Токтобек Үсөнов. “Жигит, эмнеге шайыр эмессиң?”

(повесть)

Пролог ордуна

Ушул катты окуурум менен эсим ооп, дабдырай түштүм. Чынымды айтсам, адегенде ишенген жокмун. Уялыңкы кыздай, көзгө тике карабай жер тиктеп, ошол эле учурда жылдыздуу дагы ошол жаш уландын башынан ушундай окуя өткөнүнө ишенбей турдум. Кимди күнөөлөрүмдү билбей, бир карасаң бар тарабы тегиз өңдөнгөн бул жашоодо эмнелер гана болуп жатканын ойлоп, жаным ачып кетти.

Кимди күнөөлөйм? Балдарынын, жаштарынын кандай жашап, кандай өсүп келатканына кайдыгер караган адамдардыбы, айлана-тегеректи, коомчулуктубу же балдардын өзүнбү?

Терезеден сыртты карайм. Эч нерсе болбогондой, эч нерсе билбегендей жашоо уланууда…

Тамеки күйгүздүм да, ары-бери капарсыз өтүп жаткан машинелерди, алеядагы адамдарды карап турдум. Көз алдыма – алиги улан. Башымдагы быкылдаган көп суроого бир илинчээк, жооп таап алуучудай, ал жигитке жолуккан ошол күндү кайра баштан көз алдымдан өткөрө баштадым.

Ошол күнү машинем бузулуп, жолдо тургам…

Майга тыгынчык болсун деп бир-эки киши салып алдым эле, алар да түшүп, башка машинелерге отуруп кетип калышты…

Журналисттин акчасы качан көп болмок эле. Эптеп кредитке алган жаман машинемди чукулап, жинденем. Ары карасам да, бери карасам да, кай жеринен кеткенин билбей башым ооруп, улам-улам тамеки түтөтөм. Жанымдан машинелер зуу-зуу этип, шылдың кылгандай баткак чачыратып өтүп кетип жатышат. Ансайын жаным кашаят.

Менден анча алыс эмес жерде турган орто бойлуу, кара тору жигитке көзүм урунду. Кыязы бул жерлик эмес окшойт, кийингени да башкача. Оюмда, жаңы эле аскерден келе жаткан жигит го деп койдум. Анткени, эки жагына чоочуркагандай карап, турушу да башка, комсоо эле.

Анан да бутундагы аскерлер кийчү берцасы, артына асынган таар сумкеси, башындагы өңү өчүп эскирген, бирок, таза жууп, какжырата сыгып кургатып кийип алган топусу аны өзү теңдүүлөрдөн өзгөчөлөнтүп турат.

Аскерден чыкканда эки жыл мурунку жашоо өзгөрүлүп, адамдар башкача кийинип, башкача болуп калат жашоо. Ошондуктан өзүн чоочун сезип жаткандай сезилди мага ал. “Армияда техниканы окутат эмеспи, балким билип жүрбөсүн? Эптеп машинем от алса, түнү менен болсо да кирип барсам болот эле. Кудайдан болуп, сапарлаш болуп калсак, андан бетер жакшы болмок. Кар да жаачуудай болуп келатат…” – ушинтип ойлоп, май болгон колумду чүпүрөк менен арчып жатып:

— Эй, жигит? – дедим.

“Менби?” — дегенсип эки жагын карап калды. Кол шилтедим. өзүнө ишенбегендей, чочулагандай басып келди.

— От албай жатат, буга түшүнүгүң жок беле?

Унчуккан жок. Жеңи менен мурдун аста сүртүп, топусун оңдой кийди да, капотту эңкейип карай баштады.

“Айылдык балдар жоош болот эмеспи, биротоло жүрөгүн өлтүрүшүптүр…” – баланын жалтаңдыгынан улам боорум ооруп койдум.

Анткен менен ары чукулап, бери чукулап атып, от алдырып салды. Сүйүнүп кеттим. Машинеге отура калып, газды басып алдым. Эми өчүрбөй ушул бойдон кирип барыш керек. Дыр-дыр этип машине какап-чакап от алып алды. Баары жайында экенин бир сыйра текшердим да, айнектен башым чыгарып:

— Кайда барасың? — дедим.

— Нарынга, — тартынчыктай айтты бала.

— Отур. Жигит деген кантип уялсын. Анын үстүнө

сендей аскерден келе жаткан жигит деген уялбайт. Кайра атырылып, шарт-шурт кетпейби, — дедим ал отургандан кийин.

“Аскерден” деген сөзүмө го, мыйыгынан жылмайып койду.

Антсе да, жигиттен кеп чыгабы деп, жолду катар ардеме, бирдемелерди сүйлөгөндөй болдум. Машине оңдогонду кайдан билерин сурап, өзүмдүн журналист экенимди, бош убактымда чыгарма жазарымды, бирок техника менен анчейин мамилем жок экенин айткам. Ал анда деле унчуккан жок. “Кайдан келатасың?” – десем унчукпай койду. Мага анын кайдан келе жатканы деле кызык эмес болчу, машинемдин от алганына кубанып, радионун кулагын бурап, кыңылдап ырдаган болуп келе бердим.

Түн оой Нарынга кирип бардык. Автовокзалга жеткенде:

— Токтоп коёсузбу? – деди. Чөнтөгүнөн акча алып

сунду. Анын унчукпаганына мен да көнө түшкөн окшойм, мен да эч нерсе дебедим. Тек гана:

— Тек кой. Аскерден келе жатам деп сүйлөшкөн

кызыңа гүл сатып бар, — дедим.

Ал кучактап отурган сумкесин ачып, мага андан дептер алып чыгып сунду. Кагаз, калемге жакын жаным жандана түштүм.

Бирок, анын эмне экенин сурагыча улан түшүп кетип калды…

Көртирлик менен алпурушуп жүрүп, чынымды айтсам, ал баланы унутуп да калыптырмын. Бүгүн кагаздардын арасынан ошол эски дептерди таап алып, окуп чыктым да, не кылаарымды билбей, минтип абдаарып калдым.

Ошондо бир-эки курдай жолдон: “Жаш туруп, эмнеге мынча түнтсүң, эмнеге шайыр эмессиң, жигит?” – деп тийиштик кылганымды эстеп, өзүмдү-өзүм күнөөлөдүм…

Колумдагы дептерде анын эмнеге шайыр эмес экендиги сулуу, ирээттүү тамгалар менен тизмектешип, минтип жазылып турган…

* * *

Чык… чык… чык…

Сааттын жебеси чыкылдап өткөн сайын жаным жай таппай, колу-бутумду, атүгүл ээгимди саал титирек басып, тордолгон айнек терезеден сыртты карайм. Башында ушул жерге келгенимде убакыт эртерээк өтүп, ылдамыраак бул жердин коркунучтуу, суз жашоосунан бат эле чыгып кетсем экен деп тиленчүмүн. Эмичи?.. Кечээки: “Чыгасың”, — дегенди уккандан бери кайра: “Убакыт өтпөсө экен”, — деп тилене баштадым.

Бул жерден чыгаарыма, эркин болоорума кубансам болмок, бирок: “Кайда барам, эл эмне дейт?” — деген ой жанымды жейт. Анан да, “боштондукка чыгасың” дегенди уккандан бери көкүрөк-көңүлүмдү таруудай бир нерсе өйкөп, абийрим жанымды жай алдырбай баштады. Анткени, татыктуу жаза албай калганымды сезип жатам…

Мен бул жерге келгенге чейин кандай болсо, биздин кичинекей шаар ошол бойдон турса керек.

Терезеге телмирем. Сыртта күн тийип турат. Андан ары бак-дарактар, андан дагы арыраак биздин тикенек дубал. Дубалдын сыртында зуулдап машинелер тынбай өтүүдө…

Айылда азыр Кытайдан каттаган чоң “Камаздар” адатынча кесүүдөн чоң тоюп алып шашпай түшүп келе жаткан уйлардай чубалжып, кызыл белден түшүп жатышкандыр?

Байкуш апам тирүү болгондо азыр сүйүнгөндөн балбаалап ыйлап атмак. Балким ал азыр көрүндө да ыйлап жаткандыр: “Араңдап тапкан жалгызым! Ырысым, бактым! Ушуну берген Теңириме рахмат! Жаман болсо деле мейли, иши кылып аман болсо экен! Тукуму уланса экен!..” – деп? Байкуш апам… а мен сага бакыт болбой эле, азап, кайгы болрумду болжодуң бекен?!

Токточу, балким, каргашалуу ошол күнү апам мени Кудайдан суранып, зарлап жүрүп тапканына, он ай омурткасы сыздап көтөрүп, төрөп-түшкөнүнө өкүнгөндүр?

Ооба, ошонун эле алдында апам: “Менин жалгыз тирөөчүм, керээзим менин!” — деп адатынча жалынып-жалбарып, оозку үйдө казан-аягын калдыратып жүргөн. А мен болсом, мурда күнкү кылган “кылыгыбыздан” коркуп, башыма апамдын чыптамасын жазданып, ооруп атам деп шылтоолоп жаткам. Апам байкуш улам чебеленип, балам кандай болуп калды экен деп кирип-чыгып карап коет. Ал кире калганда көзүмдү жумуп, онтомуш болуп калам. Чыгаары менен көздөрүм умачтай ачылат! “Таякемикинде болдум”, — деп бир сутка жоголуп жүрүп келгенимден бери ичсем кекиртегимден тамак өтпөй, калтырап коркуп жатам. Бир нерседен шек кылып, кандайдыр бир шумдукту сезген апам, мен кирип келгенде: “Эмне болду? Деги тынччылыкпы?!” — деп чочуп кеткен. Титиреген мени көрүп, мээсине шак эте калган ар кандай жаман ойлорду кубалап, ичинен күбүрөнүп, өзүн-өзү жемелеп, улам арча түтөтүп, мен кандай кыйналсам, так ошондой кыйналып жатты эле… Түнкүсүн башыма суу тегеретип, дубасын окуп, жамандыктан арачалап алчудай таң аткыча уктабай басып чыккан. Эмне экенин толук түшүнбөсө да, ошондо мен көргөн шумдукту эне жүрөгү сезип, а балким, ошондо эле менин бир балакеттин ичинен чыгып келгенимди билип алса керек. Ооба десең, кайсы эне эле өз чүрпөсүн жаман көрсүн. Канчалык канкор, мыкаачы болсо да, эне үчүн баласы күнөөсүз периште да.

Эшикте ит үрүп, апама бирөөлөр учурашып кирип келгендей болду. Ансыз да коркуп турган жаным башымды жууркандын астына ката койдум. Жууркандын ичинен кишилердин сөздөрү чала угулуп, бир кезде апамдын: “Эмне?! Эмне дейсиңер?! О, Кудай?! Мен ушуну сезгем, катыгүн! О, Кудай, эми эмне болот?!” – деген үнү Кудайга жетип, жашоомдон түңүлө түштүм. Апамдын: “Алдыңа кетейиндер, мен шордууну кууратпагыла, тийбегиле балама!” – деп жалынып-жалбарган сөөгүмдөн өтүп, жүлүнүмө жете түшүп атты. Коркконумдан ыйлап кирдим.

Аңгыча, тигилердин бирөөсү мен жаткан үйгө кире калды да: “Мында экен, келгиле!” – деп, кирип келишкендер карылуу колдор жуурканымды сыйрып ыргытышып, дегдеңдетип эшикке алып чыгышты. Эмнегедир ошондо кыйкырып: “Барбайм!” — деп жулунган жокмун. Тек гана: “Ооба, мага чала болду!” — дедим, атүгүл кылган айыбым үчүн жаза алаарыма чын дилден кубанып, жүрөгүмдө кандайдыр бир жеңилдик пайда болуп, жыргай түштүм. Эми мага баары бирдей, эмне жаза алсам да макул болуп, өлүмдөн да коркпой турдум. Болгону гана кошуналардын кармаганына ээ-жаа бербей жулунуп, суурулуп чыгып, мен түшкөн машинеден калбай чуркап, улам жыгылып, улам туруп, чачтары саксайып кеткен апамды гана аядым. “Кечир? Кечириңиз мени, апаке?! Бул атайын эмес, капысынан, ойдо жок жерден болуп кетпедиби, апа-а! Эмне болуп кеткенин өзүбүз да билбей калбадыкпы! Сиздин тилиңизди албай жүрүп..!” – деп зар какшап келаттым ичимден. Бирок, ал учурда менин кечирим сураганым, аяганым, бардыгын кеч түшүнүп өкүнгөнүм апама да, өзүмө да жардам бербейт эле, кереги да жок болчу эми анын! Анткени, кечигип калгам…

Ошондон кийин убактылуу кармоочу жайда, түгөнбөгөн сурактар болуп, арты-артынан сот өтүп жатты. Ким-кимиси жаш өспүрүмдүн ушундай ишке бараарына ишенгиси келбей, эптеп эле илинчек болсо жазасын азайтууга, атүгүл бошотууга аракет кылып жатышты.

Мага баарынан оор жаза — жолугууга келген апамдын бетин кароо болду. Жолукпай да коюп жаттым. Апамды көрүп боору ооруштубу, акыры жасоолдор мени күчкө салып алып чыгышчу болду.

Айласыз, апамдын алдында мүңкүрөп отурам. Менин абалымдын эки эсесин көтөрүп, байкуш апам ыргалып араң турат. Аз эле күндүн ичинде арыктап, этинен шылынып, сөөгү эле калыптыр каркайып. Акыркы жолукканыбызда да мени көрүп эле буркурап ыйлап ийип:

— Эмнеге балам?! Айтчы, эмнеге?! Эмнеге ушундай кылдың?! – деп жатты.

Көзүн карай албай жер тиктеп турдум.

— Мен сен деп эмне гана кылган жок элем. Эк, кокуй балам.

Тигилердин айтканын калп дечи?! Мен эмесмин дечи?! Эмне унчукпайсың, уулум?! – деп атты. Мен ушу тапта апамды бир карап алып, анын көздөрүндөгү: “Балам, бул мен эмесмин деп айтчы? Кантип эле сен киши өлтүрө алмак элең? Ыя?..” – деген, менин ак экениме ишенгиси келип жалооруган үмүттүн учкундарын көрдүм. Акыры мен унчукпаган соң гана апам ыйлап, жер сүзүп жыгылды: “Кудай пендеме бербесин мындайды! өз баласынын киши өлтүргүч экенин эч бир эне укпасын!” — сөзүнүн аягын да онтоп, толук айта албай калды. “Үх-х!” — деди үшкүрүнө, үшкүрүк менен ичинде чок болуп күйүп жаткан күйүтүн сыртка чыгарып жаткандай сезилди мага.

Темир эшиктер ачылды да, убакыт бүттү дегендей эки коштоочу мени алып кирип кетишти. Апамдын: “Куураган балам ай!.. Шоруң катат го, балам ай-й!” — деп ыйлаганы угулду. Эч нерсе дей албадым.

Жок дегенде ошондо сооротуп койсом эмне?!.

Ошондон кийин апам мага келген жок… Андан ары күйүтүнө чыдай албаптыр… Туугандар чогулуп көөмп коюшуптур. Топурак сала алган жокмун. өзүмдү өлүк кишиден да жаман сезип жүрдүм. “Апамдын бу жалган жашоодон кете бергени, балким, аны адам көтөрө алгыс азаптан куткаргандыр?..” – дейм оюмда. Болбосо, кантет эле байкуш апам?! Алтыным апам!..

Көзүмө жаш толуп чыкты. А саат болсо өз калыбында убакыт санап жатат. Чык… чык… чык…

Апам канча айтып жаттаттыра албай койгон Куранды да бул жактан үйрөндүм. Оңдоно отуруп, Куран окуш үчүн топумду кийдим.

“Биссимилахир, рохманир рахиим.

Аузубиллахимина шайтоонир рожиим…”

Бата кылдым.

Жерде чөк түшүп, башымды жерден ала албай үңкүйүп отурам.

Көз алдымда ушул жерге чейин мени алып келген чыйыр жолум…

* * *

Тең ортосунан Нарын дайрасы экиге бөлүп турган, айланасын тоолор курчаган, бөтөнчө кооз шаар Нарын. Одур-будур тоолору бирине-бири уланып, биринен-бири бийиктеп, тээ алыста ак мөңгү баскан бийик чоку баарынын үстүнөн карап тургансыйт. Тээ өйдө жакта Эки-Нарын, андан ары Чырпыкты, Ардакты, Кең-Саз, Ажыдаар уюк, Эр алма, Жетим-Тоо деген, кышкысын жонун кар басып, жан чыдагыс суук болуп, жайкысын мелмилдеген салкын абасы, ажайып сулуулугу менен адамды куштар кылган жайлоолор, аска-зоолор бар. Андан ары киши жетпеген улуу тоолор уланып барып, Кытай чек арасына кирип кетет. Ошол чек арадан бери — биздин жер Кыргызстан. Анын ичинде Нарын облусу деп аталып, андан бери ылдыйлаганда кичинекей айыл кыштактар, райондор бар. Андан дагы төмөндөгөндө менин шаарым жайгашкан. Мына ушул шаар мен үчүн баарынан ыйык…

 

* * *

Ал күнү да адаттагыдай эле музыканын ыргагында бийлеп, берилип алып үй жыйнап жатсам, эшиктен:

— Нурбе-ек! — деген үн чыкты. Музыканы асталатып коюп сыртка чыктым. Кемел экен, балдар тамашалап “Кеша”

деп коебуз. Эшиктин алдында отуруптур.

— Кандай? Эмне кылып атасың? – деди.

— Э, баягы эле да, үй жыйнап аткам, — дедим жанына отуруп

жатып.

— Тигини эмне кылалы? – деди кабатырлангандай. — Май болду мына, эртең экиси, анан үчү болот. Эки эле күн калды төртүнө.

— Бүгүн биринчи майбы? – деп, адатымча мойнунан

кучактап, тамашаладым, — Майрамың менен анда, иштемчил брат.

— Ой, энең, кайдагы иштемчил, — кайра мага асылды.

Колунан шарт кутула калдым:

— Коё турчу, чын эле сүйлөшөлү. Эмне кылмай болдуң анан? Классташтарды чакырасыңбы? — андан ушинтип кутулбаса, ал абдан ажыкыс. Бир асылса айланы кетирет. Калп эле ойлонгон түр көрсөтүп токтой калдым.

— Мамамдан сурасам макул дегенсиди, — деди ал.

— “Дегенсиди” дебей эле сура да. Кыздар деле бар, эч

нерсе болбойт дебейсиңби.

— Ооба, антсем кайра ошол кыздардан шайтан чыгат деп

атпайбы. Эй, ал эч нерсе эмес, үйдү сурайм дечи бир күнгө, андан көрө акча топтолдубу?

Мен дагы тамашага чалдым:

— Ой, туулган күнүң болгондон кийин өзүң тоспойсуңбу, бизден акча сурабай. Столду жай, кыздарды чакыр, анан биз барабыз “делевой” болуп: “Оо, Кеша, туулган күнүң менен!” деп.

— Ики, муну кара. Силер эмне кыласыңар анда?

— Бизби? — сөөмөйүмдү чычайттым, — Биз деген кычырап кийинебиз да, барып кыздар менен бийлейбиз, ырдайбыз, жыргайбыз, анан кайтып кетебиз.

Тигил ыржактап күлүп, артымдан кубалап калды.

Чынында майдын төртү жөнүндө буга чейин жаман тамда далай жолу сүйлөшкөнбүз. Жаман там дегеним, көчөнүн четиндеги, союз учурунда салынып келатып токтоп калган үй. Мына ошол жерде дайыма кечинде жолугабыз. Кийинчерээк кыдырата отуруп алып тамекини буркуратканды үйрөнгөнбүз. Кимибиз биринчи баштадык, билбейм, бирибизге-бирибиз үлгү болуп атып, баарыбыз тең чеккен жагынан чемпион болуп кеттик. Бара-бара ага алымсынбай, башкасына да кызыга баштадык… Канча жолу ата-энебизге кармалып, уруш жеп, таяк жесек деле, көнгөн адат калбай, жашырынып алып “түтөй” беребиз. Бирок, аны эмнеге чегип жатканыбызды өзүбүз деле билбейбиз. Бирок, бир билгенибиз, ушундай убак баарыбызга жагат эле. Отуруп алып ыр ырдап, же бир чоң теманы ортого ачып алып сүйлөшмөй. Ар бирибиз тамекини чычайта үйлөп, деги эле өзүбүздү укмуш сезип…

Балким, шаарыбызда бизди алаксыта турган, кызыктара турган башка эч нерсенин жоктугунан болсо керек? Анан калса, а кезде барыбыздын ой-максатыбыз бирдей эле, эртерээк эле ушул жерден кетүү. Жаш кезде “жыргап” алышыбыз керек дейбиз. Болушунча кыздар менен жүрсөк, ичсек, чексек! Эч нерседен өзүбүздү чектебей!.. Жаштык деген ушул тура дейбиз. Алдыга умтула берсең, каалаган нерсеңдин баары ишке ашчудай, эч нерседен коркпой, күмөн санабай, жүрөгүң ээленип, каякадыр эле шаштырат…

* * *

Ошондо, биздин ушундай жаштыгыбыздан да башкача жашоо, башкача жаштык бар экенин кайдан билиптирбиз. Ооба, жыргап ойноп-күлүү, чардоо-ырдоо жаштыктын иши. Бирок, биздикиндей эмес. Чоң кишилер иче албаган аракты, конякты ичебиз, чоңдор угуп көрө электин баарын билебиз, атүгүл айрым нерселерди “байкап” да көргөнбүз.

Куру бекерчиликтин айынан, эсимде, биринчи жолу клей жыттаганыбыз. Каналдын жээгине барып алып, “Момент” деп аталган клейди алмак-салмак целофан баштыкка куюп алып жыттап түгөткөнбүз. Андайда, тишиңден баштап зыркырап чыккан доза бутуңа жеткенде, өзүңдү жоготосуң. Андан ары эмне кылганыңды билбейсиң. Ойгонсоң башка жерде жүрөсүң, кайра жыттайсың, кайра жоксуң, кайра дагы бир башка жерден ойгоносуң. Ошентип жыргайбыз. Клей түгөнүп, ойгонгондо эсибизде калган элестерди бири-бирибизге айтып берип кыткылыктайбыз: “Сен деген ташты жалап койдуң, а сен болсо жөрмөлөп калдың. А сен болсо таш менен бизди кубаладың!..” — деп кубанабыз.

А биздин мындай жашообуз менен чоңдордун иши жоктой. Иши кылып эле аман-эсен экенибизди эсепке алып, карааныбызды санап коюп, көртирликтери менен алектей баары…

Эмне дейм, эч нерседен кем эмес балалыгым…

* * *

Жумуштарды бүткөрүп коюп, үстүмдү кийдим да сыртка жөнөдүм.

— Ай, каякка? — деди ары жакта сериал көрүп жаткан апам баш көтөрүп.

— Ой, эшикке эле! – дедим оюмда: “Чоңойгонумду билбейт, кичинекей баладай кылып эле ушинте берет”, — деп таарына.

— Бат кел, темселебей!

— Ооба! – дедим эшикти “тарс” эттирип жаап жатып.

Эшикте жылдыздар жаңыдан чыга баштаган экен, айлана жым-жырт. Айдарым аба көңүлүмдү көтөрүп жиберди. Мелүүн жел өйдөдөн ылдый согуп, коюн-колтугума кирип, бир аз ичиркене да түштүм.

Көчөдө эч ким жок. Тамды көздөй жөнөдүм. Тамдын жанында кара челек бар эле, аны кошунабыз Арген байке алып келген. Балдар ошол жакта отурушуптур. Жете электе эле тамекинин жыты уруп, тааныш үндөр угула баштады.

— Кандайсыңар братцы?! — шаңдуу салам айттым.

— өлө сонун! – дешти жабыла. – Эмне кечигип,

келдиң?!

Айрыкча Жукунун үнү чарылдап чыкты. Өзүнүн аты Жумадил, кичинекейибизден Жуку деп жүрүп көнүп калганбыз. Ал да адатынча “олеки” деп тамашалай учурашты. Ортого кирип отурдум.

— Берчи, барбы? – тамеки алып күйгүзүп жатып сурадым, — Ии, эмне жаңылык, сүйлөштүңөрбү отуруш жөнүндө?

— Жанатан бери мобулар ырсактап атып жакшы сүйлөшпөй калдык. Келгиле, эми эркекче сүйлөшөлүчү, – оозун чормойто түкүрүп, Жанат сөзүн улады. – Баардыгыбыз он сегиз болот экенбиз, кыз-бала болуп. Столду кантип даярдайбыз? Майда-чүйдөсүн алсак, боорсокту мен апама жасатып чыгам.

— Аны коюп үйүңө батабызбы? Тыгылышып калбайбызбы?

Бийлегенде кандай болот? – деди Эгемберди тамекисин үйлөп жатып.

— Батабыз, – деди ишендире Кеша. — Андан көрө узун стол алып барышыбыз керек.

— Нурбектики бар да. Сурап чыгасың да, — Азамат сөзгө кошулуп, мага карады.

— Ээ, аны сурайм дечи, аны коюп, мамасын каякка кетиребиз?

— Чын эле мамамды кетириш керек, иши кылып силер баарын

Даярдасаңар, меники деле даяр.

— Анда баары эле даяр болгон турбайбы, эртең сабакка барганда ылдый жакты чакыралы, – дедим чоң ишти чечип жаткансып.

Класста ылдый жак, өйдө жак болуп деле бөлүнбөйбүз, бирок, өйдө жакта жашагандар өзүнчө бир топ, ылдый жакта жашагандар бир топ болуп жүрөбүз. Анан четки айылдагылар бар. Ылдый жактагылар өйдө жакка келсе биз сыйлайбыз, ал эми өйдө жактагылар ылдый жакка барса алар сыйлашат, бул адат бизге салт болуп калган. Деген менен, аларга айтпай көп отуруштарды жасап ийебиз, кээде билип калып таарынып калышат. Ошентип, кийинки кезек бизде – өйдө жактагыларда эле. Кешанын туулган күнүнө шылтоолоп, жанталашып атканыбыздын бир себеби ошол, тигилерди сыйлап, эркектик милдетибизден кутулушубуз керек.

Ошентип, ал күнү боло турган “отурушту” көпкө талкууладык.

Келсем, апам эбак уктаган экен, акырын кирип жатып алдым.

* * *

Эртеси классыбызды бүт чакырдык. Баары кубанып, сүйүнүп жатышты. Анткени, мындай отуруш айда, жылда бир келет эмеспи. Баарынын жүзүндө кубаныч. Кээ бир кыздар сыртынан күлүп, ичинен: “Иий, эми апам жиберсе экен,” — дешкенсийт. Кантсе да, айылда аз да болсо ыйман бар эмеспи. Кыздар ата-энелерден ыйбаа кылышат. Бирок алардын да кылаарга иши жок. Күндө эле коендой окшош күндөр. Андай тажатма жашоодон каны ысып, туйлап турган азоо аттай жаш дене бат эле тажайт. Бизди ушул тажатмадан ушундай отуруштар куткарат. Кээ бир чыдамсыз кыздар эч кимге билгизбей, башка нерсе менен алектенип кетишет. Жигит табышат. Бала кезде тунук сүйүү дегенди түшүнүшмөк беле, ар кандай сезимдердин баарын тең эле “сүйүп калдым” дей беришет. Бирок, күндө үйдөн качып чыгып, жөн эле жолуга берүүнүн да кызыгы кетет. Өбүшүүлөр башталат, андан ары да башка иштерге жол ачылат анан. Кыздар ишенчээк келишет (бир чети аларга деле кызык да), а балдарга эмне?.. Кайдан-жайдан бир күнү баягы баёо, байкуш кыздар өздөрү да байкабай калышат да, балдар үчүн сойку атка конушат. Тагдыры ошентип талкаланат… Аны адегенде өзү деле билбей, жыргал жашоо ушул турбайбы деп ыпыластыктын кумарлуу азгырыгына улам сорулуп бара берет…

* * *

Баардык даярдыктар бүтүп, отуруш болчу күн да келип жетти. Ойгонсом саат жети болуп калган экен, туруп чай ичип алып сабакка жөнөдүм.

Атайын биринчи болуп куттуктайын деп Кемелдин үйүн көздөй бастым. Барсам жымжырт. Уктап калган го деп:

— Кеме-ел! — деп кыйкырдым. Дагы эле жок, дагы кыйкырдым. Ичтен Гулира эженин үнү чыкты.

— Ай, ал бүгүн сабакка барбайт го, уктап жатат.

— Аа, жөн эле коюңуз анда. Саламатта калыңыз.

Бурулуп мектепке жөнөдүм.

Ал күнү мектепте чоң, кызуу талкуу болду. Кыздар кантип ата-энелеринен суранышаарына сары санаа болуп жатышты. А балдардын оюнда болсо башка: “Ким кайсыл кызды тартат (илет). Ким кайсыл кыз менен бийлейт? Кимге ким жагат? Ким кайсы кызды кантип “алдайт?” — деген сыяктуу суроолор талкууланды. Кээ бирлери чындап эле катуу ойлонуп алышкан. Антпесе, отурушта жалгыз калуу – эркектик намысына шек келтирет.

— Балдар, Гүланда меники, – деди аңгыча Эрмек адатынча шарактап.

Ал дайыма шаңдуу жүргөн, тың бала. Бирине-бирин келиштирип, көбүнчө суудан кургак чыгат. Акыркы күндөрү анын кадыр-баркы көтөрүлүп калган. Анан дагы ал биздин келишпес душмандар менен жакшы. Ошолорго таянат көбүнчө. Бирок, былтыркы кырсыктан кийин балдар баштагыдай болбой, бир топ эле жоошуп калышкан. Бир гана ушул Эрмек токтолбой койду.

— Сен өзүңдүн Арзыгүлүңчү? — каршылыгымды билгизбей

акырын айттым.

Эмнеге экенин билбейм, экөөбүздүн ичтен билинбеген, өзүбүзгө да түшүнүксүз тирешүүбүз бар. Сыртыбыздан күлгөн менен, ичибизде бири-бирибизге тымызын атаандаштык, айыгышкан мелдеш бардай.

— Албы? Ээ, ал башкача болуп баратат акыркы күндөрү. Көзүнө

көрүнүп коюш керек болуп атат.

Ал менин Гүландага болгон көз карашымды байкап жүрсө керек, сыягы, бу саам да мага атайын жасады окшобойбу.

— Анан эмне Гүланданы колдоноюн дейсиңби? — жиндей

түштүм.

— Нурбек, эмне болуп атасың?! Ал эмне, “девушкаңбы?!” Брат,

эркекпиз го..! – жинденип, тетирилей түштү дароо. Ырайы бузулуп кетти.

— Э, жигиттер! – Кылым колун көтөрдү: — Ойноп күлгүн

жашыңда, камабай аны капаска. Кызды сүйсөң онду сүй!

Тогузу турсун запаста… – деген экен улуу философтор. Силер эмне бир кыз үчүн чатакташып. Чоңойбодуңарбы…

Эки жагын каранып:

— Кана, кимге кыз керек? Таап берейин. Мен кыз болуп

берейинби, ыя?

Тамашага чалып кетти.

Балдар кыраан-каткырык салып жиберишти:

— Сөзүңө тур! – дешип.

— Мен кыз талашкан жокмун, кыз толтура дечи. Бирок адамды

колдонгон болбойт да, — дедим.

— Койчу Нурбек, качан болсо ушинтип эле акылдуусуна бересиң,

унчукпай койсо андан нары… – деди Эрмек колун шилтей.

Дагы бирдеме десем уруш чыгарчу түрү бар. Бирок акыркы сөзү куйкамды куруштурду. Ичтен кекенип: “Карап тур, Гүланданы мен тартып албасамбы!” — дедим оюмда.

Аңгыча Жанат:

— Акырынгылачы, эй! Куралдын атасы өтүп баратат! — деди.

Баарыбыз акырын болуп, дымып калдык.

Куралдын атасы өтүп баратып, биз жакты өкүнүч менен карагансыды. Дилинде биздин арабыздан баласын издеди окшойт. Же башка бир нерсени ойлоду бекен, айтор, умсунуп токтой калды да, кайра алда нени ойлой калгандай башын бир силкип алып, оор үшкүрүнүп алып өтүп кетти.

Ал узап кеткиче унчугушпай турдук…

“Баланын күйүтү оңойбу? Байкуш киши араң эле басып калды. Айла жок да, эгер Кудай маңдайга жазса, көтөрбөскө чарасы барбы?! Кечээ эле балдарга кошулуп ойноп жүргөн баласы минтип ажал таап отурса…” – апам аны көргөн сайын ушинтип кейип-кепчип калат.

Ансайын мен өзүмдү Куралдын атасынын алдында күнөөлүү сезе берем. Аны көргөн сайын жерге кирип кете жаздагым келет. А балдар болсо, Куралдын өмүрдөн эрте өтүп кеткенин ойлоруна да албагансыйт. Таң калам…

* * *

Балалыгым…

Ушуларды ойлоп туруп, балалыгымды аядым…

“Алхамду лиллахи роббил ааламин…” — жаттап алган дубамды ичимден кайталап окудум.

Саатты карадым. Чыгаарыма туптуура эки саат он мүнөт бар экен. Ойлоно бергендики го, башым ооруп чыкты. Ушундай оору тапкам, ойлонсом эле башым ооруйт. Канчадан бери жытым сиңип калган жаздыгымдын алдынан, аспирин алып чыгып катырата чайнадым. Жаздыгымды оңдоп койдум. Эми буга башка бирөө жатат. Кимди күтүп жатат болду экен жаздык? Дагы бир мага окшогон күнөөлүү келер? Ал да абал келгенде мага окшоп ушул жаздыкка далай жашын төгөөр. Далай жолу өкүнүп, ураар жаздыкты.

Бу жерге келгичекти, апам жууп каптап берген мамык жаздыкта жатып көнгөн жаным, сасыган бул жаздыкка жата албай кыйналып жүрдүм. Кийинчерээк андайым калып, а түгүл ушул жаздыкты жакшы көрүп, сүйлөшүп, кечинде жатканда аткара албай калган максаттарымды айтып берип ынак болуп калгам. А жаздык болсо, мен кетсем сөзсүз башка бирөө келип жатаарын билгендей капарсыз жатат.

Башымды коюп жата кеттим.

Шыпты карадым. Бул жакка келгенден бери мээмди жеген ойлорум кайрадан башталды. Өзүмдү жек көрүп жаттым.

Ой-санаам кайрадан артка чуркады.

Ооба, баары мен ойлогондон эрте башталыптыр. Ошол каргашалуу күнү эле баарыбыздын тагдырыбыз чечилиптир, чечиптирбиз көрсө. Ошол, бычакташып Куралды өлтүрүп алган күнү эле каргыш тийсе керек бизге?..

* * *

Анда биз тогузунчу классты окуп жаткан учурубуз болчу. Болгон ишибиз ушул, ким атаман болот, ким кыйын деген таймашуу. Биздин класс жана катарлаш окуган орус классынын ортосунда мектептин атамандыгы үчүн таймаш жүрчү дайыма. Тигилерден талапкер — Эрболот, бизден — Курал. Экөө көргөн жерден эзелки душмандарындай тикирейе тиктешет. Бир күнү тигилер кыйын болот, бир күнү биз. Колубуздан келбесе да, биз Куралдын арты менен жүрөбүз кыйын болуп.

Курал деги эле баладан, тактап айтканда баарыбыздан башкача бала болчу экен, эми ойлосом. Башка балдар атамандыкты жеке бир кызыкчылыктары үчүн талашса, Куралдын максаты такыр башкача болчу. Эмнегедир ал алсызыраак, бечара балдарга боору ооруп, жан тартып туруучу. Мектептеги балдардын бири ылдый, бири өйдө болуп, бири күчтүү, бири күчсүз, бири бардар, бири бечара болуп бөлүнүшүн каалоочу эмес. Баарынын ынтымактуу, тегиз болуусун жактырчу. Ошондуктан дайыма чоң класстын салык салган балдары менен бетме-бет келишип, жекеме-жекеге чыгууга туура келчү ага. Бир үйдүн жалгыз уулу экендиги үчүнбү, чоң кишидей акыл токтото билген, керек кезде шайыр боло алган, анан да бизчилеп тек жүрө бербей, сабактан кийин иштеп акча таап, ата-энесин баккан, арак ичпеген, тамеки тартпаган башкача бала эле…

Анын бул сапаттары башка атамандарга жакчу эмес.

Ошентип, ошол күнү алар Куралдан чындап өч алууну ойлоп, даярданышкан турбайбы…

Анда да кезектеги отурушка даярдануу үчүн биздин айылдын балдары жай-жайларыбызга тарап кеткенбиз. Так ошол маалда Курал каршылаш тарап менен жеке кезигип калат. Талашуу, такташуудан келип отуруп, уруш башталат. “Жүргүлө!” — дешип, көздөн далдоо жаман тамдардын бирине киришет да, айда мушташышат. Ошол мушташ учурунда Эрболот Куралды артынан саят. Куралдын денесинен атылган кан Эрболотттун тулку-боюн жууп жиберет.

Канды көрүп корккон балдардын баары “дыр” коюп качышат. Мектептин мугалимдери, тез жардам келгиче Курал эсин жоготот. Ошентип, үч күндөн кийин Куралды жерге бергенбиз.

Ошондон кийин мектептин ызы-чуусу бүтүндөй республикага дүң болгон. Ошондон кийин баарыбыздын желибиз чыгып, баягыдай көппөй, эссибизге келген сыяктанганбыз…

* * *

Куралдын кара жумуштан колдору туурулуп, бетин бырыш басып карарган, тыртайган арык атасын көргөн сайын боорум ооруп, каңырыгым түтөп кетчү.

Адамдар неге мынча таш боорбуз? Баардыгын өзүбүз жасап алабыз да, анын баарын кайра Кудайга шылтап жатып калабыз. А чынында Куралдын өлүмүнө ким күнөөлү? Аны ажалга ким тапшырды? Эрболотпу? Жок! Ал жалгыз эмес, мына биз, баарыбыз күнөөлүүбүз! А балким, ушунун баарын байкап, туюп, алдын албаган чоңдор, коомчулук да күнөөлүү болуп жүрбөсүн?!.

Айтор, чогулуп туруп, баарыбыз аны ажалга салып бердик! Атасын карып, апасын ботосун жоготуп боздогон төө кылбадыкпы. Алардын жалгыз таянаар тоосу, бел болоор чеби Курал эле да. Кантишет эми алар? Кандай күн көрүшөт? Тоосу урап, Тилектери талкаланбадыбы…

Ошондо топ-топко бөлүнүп, урушпай эле койсок болмок. Чынында чатагыбыз деле жок эле. Болгону, атамандык талашчубуз. Атамандык адамдын өмүрүнө тең боло алабы? Кулаган тоону тургузуп, үзүлгөн үмүттү улай алабы? Кана эми ошол атамандык?! Баары өтүп кетти. Эч нерсе болбогондой жашап жүрөбүз ырсактап күлүп. Мунун баары, көрсө, болбогон нерсе экенин ошондо неге сезбедик? Ошондо неге бычакташтык? Ошондо неге турмушту туура түшүндүрүп, жолду көрсөтүп берген бирөө-жарым чыкпады экен? Бир жалгыз Курал жанын курмандыкка чалды го, ошол үчүн?!

Жөн жерден ата-энени жалгыз баласынан ажыратып, бир үйдүн туусун түшүрдүк. Эрболот да жаш да, болбосо, адам өлтүрүү анын деле оюна келбесе керек.

Анын үстүнө, ошол кезде бычак көтөргөн бизде мода болуп кетпедиби беле!..

* * *

Сабактан кийин түз эле Кемелдикине бардым. Балдар стол даярдап, музыка коюп жатышыптыр. Отуруштун башы шаңдуу башталды. Түшкү чайды жалаң балдар отуруп ичтик. Сөз баягы эле кечки отуруш, кыздар жөнүндө болуп жатты.

— Нурбек, сен кимди тартканы калдың, Гүланданыбы? – деди Азамат жаңы бышкан боорсокту тиштеп жатып.

— Ооба, ошентейин деп аткам, бирок, смс жазсам келбейм деп жатат, — жооп бердим чайымды ууртап бүтүп.

— Качантан бери смс менен сүйлөшүп жатасың? – чулчуңдап дагы сурады.

— Бир жума болуп калды.

— А эмне, сүйлөшөйүн деп жатасыңбы же жөн элеби?

— Эми кандай десем, жөн деле эмес, жакты да.

Ары жактан Эгемберди:

— Нурбектики сүйүү дейсиңби, ал ушинте берет кыздарды. Бир күн сүйлөшөт, унутат анан, белгилүү иш да. Билесиңби, баягы орус кызды? Анда дагы ушул үйдө болчубуз, эсиңдеби?

— Иий артынан ээрчип, жабышкандабы? – Жуку коштоп койду. – Анда мен артынан жүрөм. Нурбек кой десем болбойт, мас. Тиги кыз качайын дейт кача албайт. “Помогите” деп коет, – деп туурай сүйлөдү.

Баарыбыз күлүп ийдик.

— Айтмакчы, балдар, мен Гүландага барып келе калайын, силер отуруп тургула, коноктор келгиче, – деп омийин жасап өйдө болдум.

— Токто, Темкеге да бара келели.

Жанат менен Эгемберди артыман турушту.

Гүланданын үйү айылдын чок ортосунда. Бат эле жетип бардык. Гүланда үйүнөн чыгып, бир жакка бараткан окшойт, бизди көрүп токтоп калды. “Бара бергиле силер,” — дедим тигилерге.

— Кандайсың? — жакын барып кол сунуп учураштым.

— Жакшы, – деди Гүланда аста, уялыңкы.

— Бир жака баратасыңбы? Отурушка баралыбы, ойлондуңбу? – дедим жалооругандай түр көрсөтүп.

— Сен мага таарынба, ээ? Чоң апамдардыкына барышым керек,- деди ал.

— Жок, мен таарынбайм дечи, бирок, Кемел атайы чакырып жатса, барып койсоң болмок.

— Бара албайм го. Сен эле менин атымдан куттуктап койчу.

Менин чыдамым кете түштү. Барбай калса эмне кылам деген

ой мээме тээп чыкты. Байкуш боло, суранып кирдим:

— Гүланда, ушинтпечи. Бир жолу класс менен чогуу отурсак, анан сен келбей койсоң болмок беле. Ойлонуп көрчү, — деп жалооруп жибердим.

Көпкө чейин каршы болуп, болбой атты. Мен бардык күчүм менен ишендирип, келүүсүн сурана бердим. Көптөн кийин гана ал макул болгонсуп муюй түштү.

— Мейли, эгерде тигил жактан эрте чыксам барып калам, – деди да коштошуп басып кетти.

Балдар Темкеникинен кайтып келип калышты. Экөө кудуңдап сүйүнүп алышыптыр. Жанат колундагы эки-үч тоголок ак дарыны көрсөттү.

— Көрдүңбү, Нурбек, бүгүн жыргайбыз.

— Бул эмне? – дедим кызыга.

— Булбу? Бул деген, — деди зым карагайды кучактай калып. –

Ырахат берчү нерсе! Мындан бирди каалаган кызыңа берип койсоң, кыз сеники болот. А түгүл өзү баштайт. Анан сен минтесиң, – деп зым карагайды кучактай, кудум кызды өөп жаткансып, өпкүлөй баштады.

Эгемберди экөөбүз каткырып жибердик. Тигил: “Мына, ушундай!” – дегенсип, мойнун койкоңдотуп койду.

— Кайдан алдыңар? — дедим дарыларды колума алып жатып.

— Темкенин байкеси Бишкектен ала келиптир. Бизге берип

койду. Мүмкүн кереги тийип калаар.

— Жинди болбогулачы, — дедим мен дагы күлүп.

Үйгө келсек коноктор (ылдый жактыктар) келе башташыптыр. Бирин-экин болуп келип атып баарыбыз бат эле чогулдук. Гүланда дагы келди. Ошентип, көптөн-көп эңсеген отурушубуз башталды. Аз-аздан тамашалар айтылып, үй ичи күлкүгө толгон. Жанаттын апасы жасаган боорсоктон кыздар бурдай сугунушуп, баарынын көңүлдөрү ачык. Шашпай чай ичилип бүткөндө күн батып калган. Балдар эшикке тамеки чеккени чыгышып, кыздар столду жыйнаштырышып, бийге даярданып калышты. Балдар жөн турмакпызбы, күн мурунтан алып даярдап койгон бөтөлкөлөр, арты-артынан бошой баштады. Үйгө баарыбыз күүлүү кирдик. Дүңкүлдөгөн чет элдик музыка кулак жарып, ичтегибиз ого бетер туйлатып, жыргап жаттык.

Ортого айлампа ачып, бирден кыз бирден бала болуп бийлеп, калгандары кырка тизилип, музыканын ыргагында бийлеп жатышты. Мына, жыргал деп ушуну айт! Мындан өткөн бейиш болоорбу?

Бир музыка бүтсө, экинчиси башталып, балдар кезек-кезек эшикке чыгып жанакынын калганынан согуп келе коюп жаттык. Кээ бири ыржаңдап мас боло да башташты. Мен өзүмдү-өзүм кармап, кызыганым болбосо, мас болгон жокмун. Топтон бөлүнүп, диванга отура кеттим. Гүланда дагы отуруптур.

— Маанай жакшыбы? Отуруш жагып жатабы?

Акырын сурап койдум.

— Ооба.

— Өкүнгөн жоксунбу? Апаңдар эмне дешти?

— Баары жакшы эле бирок, эртерээк кетиш керек. Апамдар шаарда, үйдө иним менен сиңдим эле калган.

— Камсанаба, азыр тамак бышса өзүм жеткирип коем.

Аңгыча жаңы музыка башталып, эки-экиден болуп бийлей башташты.

— Жүрү, бийлейбиз, — дедим колумду суна ийилип.

Үнсүз колун берди.

Экөөбүз кучакташып бийлей баштадык. Энрикенин жай музыкасы жаңырып, эки-экиден болуп кучакташкан жаштардын демине үп болуп ысып кетти бөлмө.

Ысыган алакандарыбыз бири-бирибизди кучактап, бетибизден аккан тер бири-бирибизге таамп жатты. Гүланда мойнума асылып, башын төшүмө жөлөп ыргак менен ыргалат. Мен өзүнчө башка дүйнөдө жүргөнсүдүм. Катуу кучактап төшүмө кысып алдым. Ушул мүнөттөрдө аалам экөөбүзгө баш ийгенсип сезилип турду. Ошол эле учурда экөөбүз бирдей белгисиз бир сезимге башыбызды ийип тургансыйбыз. Белгисиз сезим бизди бакытка бөлөп, алып-учуп бараткансыйт. Денебиз бөлмөдө калып, экөөбүз асманга учуп чыккансыдык. Жылдыздардан-жылдызга конуп, каалгып учуп бараттык. Терибиз бири-бирибизге сиңишип, тердеген алакандарыбыз чапталыша бир түгөй, бир жан болуп, жуурулуп жаттык.

Башыма биринчи келип жаткан ушул түшүнүксүз сезимге таазим этип, ичимден эч качан бүтпөсө, эч качан токтобосо экен деп тиленип жаттым. Гүланда дагы менин оюма кошулгансып, минтип түбөлүккө тура бергенге даяр экендигин бетимен назик сылап, билдирип жаткансыйт.

Ушундай элдир-делдир кумарлуу вальс бийин катары менен көп жолу бийледик. Кучакташып ажыраша албай жаттык. Ким билет, дагы канча турмакпыз, эгер бул иш болбогондо…

Артыман бирөө тарткансыганынан карасам, Эрмек экен. “Нурбек бери кел”, — деп көз ымдап койду. Ажырагым келбесе да, айласыз бөлүнүп артынан жүрдүм. Аркы бөлмөгө өттүк.

— Нурбек, жанатан бери Гүланда менен бийлеп атасың го, берчи мен бир бийлеп берейин, — деди сынагандай карап.

— А менчи?

— Эми, сен эс ала турчу кичине.

Ары жактан Кылым туруп келди да:

— Нурбек, бери кел, экөөбүз мобуну ичебиз, — деп теңселе, колундагы аракты көрсөттү.

— Эмне эле эгоисттенип атасың? Бас! – деп моюндан алып жөнөдү.

— Балдар, мен кеттим. Ойда бир тытып келейин.

Эрмек кубанып, чыгып кетти. Экөөбүз кучакташа, тенселе бастык. Кылым токтоло калды да:

— Жүрү, эшике эле чыгалычы, — деди. — Кенен отуруп тамеки чегип келеличи?

Макул болдум. Эки стакан, столдон салаттан бирди алдык да сыртка чыктык. Эшиги ачылып турган кепеден өтүп, бурчка отурдук.

— Эмне, Гүланданы Эрмектен кызганып атасыңбы? – деп койду жерге колундагы аракты коюп жатып.

— Жок, — дедим чочугансып, – эмнеге кызганмак элем? Ал эмне, сүйлөшкөн кызым беле?

Муну айтканым менен, ичимде негедир ыза болуп турдум. Нанын тарттырып ийип, бозоруп туруп калган баладай сезе бердим өзүмдү. Мындай далай жолу болбоду беле. Ал экөөбүз кыздар менен алмак-салмак бийлеп эле жүрчү элек го. Жиндидей болбой, эркек болоюнчу.

— Куйчу! – дедим кекээр аралаш.

— Ме.

Шак тартып жибердим.

— Эй, эмне алкашсыңбы? Коё турсаң, өлбөй. Тос сүйлөйбүзбү, же көчөдө калган алкаштай ичебизби?

Мен унчукпадым, күнөөлүүдөй. Оюм Гүландада болуп турду негедир. “Эмнеге?!” – деп өзүмө суроо берип жаттым. Аны менен турган жыйырма мүнөтүм мени бакыттын туу чокусуна алып барды го. Мен издеген бакыт кызда болот окшойт да! Карасаң, эми мектептен жолукканда: “Кандай?” – деп кол көтөрүп, же баш ийкешип жүргөн кара тору кыз, мынчалык бакыт берээрин ким ойлоптур?

Стакандарды кайра толтуруп, Кылым тос сүйлөй баштады. Ал ортодо Жуку келип кошулду.

— Балдар, — деди колун өйдө көтөрүп. — Карагылачы, Кудайдын

жаратканын. Эмне деген кооздук?! Карачы, майдын түнүн? Мемиреп, мээрим төккөн энедей. Чымчыктар сайрап салкын, саамайдан сыласа, жан эргийт. Мунун баарын мына биз үчүн жараткан. Жегиле балдарым, каалашынарча ойногула, күлгүлө деп берген. А биз антпейбиз. Мындай көңүл ачуу ай сайын, а түгүл күн сайын уюштурулуп турушу керек, керек болсо. А биз жүрөбүз “сабак” деп коюп. Сабак — ал ар дайым болчу нерсе. А мындай учур анда-санда гана келет, эгер ошондо да, келсе.

Кылым бизди алмак-салмак карады да, стаканды колуна алып дагы улантты:

— А бирок, азыр сөз бул жөнүндө эмес. Мына баарыбыз

чонойдук, туурабы?

Экөөбүз тең жарыша баш ийкегиледик.

— Ии, — деди ал коштоого эрдемсий түшүп. – Мына, биз азыр

бойго жетип, мектепти аяктаар алдында турабыз. Бизден баары үмүттөнүшөт. Келечек биздин колдо. Мына биз! – көкүрөгүн сая көрсөтүп. – Биз келечекти курабыз. Биз кандай болсок, келечек да ошондой болот, чынбы? Нурбек, сенден жалгыз апаң үмүттөнөт. Сен аны багышың керек. Жуку, сенин да апаң жалгыз. Меники го бар, ата-энем, туугандарым. Бирок, алар да менден чоң үмүткөр. Ушул уулум чоңойсо, элдин керегине жараган эр жигит болсо дешет. Убакыт деген учкан куш, он жылдан кийин эле өлкөбүздүн негизги күчү, акылы болуп калабыз. Биздин моюнубузга илинген милдет өтө жоопкерчиликтүү. Ошондуктан балдар, мен азыр ушул тосту, жаркын келечек үчүн, мына биз үчүн алып ичким келет. Анан дагы ата-энебизди сыйлайлы. Келгиле балдар алып ийели.

Колундагысын “шак” эткизип алып жиберди.

— Оо, сонун тост болду.

Жуку коштоп, мен да жадырай удаама алып ийдик.

— Уффуу, ачуулугун карачы.

Жуку топусун алып жыттады.

— Эчтеке эмес.

Кылым анын далысынан таптап:

— Эркек ушундай болуш керек, — деди.

Сөздөр ойду-тоону аралап, келечек жөнүндө болуп, арты-артынан стакандар бошой берди.

Көңүлүм ирээнжип, кускум келе баштады. Теңселе турдум да, үйгө жөнөдүм. Экөө мага көңүл бурушкан жок. Бабырап ар нерселер тууралуу талашып-тартышып, алда нелерди эле чечишип, чечилишип жатышты.

Үйгө кирсем баары бийлеп жатышыптыр. Түгөйсүз калгандар диван үстүндө тигилерди карап отурушат. Гүланда менен Эрмек көрүнбөйт. Аркы бөлмөгө өттүм да, бүк түштүм. Башым айланып, жер аңтарылып, кокомо келген муштумдай зилди тиштеп, тиштенип жаттым. Тигилер болсо Энрикенин жай музыкасына каалгып, бийлеп жатышты.

* * *

— Нурбек! Нурбек, тур дейм, — деген муздак кол мойнумдан алып тургуза баштады.

— Тур! Эй, тур!

Башымды жулкулдатып, ой-боюма койбой тарткылады. Турат экен, шаарда болчу.

— Омей, Нурбек, ушу кантип болсун? Мен атайын шаардан келсем, шашып! А силер кыздардын баарын кетирип коюп уктап жатасыңар. Бул чоң «косяк» балдарики! А мен атайын, — деп баштыгынан вино, арактарды шапылдатып столго кое баштады. – Мына, — кол менен жаңсай көрсөтүп. – Силер деп жүрсөм, мага кыз калтырбапсыңар да.

Курткасын ары чечип койду да жаныма келип:

— Кандай Нурбек, анан? Болбой калгансың го, — деди.

— Жакшы, өзүң кандай?

Кол берип учураштык.

— Кел отур. Эмне, кыздар кетишиптирби? – дедим таңк алып.

Кемел:

— Жана эле кетишкен.

— Мен анда көпкө уктаган турбаймынбы.

Көзүмдү ушалап өйдө турдум. Башым бир аз айланганы менен уктаганга кадимкидей оңолуп калыптырмын. Үй ичи чачылган, тамак жегенден калган чынылар, төгүлүп-чачылган бокалдар, нандар аралашып, стол үстү шакмарлаган. Балдар кыздарды узатып кетишип, үйдө мен, анан Кемел, жаңы келген Турат үчөөбүз калыптырбыз. Турат кейий берди:

— Эртерээк чыксам болмок экен. Ташбакадай жай айдаган шофер экен. Же болбосо бат эле кирип келмекпиз.

— Кейибечи досум, биз турабыз го.

— Туура айтасың, Кемел. Кел андан көрө үчөөбүз

«мальчишник» уюштуруп жиберели. Кел отургула.

Мени колдон тартып, Кемелди отургузуп, стакан, салаттарды жылыштырып даярдай калды. Стакандарга толтургандан кийин бирөөсүн өзү колуна ала коюп, бизге башын ийкеди да, алып жиберди.

— Үхү, укмуш го, ыя? – ачууркана колу менен оозун басып, салаттан сугунуп жутту да:

– Келгиле эми, — деп бизге да кармата калды.

Эшиктен Эрмек кирди.

— Оо, Турат! Ой, сен кайдан?

Босогодон эле кучак жая, тосо калды. Экөө кучакташып учурашкандан кийин, төртөөбүз тегеректешип отурдук. Эрмектин өңү бозоруп, бир нерсе болгон өңдүү. Сыртынан билгизбей күлгөнү менен ичинде сыр бардай.

— Эмне болду, сага? Арзыгүл менен уруштуңбу? Жана сени издеп атты эле, каякта жүрдүң?

— Жок эч нерсе болгон жок. Жөн эле, мындай эле… — какай түштү.

Кемел сурады:

— Гүланданы жеткирдиңби? Жана тамакка чакыралы деп

экөөңдү таппай койдук. Кайда жүрдүнөр? Тиги Арзыгүлүң байкуш ыйламсырап араң отурду.

— Э, ошону койчу.

— Ошону койчу дегениң эмне? Ал сени сүйөт байкуш. Сен

Гүланда менен бийлеп алганда, абдан жаман болду.

— Эчтеке болбойт, билсин ошо.

— Эрмек, антпесеңчи. Кыздардын сүйүүсү катуу болот,

каргышына калба.

Турат сөздү бузду:

— Эй, эмне ичебизби, же силердин арманыңарды угабызбы?

Стакандарды тизип, дагы куюштура баштады. Эрмек ойлонуп калды. Деги, Эрмек соо эмес, бир иш болгон окшойт. Сырттан Эгемберди кирип келди:

— Балдар Гүланданы көргөн жан барбы, биякта сиңдиси чалып

сурап жатат?

Баарыбыз Эрмекти карадык. Ал өзүнчө бушайман боло түштү. Ойноктогон көздөрү ирмелбей токтоп калды.

— Мен билбейм, эме… эметкенден кийин кетип калгам.

— Эмнеткенден кийин?! — баарыбыз таң кала сурадык.

— Эчтеке. Мен эчтеке кылган жокмун.

Өзүнөн-өзү актана баштады.

— Эрмек, жинди болуп атасыңбы? Жөн эле сурап жатабыз го, айтпайсыңбы! Эмнеттиң эле?

Баарыбыз тигиле карап, жооп күтүп калдык. Эгемберди эч нерсе түшүнө албай, бир колуна телефон кармаган боюнча катып калды. Кайра бир нерсе эсине түштүбү, өңү өзгөрө түштү да:

— Жинди! – деди жакындап келип, — Жанагыны бердиңби эмне?

Биз түшүнө албай: «Кайсыны?» — дедик таңыркай. Эрмек жалжылдай күлүп, бир чоң иш кылып койгонсуп, мактана:

— Кыз деген макоо болот деген чын турбайбы. Жана бийлеп атып: «Жүрбөйсүңбү, тигиндей барып келели» — десем, унчукпайт. Анан…

— Ток этээр жерин айтчы! — чыдай албай, жабыла кыйкырдык.

— Анан кыздын унчукпаганы макул дегени деп колдон тартсам кичине кыйчаштайт. Мунусу кылыктанганы деп кепеге алып кирдим.

— Эмне бердиңби, анан?

Эгемберди шаштыра сурады. Кемел оозун ачып, жаңыдан түшүнө баштаган бир мени, тигилерди карап аңкайды:

— Түшүндүргүлөчү. Эмнени эле “бердиңби, берген жоксуңбу?” деп атасыңар?

Экөө жооп күтө, оозубузду карашты. Эгемберди кейий түшүп, бирдеме издеген кишидей эки жагын каранып, кайра мага карап:

— Жанакычы, эмне эле? Жанаттагы дарычы, Темкенин байкесинен албадык беле?..

— Жинди! – дедим мен заарым көзүмө чыгып.

Кемел да эми түшүндү окшойт, ал да тигини күнөөлөр же күнөөлөбөсүн билбей тултуйду. Менин катуу ызам келип кетти. Такыр келишким келбей турдум. Ал ушунчалык жакшы кыз эмес беле! Мындай отурушка биринчи жолу келбеди беле. Болгондо да мен шайтандай болуп асылып атып, алып келбедим беле. Куураган шайтан жаным. Эми эмне болот байкуш?! Сабакты да жакшы окуйт. Классыбыздан             Гүланда, анан дагы эки кыз, кызыл аттестат менен бүтүшөт. Эч кимге жамандыгы жок, дайыма сыпайы күлүп жүргөн, уялыңкы назик жан да, ал бир. Эми минтип талкаланабы?! Жупуну кийинип, сабакка барып келгенден башка анын кандай күнөөсү бар эле, мындайга туш болгонго?!

Каңырыгым түтөп турду. Келтирбей, чакырбай койсом эмне?! Өкүнүп, аны аяп жатым. Өзүмдүн да ага көңүлүм бар экенин ошондо сездим. Деги турмуш, таш боорсуң. Адилет эмессиң. Качан болсо ак ниет алсыздардын жолун тосуп турасың. Канчалаган бузуку, жаман кыздар бар. Аларга эч нерсе болбойт да минтип бир жолу отурушка келген кыздын, тагдырын ушундай кылып өкчөйсүң. Ага мен да күнөөлүмүн. Ушундай асыл жан кантип тигиндей зөөкүргө кантип тебеленди?! Он гүлүнүн бир күлү ачыла элек кыздын тагдыры, келечеги эми эмне болот? Башымда миң сан ойлор тегеренип, бир заматта жинип кайнап, тигини жеп жуткум келип кетти. Бирок менин кандай акым бар эле. Аны коргочуудай мен ким элем ага? Жигити болсом көз тийгизбей сактайт элем го… Тигилер эмне болуп кеткенине ишене алышпай, бир чети ишенип, дале дел болуп турушту.

— Бердиңби, эмне болду анан, айтпайсыңбы! — үнүм башкача чайылдап чыкты.

Эрмек эми гана жаман иш кылганын билдиби, көздөрү чекчейип, күнөөнү өзүнөн жууга даяр боло чыйылдады:

— Балдар, эмне болуп атасыңар? Эгер ата-энеси билип калса өзү жабышты деп коебуз. Анан эмне болоор экен деп мен жөн эле берип койсом өзү, — ата-энесине даттанган баладай оозун түйрө улантты. – өзү эзилип, мага жабышып баштады. Анан мен дагы…

— Жинди! Келесоо! Көк мээ!

Кекээрденип, үнүм өзүмө таанылбай жатты:

— Акмак! Келесоо!

Колумду бетине кезеп кыйкырдым. Эрмек эки колун арбаңдата, кудум чабуулдан коргонуп жаткансып тура калды.

— Балдар менин эмне күнөөм бар? Өзү жабышпадыбы.

— Дары берсең жабышат да.

— Дарыны бул жакка мен алып келген жокмун.

Сөзүнүн аягына чыгарбай мойнунан карыштыра, дубалга такадым.

— Эмне, бизди күнөөлөгүң барбы?! Эмне дары экенин билбейм дебейсиңби анча болду!

— Чын эле билген эмесмин.

— Эш-шек!

Дубалга болгон күчүм менен кабыштырдым.

— Былжыраган акмак! Бирдеме болсо бизди күнөөгө коюп, өзүң суурулуп чыккың барбы?! Керек болсо, мен сени өзүм алып барам, алып барчу жерге.

Жакасынан сүйрөп, эшике тарта баштадым. Балдар ортого түшө калышты:

— Болдугула, балдар! – Эгемберди экөөбүздүн ортобузда турду, — Андан көрө аны таап, үйүнө алдап жеткирип коелу. Саат түнкү он эки болуптур. Үйүндөгүлөр азыр издеп чыгышса, ит болобуз.

Айласыз, ынана колумду бошоттум. Тиги жөтөлүп отура калды.

— Баскыла! — деди Кемел: — Ме, мобул жарыкты алгыла.

Жаңы эле келип, мындай окуяга кабылган Турат түшүнө албай бизди ээрчиди.

Эшик караңгы экен. Жанараак эле чыгып турган ай булутка жашыныптыр. Батыш жактан күн чартылдап, түрмөктөлгөн булуттар жылып келе жатат. Жан сергиткен майдын түнү бир заматта каардуу, муздак түнгө айланыптыр. Чыгыштан муздак шамал согуп, этектерди делбиретип, дүпүйгөн аткулактарды чайпап жатты. Айлана жым-жырт, анда санда гана алыстан иттердин авалап үргөн үндөрү угулат.

Фонариктерди күйгүзүп, Гүландалап издей баштадык.

— Гүланда!

— Гүланда-а!

— Коркпо, чыга бер! Биз эч кимге айтпайбыз.

— Сени үйүңдөгүлөр издеп жатышат, Гүланда!

Эч кандай жооп болбоду. Аң-дөңдү бүт кыдырып, дүпүйгөн бак-шактардын түптөрүн тинте баштадык. Эч жерде жок. Бешөөбүз беш жакка бөлүнүп, кыйкырып издеп жүрдүк. Айрыкча мен алапайымды таппай калдым. Болгон цемент-сүмөнттөрдүн ичтерин кыдырып, жүгүрүп издеп жүрөм. Жүрөгүм дүкүлдөйт. Бир топко чейин тинткенден кийин, артка кайттым. Артымдан Эгемберди келди күйүгүп.

— Таптыңбы?

— Жок. эч жерде жок.

Тигилер да жетип келишти.

— Барбы?

— Жок.

Эмне кылаарды билбей туруп калдык.

— Эрмек, каякта болдуңар эле?

— Кепеде… мен бүткөндөн кийин, кийинип кетип калган болчумун.

— Жана эле айтпайсыңбы, анан!

Бешөөбүз тең кепени көздөй чуркадык. Ичи кап-караңгы, көзгө сайса көрүнгүс.

— Кана?! Сен ал жакты тинт.

— Гүланда!

— Гүланда, суранабыз чыкчы, каяктасың?! – ыйламсырай суранып ийдим.

Бешөөбүз бурч-бурчтарды тинтип жаттык.

— Балдар, бери келгиле.

Эгембердинин корккон үнү чыкты. Жүгүрүп бардым.

— Гүланда, эмне болду сага? Гүланда, бул эмне кылганың? — чаңырып ийдим.

Солкулдаган ичке дене, тирөөчкө асылып туруптур. Кандай жеткенимди билбейм, жетип барып кучактай жыгылдым. Шашып-бушуп, жипти чечип ыргыттым.

– Балдар, биякка!

Гүланда «шалак» эте колума кулады. Денеси муздай баштаптыр.

— Гүланда! – жаакка чапкылап кыйкырып жаттым. – Жо- ок!

Бары дабырап жетип келишти. Көргөн көздөрүнө ишене албай абдаарып турушту. Баарынын денелерин калтырак басып, көздөрү чакчаят. Мен Гүланданын башын кучактап, боздоп жибердим. Эрмек турган ордунда селейди.

— Эшек! – Кемел Эрмекти басып жыгылды. – Эшек! Эшек! – ургулап, соккулап кирди.

— Эшек! – оозуна андан башка сөз кирбегенсип ыйлап да, соккулап сабап да, “эшектей” берди.

Мурдуна канжалата уруп, өзүнүн күчүнө өзү ээ боло албай, өзүнө-өзү чалынып, кулап кетти.

— Эш-шек! – бир чаңырды да, жерге тоголонуп жатып, ыйлап жиберди. – Оо кудай, апам эмне болот эми! Жаңы эле байкемдин сотунан эптеп кутулбады беле, эми кантем, Кудай ай? Чыдабайт го буга байкушум. Эми мен түрмөгө түшсөм, эмне күндү көрөт?!

Үңүлдөп, жер чапчып, боздоп жатты. Ар кимдин оюна ар нерсе келип, баары селейе катып, бир заматта өздөрүн милициялар кармап кетип жатканын элестете калышты. Коркуп турушту титиреп. Эрмек мурдун арчып, жерде жатты онтой. Ортодо көпкө чейин тынчтык өкүм сүрүп турду. Ар ким өз башын куткаруунун амалын ойлоп жатса керек ошондо.

Бирок, ошондо аз эле убакыт мурда канчабызды махабатка мас кылып, күнөөсүз татына кыздын кырчындай өмүрүн кимибиз ойлодук экен?

Бир убакта Кемел турду да, бери карап түздөнүп:

— Эрмек, сен акмак! Ушуну менин үйүмдөн жасабасаң болмок.

Байкем кечээ эле кесилип кеткенин билесиң. Эми биз кесилсек эмне болот? Апам эмне болот? Жок дегенде апамды мен ыйлатпашым керек эле да. Мен жакшы болушум керек эле да! –деди калчылдап.

Барыбыз эмне кылаарыбызды билбей тунуп турдук. Мен нес болуп, көпкө чейин Гүланданын башын кучактап отура бердим да, ордумдан турдум:

Кичине бир нерсе болсо эле дыр этип каччудайбыз.

Баарыбыз шылкыйып үнсүзпүз. Бир топтон кийин:

— Эч ким кесилбейт! – дедим үнүм кекээрдене, — Болор иш болду. Эч ким билбеши керек! – баса белгилеп айттым.

Эмне дээрин билбей, баары оозумду карашты.

— Менин дагы кесилгим келбейт! Ошондуктан бирдеме

кылышыбыз керек!

— Койчу, Нурбек, — Эгемберди жанынан эчак түңүлгөн окшойт, — Барып болгон ишти болгондой айталы! – деди.

— Жиндисиңби эмне? – жалт карадым. – Менин да апам

жалгыз экенин унутуп калдыңбы?! Сенин го апаңдарды бакчу иниң бар, сен кесилсең сага эч нерсе болбойт. А менчи? Мен?! Мен жалгыз баламын. Жок, мен отурбайм түрмөгө! – кесе айттым.

Бирок, өзүм да эмне кылышты билбей турдум.

— Анан эмне кыл дейсиң? – Кемел шылкыя унчукту.

— Билбейм.

Алактаган Эрмек колун бооруна алып тура калды.

— Балдар, айланайын достор, Кемел, Нурбек, кечиргиле мени. Кааласаңар сабагыла мени. Мен мындай болуп кетет деп эч качан ойлогон эмесмин, өлүп кетейин. Мына, сабагыла, мына! – деп эңкейе башын тосуп, колун бооруна алып чөгөлөй калды. – Мына, ургула! Болбойсуңарбы, урбайсыңарбы!

Үңүлдөп ыйлай баштады.

— Үү, үү, — үнү да итиркейимди келтирип, айласыз чыдап турдум. Токтоп калбай, ан сайын солуктап жатты.

— Болдучу эй! Үңүлдөбөй тур өйдө!

Кемел заарду кыйкырды да, ортого тура калып:

— Балдар, болоор иш болуптур эми аягына чыгарып салбасак болбой калды, — деди.

Алаканын жая, бизден жооп күтө туруп калды.

Жана эле алды жагыбызда жаркырап турган келечегибиздин шамдары өчүп, баарын шамал учуруп кеткенсиди. Баарысынын ойлогон максаттары азыр бүдөмүк боло түштү. Эртең эмне болооруна көздөрү жетпей, айлаларыбыз куруду.

Тынчтыкты Эрмектин дирилдеген добушу бузду:

— Достор, келгиле, мындай кылалы. Азыр мен барып короодон үйгө билгизбей, машинаны айдап чыгайын, анан Кеңештин мүрзөлөрүнө алып барып көмүп салабыз?!

— А эртең “Гүланда кана?!”- десе эмне дейбиз?

— “Билбейбиз кечээ өзү кеткен” деп коебуз.

— Ишенмек беле…?

— Ишенет! Мен ишендирем.

Эч ким унчуккан жок. Эрмек дагы жалдырай:

— Кана, кеттикпи? Таң атып кетпесин? – деп жалооруй унчукту.

Дагы деле үн жок, тунжуроо.

— Эмнеси болсо да, эртең менин үйүмө сөз тийбесин. Уктуңарбы? — Кемелдин бу сөзү баарыбызды бир чечимге келтиргендей болду.

* * *

Эшикте жаан төгүп кирди. Жаан эмес эле, Кудай каарын төгүп жаткандай. Бороон-чапкын, мөндүр аралаш жамгырга кошул-ташыл бет маңайыбыздан шамал уруп, уңулдайт. Табият биздин ишти жектеп, тилдеп, каарына алып жаткандай, асман тең бөлүнө чартылдады. Жер эне болсо ыйлаак, санаачыл энедей бизди аяп, көл-шал түшүп балбаалап, баскан сайын баткак балч-булч этип эзилип… Арыктар сууга толуп, шыйпырдан түшкөн суу жердеги таштарга тийип жарыла чачыраса, энелердин үшкүрүгүнө окшойт. Айтор, бирде агарып, бирде карарып, айлана бир башкача болуп турган ошондо.

Машине баткактан жыла албай, кепеге чейин келе албай койду. Айла жок сөөктү сүйрөп келүүгө мажбур болдук. Шаркырап төккөн жаан кийимден өтүп, сөөктү какшата баштады.

Адам өлгөндөн кийин оор болуп калат окшойт, бешөөлөп араң сүйрөп аттык. Бешөөбүз беш жагынан тартып, эптеп жылдырабыз. өлүктү орогон таар баткакка сүрүлүп, ого бетер оорлошуп, кыйнап жатты. Ит чыдабаган кордук көрүп атып, бешөөбүз өлүктү багажга салдык. Эми издер калды. Издерди кетирсек анан, алып барып билгизбей көөмп салсак, эч ким билбей калат.

Жанталашып, колубузга эмне тийсе, ошол менен издерди өчүрүп бүттүк. Машинанын от алдырып, Кемел менен коштоштук.

— Сен бул жакта кала бер. Үй-сүйдү жыйнаштыр, жик билинбегендей болсун. Бизди сен билбейсиң. Биз жана эле балдар менен кеткенбиз, макулбу?

— Анда эртерээк болгула. Иши кылып менин үйүмдө болгон жок, бул иш.

— Камсанаба, шек келтирбейбиз.

— Кеттик!

Буйдалып калган Туратка Эрмек кыйкырды:

— Турат, кирип эшикти жап. Кеттик бол!

Турат эмне кылаар айласын билбеген адамдай буйдала түштү да, машинеге эңкейип:

— Балдар, мен кете берейин. Жаңы эле шаардан келсем, үйдөгүлөр сарсанаа болуп жатышат го. Уруксат бергиле, эркекче, мен эч кимге айтпайм, -деди жалооруп.

Баарыбыз алайып калдык. Эрмектин үнү чырылдап чыкты:

— Эмне?!

— Айтпадымбы, кетишим керек.

— Эмне, корктуңбу?! Катынсыңбы?!

— Жок, кеп анда эмес, шарт ушундай болуп атпайбы.

Эрмек машинадан түшө калды.

— Турат, досумсуңбу же эмне…? Жардам берип койчу аягына чейин.

— Жок, Эрмек, кете берейинчи, — жалооруп, суранып ийди.

Биз да машинадан түшө калдык.

— Турат, жинди болбо, аягына чейин чык. Болбосо…

Турат уккан сөзүнө ишене албай, саамга ойлоно калды да, каргылдана кыйкырды.

— Болбосо эмне?!

Үнсүз тиктеп турдук.

— Ыя? Болбосо эмне? – жерде жаткан күрөктү ала коюп, —

Болбосо мени да өлтүрөсүңөрбү, ыя? Кайра айткылачы кана?! — колундагы күрөгүн таптай, — Кана айтпайсыңарбы! – ызырына кыйкырды, — Болбосо эмне?!

— Болбосо… – Эрмек тике карай, — Болбосо эркек эмессиң! – деди.

Турат алсырай түштү. Колундагы күрөктү таштап ийип, жалдырап жиберди:

— Балдар, айланайын балдар. Мени кое бергилечи?!. Кетип эле

Калайынчы! Эч кимге айтпайм, — көзү жашылдана, — мен чыдабайм буга!

Унчукпай аны тиктеп турдук.

Турат биздин кебетебизден көрүп түңүлдү окшойт, турган жеринде жер карап бир азга чейин отурду да, туруп келип машинеге түштү.

Удаа-удаа эшиктер жабылып, машина оордунан козголду.

Жеткенде жанагыдай эле азап башталды. Баткактан машине мүрзө жака кире албай, жолдун четине токтоттук. Төртөөлөп дагы сүйрөп жөнөдүк өлүктү. Бороон жанагыдай алай-дүлөй болбой, пастап калды. Чыгыштан соккон шамал гана болбосо, теребел тынч.

Мүрзөлөрдүн арасына Гүланданын денесин эптеп жеткирдик. Күрөктөрдү алып келип ишке кириштик. Жердин катуулугу, ай!..

Жанатан тынч турган асман дагы албуутанып, булуттар чарт-чурт кагыша, чагылгандар чартылдап, нөшөр дагы башталды. Казган сайын эзилип, топурак кайра куюлуп, айлабызды кетирип жатты. Буттарга баткак додолонуп, баса албай шайыбыз кетти. Күрөккө ылай чапташып чыкпай, ансайын ишибиз оорлоп, алга жылбай токтоп калгансыйт. Беттен аккан тер, баткак жаан менен кошо, жаагыбыздан ылдый карай куюлуп, жерге таамп жатты. Улам ыргыткан топурагыбыз, улам кайра түшүп, айла кетип жаныбыз көзүбүзгө көрүнөт. Чарчаганыбыз улам эс алып, колмо-кол иштеп жаттык.

— Келе бери, чарчадыңбы?

— Ме, үх!..

Турат көмкөрөсүнөн жыгылды. Далысынан көк буу чыгып, катуу-катуу дем алат. Эрмек тырбаңдап, өң алеттен кете иштеп жатты. Сайган күрөгү жакшы сайылбай, ыргыткан ылайы аңды карай куюлуп түшөт. Күрөктү катуу сайды эле, “чак!” этип ташка тийип, кирбей калды. Ансайын жиндене сайгылайт, жер анысын тоготпогондой. Улам-улам сайгылап атып, акыры чыдабай, башкача бир күркүрөгөн ызалуу үн чыгарып, күрөктү ыргытып жиберди.

— Ме, сага! Ме..! — жер тепкилеп барып, бүк түштү. өңгүрөп

ыйлап, жөрмөлөп жөнөдү. Бети-башынын баары баткак, жаңы эле көрдөн чыккан арбак сымал, бакырып барып Гүланданын башынан кучактап чөк түштү да, боздоп жиберди.

— Кечир, Гүкүш. Кечире көр, оо Кудай! – асманга карап жалынып, сөөктү кучактап боздой берди:

— Кечир мени, Гүкүш, кечир мени! Гүкүш, кечир дейм мени! Мени кечир деп атам!

Өлүк укчудай өкүрүп-бакырып, өзүнүн башын мыкчып, жинди немедей өлүктү жулкулдата берди.

— Болду Эрмек, болду дейм. Антпечи, болдучу! — дедим ийнинен кучактап. Эрмек соолуктай токтой калды.

— Нурбек, сен дагы мени кечир? Мен сага өчөштүк кылып… Мен итти кечиргилечи, балдар?!. — солуктап дагы ыйлап кирди.

— Болду Эрмек, ыйлаба. өзүңдү карма, бул кокустук, кырсык!

өзүңдү кармачы, эркексиңби?! – деди Турат көзүнүн жашын сүртүп, — эртең баары жакшы болот. Болду, ыйлаба.

Ал болсо, үңүлдөп токтоно албай жатты. Мен да болгон дитим менен сооротууга аракет кылып жаттым. Экөөбүз ошентип отурганда Эгемберди “селт” эте эки жагын каранып, жаткыла деген ишаарат кыла, өзү да жаңы эле өзү касып жаткан “көргө” кире калды. Эрмектин оозун колум менен басып үн чыгарбай басып жыгылдым. Эрмек дале токтоно албайт. Турат да жаткан жеринде каткан.

Ары жакта фонарик көтөргөн адам, машинаны келип карай баштады. Айланып эки жагын каранып бир шойкомду сездиби, айланчыктап кете албай турду. Ушул жактын кароолчусу болсо керек. Колунда мылтыгы бар. Жанатан биздин ызы-чууну угуп, бери баскан окшойт. Машинаны тегеренип, арт жагына барды. Ачылып калган багажникти кылдаат карады да, жерге түшкөн изди байкай калды. Жолдон чыгып мүрзөлөрдү карай кеткен изди аңдып, жакындап келе берди.

Жаным көзүмө көрүнүп кетти. өлөт деген ушул турбайбы. Жүрөгүм оозума тыгылып, Эрмекти ого бетер жерге ныгыра басып, жер менен жер болуп жатам титиреп. Эрмек дем алганы билинбей, ал да тынч.

Тигил улам жакындап, кудум из кубалаган мергендей, акырын жай басып, жарыгын улам жылтылдатып жылып келе жатат.

— Эмне кылабыз? – Турат акырын шыбырады. – Качтык! – деп боортоктоп артка жыла баштады.

— Токто! – Эгемберди аны шап билектен кармады. – Кайда качасың? Эртең билип калса, баарыбызды карматат. Машиненин номурун алып таштасак болмок, эн-неңди… Коркпогула, бир айласын табабыз, – дегени менен өзү да эмне кылаарын билбей турду. Келе жаткан жарыкты улам карап, айла издеп жатты.

Из менен жүрүп отуруп, тиги караан жакын кирип келди. Жаңы эле казылган жерди, үйүлгөн топуракты көрө койду. Жарыгын ошол жака жиберип, мылтыгын оңдой кармап, токтой калды. Бир аз туруп, дагы жакындап келатты. Эми ага баары даана көрүнө баштады. Обочоорок токтоду да, өктөм үн чыгарды:

— Ким бар?!

Эч бир үн чыккан жок, тып-тынч. Фонаригин ары-бери кыймылдата караан издеди.

— Ким бар деп жатам, чыккыла!

Дымып жаттык.

— Кимсиңер?! Бери чыккыла, болбосо азыр милиция чакырам.

Чыккыла бери!

Дагы эле тынчтык орноп турду, бирок, милиция дегенде баарыбыз чакчайдык.

Тигил эки жагын каранып, эч ким жок экенине ишене албай турду. Көзүн биз жактан албай колун чөнтөгүнө салып, телефон алып чыгып, кайдадыр коңгуроо кага баштады.

Эгемберди коркуп кеттиби, колундагы күрөгү менен тура калды.

— Байке, токтоңуз!

Тиги жүрөгү түшө, мылтыгын кезеп токтой калды.

— Кимсиң сен? Бул жакта эмне кылып жүрөсүң?!

— Байке, түшүндүрүп берейин.

Эгемберди жакындап барды. Тигинин көзү чакчайып, фонаригин Эгембердинин көзүнө такай кыйкырды:

— Кыймылдаба! Атып салам! Сен кимсиң?!

— Байке, токтосоңуз, мен түшүндүрөйүн. Сиз… мен…

Эгемберди дагы бир эки кадам жылды. Тигил жанагыдан да чакчая, шашкалактай түшүп, мылтыгын октоп:

— Токто деп атам! Эми бир жылсаң атып салам! – титиреп кетти.

Эгемберди токтой калды. Колундагы күрөгүн таштаган жок. Коркконунан колунда күрөк бар экенин байкабаса да керек.

— Байке… – эмне айтаарын билбей айласы куруду. Тиги огобетер калчылдады:

— Токто деп атам, токтоп тур! Ордуңдан жылба!

Эгемберди туруп калды айласыз. Бир колу менен мылтыгын кезеп, бир колу менен телефонун алып коңгуроо кага баштады.

Эгемберди дагы жыла калды.

— Байке, токтосоңуз, түшүндүрүп берем. Байке, токтосоңуз?! —

Колундагы күрөгү менен алга жыла берди.

— Токто! – ансайын кыйкырды кароолчу. — Токто дейм, атып салам!!! Иттин гана баласы!!!

Эгемберди уккан жок, ого бетер ылдамдай:

— Байке, сүйлөшөлүчү. Мен сизге баарын түшүндүрөм. Угуп коюнузчу, — деп байкелеп жыла берди.

— Жылба, ордуңдан!!! — тиги атып ийчүүдөй чаңырды.

Эгемберди токтободу.

— Байке, уксаңыз, байке…

— Токто-о! – деген чаңырык менен кошо мылтык “тарс” дей түштү.

Эгемберди “тып” токтоду. Денеси калчылдап, колундагы күрөгү түшүп кетти. Бир азга теңселип турду да, тизелей калды. Бир нерсе сүйлөйүн дедиби, умтулуп колун созуп, оозун ачып кыбыратты. Үнү чыккан жок. Дагы оозун ачып бирдеме дээрде озунан кан бүрктү. “Кург- кург” эткен, бир башкача үн чыкты оозунан. Колу менен оозундагы канды арчып, түшүнө албай жаткансып, колундагы канды карап онтоп ийди да бет алды “шалак” этип кулап түштү!..

Өлүм деген ушинтип, оңой эле келеби?!

Жаңы эле тоону томкоруп, ойду омкоргонго күчү бар, беттешсе жоосун куруткан, эртеңкиге эмне деген гана керемет ойлору бар, оромпой тээп ойноп, кумары кана элек жигит жатты сулап! Кара кочкул кызыл кан, сызылып агып баткакка аралашып, жуурулушуп турду. Жылуу кандын жыты уруп, айлана-тегеректе кадимкидей өлүм жыттанган бир башкача абал турду орноп.

Кудум согушта бомбадан кийин же катуу жаңырыктан кийин, кулак тунуп эч нерсе угулбай калган сымал, көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кулагыма эч нерсе угулбай, жалгыз гана Эгембердинин өлүгү жана анын жанында фонарик кармап кайсалап калган кароолчу көрүнүп турду. Ал бир нерселерди кыйкырып, мылтыгын кезеп өкүрүп жатты. Мага эч нерсе угулган жок. Ордуман тура калып, Эгембердинин жанына жетип бардым. Эгемберди кыймылсыз, тулку бою кыпкызыл канга боелгон.

Ыйлап жибере албай, же не иштээрди билбей эс-мас абалда турдум да, Эгембердинин жанында жаткан күрөктү колума шак ала койдум. Ошол учурда эч нерсе ойлогонго шайым келбеди. Тек гана бүгүнкү бир эмес, эки өлүмгө күбө болгонума кароолчу күнөөлүү сымал, болгон күчүм менен ага атырылдым. Мылтыгын дагы октоп тап бергенге жетишкен жок. Бир нерселерди кыйкырып, түшүндүргөнсүп, алактап коркуп жатканын айрып биле албадым. Колумдагы күрөк менен туш келди ургулай эсимди жоготуп жибердим. Бир кезде моюнумдан кучактаган карылуу кол мени артты көздөй жыга тартты.

— Эсиңе кел, Нурбек. Эсиңе кел! – Эрмек экен.

Суудан жаңы чыккан немедей, аптыгып дем ала албай жаттым. Колум карышып, күрөктөн чыкпай калыптыр. Эрмек коркконунан калчылдап, токтоно албайт. Турат болсо, мунун баарынын өңү же түшү экенине көзү жетпей селейиптир. Колумдагы күрөктү эми көргөнсүп, күрөк эмес эле жылан кармап алгандай, алда кайда алыс ыргытып ийдим.

Ары жакта кароолчу жаны чыга албай кансырап, коркураган үн чыгарып жатат. Курч күрөк моюнун кесип, башын жарып кеткен экен. Бирок канчалык жанчылып, кескиленип жатса да жашагысы келип, тыбырчылап жатат. Кароолчуну көрүп өзүмдү жогото баштадым. Коркураган үн уламдан-улам катуулап жаңырып, ал гана эмес бүтүн дүйнөгө угулуп, бүтүн дүйнө бул добушка чыдай албай, мен сыяктуу башын мыкчып, титиреп, менин кейпимди кийип тургандай сезилди мага! Өмүр бою ал коркурак кулагыма угулуп калуучудай, өмүр бою андан кутула албачудай, жаным көзүмө көрүнүп, тирүүлөй муздап бараттым. Аалам астын-үстүн болуп, жалгыз мен жана коркурак үн калгандай, эч нерсе ойлоно албай, эч нерсе көзүмө көрүнбөй, турган жеримде эсимди жоготуп, же өлүп бараткансыдым.

Кудайдын боору орудубу, же жетээр чегине жетти белем, коркураак аздан барып токтоп, таптакыр үн чыкпай калды. Мен үчүн дүйнө ордуна келе түшкөндөй болду. Айланамды карадым, баары баягыдай эле жатыптыр. Аптыга дем алдым. Эрмек титиреп турат. Коркконунан мылтыкты ала калган окшойт, колундагы мылтыктын кундагынан жаан аралаш кан Эрмектин колу аркылуу ылдый агып, жерге таамп турду. Сыягы жер казып атып, же кулагандабы, колун канатып алса керек. Кудум кинодогу коркунучтуу сценадай көрүнүп турду мага. Эгер азыр ушунун баары кино болуп, же түш болуп калса, ал үчүн мен эң бактылуу болор элем! Бирөө келип суу чачып ойготуп жиберсе, мен андан эч нерсемди аянбас элем! Ушинтип тилеп турдум. Бирок, андай болгон жок! Анын ордуна бир эмес, үч өлүк сулап, үчөөбүз үч жакта турдук калчылдап, эс-мас.

Турат титиреп-титиреп ийди да, бет алды чуркап жөнөдү. Эрмек эми эсине келе түшүп, каарданып, калчылдап кыйкырды:

— Токто, Турат! Атып салам! Токто-о!

Турат токтогон жок. Ушул каргашалуу жерден качып кетсе эле баары өз оордуна келчүүдөй болуп, буту-бутуна тийбей, улам жыгылып, улам кайра тура калып, жанталашып качып баратат.

— Токто дейм! — Эрмек ачуу чаңыра, бир-эки кадам алга басып,

мылтыкты тигини көздөй мээледи да, “тарс” эткизе басып калды! Ошол “тарс!” эткен үн менен кошо, Турат көмкөрөсүнөн кулап, кыймылсыз жатып калды. Энтиккен Эрмек: “Ушуну көрмөксүң!” — дегендей сөгүнө, мылтыкты “шак-шак” ачып, кароолчунун чөнтөгүнөн ок издеп тапты да, октой салды.

— Ме сага, — деди бирөөнө сүйлөп жаткансып. – Керек болсо

баарыңарды өлтүрөм!

Мылтыкты шакылдатып октоду да, мага кезеди. Эми ага баары бир болчу. Бир түндө төрт өлүктү көрүш, бир түндө ушунча кыйынчылыкты көрүш, мектепти эми гана бүтөм деп талпынып турган жаш өспүрүм үчүн абдан оор эле. Мындайда адамдын жинди болуп кетиши бат эле окшобойбу! Бирок анын тээ түпкүрдөгү жашоого болгон кумары, жалыны дагы эле өчпөй жалбырттап күйүп, кайра үлпүлдөй калып, кайра жанып, аны жинди кылбай жашагысын келтирип турган! Ошол кичинекей бир билек жалын, көкүрөгүндө туйлап жашоо үчүн күрөштүрүп турду. Жашоо үчүн, түрмөгө эмес, бейпил жашоо үчүн ал баарына даяр болчу. Керек болсо мени да азыр тырайта атып салып баса берүүгө да даяр эле. Айткандай эле көп өтпөй, мени жок кылса эле эч ким бул окуя тууралуу билбей калчудай, мылтыкты чекеме такап турду калчылдап. Чынында жап-жаш бала беш кишини өлтүрө алат деп эч ким ойлобосо керек. Ушул ой Эрмекке дем берип, бирок да, “эс-мас отурган мени “тарс” дегизе атып да сала албай, кыйналып турду.

Мен да акырындап өзүмө келе баштадым. “Эмне кылсам? Кантип кутулсам?” – деген суроолор башымда чыкылдап турду. Менин да жашагым келип жатты.

— Нурбек, кечир? — деди ыйламсыраган Эрмек калчылдап. – Мен

эми киши өлтүргүчмүн. Азыр сени да өлтүрөм! Анткени, менин жашагым келет… – көзүнөн жаш куюлуп кетти.

— Эрмек, өзүңдү кармачы.

Эмне дээримди билбей жалооруп турдум. Кыймылдасам эле атып салчудай.

— Эрмек, өзүңдү карма? Мени өлтүрбө, Эрмек! Кандай пайда,

андан? Айтчы? — ыйламсырадым, үнүмдө коркунуч. – Андан көрө экөөлөп буларды көмөбүз да, менин таякемдикине барабыз. Анан эртең үйгө барганда биз таякемдикинде болдук деп коебуз. Уктуңбу, экөөбүз аман калабыз. Бизден эч ким көрбөйт. Ишенишет. Чын. өлтүрбөчү мени.

Жалооруп жибердим. өмүрүмдө жаман көргөн кишимден кечир деп жалынып, жан соогалабасам керек.

— Жок, Нурбек, мен жалгыз болсом оңоюраак кутулам.

— Эрмек, доспуз го. Эрмек, суранам сенден. Эрмек? — колумду сунуп бутуна жыгылууга аракет кылып жибердим.

— Жок! – чаңырып жиберди. – Сен мени жинди деп ойлоп

жатасыңбы? Азыр сен буларды көмөсүң, анан сени да

өлтүрөм. Керек болсо мен силерди көргөн да жокмун билдиңби? — деп мылтыктын учу менен башымды нукуп жиберди. Баардык жинин менден чыгаргысы келди окшойт, оозунан көк буу чыгып, канталаган көздөрү карышкырдыкындай кызарган. Ызырына сөгүнүп, жакамдан кармап туруп: “Эш-шектер!” – деп чаңыра бет талаштыра уруп жиберди. Мурдуман кан кетип, ысык кан оозума толуп, какап-чакап, тоголонуп жаттым.

— Тур деп атам! – дагы кыйкырып ичтен ары өсөртө тепти. Ичимди кармап эптеп тура баштадым.

— Ме сага! – эми башка тепти. Оңкомон кайра сайылдым. Кулагым зыңылдап, башым каңгырап, оозума кирген канды жутуп алып жаттым. Эрмек тегерене басып, мылтыкты оңдой кармап, сөгүнө сүйлөнүп жатты:

— Силер күнөөлүсүңөр ушунун баарына! Силер бул отурушту уюштурбасаңар, мындай болбойт болчу. Мен азыр жыргап жүрмөкмүн, минтип куурабай! Силер үчүн мен киши өлтүрдүм. Уктуңарбы, силер үчүн! – Эңкейе калып чачымды уучтай кармап жулкулдатты. – Күнөөлү силерсиңер, эшектер! – башымды түртө салды да, чечкиндүү бирок, жай унчукту:

— Тур! Күрөктү ал дагы мына буларды көм. Бол батыраак, таң атып кетпесин.

Теңселип, өйдө араң турдум. Жерде катарынан турган өлүктөрдү көмө баштадым.

Жаан шорголоп жаап жатты. Ак жаанга айланат окшойт. Күн күркүрөбөй, кап-кара асман төгүп турду нөшөрлөп.

Баткак чөп, таш-паштар менен арты-артынан ыргытып, өлө-тала иштеп жаттым. Эрмек үнсүз тамеки тартып, мылтыгын мага кезеп түнөрүп турду.

Катарынан коюлган өлүктөрдү чала-бучук көмгөндөн кийин Эрмек дагы буйрук берди:

— Тигини да сүйрөп кел!

Мен алдыга бастым. Артымдан мылтыкты кезеп келе жатты Эрмек.

Канчалык өлүктөн коркуп турсам да, Тураттын денесин бери оодарып, эки колунан сүйрөй баштадым. Кыймылдата албадым. Чиренип, болгон күчүмдү салып тартып кирдим. Оордугу ушунчалык болуп кеткенби, деги эле кыймылдачуудай эмес. Билектен оңдой кармап ташка тиренип тарттым. Кичине жыла түштү. Бирок бутум тайып, мен да жер сайдым. Дагы билектен кармап тартайын дегенде, кыңкыстаган үн чыкты. Шак токтой калдым. Эрмектин да көздөрү алаңдай түштү.

— Тирүү экен! — дедим.

Кубанып кеттим. Башынан аста ала коюп, бетине чапкылап эсине келтире баштадым.

— Турат! Турат дейм. Көзүңдү аччы?!

Эрмек дел боло, эмне кылаарын билбей турду, дабдырап. Дилинде ал да кубанып, бирок, ошол эле учурда эми кантип кутулаар айласын издегендей саамга дендароо боло түштү.

Тураттын оозун аарчып, жакасынан аста кармап, силкилдетип жаттым:

— Турат! Турат?!

Турат оозун ачып, алсыз шыбырады:

— Нурбек, суу берчи.

— Эмне дейсиң? Суубу? Азыр үйгө барабыз, Турат, чыда. Чыда, Турат, мен сага суу берем, – дедим жалынып, кайра эсин жоготуп, ошол бойдон көзүн ачпай койчудай коркуп жаттым.

Эрмекке эми жан кире калгансыды.

— Токтогула, силерге кайдагы үй?! Экөөң тең ушул жерде каласыңар, — күүлөнө дем алып, энтиккенине караганда, жана ойлогон оюнан кайтпайт окшойт. — Мен үйгө барам, бирок силерсиз! — деди

Мылтыкты бизге кесеп, атып ийчүүдөй ызырынды. Бул жолу мен андан корккон жокмун.

— Эрмек, ушунчаңда эсиңе кел! Болду, жетишет! – дедим. Бирок

баштагыдай коркуп эмес, чечкиндүү чыкты үнүм. – Болуп кал ушунчаңда! Ушул деле жетиштүү болду го.

Тураттын башын акырын койдум да, муштумум түйүлүп, азыр эч нерседен аянбас болуп турдум.

— Эмне?! – деп чаңыра, мени төшкө тээп кулатып ийди да Тураттын башына мылтыгын такады Эрмек.

— Кыймылдаба, азыр атып салам!

Турат үнсүз жатты. Айласыз мен да туруп калдым. Эрмек калчылдап, бирок, ошол эле учурда атып да сала албай турду. Турат да эми баарына кайылдай алсыз онтойт. Көзүн жумуп, саамга атчудай калчылдап турду да, колунан мылтык бошой түштү. Мына ушул учурда мен ага асылдым. Бардык күчүм менен мойнунан кысып, өзүм алдында кала кулап түштүк. Бирок, колумду бошотпой тырышып жаттым. Баткакка оонап, кармашып жаттык. Бир убакта Эрмек колуман бошонуп тура калды. Жана алышып жатканда мылтык колунан ыргып кеткен эле. Кайсалап, не кылаар айласын таппай тура калып, колуна чоң таш ала койду. Мени чабууга ташты башынан өйдө көтөрүп, керилип, тура калды. Кутулуунун айласын издеп, башымды калкалап, артты көздөй соймолоп, качып жөнөдүм. – Эрмек! — деп да кыйкырып, жансоогалап да жаттым. Эрмек мени уккан жок. Көзүнөн чаары чыгып, азыр мени былч эттире бир коюга жанталашып жатты. Мына эми ташты бийик көтөрүп мени ураарда, “тарс” эткен үн чыгып, Эрмек токтоп калды. Колунан ташы түшүп: “Сен белең?!” — дегенсип Туратты бир карады да, “күп” этип жерге кулап түштү.

Тураттын колу мылтыктын оордугун эми сезгендей шалак этти. Мен тура калдым. Эрмектин оозунан кан кетип кулап жатат. Туратты көздөй чуркадым.

— Турат, неге анттиң? Турат?! – ыйламсырап ийдим.

Ал оозун кыбыратып:

— Нурбек, суу берчи. Оозум кургап баратат. Суу… – деди.

— Азыр үйгө барабыз, чыда, — деп мен эми үйдү эстей калдым.

Эрмектин өлүгүн аңды карай сүйрөп жөнөдүм. Мага күч киргендей болуп калыптыр. Аңга тартып келээрим менен шашкалактап көмүп кирдим.

Таң агарып атып баратат. Чыгыш жак агарып, кара булуттар агыш түстөнүп калган. Кечээкидей шамаал жок.

Эптеп көмүп бүтөөрүм менен, күрөктү алыс ыргыттым да, Туратты көздөй чуркадым. Туратты эптеп жөлөп-таяп тургузуп, машинага салып, анан Эрмекти көмүп жатканда алган ачкыч менен машинаны от алдырдым. Жарыкты күйгүзүп, түз булакты көздөй айдадым. Ушул жайда жездемдин машинесин оңдошуп жүрүп үйрөнүп алганым жакшы болгон экен, такалбай жакшы айдап бараттым. Булак алыс деле эмес, бирок, абдан шашылышым керек эле. Антпесе таң атып калды, азыр бир аз убакыттан кийин айылдагылар ойгоно башташат. Аларга көрүнүп калсак кармалганыбыз ошол болмок.

Кан болгон көйнөгүмдү чечип ыргытып, бети башымды тазалап жуундум. Туратты да тазалап, жик билинбегендей эле болду. Жараты канабай, ырас токтогонсуп калыптыр, аны өзүнүн майкасы менен таңып койдум. Анда –санда онтогону менен унчукпай жатты. Мүмкүн жараты ооруп, чыдатпай атса керек, же эртеңкини ойлонуп жатабы? Баарын жууп-тазалап бүткөндөн кийин машинанын арткы эшигин ачып:

— Турат, — дедим. “Ии” дегенсип оозун кыбыратып койду.

— Эми, Турат, мындай кылалы, – деп жанатан ойлогон планымды түшүндүрүп баштадым.

— Турат, сен экөөбүз азыр таякемдикине барабыз. Алар үйүндө жок, кечээ кетээрде ачкычын мага таштап, үйдү карап тур дешкен болчу. Азырынча ошол жака бара туралы, анан түш ченде шаарга кирип барабыз. Сенин жаратыңды сурашса, сен сарайдан кулап кеттиң, макулбу? А биз тигилерди көргөн жокпуз.

Турат менден мындай сөздү угам дебесе керек, таң кала сурады:

— Эмне дейсиң?

— Таякемдин үйү алыс эмес, мына бул жакта эле. Эптеп жетип алсак, машинени тиги сайга тоголотуп ийебиз. Ошо менен биз эч нерсени билбей калабыз.

— Ишенет дейсиңби? – Тураттын жүзүндөгү таң калуу, жек көрүүгө өзгөрө түшкөнсүдү.

— Ишенет. Ишенет, бизден көрө алышпайт, – чечкиндүү сүйлөдүм.

— Нурбек, эмне болуп атасың? – деди Турат түңүлгөндөй. – Алар ишенсе да, достору жок кантип жашайбыз? Алар бизди кечирбейт го. Ата-энелеринин беттерин кантип карайбыз, кантип жашайбыз? Ойлонсоң, Нурбек!

Саал бошой түштүм. Бирок, бизде андан башка айла жок дегендей унчуктум:

— Эптеп быйыл окууну бүтсөк борборго, окууга кетип калабыз.

— Ит экенсиң, — сөзүмдү бөлө, ушунчалык жек көрүү менен сүйлөдү. — Ит турбайсыңбы. Кантип ушул сөздү айтып жатасың акмак?! – титиреп кетти.

Жараты ооруп кетти окшойт, сөзүнүн акырында онтоп ийди.

— Анан эмне кылабыз? Эмне, түрмөгө өмүр бою чирисин деп атасыңбы? – жаалдана кыйкырдым.

Үнүмдө сеники да туура, бирок… дегендей алсыздык да бар эле.

— Турат, мени угуп койчу суранам. Менин апам жалгыз. Мен түрмөгө кесилсем ал эмне болот?! Туугандарымдын баары менден үмүттөнүшөт, жакшы окуйм го билесиң да. Эми алардын бетин кантип карайм? Шаарга бүт угулса апам кантип басып жүрөт, айтчы!? Апам да көтөрө албайт, өлүп калат, түшүнсөң, – көзүмдөн жаш айланып, жалооруй тиктеп турдум.

— Айла жок, Нурбек, тагдырга баш ийели. Кол менен

кылганды баш менен тартпасак болбойт. Арбак урат, антпесе бизди. Жашоо деген биз ойноочу оюн эмес. Баш ийели тагдырга, Кудай бизди кечирсе экен…

Мен шалдайып турдум. Турат сөзүн улай берди.

— Балким баары жакшы болот. Ар бир адам өзүнүн кылган иш

аракети менен, Кудайдан белек же жаза алып турат окшобойбу. Азыр менин эсиме Курал келип жатат. Аны баарылап көмүп жатканда биз өзүбүздүн башыбызга өлүм келээрин ойлодук беле? Биз аны кокустук дейбиз, кырсык дейбиз. Чынында андай эмес, ага биз күнөөлүбүз! Анын жазасын мына тигил жакта жаткан балдар алышты, эми биз да алышыбыз керек. Антпесе…

— Жок! – кыйкырып жибердим, — Сен мени өлсүн дейт экенсиң да!

Турат мостое калды. Сага баары бир экен да дегендей карады.

— Эч кимге айтпайсың, уктуңбу? Мен сени азыр таякемдикине алып барам.

— Нурбек, баары бир айтам. Мен айтпай коюп, күнөөлүү болуп жашай албайм.

— Айтпайсың! – кесе айттым. – Айтпайсың, айтып эле көр! Эртең шаарга барганда “лам” дечү болсоң оозуңду талкалайм, уктуңбу? Керек болсо өлүтүрүп салам!

Машинадан Туратты түшүрүүгө аракет кылып кирдим. Колу-бутунан кармап сүйрөй баштадым. Турат ишенимдүү жана ушунчалык чечкиндүүлүк менен унчукту.

— Нурбек, баары бир айтам. Мени сүйрөп барсаң да, ушул жерде калтырсаң да айтам. Кыйналбай эле койчу.

Мен токтой калдым. Тураттын көзүнөн ал муну чын дилден айтып жатканын, мен кандай айла кылбайын, чыны менен эле баары бир айтаарын түшүндүм.

— Ошондой дечи?

Машинаны тарс жаап, сыртка чыктым. Айлам куруп турду. Апам эсиме түштү. Мурдатан ойлоп, тилек кылып жүргөн ой максаттарымдын баары эсиме келе баштады. Келечекте мен мугалим болом дечүмүн. Балдарга сабак берип, апамды жакшы багам деп тилечүмүн. Азыр анын баары жоголуп, туңгуюкка түшүп бара жатканын сезип турдум. Бирок туңгуюкка такыр түшкүм келген жок.

Эртеңки күндөн коркуп турдум. Эртең эмне болооруна көзүм жетпей, элестетсем, өзүм коркуп калытрап турдум. Кайдан-жайдан бирөө чыга калып мени бул шумдуктан чыгарып кетсе деп тиленип аттым. Кудай эгер бар болсоң мунун баарын артка кылчы дедим ичимден миң кайталап. Эгер эле азыр Кудай баарын кайрадан баштап ал десе, барын башкача кылып өткөзмөккө сөз берип жаттым кимгедир. Ыйлагым келди, бакырып, бакырып туруп качып кетким келди. Кичинемде жиниме тийген, жакпаган нерсе болсо, апама бакырып алып басып кетчү элем, азыр да ошондой болсо кана! Апам, ай! Эми эмне кыласың, мен жок болсом? Апама жаным ачып турду. Балким ал азыр мунун барын сезип, мен сезген коркунучту жүрөгүнөн өткөрүп, мендей миң жарылып, миң куралып тургандыр да?..

Жүрөгүм лакылдап согуп, көз алдымдан элес-булас көрүнгөнсүгөн элестер чууруп, өтө баштады. Өмүрүңдүн аягында өткөн күнүң көз алдыңан кино тасмасынан өткөндөй, бардыгы тасма болуп, кезек-кезеги менен өтүп жатты элестер. Көз алдыма биринчи Гүланданын элеси пайда болду. Аппак көйнөк кийип, күлүп турат. Мындай ак көйнөктү кайдан тапкан? Жарашыктуу, бирок ошол эле учурда кандайдыр бир муздактык келип турат. Колумду созуп жетүүгө аракет кыла баштадым. Гүланда күлүп: “Жүрү?” — деп мени чакыргансыйт. Мен: “А сен тирүүсүңбү?” — деп сурагым келди, артынан жүрдүм. Жетейин дегенде жеткирбей качты. Мен да жүгүрдүм: “Гүланда, токто?!” — дедим сүйүнө. Кубаладым, мына жетээрде “буйт” берип буйтап кетти. Шыңкылдап күлүп жатты. Мен да күлдүм. Колум созуп жетүүгө аракеттенип аттым. Бир убакта Гүланданын күлкүсү кулак тундурган ызы-чууга айланды. Кудум кароолчунун коркурагындай! Мен коркуп кеттим, колумду тартып алдым. Гүланда ачуу каткырып, оозунан, көзүнөн кан ага баштады.

— Жок! — дедим чаңырып. Жоголуп кетсе экен деп тилеп жаттым. Гүланданын элесинин артынан Эгемберди, кароолчу тизилип өтө башташты. Баары тең чакыргансып, кол булгалашат…

Бир убакта бир нерседен коркуп жатышкандай кыйкырып, кайдадыр кача башташты, жанталашып менден жардам сурашкандай… Заматта күн күркүрөп, алардын элеси түпсүз караңгыга сиңип жок болду.

Тээ туңгуюктун түбүнөн Эрмектин элеси пайда болду. Ал дагы башынан бутуна чейин кан, баткак, колунда мылтыгы жүрөт. “Менден эмне качтың?” — дегендей кекээр тиктейт. Саамга тиктеп турду да, жана мылтыгын мүрзөдөн мага кезегиндей кезеп: “Пух!” — деп атып койду.

Мен эсиме келе түштүм. Жанагы туңгуюк, элестер жок болуп кетишти. Аптыга дем алып, айланамды карадым. Эч нерсе жок. Тердеп кетиптирмин. Эмне кылаарымды билбей калдым. Азыр бир аз кечиксем эле тигил элестер мени өздөрү менен кошо алып кетишчүдөй коркуп чыктым.

Колдорум калчылдап, эмне кылаарымды билбей калдым. Мээм иштебей, дүйнө бүтүндөй токтоп, алыстан жанакы элестер мени кубалап келе жаткандай шашып жаттым. Эки жагымды карагандан корктум. Атам эсиме түштү. Эсиме түшпөй эле көрүнүп жатты. Алысыраак туруп алып мени тиктеп атат. Мас кезиндегидей тишин кычыратып, жинденип тургандай сезилди мага. Караган жокмун ал тарапты. Карасам эле жүрөгүм жарылчудай. Бирок, бүтүн тулку боюм менен ал мени жек көрүп турганын сездим. Тирүүсүндө: “Ушу сен адам болосуңбу деги?!” — деп көп нааразы болчу. Азыр так ошол айтканы келип, менин адам болбой калганымды көрүп: “Мына, айтпадым беле, сен киши болбойсуң!” — деп тургандай сезилди мага. Титиреп, коркуп турдум. Өмүрүмдө мынчалык корккон эместирмин.

Машинадан Тураттын онтоп дем алганы угулду. Күндүн желеси көрүнүп, айланага жарык чача баштаптыр… Асмандагы булуттар түрүлүп тоо таяна баратышат.

Ылдамдай бастым да, машинанын багажын ачып чүпүрөк алып чыктым. Май куйган бакты ачып, оозуна чүпүрөктүн жарымы сыртта калгандай кылып тактым да ширеңке чактым. Чыртылдап биртке күйгөндөн кийин алоолоп күйүп чыкты. Булактын ылдый жагындагы тик жарга машинаны түртө баштадым. Тырмышып биртике түрткөндөн кийин, машина ылдыйды көздөй зуулдап жүрүп берди.

Шарт бурулуп, таякемдикин көздөй жөнөдүм. Бир аздан кийин машина “дүңк” эте кулап, шакек сымал кара түтүн асманга көтөрүлдү. Машина жарылып, жалбырттап күйүп жаткан…

Мен артымды караган жокмун. Жанакы элестерге эми Тураттын элеси кошулгандай, атам колун баягысындай кесеп: “Жетээрмин сага, шашпа!” — деп тилдегендей болуп, шашып бараттым. Алар менин артымдан ээрчип, күбүң-шыбың болуп келе жаткандай туюлуп турду мага. Коркуп бараттым…

Күндүн биринчи нуру тоолорго тарап, алтын нурун ай ааламга төгүп турган. Бирок, күн канчалык мээримин төгүп, балбырап тийип турганы менен, күндүн аягы мен үчүн бүркөө экенин аңдаганга анда шайым келген эмес экен…

* * *

Нурбектин тагдырын окугандан бери оюм алагды. Эмнегедир, ошол жигитке кайра да бир кезиксем деген эңсөө менен жашап калдым. Бирок, бардыгы дайыма эле адам ойлогондой болбойт экен, кездешүүнү бизге али буюра элек болчу.

Анткен менен, бүгүнкү күн дагы мен үчүн башкача бир күн болуп, Нурбектен кат алдым. Чынымды айтсам, уландын андан аркы тагдыры мен үчүн табышмак да, кызык да эле. Анын каты экенин, көзүмө жедеп таанымал болуп калган кол жазмасынан эле тааныдым да, шашкалактаган сайын колумду саал калтырак басып, эки бетке тизилген төмөнкүдөй саптарды окуп чыктым:

“Саламатсызбы, байке?! Чынымды айтсам, менин эң алгачкы сырымды окуп, билген адамым сиз болуп калдыңыз. Ошондуктанбы, ошол күндөн бери сизди жакынсый берчү болдум. Балким, бул сизге кызыктыр, балким кызыгы жоктур, не болсо да, сиз мен жөнүндө баарын билсин дедим…

Мен түрмөдөн чыккандан кийин сүйүктүү шаарыма көпкө чейин бара албадым. Кайсы бетим менен чыдап бармак элем? Эптеп Бишкектен жалданып иштеп, андан кийин Алматыга өтүп кеттим. Андан ары Россияга барып, тигүүчү цехтердин биринде иштедим. Бирок күндөрдүн биринде Нарынга баруума туура келди. Антпесем да өзүм да чыдай алмак эмес болушум керек. Мына ошондо сизге жолуктум. Эми түшүнсөңүз керек, менин эмне үчүн шайыр болбой, мүңкүрөп турганымды. А чынында менин шайыр болгонго акым барбы? Балким мени шумдугуң кургур бала деп тилдеп жатсаңыз керек. Антсеңиз да болот. Анткени мен ошого татыктуумун. Коюлган жазамды да акырына чейин алган жокмун. Алыскы таякемдер апамдын арбагы көрүндө тынч жатсын дештиби же мага боор оруштубу, мөөнөтүм бүтө электе эле сүйлөшүп чыгарып коюшту.

Бирок, мен чыкканда эч кимиси мени менен сүйлөшкөн жок. Чыккандан кийин мен да аларга барган жокмун. Бир чети аларга жиним келди. Анткени, менин чыккым келген эмес. Түрмөнүн темир дубалы, менин абийиримди жаап тургандай эле. Эми эркиндиктемин, абийирим да эркиндикке чыккансып күнү-түнү жанымды жейт. Кайда барсам да, адамдар менин кылган кылыгымды билип, көрүп коюшкансып, уяла берем. Өзүмдүн ушундай канкор экениме уялам. Ошон үчүн да сизге жолуккан күнү эч бир таксиге түшпөй жалгыздап, эмне кылаарымды билбей тургам.

Башында айткандай, өзүмө-өзүм сөз берген элем, эч качан эми Нарынга басып барбайм деп. А бирок, жаным жай албай туруп албадыбы. Апама, балдарга куран окушум керек эле. Бардым акыры. Бирок, дагы эле күнөөм жеңилдебей койду. Атүгүл аларсыз менин кичинекей, сүйүктүү шаарым аңгырап бош калгандай сезиле берди… Алар “жашап” калган бейиттердин шаарында биротоло калгым, жанымды кыйгым да келди. А бирок, алардын алдына барууга да даай албадым! Кантип барат элем уялбай!

Акыры, чечтим…

Ооба, адегенде жер үстүндөгү жазамды өтөөм керек болчу!..

Мына, мен азыр менин күнөөм акыл менен калчап, сөз менен айтып жеткире алгыс, кечирилгис экендигин эстетип, ага карабай мени мөөнөтүмдөн мурда зындандан чыгарып салуу калыссыздык экенин, жер үстүндө – эркиндикте басып жүрүүгө абийрим жол бербей жаткандыгын айтып, керек болсо мени мурункудан да кыйын шартта жазалоону суранып, атүгүл талап кылып… күч органдарына баратам!

31.12.11.

 

t_usonov_mТ.Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Токтобек Үсөнов. “Жигит, эмнеге шайыр эмессиң?”: 1 комментарий

Добавить комментарий