«Байчечекей – баатыр гүл…»

baychechekey

Кыргыз бөбөктөрүнүн «Байчечекей» аттуу журналына январда 38 жыл толду. Ушуга байланыштуу «Кутбилим» газетасынын кабарчысынын суроолоруна журналдын баш редактору, Кыргыз Эл акыны Токтосун САМУДИНОВ жооп берет.

Токтосун ага, бүгүн Кыргызстан тургай, бүткүл дүйнөлүк басма сөз каражаттарында сөз эркиндиги, айрыкча, басма сөз эркиндиги тууралуу кызыл чеке талаш-тартыштар, кайчы ой-пикирлер жүрүп турган кез. Сиз биринчи иретте, журналистсиз, адистик билимиӊиз да, жаштар газетасында он жылча эмгек эткениӊиз да басма сөз жагдайында объективдүү да, субъективдүү да ойлоруӊуздан бөлүшүүнү шарттайт деп айтаар элем.

— Кубат иним, бул жүйөөлүү суроо. Өзүӊ билесиӊ, биринчи санынан бери милдет-жүгүн аркалашып келаткан «Байчечекей» журналы да басма сөз каражатына кирет. Периодикалык – мезгилдүү басма сөздүн бир бутагы. Демек али да ал өз вазипасында. Совет доорунда басма сөз, радио, телевидение, китеп продукциялары жапырт цензурадан өтчү. Бир гана, мен билгени – райондук газеталар, анан «Байчечекей» журналы андай торко электен сырткары болучу. Бирок, баары бир Башкы редактордун ар тараптуу жоопкерчилигиндеги милдет эле да. Сөз башында өзүӊ козгогон бас-ма сөз эркиндиги бүгүн трансформацияланган абалга тушукканын байкап эле жүрөбүз. Анын бири – ээн ооздук, ички маданият менен ички цензуранын жоктугу. Бирок, муну күч менен ооздук-тоого да болбойт экен. Демократиялуу маданият, маданияттуу демократия дегенди калыптандыруу зарылчылыгы бар. Бул эреже-тартипке өзүӊ жетек-теген «Кутбилим» газетасынын ма-териалдарынын арип-тамгасы менен духу толук жооп берип келатканына ыраазылык билдирер элем. Албетте, бөбөктөрдү тарбиялоого чакырылган «Байчечекей» журналынын да бул багыттагы ролу аз эмес.

Эми, сөз оролуна шайкеш «Байчечекей» феноменине келсек. Мындан 18 жыл илгери Опера жана балет театрыбыздын чоӊ залында «Байчечекей – 20 жашта» деген балдар майрамы өтүп, мен ал кездеги Билим берүү министринин орун басары Куликова менен бирдикте бөбөктөр журналынын салтанаттуу юбилейин ысык куттуктаган элем. Бүгүн биздин газетабыз аркылуу 38 жылдыгын да куттуктоого туура келип отурат. Азыр колума алып отурган жаӊы сандагы дагы бир кубантар нерсе – анын 8 миӊдик нускасы. Муну редакциянын чыгармачылык да, эмгектик да ийгилигинин айкын күбөсү дээр элем.

— Муну биз – редакция кызматкерлери, республикабыздын бала бакча тарбиячыларынын жана башталгыч класс мугалимдеринин, албетте ата-энелердин демилгелүү аракеттеринин натыйжасы катары баалайбыз. Кичинекей окурмандарыбыздын интернет, телекөрсөтүүлөргө гана тургай, китеп, журнал окууга көбүрөөк дилгирлене баштаганынын бир белгиси деп түшүнөбүз.

Токтосун ага. Мен да билим берүү, таалим-тарбия сферасында көпжылдар бою эмгектенген адам катары айтсам, бүгүнкү окуучулар 15-20 жыл мурдагылардан көп жагынан айырмалуу экенин байкап келем. Ушундай шартта «Байчечекей» өз багытына коррекция жасай алдыбы?

— Абдан туура байкоо. Албетте, электрондук каражат куралдары бал-дар тургай, чоӊ кишилерди да аптык-тырып салды. Информациянын үйөр сели туш-туштан каптоодо. Асыресе, «Байчечекейдин» окуучуларынын каалоо-тилегин, самаганын орундатыш, көӊүлдөгүсүн табуу оӊой болбой калды. Акселарация процесси да бөбөктүн ой-жүгүртүүсүн өзгөрттү. Учурда логикалык татаал табышмактар, кроссворд, сканворд формаларына катылган оюн-дар, сырдуу жомоктор, тамашакөй, куудул-куунак ырлар алардын сабакты өздөштүрүүсүнө, интеллектуалдык жетилүүсүнө көбүрөөк жардамчы. Сүрөт, музыка искусствосуна байланышкан оюн-викториналарыбыздын да бөбөктүн эстетикалык табитин калыптандыруудагы мааниси аз эмес. Мекенчилдик, патриотизм декларативдүү түшүнүк боюнча калбай, конкреттүү аракеттерден көрүнүшү зарыл. Быйылкы 9-майда Улуу Жеӊишке 70 жыл толот. Редакция бул майрамга карата кичинекей окурмандарынан «Менин баатыр чоӊ атам» деген теманын алдында чакан баяндар жазып, «Байчечекейге» жөнөтүүлөрүн суран-ган. Согушка катышкан чоӊ аталарын, таяталарын ата-энесинен, билгендерден сурамжылап, кызыктуу жазылган баяндардын айрымдарын жарыяладык, дагы да күтүп жатабыз. Өткөндү билбей, азыркыны барктап-баалаш мүмкүн эмес. «Байчечекей» мындан көп жылдар эле илгери элибиздин көрүнүктүү адамдарына кайрылып, бала чагын эскерип берүүнү өтүнгөн. Аалы Токомбаевдин, Гапар Айтиев- дин, Өлмөскан Атабекованын сонун эскерүүлөрү «Мен силердей кезимде» деген теманын алдында жарык көргөн, учурда аларды кайталап жарыялап жатабыз. Бул таасирдүү ыкма улана бермекчи. Дагы бир маанилүү жаӊылык

– Сүйлөмө «Байчечекей». «Балдар китеп-журнал окубай баратышат. Аларга окугандан көрө көргөн, уккан кызыктуу» дешет. Ушундан улам журналдын ар санындагы жомоктор, ырлар, оюн-табышмактар, викториналар көркөм үн менен окулат. Буга, албетте интернет каражаттары жардамга келмекчи.

Кандай дейсиз, балдар, асыресе, кенже курактагылар мамлекет-тинкамкордугунда болушу керек, материалдык, моралдык жагдай жагынан, коргоо, таалим-тарбия багытында да…

— Сөзсүз. Бүгүн алар – балдар, эртеӊ – эл болот. Мекенинин, мамлекетинин тагдыр жүгүн моюндарына көтөрөт. Ошон үчүн бийликтегилер эртеӊкини, келечекти олуттуу ойлонушу керек. Кандай фильмдерди, кандай китеп-терди, кандай журналдарды окуганын элес албай, бүт түйшүктү жалаӊ гана ата-эненин моюнуна жүктөп, мадырая басып жүрүш — чыккынчылык. Анүстүнө бүгүн, жашырып не, көп ата-эне бала-чакасына карандай нан табуу далалатында калды. Алардын шарттарынын жоктугунан эӊ башкы нерсе – наристени мектепке даярдоо иши керине кетти. Статистикалык маалымат 600 миӊ баланын окутууга даярдалбай калга-нын жар салып отурат. Иштеп жаткан далай-далай бала бакчалар жеке адамдардын турак жайларына, офистерге, дүкөндөргө айланып кеткенин кандайча түшүнсөк болот?!

Ушундан улам «Байчечекейдин» 90-жылдардагы кыйын тагдыры эсиме түшүп отурат. Совет мезгилинде 85 миӊ нуска менен чыгып жаткан кыргыз бөбөктөрүнүн көркөм, кооз журналы ай санап мамлекеттик каржысынан ажырай берди. Чыӊгышевдин өкмөтүндөгүлөр бир күнү: «Силерге бөлүнчү каржы жок, килейген завод-фабрикалар жоюлуп жатканда «Байчечекей» эмне болуп кетиптир?!» деп опурулушту. Азыр ойлоп, төлгө кылам, ар нерсенин аты затына жараша коюлат окшойт. Рыноктун, тайкы түшүнүктөгүлөрдүн бороон-каа-рына кенедей журнал туруштук берип, өлбөй, житпей сакталып калды. Ошондо мындайча төрт сап ыр чыгарганбыз:

Байчечекей – баатыр гүл,
Бороонго да үшүбөйт.
Колдору шок чоӊдордон
Коркконунан титирейт.

Төлгөӊүз төп келиптир,Токтосун ага, сиз айткандай атына жараша заты бар «Байчечекей» 38 жыл тургай, дагы да узак жылдар көгөрүп-көктөй берсин дейбиз. Маегиӊизге ыракмат!

Кубат ЧЕКИРОВ, «Кутбилим», 13.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий