Бука ырчы

(Орто кылымдын адабий мурастарынан айрым маалыматтар)

Кыргыз эли табиятынан таланттуу келип, илгертен ырчы-жарчыларга, жамакчы жомокчуларга, акындарга, санжырачыларга жана сынчыларга абдан бай, бирок, учурунда элдин жазма-сызмасы болбогондуктан, андай инсандардын көпчүлүгүнүн ысымдары бизге жеткен жок. Көзү өткөн ошол ата-бабаларыбыз өздөрүнө чейинки илгертен калган көркөм сөз өнөрүн мурас тутуп, байытып, өнүктүрүп, өздөрүнүн артынан соолбос булак, сөз өнөрүнүн мурасын калтырып кеткенин тана албайбыз. Кайсы бир доордо өмүр сүрүп, анан улам мезгил өткөн сайын эл оозунда айтылып, анын аң-сезиминде сакталып калыш үчүн жөнөкөй эле катардагы карапайым адам болуу жетишсиз. Ал үчүн же мезгил күүсү менен бирге чертилген доордун улуу даражадагы тарыхый инсаны, же болбосо табиятынан талант даарыган чыгармачыл адам, кептин толук маанисинде, акылман-даанышман адам болуу керек. Демек, артыңдан эстелик болуп кала турган көөнөрбөс мурас калтырып кетишиң шарт.

Орто кылымдарда (балким, андан бир аз мурдараак) өмүр сүрүп, чыгармачылыгын ошол мезгилдин мерчеминде өнүктүрүп, бүгүн минтип, ысымдары тек гана уламышка айланып калган Бука ырчы, Ырамандын ырчы уулу, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жайсаң ырчы, Асан Кайгы өңдүү инсандар жогоруда биз айткан кыргыздын атам замандан бери куйрук улап келе жаткан таланттуу даанышмандарынын айрымдары гана. Алар биз үчүн өмүр бою үйрөнө турган адабий, маданий мурас калтырып кетишти. Ал мурасты үйрөнүү менен биз элдин өткөн турмушун: каада-салтын, үрп-адатын, жашоо мүнөзүн жана ойлоо психологиясын, эң негизгиси, улуттук эс тутумун жазбай үйрөнөбүз. Алар аркылуу качандыр бир мезгилдерде ата-бабаларыбыз менен эриш-аркак өмүр сүрүп, элде не бир акылман-даанышман инсандар жашаганын билип, урпактарыбызды урматтап, адам рухун баалай, кастарлай билүүгө дит байлайбыз. Ошондон улам, бүгүнкү турмуш-тиричилигибиздин, жашообуздун маңызын аңдап, эртеңки күнүбүздү, келечегибизди түптөйбүз.

Дегинкиси, бүгүнкү улут адабий мурасын, улут маданиятын туура аңдап, туура өздөштүрүү ишинде илгертен түптөлгөн эстутум (память), айрыкча улуттук эстутум (коомдук, улуттук аң-сезимдин формасы катары), анын функцияларын туура реконструкциялоо, пайдалануу – биринчи планда туруучу маселе. Даанышмандар дүйнөсүн аңтарып ачуу аркылуу жана классикалык адабий мураска жаңыча мамиле жасоо аркылуу гана улут маданиятынын келечегин түптөө мүмкүн экенин эмитен аңдаганыбыз туура.

Орто кылым адабий мурасын аңдоо, өздөштүрүү, интерпретациялоо, асыресе, улуттун көөнө мурасын, салтын, тарыхын өздөштүрүп алуу дегендик эмес, экинчи жагынан, учурдагы элдердин, улуттардын, маданияттардын интеграцияланышындагы ааламдашуу процессине ыкчам аралашуу мүмкүнчүлүгүн да жаратат. Жогоруда айтылгандай, орто кылымдан бери оозеки формада жашап, элдин аң-сезиминде адабий-маданий мурас катары муундан муунга кастарланып, эстафета сымал өткөрүлүп келген чыгармалардын айрым үлгүлөрүн Үмөт уулу Жайсаң, Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул ырчы, Бука ырчы, Жайсаң ырчы, Толубай сынчы, Асан Кайгы сыяктуу даанышман инсандарыбыз жаратышкан. Бу саам, асыресе, Бука ырчы жөнүндө алгачкы гана маалыматтарды берүүнү туура көрүп турабыз.

Ысымы уламышка айланган бул инсан жөнүндө адабиятчылардын (кеңири болбосо да) айрым изилдөөлөрү бар. Тилекке каршы, алардын баарында ырчынын аты Кетбука деп берилет, бул туура эмес. Орто кылымдарда өмүр сүргөн бул даанышман адамдын азан чакырып коюлган чын аты Бука эле. Эми Кетбука аты кайдан, эмнеликтен жаралып калды?

Бука ырчы найман уруусунан чыккан белгилүү инсан болгон, ал болжол менен XIII кьлымдын биринчи жарымында өмүр сүргөн. Так ошол мезгилдерде улуу каган, Монгол империясынын негиздөөчүсү Чыңгыз хан жашап өткөнүн окурмандар тарыхый маалыматтардан улам билишет, буга кеңири токтолуу зарыл эмес. Эл арасында ошондон бери айтылып келаткан уламыштарга ылайык, улуу баласы Жуучунун баш бербей баратканына ачууланган каган аны өлтүрүп келүүгө желдет жиберет да, кайра өкүнүп калат. Өлүм өкүмүн жандырган буйрук артынан баргыча, Жуучу өлүмгө буйрулуп кеткен болот. Тарыхый так маалыматтарга ылайык, ал жарыкчылык менен 1127-жылы кош айтышат. Ошондо каардуу ханга уулунун өлгөнүн угузууга эч ким даабайт. Бука ырчы табият талант тартуулаган чечен гана болбостон, эл бийлеген бий, чатак баскан (сөзү эки болбогон) даанышман да экен. Бул суук кабарды Бука ырчы угузат. Текстти окуп көрөлү:

Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айганым.
Туурунан бошонуп
Шумкар качты, Айганым.
Алтын така, күмүш мык
Дулдул качты, Айганым,
Алтын туур ордунан
Туйгун качты, Айганым.
Алтын ордо багынан
Көл бөксөрдү, Айганым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү, Айганым.
Ала-Тоо кулап бас болуп,
Бел бөксөрдү, Айганым,
Берекелүү нур чачкан,
Эл бөксөрдү, Айганым.
Төрөлөрдүн уругунан
Төл бөксөрдү, Айганым.
Кара жандан таптаттуу
Ынак көчтү, Айганым,
Касиеттүү башкача,
Чырак өчтү, Айганым.

Айганым деп Чыңгызханды айтып жатат. Айрым маалыматтарда, уламыш-санжыраларда ал Ай-хан деп айтылат. Ай шооласынан, нурдан бойго бүтүп, күнөөгө бата элек кыздан төрөлгөн деген мифологиялык түшүнүк бар. Тигинтип табышмактатып ырдап, эмнени айтып жатканын Ай-хан дароо эле туят, «тулпар качса карматпай, менин туйгунум өлгөн турбайбы, көнөктөп жамгыр төгүлсө, менин көзүмдүн жашы турбайбы» деп баласынын өлгөнүн түшүнөт. Сөзүнүн аягында суук кабар угузганы үчүн ырчыны жекирген жери бар:

«Кет, кет, Бука, кет Бука,
Кеби жаман, ит Бука.
Карап турган кашымда,
Көзүң курсун, ит Бука.
Комуз чертип ырдаган,
Ырың курсун, ит Бука».

Кыязы, ушундай саптардан кийин изилдөөчүлөр ырчынын атын Кетбука деп жаза башташса керек. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Бука ырчынын Айгандын баласынын өлгөнүн угузганы жөнүндө бир нече варианттагы материал бар. Ар биринде ар кандай айтылганына карабай, баарынын маңызы бир.

Ысымы уламышка айланган бул ырчы жөнүндө мындай уламыш-кептерден башка эл ичинде бир нече күүлөр да сакталып калган.

Али Турдугулов, Нарын мамлекеттик университетинин профессору,
Шоокум Журналы, 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий