Керемет эмгек эмнеге бааланбады же көмүскөдө калган көркөм дүйнө!

kydyraliev

«Өмүр бизден бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!.»
Аалы Токомбаев (Балка)

1981-жылы Фрунзедеги Семен Афанасьевич Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайына тапшырып, ошол окуу жайдын жатаканасында жашап калдым. Кийинки жылы ал жатаканага Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев агай жатакана башчы (тарбиячы) болуп келди, бирок ал өзү дагы ошол жатакананын экинчи кабатындагы бир бөлмөдө үй-бүлөсү менен жашайт эле. Ал кезде окуу жайда иштеген үй-жайы жок бир катар мугалим-сүрөтчүлөр жатаканада жашашчу. Окуу жайды бүтүп кеткиче ал киши менен эриш-аркак жакын мамиледе болуп, ар кандай кеңештерин угуп, тарбия-таалимин тынбай алып жүрдүм. Агайдын өзүнүн жеке өнөрканасы дагы төртүнчү кабатта, ошол кабаттагы мен жашаган бөлмөнүн так маңдайында болчу. Ошол өнөркана аталган чакан 42-бөлмөсүндө күндөп-түндөп бош убактысынын баарын чыгармачылыгы менен алектенип өткөрөөр эле. Студенттик кеңештин мүчөсү болгондуктан кээ бир учурда өзүнө тийиштүү жумуштарынын баарын бизге тапшырып койчу дагы өнөрканасын ичинен бекитип алып күндөп-түндөп чыкпай иштей берчү. Далай ирет ошол бөлмөдө агайдын келечек пландары тууралуу, улуу Манас бабабызга болгон терең ишеничи менен таазимин угуп, басса да, турса да Манас бабабызды барктап, туу тутуп, оозунан түк түшүрбөй айтып жүргөнүн ошол окуу жайда жүргөнүмдө эле түшүнүп, баа берип, ичимден астейдил ыраазы болчумун. Кийин окууну бүткөндөн кийин да кез-кез жолугуп калганда төгүлүп-чачылып, бапылдаган баалуу кеңеш, акыл-насааттарын угуп жүрдүм. Баягыдай эле мүнөзү, сөзүнүн башында, ортосунда, аягында айтылуу Манас атанын ысымы менен башталып, Манас атанын ысымы менен бүткөргөнү, Манас бабабызды даңазалап, келечек жаш муундарыбыз үчүн калтыра турган керемет чыгарма жаратуу максаты бар экенин тажабай айта берээр эле.

Аттиң дебеске арга жок, ошондой улуу максатын ишке ашыруу үчүн белсенип киришип, ал гана эмес аны жарым-жартылай бүтүрүп да койгон. Бирок сүрөтчүнүн ошол эмгегин баалап, барктап, маани берип, түшүнүп, колдоого албай койушпадыбы кашайган шалаакы кыргыз чоңдору. Кыргыздын маданиятын, көөнөрбөс көркөм чыгармасын, руханий байлык боло турган табылгыс керемет баалуулуктарынан ныпым кабары жок кайдыгер, эсирип көпкөн аткаминээрлерибиздин айынан ошол керемет эмгеги өзүнүн өнөрканасында гана чаң басып кала берди сыяктанат.

Аз мурун «Көк Асаба» гезитине жарыя болгон чакан бир макаланын үзүндүсүн окуп калдым. Анда Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин энеси Гүлайым апанын айтканын Гүлсина Өмүрбекова деген эжеке мындай деп эскерип жазыптыр. «Жоомарт боюмда бар кез. Түшүмдө Жылуу булактын көзүндө отурган экемин. Жогору жактан топ атчандар көрүнүп калды. Мени көрүп, ылдыйлап түшүп келишти. Мен апкаарып, сүрдөп кеттим. Манас… Манас Аталар экен дегендей түшүнүк болду. Аттары да абдан чоң, туяктары эле кемегенин ордундай, өздөрү болсо абдан зор кишилер экен, нурунан көз уялат. «Балам, тилегиң кабыл болсун! Аман-эсен көз жарып ал, уулуңду жакшы бак, биз кайрылып келебиз» деп жүрүп кетишти. Андан кийин, ошол аталардын колдоосу, тилек, батасы менен Жоомартым жарык дүйнөгө келди» деп эскергени айтылыптыр. Бул кашкайган чындык болсо керек, себеби сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев ичи менен сырты, бүтүндөй жан дүйнөсү, жүрөгү Манас деп согуп, бабабыз Айкөл Манасты туу тутуп жашаган адам болчу.

2000-жылдардын башынан тартып Жоомарт агай менен болгон байланышым өзгөчө боло баштады. Ал кезде мен «Агым» гезитинде кабарчы болуп иштеп калгам. Ошол кездеги борбордук аянтта көпчүлүк элдин купулуна толбой, анча жага бербеген, ал эмес элдин кыжырын келтирип, ар түрдүү терс пикир жаратып жүргөн айтылуу «Эркиндик статуеткасы» (Канаттуу аял) туураалуу коомчулуктун каршы көз караштагы ой-пикирлерин топтоп, кошумча сунуштарды байма-бай айтып, гезит кеңсесине белгилүү маданият ишмерлеринин чогултуп, алардын катышуусундагы «Тегерек үстөлдөрдү» уйуштуруп, борбордук аянтта Манас атабыздын айкели туруш керек экендиги туураалуу көптөгөн иш чараларды өткөрө баштаган элем. Аныбыз анча майнап деле бербеди, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги андай аракетибизди угуп, көңүл бөлүп, аянтта турган ал аялды (коомчулукта ал статуэтканы ачык шылдыңдап «жумуртка баскан аял» деп атап калышкан) алып салууга эрктери жеткен жок, эрктери тургай тоготуп да койушпады, кымындай дагы аракет болгон эмес.

Ошондой күндөрдүн биринде ал учурдагы президент Аскар Акаев Кытайга расмий иш сапар менен барып калат. Аны котолоп коштогон жайнаган аткаминээрлердин арасына Жоомарт Кадыралиев да кошулуп барып калыптыр. Анда ал кыргыз сүрөтчүлөр кошуунун жетектеп турган. Ошондогу Жоомарт агайдын президент Акаев менен Кытайга барганын өзүнүн айтып бергени бойунча жазып алып, атайын макала кылып «Агымга» чыгарганым бар, бирок андагы айткандары азыр толук эсимде деле калбаптыр. Эсимдегиси ушул, Аскар Акаев баш болгон кыргыз делегациясын ошол мезгилдеги Кытай мамлекетинин жетекчиси Цзян Цзэминь бир кездеги атактуу Тан Империясына (618-907) караштуу, анын борбору делип жүргөн Сиан шаарына алып барат. Дал ошол жердеги сегиз миң жоокерден турган Циндин Терракталык армиясы деп аталган шумдуктай Музейди көрүшөт. Мындай кереметти көрүп оозун ачкан академик Аскар Акаев дароо эле Жоомарт Кадыралиевди өзүнө чакыртат. Сүрөтчү жанына келээри менен Кытай башчысынын көзүнчө «Жоомарт Асаналиевич, сиз качан кыргыздарга ушундай керемет чыгарма тартуулайсыз, тагыраагы Манас атабызды кырк чоросу менен кошуп качан момундай монументалдык тарыхый-архитектуралык эстелигин борборго тургусасыз?» деген күтүүсүз суроосун узатат. Эл башчысынын өз оозунан мындайды эч күтпөгөн сүрөтчү дал ошол жерден эле оң колун жүрөгүнө койуп туруп «буйурса мекенибизге, Бишкек шаарына жетээрим менен ушул улуу ишти баштайм, мүмкүн болушунча тез аралыкта бүтүрүп, эскизин сизге көрсөтүүгө убада берем Аскар Акаевич» дейт. Түшкө кирбес мындай окуяны укканда ичимден өзүмчө кобурап, ант берип жибердим деген эле. Кытайдан келээри менен Кыргыз сүрөтчүлөр кошуунунун милдетин башка адамга тапшырып берет дагы ажо Аскар Акаевдин айткан тапшырмасын аткарууга баш-оту менен киришет. Азыр агайдын ал өнөркасы эмне болду билбейм, ЦУМ дун сол тарабындагы көп кабат үйлөрдүн биринин эң үстүндө жайгашкан кыргыздын дагы бир мыкты чыкма таланттуу уулу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасы боло турган.

Ошол өнөрканасын Сүкөбүз көзү тирүү кезинде Жоомарт агайга белек катары берип кеткен экен. Мына дал ушул өнөрканада «Манас ордосу» деп аталган уникалдуу долбоор, тарыхый архитектуралык монументалдык эстеликтин эскизин жасап баштайт. Ал долбоор болжолу Бишкектин борбору болгон Ала-Тоо аянтына, тагыраагы азыркы тарых музей турган жерге жайгашмак. Жарым ай түрүндө жасалган музейдин имаратынын үстүнө кырка тизилген Манастын кырк чоросунун айкелдери жайгашып, чок ортосунда Манас баатырдын өзүнүн айкели жана жанында эң мыкты, ишеничтүү делген Алмамбет, Чубак баш болгон жети чоросунун айкелдери турмак. Аларды жандай жайгашкан сол тарабында куштун пири Алп кара куш, оң тарабында иттин пири Кумайыктын элестери түшүрүлмөк.

Сүрөтчүнүн айтымында Манастын кырк чоросунун айкелдерин азыркы кыргыздын мыкты чыкмарынын, түрдүү кесиптеги таланттарынын жана эл сыймыгына татыган уулдарынын образ-келбеттеринен эле алып жасалмак. Ал эмес ал жердеги Манастын ар бир чоросунун айкелин жасатууга кеткен чыгымды өлкөбүздүн ар бир районун бирден алып, каржылоого милдеттендирип койуу талабы да айтылып жүргөн. Көптөгөн аттуу-баштуу адамдар ошол ойду туура көрүп, колдоп жүрүшкөнүн уккан жайым бар. Негизинен чындап эле бардык жагынан алганда өтө уникалдуу, келечектүү, улут үчүн таасирлүү мыкты долбоор эле.

Музейдин оң тарабындагы каалгасы «Алтын дарбаза» деп аталып музейге келген көрүүчүлөр ошол оң тараптагы дарбаза аркылуу музейге кирип, шашпай таанышып жүрүп отурушуп сол тарабындагы «Күмүш дарбаза» деп аталган каалгадан чыгышмак. Музейге толугу менен Манас баатыр, манасчылар жана эпос тууралуу экспонаттар койулушу шартталмак. Кыскасы агайымдын безилдеп, кай жерде болбосун какшап жүргөн далай сөздөрүнүн көбү кашайып эсимден чыгап кетиптир, бирок «элим үчүн улуу эмгек жасайм» деп ак эткенден так этип, далбастап жүгүрүп жүргөн элеси, ак дилдүү аракети күнү бүгүн да көз алдымда, кадимкидей эсимде.

Эл үчүн жасала турган андай мыкты долбоорго ким кыянаттык кылды жана эмне тоскоолдук болду? Эмне болсун, баягы эле кара баскан кайдыгерлик, кыргыздын канында тынбай агып турган ичи тардык менен көралбастык. Долбоордун эскизи толук даяр болуп калганда сүрөтчү ажо Аскар Акаевге кирип, анын айткан тапшырмасы тууралуу өзүнө бир ооз да болсо жеткирип, далилдеп түшүндүрүп берсем деген тилеги таш каап, улам кийинкиге жылып, түпсүз тоскоолдуктарга туш боло берип, ажонун кабыл алуусуна кирбей калган. Андай мүмкүнчүлүктөн ошол маанилүү ишке түздөн-түз тиешеси бар ажонун айланасындагы арыжок бир үлкөн аткаминээрдин атайын эле бут тосуп койгонунан, ошонун азабынан ажого кире албай калганын өкүнүү менен кайра-кайра айтып жүрчү эле. Ошондой күндөрдүн биринде, үмүтү али да үзүлбөй жүргөндө Акаевдин бийлиги кокустан алмашып кетип, сүрөтчүгө тикелей тапшырма берип, мазар сыйактуу ыйык жерден берген анты, ошол антты аткарууга түздөн-түз тиешеси бар, өзүнүн бийик даражасы аркылуу жардамын берет деп ишенип жүргөн ажосу аз өтпөй өз эл-жеринен безип, орустарды беттеп, куйругун түйүп качып кете берди.

Ачыктап айтканда Акаев Кытайдан келгенден кийин ал айкелдер тууралуу тапшырмасын ошол кездеги КР мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимовго тапшырган экен. Дал ошол Осоке ортодо ар кандай болбогон шылтоолорду айтып, ойноп, сүрөтчүнүн Акаевге кирип жолугуусуна тымызын каршы болуп, киргизбей, жолуктурбай койгонун өз оозунан далай эле уккам. Менимче мындай маалыматты сүрөтчүнүн өзүнүн айланасындагы кесиптештери, жакын санаалаштырынын көбү билет. Менмен деген маданият, адабият, коомдук ишмерлер, бийликтеги аттуу-баштуу үлкөн адамдардын далайы атайын барып долбоордун эскизин тамшануу менен көрүп, кызыгып, жакшы баа берип, жактырып, “колдон келген жардамыбызды беребиз” деп кеткендерине мен деле көп күбө болуп жүрдүм. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, бири дагы анын артынан түшүп, сөзүнө туруп, айткандарын аткарышкан дагы, аракет кылышкан дагы жок. Ооз учунан эле опулдап сүйлөп, күйүмүш болуп күпүлдөп койушканы менен эртеси эле эстерине «жара» чыга берип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетти. Мына, эми минтип кечээ жакында эле Манас атабыз үчүн кан-жанын берүүгө даярмын деп жашап жүргөн элинин чыныгы мекенчил уулу, дагы бир кайталангыс талант, сүрөткер агабыз Жоомарт Асаналиевич баарынан тажап, чарчап, чындыктын жок экенине толук ишенгендей кол шилтеп, жалган дүйнөнү чанып, чын дүйнөнү көздөй эртелеп кете берди. Эми анын күндөп-түндөп, жылдап уйку көрбөй жасап баштаган эмгегин, Манас тууралуу уникалдуу долбоорун ким улантмак эле, ошол турган жеринде чаң басып тура берип, акырындык менен андай табылга, долбоор таптакыр өчүп жок болот эмеспи.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Финляндия, Келсинки шары,
«Кыргыз Көчү», 13.02.2015.

Соц тармактар:

Добавить комментарий