Сулайман Рысбаев. “Оюнчуктун ичинде эмне бар”

(аңгеме)

Бир күнү уулум экөөбүз оюнчук дүкөнүнө кирип калдык. Уулум баарын бир сыйра карап чыкты да, бирөөнү тандады. Ал жыгач челегин кучактап сүйүнүп турган аюу эле. Баарынан кызыгы, жыгач челегинин боорунда «Мёд» деген жазуусу бар болчу.

— Ата,–деди Темирлан бери чыкканда, оюнчугун айланта карап. — Бул эмне деп жазылып турат?

— «Мёд» деп жазылып турат, — дедим. — «Мёд» деген эмне кыргызча, билбейсинби?

— Билем, бал деген сөз.

— Бал береби силерге бакчадан?..

— Ооба.

Үйгө келдик. Үйдө оюнчуктардын түрлөрү бар: капталында «Молоко», «Цемент», «Вода» деп жазылган желим машиналары бар. Бир күнү Темирлан үйдө  өзү калган. Мен эшик-эликте иш менен алек болуп
жүрдүм. Апасы кайсы бир жакка кеткен. Мен колум  тийбей жүрүп, эчак түштөнүү өткөнүн, уулумдун ачка болуп калганын эсимден чыгарып ийипмин. Тээ бир убакта үйгө кирсем, Темирлан текчеден бычакты алыптыр да «Молоко» деген машинаны, «Мёд» деген челекти жарып ойноп отуруптур.

— Ата, мени дүкөнчү эжеке алдап коюптур, — деди кирип барсам эле.

— Неге?.. Ай, аларды эмне жарып койгонсуң? Экинчи оюнчук алып бербейм сага, Тему, — десем:

— Ата, мунун ичинде сүтү жок, мунун ичинде балы жок турбайбы, — десе болобу.

Ошондо түшүндүм да, бырс күлдүм.

— А, сен бал кошуп сүт ичкиң келди беле?

— Ооба, кардым ачты.

Мен баламдын кардын ачырып койгонумду эми билдим. Ал ысык сүткө бал салып ичкенди жакшы көрчү эмес беле. Карасаң, оюнчуктун ичине сүт менен балды куюп койгонсуп….

Ай, Темирлан, Темирлан…

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий