюнча ушул Алымкул гана ага эч кандай сөз кылчу эмес. Сулуулукту сүйбөйбү, же сүйүүгө болгон сезими ошондой мокок бүткөн жанбы, айтор, Асылнур Алымкулдун үйрөнүү жагынан канча жакшы болгону менен тигиндей курушкан кебетесин анча жактырчу эмес. “Сезимсиз мерез” деп ич- ичинен жек көрүчү. Эми көрсөң, “тулумдан токмок чыккандай” эле, бул “мөөрөбөстүн” да тили кепке келип калыптыр. Мүмкүн, чоң сыноодо жардамы тийип калар деп класс жетекчисинен өтүнүп жүрүп, муну менен бир партада олтуруп койсо, өзүн ким деп ойлоп калгандыр?…

— Ээ, көрсөтпөйсүңбү?- деп жекирди Асылнур, айтар сөзүн айтып алып, кайта арсарланып туруп калган Алымкулду шаштырып.

— Эмесе көрсөттүм ээ!, -ошондо Алымкул бир байрак ак кагаздын бетине кара калем менен чиймелеп сызылган бирөөнүн баш сүрөтүн экы колдоп кармап Асылнурга көрсөтүп калды,

— Айтчы, бул ким?- деди, анын кагазды кармаган колдору калтырап.

Көрсө, кагаздагы сүрөт бир караган кишиге бир кыздын баш сүрөтү экен деген гана таасирди берет, башка эч кандай өзгөчөлүгү жок. Кагаздагы сүрөттү эч кимге окшото албаган Асылнур, Алымкулдун бир топко чеин онтолоп жүрүп араң көрсөткөн немесин кудум башталгыч мектептин өспүрүм балдары сызып ойногон ойунчугуна окшотуп, өзүн токтото албай ич- ичинен боору эзиле күлдү кытыклыктап. Анан бир чакта өзүн күлкүдөн зорго токтотуп:

— Эмне бул?- деп сурады Алымкулдан.

— Кыздын сүрөтү…

— Кандай кызың бул?

— Дүйнөдөгү эң сулуу кыз!

— Сулуу кыз имиш дагы… айтчы кана, кайсыл сулуу кызың бу?

Ошондо, Алымкул бир саамга эмне дээрин билбей калтаарып, анан бүткөн денеси дүркүрөп, каны бетине тээп оттой ысып кызарып, эң бир толкундаган сезим менен :

— Сенсиң, Асылнур!… Бул сенин сүрөтүң.- деди сүйлөгөн доошу титиреп.

Ошо сөздү укканда, капылеттен Асылнурдун айдай ачылуу турган кабагы заматта бүркөлө түштү. Ал кайтадан үңүлүп сүрөткө карады : эки саамай ылдый көкүрөгүнө чеин чубалып түшкөн чачтары кудум топоздун куйругундай болуп барпайып, анан кара калем менен каймааны сызып ойногон өң- түсү эң эле көрүмсүз, адамдын көөнүн айнытат… ушул түрү серт көрүнгөн жаман чыйме сүрөттү кантип анан Асылнурдун айды уялткыдай сулуу келбетине салыштырганга болсун?…

— Эй,жаман, кантип уялбай ушул балжыраган серт сүрөтүңдү мага окшотуп жатасың, ыя? Ачууга буулуккан Асылнур, Алымкулдун колундагы сүрөттү жулуп алды да, бурдап- бурдап туруп кайта анын бетине урду.

“Өлдүм…” деди Алымкул ичинде, “сүрөттү жакшы сыза албапмын, күнөө өзүмдө, күнөө өзүмдө…” деп, кайта- кайта өзүн- өзү жемелеп жатты байкуш жигит ошондо.

Жалгыз ооздуу жатакананын кызыл парда тартылган терезесинен сыртка тепчип чыгып турган бүдөмүк кызгымтыл шоола, чылгый караңгы түн койнунда кишиге ажайыптай сырдуу сезилет. Ал бөлмөнүн ичинде болсо күчтүү төк чырактын нурунда сүттөй жаркыраган Асылнурдун аппак денеси кудум жүзүм жесе ичинде көгөрүп көрүнчүдөй болуп, хрусталдай сүзүлөт. Асылнур орундуктун үстүндө бир бутун дагы бир бутуна учкаштырган калбында, экы кадам алыстан Алымкулга тешиле карап, анын эркектик сезиминин өзүнүн ээ- жайына койбой кутуруп чыгарын төрт көзү менен күтүп, сулуулуктун чексиз кудуретине ич-чинен ишенип олтурду.

Бирде модел болуп олтурган сылнурга, бирде бүтөйүн деп калган сүрөткө кезек- кезек көз таштап олтурган Алымкул бир убакта кыймылдан токтоп, Асылнурга селейип карап калды. Көрсө, Асылнур баятадаңкыдай бутун бутуна учкаштырып, кирпик какпай кадалып олтурган калыбын бузуп, көкүрөгүндөгү куштун боосундай болгон алиги анчейин таңгычыгын да чечип тигиндейрек таштап койуптур, эми анын жебедей тартылган каштарынын алдындагы садак сымал кирпиктери мезгил- мезгил менен кагылып, карегинен балбылдап жанган көз нуру, анын тырсыйган көкүрөгүнүн чыландын уругундай болуп бозоргон топчусунан атылып чыккан магнит нуру менен кошулуп, Алымкулдун караган сайын карегин талытып, жүрөгүн дал кылып турду. Ошол күндөн ушул күнгө чейинки аралыктан беш жыл өтүп, Алымкулдун Асылнурга болгон сүйүүсүндө эч кандай өзгөрүү болбой, күн өткөн сайын күчөп барган болсо дагы, ошол кыска гана беш жыл барышында (мүмкүн илгерки чактарда да) Асылнурдун сүйүүгө, сулуулукка болгон таанымы кандай экендигин, кандай өзгөрүүлөр болгондугун Алымкул эч кандай түшүнбөйт болчу. Ал өзүндөгү нукура сүйүү сезими менен гана Асылнурду эч нерсеге теңебей сүйүп келген, ошол тунук сүйүүгө жетүүнү күндүр-түндүр армандап жүргөн болчу.

Алымкул Асылнурдун тигил кыймылына анчейин деле көөн бурган жок, бир эле карап койду да, кайрадан өзүнүн жумушуна оролуп кетти.

Толук ортону бүтүрүп, Алымкул менен Асылнур экөө тең жогору окууга өтүп кеткенден кийин, эч качан жолугушкан эмес. А, бирок ошол беш жыл барышында Алымкул Асылнурду быр мүнөт да эсинен чыгара алган жок. Асылнур жаратпаган алиги сүрөттү сызып уятка калгандан кийин, Алымкулдун сезими сууп калбастан ансайын алоолонуп, кандай гана болбосун күндөрдүн биринде өзүнүн сүйгөн кызы жактыргыдай сүрөттү акыры сызып чыгарына ишенип, улуу ишеним үчүн өзүн бардыгын арнаган болчу. Ал өзү талап кылгандай жогору окуу жайдын сүрөтчүлүк кесибине тандалды, ошол күндөн улам Алымкул Асылнурдун сүрөтүн өңүндө да сызды, түшүндө да сызды, кагазга да сызды, жүрөгүнө да сызды…

Ал беш жылдык окуусун жеңиш менен бүтүрүп, өзүнүн эне мектебине кайта оролуп келгенде, анан Асылнур менен экинчи жолу бет көрүштү. Укмуштай болуп, тагдыр ал экөөнү дагы бир кызматташ кылып койгонун карачы!, Асылнур дагы ошол сынынан кетпей сулуулашып, кулпуруп чыгыптыр, ал илгеркисинен дагы да көтөрүлүп, анча-мынча адамды көзгө ылээр түрү жок, бир эле өзгөрүү Алымкулдун кесиптик жагынан зор жеңишке жетип, коомдогу ордунун, кишилер арасындагы урматынын өскөнүнөнбү же кандай?, айтор, Асылнур мурдагыдай эмес, башкача бир сезим менен Алымкулга көз таштап калыптыр.

Алымкул кызматка чыгып узабай эле, мурдагы студент кездеринде сызып бүткөн кооз сүрөттөрүн жыйнап, бүт шаар боюнча өзүнүн тандалган сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн ачты. Кийинки күндөрдө анын коомдогу таасири кыйла күчөп, зоболосу көтөрүлүп, элдин оозуна алынып калган. ошол күндөрдө дагы Асылнурга болгон сүйүүсүн ачык ашкерлеген эмес, акыры Асылнур өзү акмалап келип, анын жабылуу каалгасын какты. Асылнурдун ошондогу делебе син козгогон бир гана нерсе- Алымкул өз эстемеси боюнча анын аябай кооздоп сызган көркөм сүрөтүн ошол күнкү көргөзмөсүнө катыштырган эле, өзгөчө ошол бир сүрөт көргөзмөнү көргөн көпчүлүктүн арасында чоң чуу козгоду. Кай бирөөлөр Алымкулдун өнөрүнө жогору баа беришип, Асылнурдун сулуулугуна тамшанышса, ал кай бирөөлөр : “Алымкул Асылнурду жашырын сүйүп жүрүптүр” деген сөздөрдү таратышты. Көргөзмөгө койулган ал сүрөттү Асылнур өзү да көргөн, ал Алымкулдун бул жолку өнөрүнө ичинен ыраазы болсо да, а бирок, өзүнүн бүткөн дене сулуулугун көз токтотуп көрбөгөн адамдын жүрөгүндө тигинчелик “сүйүү”нүн болоруна ишенип- ишенбей,шайтан кыздын көңүлүнө “кылт” деген бир ой түшүп, көп жылдардан бери өзүнүн сулуулугуна курулай ашык болуп, суктанып жүргөн Алымкулдун көздөрүн ансайын алаңдаткысы келип, анын ошончо оор басык согуп жаткан жүрөгүн бир чертып көрмөк болду.

Ошентип, бүгүн Асылнурдун жүрөгүн белгисиз бир күч бийлеп, өз ыраазычылыгы менен, өтүнүч катарында келип, Алымкулдун бир ооздуу тар бөлмөсүндө экөөнөн бөлөк инсан жок, укмуштай сезимдин күбөлүгүнөн өтүп жатышты. Сүйүү менен сулуулукка болгон эки түрдүү тааным, эки түрдүү сезим алардын кан тамырларында айрым-айрым кайнап, от болуп күйүп жатты…

Алымкул акыры сүрөттү сызып бүттү. Ал, дүйнөдөгү тек гана аялзатына таандык болгон сулулуктун барысын Асылнурдун жалгыз өзүнүн толугу менен тапкансып, сулуулуктун кызыгынан ошончолук үзүрлөнүп, өз колунан келген баяндоонун, сүрөттөөнүн ушунчалык кана болоруна ыраазы болуп, “мына көрчү” дегенсип, сызып бүткөн сүрөтүн Асылнурдун алдына түртүп койду да, өзү керебеттин үстүнө барып керилип жатып калды.

Кызык иш!, Асылнур кандайчадыр Алымкул сызып бүткөн сүрөткө каш кагып карап да койбостон ордунан туруп, акырын басып келип, Алымкул жаткан керебеттин бир кырына кынтайды аны ыктап.

Эреже боюнча Асылнур моделдиктен бошогон соң кыийим-кечегин кийиниши керек болчу, ал эмнеликтендир андай кылган жок, кийим-кечегин киймек түгүл алиги.

Мана эми, баятан бери сүрөт сызуунун кызыгына берилип кетип, эчтекени сезбеген Алымкулга, Асылнурдун гүл бурап турган кыздык жыты, денени ээритчүдөй болгон ысык деми таамай сезилип, кыздын түрсүлдөп соккон жүрөк доошу жакын эле жерден угулуп турду.

Асылнурдун эртеден берки кылыктарын кесиптик муралдын ичиндеги иш деп түшүнгөн болсо, эмы бул жоругун эмне деп жорушун билбей, Алымкулдун башы маң болуп, Асылнурдун аракетин бир түрдүү нормалсыздыктай сезип жатты.

— Мени чын сүйөсүңбү?- деди Асылнур оттой ысык эриндерин Алымкулдун кулагына тийгизе шыбырап.

— Буга сөз кетпейт…

— Качантан бери?

— Сенин жамалыңды көрүү мага насип болгондон бери!

— Өзүңдү эмнеге ашкерелебейсиң?- Асылнур акырын аракет кылып, Алымкулдун көйнөгөнүн түймөлөрүн чече баштады.

— Мезгилин күтүп жүрдүм.- Алымкул чечилген түймөлөрүн кайта түймөлөп койду.

Асылнур өзүн саал аркага тартып, Алымкулдун көздөрүнүн ичине тешиле карады да:

— Сендеги сезим ошончолук мококпу?- деди бир түрдүү кыярлык менен.

— Мендеги сезим эң кудуреттүү сезим…

— Ошондо, Асылнур эмнегедир каштарын керип, ууртунан билинер-билинбес жылмайып:

— Көптү көргөнмүн… сендеги эркектик сезимге ишенгим келбейт…-деди башын чайкап.

Ошол сөздү укканда Алымкулдун бүткөн бою чыйрыга түштүда, үн каткан жок.

— Ырас айтам, кантип эле ошентип кал?

Алымкул Асылнурдун сөзүн түк укпагансып, жооп кайтарбай, эмнеликтендир көздөрүн чың жумуп жатты.

Ошондо Асылнур эмнедендир бир нерседен нааразы болгонсуп, баятан берки алоолонгон сезиминен түк да жок, байкуш кыздын кызыган бою сууп, ордунан акырын суурулуп турду да, кийимдерин акырын кийине баштады. Алымкул дагы эле көздөрүн ача албай чың жумуп жатты, а бирок, анын көздөрү ич- ичинен умачтай ачылып, ойлогон сайын ой тереңине ошончо чөгүп, өзү бир өмүр сүйгөнгө арзыйт деп жүргөн кишисинде кенедей да сүйүү сезиминин жоктугунан катуу азаптанып, ичинен түгөшүп баратты. Бир далай жылдардан бери сүйүүдөн күткөн үмүтүнүн, эңсеген арманынын заматтын ичинде көбүккө айланып кетерине ишенгиси келбей, өзүн канча зорлосо да болбой, тигил кайырдап чыгып кетип бараткан сулуу кызды каржиликтен кармап калууга далалат кыла албай, жүрөгү үшүп калтырап жатты…

Таң сүзүлүп, ак шоокум шоола ааламды жарытып, жалгыз ооздуу бөлмөнүн ичиндеги лампучканын күчтүү нуру өзүнүн кубатын жоготуп, талаадан кирген табигый жарыктык үйдүн ичине тирүүлүк түс бере баштады.

Алымкул узактан- узак бир түш көрүп ойгонгонсуп, ордунан акырын турду да, көздөрүн ушалап, үйдүн ичин тегерете бир карап чыкты. Тигиндейректе кечиндеги өзү сызып бүткөн Асылнурдун жылаңач дегидей бой сүрөтү турат заңкайып. Сулуу кыздын сымбаттуу келбети өз баты түшүрүлүптүр ак кагазга. Сүрөттөгү сулууга караган Алымкулдун сезими ошондо да бир дүркүрөп, адам баласынын сулуулукка болгон сезиминин эч качан өлбөй тургандыгын далилдеп турду. Ары жактагы кургак орундуктун үстүндө көздөрүнөн сыйкырлуу шоола чачыратып, жалооруп карап олтурган алиги жылаңач “модел”дин жоктугунан эми Алымкул анчейин деле өкүнгөн жок…

1997-жыл Үрүмчү.

 

adiТолкун Ади уулунун башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

Толкун Ади уулу. «Модель»: 1 комментарий

Добавить комментарий