Кусейин Эсенкожоев. «Саякатчы бала»

(фантастикалык аңгеме)

I. ТОО ТЕКЕ АТКАНДА

Жолдоштор, мен бир топ окуя көргөндүктөн аны сиздерге сүйлөп берем.

Мен өзүм жаш болсом да, бир топту көрдүм. Саякатчылык да кылып көрдүм. Мергенчилик да кылып көрдүм. Ошондогу болуп өткөн чындыктан сиздерге сүйлөп берейин. Окуучулар, менин бул көргөндөрүмү сиздер калп деп да ойлоорсуздар, жок, андай эмес, мен мындай иштерди башымдан өткөргөндүктөн, сиздерге айтайын.

Мен эң жаш кезимдеги баштан өткөргөн окуядан баштайын. Мен биринчи жолу мергенчиликке чыктым. Менин кийик атып алуучу куралдарым мына булар болду: кайыңдан ийген, кендирден чыйратмасы бар жаам, ит мурундун өзөгүн алып таштап жасаган таш мылтыгым. Жаамдын огу болсо жоонураак чийден, сап кылып учуна темир учтаганмын. Таш мылтыгымдын сүмбөсү сынбасын үчүн, четинден жасагам. Анын огун болсо тоголоктоп, аябай майга кайнатып алгам. Себеби, тийген жандыкка бир жагынан тийсе, экинчи жагынан чыгып кетүү үчүн жасалган амал эле.

Ошентип камданып алып чоң бир тоого мергенчиликке чыктым. Көп эчкилердин жайылып жүргөн өңүтүнө жеттим. Тоо эчкилер эң эле жакын келди, бирок мени көрбөдү. Мен алар көрбөсө экен деп, бир таштын түбүндө өңүттөп отурам, ыраактан атайын деп, мурун аткан жок эмес белем, ошондуктан жакын келгенде атайын дейм. Бирок, жаамдын огу бирөө эле, аныктан ал жоголуп кетпес үчүн, энем бир топ тоголок жип ийрип берген. «Жаанын огу жоголуп кетпесин, ушул жипти жаанын огуна байлап, өзүңдүн бир нерсеңе байлап туруп, атып жүр» — деген энем. Мен ал жиптерди жаамдын огунун сабына байлап, бир учун белиме байлап, энемдин айтканындай алдыма жакын кирип келген бир чоң тоо эчкинин текесин атып жибердим. Атып жибергенден кийин эле бышкырып, үркүп алып жөнөдү. Тоголок жип чубалып бүткөнчө качып бара жаткан текени карап тура бердим. Тоголок жип чубалып бүткөндөн кийин эле, мени качып бара жаткан теке дегдеңдетип сүйрөп алды. Теке деле качып бара жатат, мен деле текенин артынан дегдеңдеп сүйрөлүп бара жатам. Теке деле качып бара жатат, мен деле текенин артынан дегдеңдеп текеден калышпай кетип бара жатам. Бир маалда тоо теке жарга чыга качты. Жарга чыга качканда, мен жардын алды жагында бутум жерге тиер-тийбес болуп калды. Теке ансайын жогорулап кача берди, мен ансайын дагы жогорулап жардын бооруна асыла бердим. Бир маалда тоо теке жардагы түнөгөн короосуна жетти окшойт. Мен өйдөлөбөй, ылдыйлабай токтоп калдым. Өзүм өйдөлөбөй же ылдыйлабай калгандыктан, белимдеги байлалуу жипти кармап жогору чыга бердим. Бир аздан кийин бир чоң үңкүргө жеттим. Үңкүр капкараңгы, баягы жипти тартып көрсөм былкылдабайт. Ошондой болгондуктан акырын жипти кармап коюп, үңкүрдүн төр жагына жеттим. Үңкүрдүн төр жагына баратсам, баягы тоо текем эчак эле өлүп калыптыр. Жаам бир жагынан тийип, экинчи жагынан чыгып кеткен экен. Жип ошол октун сабында эле байлануу бойдон жүрүптүр. Ошондуктан менин белимдеги жип менен жаанын огуна байланган жип туташ болгондуктан, теке мени сүйрөп жүргөн экен.

Мен ал текени кантип үйгө жеткирем. Көтөрөйүн десем көтөрө албайм. Кандайча үйгө жеткирүүнү бир аз туруп ойлондум.

Аны жеткирүү оңой эле экен. Бир аз күтсөм, тоо эчкилер деги бир короосуна келүүчүдөй, тоо эчкилер келгенде бирин алдап кармап алып, өлгөн тоо текени артып кете турганмын.

Бир аздан кийин тоо эчкилер короонун ооз жагынан эле шагырап кирип келишти. Мен акырын короонун бир жагына жашына калдым. Тоо эчкилер баары тең эле аткан текени тегеректеп, маарап калышты. Мен акырын төрт аяктап, эчки сыяктуу маараган болуп, көп эчкилерге жакындап бардым. Эчкилер мага таң калгансып карап калышты. Бирок, чоң теке качырып келип сүзүп калды. Мен анын сүзгөнүнөн корккон жокмун. Сүзгөнү келе жатканда, тура калып мүйүзүнүн ортосуна кире качтым. Ал теке мени өлтүрмөк тургай кандайча кутуларын билбей, башын араң көтөрүп калды. Мен эки мүйүзүнүн ортосунда туруп, акырын-акырындап жонун сылап, мойнун кашып жатып, үйүр кылып алдым. Акырын-акырындап үстүнө барып миндим. Минсем абдан жоош болуп калды. Мен анын үстүнө минип алып, маңдай-башын сыласам, туруп берчү болду. Мен мингенге берки эчкилер таңыркап карап калышты. Бирок, алар да үйүр боло баштады. Ошентип ал жерде 15 күн туруп калдым. Күндүзү үйрөтүп алган текемди минип алып, берки эчкилерди айдап, жакшы от жайыттарга алып барып, тойгузуп келем. Баягы өлдү деген теке өлгөн эмес экен. Жөн эле эси ооп жатып калыптыр. Кийинчерээк аны короого былк эткизбей жаткырып, жерден жакшы чөп, суу алып келип берип жатып, мал кылып алдым. Кийинчерээк абдан мага жакшы үйүр болду, кайда барсам да, ошол айыккан теке ээрчип жүрүүчү болду.

Мен бул тоо эчкилерди үйүр кылгандан кийин, айдап алып үйгө кетүүнү ойлодум. Миңгич текени минип алып, тоо эчкилерди он алтынчы күнү болот дегенде короодон чыгып, үйдү көздөй айдап жөнөдүм.

Акырындап үйдү көздөй айдап жайып отурдум. Бир маалда бир-эки эчким жайылып бара жаткан жерден эле тууп жиберсе болобу. Бир аз убакыт күнгө кургатып алам. Улактарды салып жүргөн куржунум бар эле. Ал эки улакты куржундун эки көзүнө салып, баягы айыккан текеге артып койдум. Ал теке менин артымдан калчу эмес. Минип бара жаткан текемден кийинки чоңу ошол эле. Эртең менен короодон чыктым. Кечинде шагыраган көп эчкини үйгө айдап кирип бардым. Бир топ күндөр өткөндөн кийин, мен баягы короого бир барып келейин деп ойлодум. Себеби, кайрадан баягы короого эчки келип калса көнүктүрүп, дагы айдап кетүүнү макул таптым. Энем да менин айткан оюмду макул көрдү. Ошентип, азык-түлүгүмдү камдап алып, баягы короону көздөй жол тарттым.

Короого жетип бардым. Бирок, баягы короо өңдөнбөйт. Башка бир жаңы короо өңдөнөт. Мен ал короонун аныктыгын билүү үчүн төр жагына жүрүп отурдум. Бирок, берки короонуку төрү жакын эле, бул короонун төрү эң эле ыраак өңдөнөт. Себеби, дагы эле төрүнө жете албай кетип эле бара жатам.

Бир маалда бара түшүп, күп эле жыгылып түштүм. Түшкөндө сууга түшкөндөй болдум. Суу эки жакка бөлүнө түштү. Бирок, мен сууга чөгүп эле бара жатам. Ал суу көлбү, деңизби, агын суубу, ал жагы мага белгисиз. Себеби, жер алды караңгы, эчтеме көрүнбөйт. Өзүм сууга түшкөнүмдү гана билдим. Сууга сүзүп, чабак уруп жүрүүнү кыйын билүүчү элем, ошондуктан гана чөкпөй калкып, чабак уруп турам. Мен ал суудан кантип кутулуп, жер жүзүн көрөрүмдү билбей, бир топко ойлонуп турдум. Ойлонуп турсам да, эч айла табылгандай эмес.

Андыктан суу үстү менен чабак уруп жүрүп олтурдум. Бирок, капкараңгы, эч бир күн шооласы, жарык дүйнө көрүнбөйт. Кайда бара жатканымды билбеймин. Суу үстү менен гана кетип бара жатам. Ошентип, кетип бара жатсам, алыс жактан бир жарык шоола көрүнөт. Көрүнгөнү менен абдан алыс көрүнөт. Алыс болсо да ошол жарыкты көздөй жүрүүгө туура келди.

Жүрүп отуруп ал жарыкка жакындадым. Көрсө, ал жарык жер астында тоо тукумдарынын бир асылдуусунан көрүнөт. Андан сууга түшкөн жарык күнгө чагылышкан айнектей жаркырайт. Анын жарыгынан жогору жактын капталган жер экенин ошондо билип жүрөм. Бир аз ошол жарыктын жанынан суудан ашып көтөрүлүп турган бир ташка чыгып эс алдым. Көтөргөн тамагым сууга чыланып калган көрүнөт. Чыланса да жеп тоюп алдым. Ал сууга көз жиберип карасам ушунчалык тунук, ушунчалык мелүүн жана мында жер үстүндөгү суулардай кыбыраган жандык көрүнбөйт. Экинчи бири жер астындагы суунун жана жердин бир айырмачылыгы: андан тырмактай өскөн өсүмдүк көрө албайсың. Жана урап турган кум, таш жок, баары тең эле мизилдеген гранит менен капталган.

Мен, ал жерге жашоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, иши кылып бир жактан чыгамбы деген үмүт менен сууга сүзүп алып жөнөдүм.

Чындык, караңгылык эми басты. Мурунку тоо тукум асылынан чыккан жарыктан да ажырадым. Же күндүн жарыгы жок. Күн шооласын көрбөгөндөн кийин, түнбү же күнбү, менин жер астына түшкөнүмө нече күн, нече түн болду, ал жагы да маа белгисиз. Же саатым да жок, убакытты да билүүгө болбойт. Ошентип олтуруп, бир жактан бир кичине болор-болбос дагы бир жарык шоола көрүнө баштады.

Мен ал шооланы көргөндөн кийин, турчумунбу — ошол жакты көздөй шуулдап сүзүп олтурдум.

Бир аздан кийин жарык шоолага жетип да бардым. Ал жарык шоола күндүп нурунан түшкөн жарык экени аныкталды. Ал жарыктын так өзүнө жетип бардым. Көрсө ал жарык, бир казылган кудук аркылуу күн шооласы жерге түшүп жаткан экен. Кудуктун түбүнө барып жер үстүндөгү жарыкты карадым. Бийик казылган кудук аркылуу жер үстү көрүнбөйт. Жалгыз гана көгөргөн көк асман мага көрүнөт. Бирок, эбегейсиз бийик кудуктан кандай чыгуум да белгисиз. Тыш жактан маа эч бир жандык көрүнбөйт. Адам баласы жакын ченде жок сыяктуу. Анда-мында гана сайраган куштардын үнү араң-араң угулат. Бир маалда ыраактан созулуп чыккан адамзат шекилдүү бир дабыш пайда боло баштады.

Ал дабыш барган сайын жакындай берди. Бир аздан кийин, кудуктан суу алабыз деп, аркан байлап, чакасын калдыратып кудуктун түбүндөгү сууну көздөй түшүрүштү.

Булар мени көрсө коркот го, кандайча коркутпай тышка чыгуунун акылын таптым.

Биринчи чака түшкөндө чапанымды чечип чакага илээштирип жибердим. Экинчи чака түшкөндө бутумдагы чокоюмду чакага салып жибердим. Үчүнчү чака түшүп келе жатканда кудуктун түбүнөн көрүнө калып, өлгөн киши калкыгансып калдым. Чака төмөн сууга түшкөндө да суунун үстүнө чыгып калдым эле, акырын чаканын үстүнө суналып өлгөн бир адам сыяктуу чака менен көтөрүлүп олтурдум. Акырында суу алып жаткан адамдар чаканы тышка тартып чыгышып, маа ушунчалык таң калышты. Алар маа тамактарынан берип тойгузушту. Мен эс алып, кудук тазалаганы келип, түшүп кеткен элем дедим. Алар да менин сөзүмө ишенгендей болушту. Алардан мен кайдан келе жатканын, ошол жердин аттарын сурап алдым. Алар кербенчилер экен. Мен чыккан кудук ушул жердеги кумдуктагы кудук экендигин өздөрү кеп салышып олтурушту.

Ал кудук азыр ойлосом Африканын Сахара чөлүндө, же кызыл кум, кара кумда, же болбосо Тибет дөңсөөсүндө болуу тийиш. Тууралап айтып берүүгө эсимден чыгып калыптыр.

 

IIШАРДА УЧКАНДА

Жолдош окуучулар, мени жалгыз тоо эчки кармап жана жердин катмарындагы сууну эле сүзүп чыккан экен дебегиле. Мен андан башка дагы бир топ кесиптер кылдым.

Биринчи жолу Италиянын окумуштуусу Леонардо да-Винчинин абага учуу деген максат коюп жана ал абага учууга бир топ аракет кылып, шар көтөрүлткөнүн уккандан кийин, мен да андан артып түшкөндөн шар жасоого кириштим. Менин шар тууралу түзгө:: планым энем экөөбүзгө жакты. Мен биринчи жолу шар жасай баштадым. Ал шарым абдан жакшы болуп чыкты Эми анын ичине кандай учуучу жеңил газды толтуруу керек, мага ошол жагы кыйындык келтирди. Бирок, мен аны да ойлой-ойлой таптым. Мен билем, суу эки газдан турат (водород жана кислород). Водороду абдан жеңил. Ошондуктан, жасаган шарымдын ичине водород толтурууга туура келди. Мен аны кантип толтурууга тийишмин, кантип водородду суудан бөлүп алам. Ушул жагы мени бир топ ойлонтту Мен анын да амалын таптым.

Мен бир чоң казанга суу куюп, анын оозун бекем капкактап, капкакты тешип, бир узун темир түтүк орноттум да, түтүктүн орто ченинен бир чоң мешке от жагып, түтүктү ошол от ортосунан алып өттүм. Түтүктүн учун эки айрым кылдым. Себеби, водород жана кислородго айрылбай келген суу бир идишке агып түшсүн үчүн, газга айландырганда кислород темир түтүк ичинде калып, водород шарга барып кирсин үчүн түтүктүн бир башын шардын оозуна киргизип туруп, бек таңып, казанды баркылдатып кайната бердим. Шар уламдан-улам толо берди. Бир аздан кийин шар топтомолок болду, андыктан эми учууга туура келди. Мен мурун эле шардын ылдый жагына өзүм олтуруп учуу үчүн жакшылап бир адамдык кылып, үй жасап койгом. Ал үйдү водородго толгон шардын алдына келип таңдым. Абага толгон шардын оозун бекем байлап, өзүм үйгө түшүп, энем менен коштошуп алып, асманга учуп жөнөдүм.

Шар уламдан-улам жогорулап бара жатат. Мен үйүмдүн терезесинен жерди карап бара жатам. Энем мени карап, колун булгалайт. Бирок, үнүн укпадым. Шар көкөлөгөндөн көкөлөй берди. Жер алыстагандан алыстан берди. Бир маалда түнөргөн бир шооласыз капкараңгы жерге туш келдим. Бул жер абанын кайсы бөлүгү экени мага белгисиз. Караңгылык бул жерди чылк баскан. Төмөн карасам, жер көрүнбөйт. Жогору карасам, ай, күн көрүнбөйт. Ошентсе да, шар жогорулап эле көтөрүлүп бара жатат. Мен эмне болсом, ошол болоюн деп жайбаракат, эки жакты карап, чөнтөгүмдөгү күнүмдүк дептериме көргөн, билгенимди жазып кетип бара жатам. Шарым тынбастан эле жүрүп кетип бара жатат. Бул шардын кайда барып токтолорун билбейм. Капкараңгы эч жылчыксыз. Абадан башка мыдыр эткен эчтеке жок. Же бир дабыш, же бир жандык, же бир жарык, же бир табияттын бир мүчөсүнөн бирөө да жок.

Жер жакты карасам деле, капкараңгы көрүнөт. Күн болуп жатканы, түн болуп жатканы белгисиз, өзүм кайсы кургактыкта же кайсы суунун үстүндө кетип бара жатканым да белгисиз.

Өзүм гана СССР аймагынын үстүндө тургандай болом. Капиталисттик өлкөлөрдүн астрономик жана шар учуруучуларына: мен СССРдин акылман, билимпоз, эмгек уулунанмын дегендей болуп ичимден кубанып коюп бара жатам. Бир маалда шар ары да кетпей, бери да кетпей токтоп калды. Бул токтолушуна таң калдым. Үйүмдөн түшө калып, эмне учпаганын көрөйүн деп андан да корком. Себеби, жерди көздөй түшүп кетемби дейм. Ошентип кантер амалды билбей, бир топко ойлонуп турдум да, шар түшпөгөндөн кийин мен түшмөк белем деп, үйүмдөн секирип түштүм. Секирип түшкөнүм менен жерге кулап түшкөнүм жок. Түшкөн жерден эле басуу таянчым жок болуп, токтоп тура бердим. Шарым эмне учпайт экен деп, ары-бери басып, эки жагым карадым. Карасам баары эле аман өңдүү. Бирок, эмне учпасын билбедим.

Өзүмдүн да кулап кетпегениме таң калдым да, өзүмө өзүм суроо берип коём. Мен эмне үчүн кулап жерге түшпөйм? — дейм, бирок, ал суроону өзүм да чече албадым…

Ошентип, кайра шардагы үйүмө келип түштүм да, бир аз тыныгып, эс алып олтурдум.

Бир маалда, калың караңгылыктын арасынан бир чоң жер формасындагы бир нерсе уламдан-улам мага тушташып, жакындаган өңдөнүп келе берди. Шар ансайын дагы ошол жер сыяктуу формадагы нерсени көздөй акырындап уча берди. Бир маалда шардын көтөрүлүп сызганы маа анык экени сезилди. Бир нече убакыттан кийин эле баягы жер формасын алган жерге жетип калыппыз. Жерине барып шар-марым менен аман-эсен түшүп калдым. Ал жер башка жер көрүнөт. Жаралып бүткөндөн тоолор, тунук, акпаган коюуланган суулар. Бирок көпчүлүгү муз. Кез-кез жерде гана муздан кылайып өскөн лишайник, мох сыяктуу өсүмдүктөр гана учурайт. Андан башка ырымга чөп жок. Жана айбан, адам аттуунун саны тургай жыты жок сыяктуу. Акырын гана мох, лишайник өңдөнгөн өсүмдүктүн түбүн байкап карасам, көзгө илинер-илинбес бир курт жүргөн сыяктуу. Андай турмуш жок жерде жүрүүгө мүмкүндүк келбеди. Андыктан кантип өз жеримди көрөм? Кантип учам? Бул суроо менин башымды бир топ катырды. Ал жүргөн жерим 9 планетанын кайсынысы экенин да билбедим. Бирок ойлоп-ойлоп баамдап байкасам ай шекилдүү, себеби, ай жерге жакын жүрөрүн билет эмесминби. Мен бир топ күндөр жүрүп калдым, ал жерде күндүн кеч кириши, таң атышы биздикинен бат сыяктуу. Себеби, жерде жүргөндө түн ичинде эки ойгонуучу элем, бул жерге келгени түн ичинде бир эле ойгонуучу болдум… Дааналап, белгилей албайм, себеби, жерден учканда саатымды унутуп таштап салыпмын. Мен элди сагындым, жерди сагындым. Бирок, кетүүгө келгенде ой бир топ башты катырды. Андыктан эмне кылуу керек деп ойлоп отуруп, колумдун тырмагы өсүп кеткенин да билбей калыптырмын. Тырмагымды алайын деп үйүмдөгү көмүркөйүмдүн ичиндеги бычагымды көмүркөйүмдөн алып, тышка чыгайын дегиче болбой эле шар көтөрүлүп жөнөдү. Мен сүйүнгөнүмө чыдай албай күлүп да жиберген экемин. Ошентип учуп жүрүп олтурдум. Билбейм, жерди көздөй учуп бара жатамбы, кайсы жакты көздөй учуп бара жатканымды билбедим. Бир маалда баягы басып өткөн караңгылыкка туш келип калдым. Ал караңгылыкка туш келип калгандыктан, жерди көздөй жол тарткандыгымды ошондо билдим.

Бир маалда жердеги жарыктын шооласы калың караңгылыктын арасынан көзүмө байкала баштады. Ошентип олтуруп, ылдыйлаган сайын ылдый түшүшү катуулан баштады. Мунун себеби, Курский Аномалия магнити бычакты тартып жаткан экен. Бычак менен биз түшүп келе жатыппыз. Ал көрсө айда экенде жер айланып олтуруп, бычакка туш келгенде тарткан экен. Ошентип, Курский Аномалияга келип түштүм. Бычакты ошондо таштадым да, шарым көтөрүлүп, үйүмө келдим. Бычакты таштаган себебим — бычакты алып жүрсөм Курский Аномалия1 кайра-кайра тартып эле бастыра турган эмес. Бирок, бычагым абдан жакшы эле да, аны кийикчилеп жүргөндө да алып жүргөн болчумун…

 

III. ТАЛААГА ЧЫККАНДА

Мен бир күнү талаага чыктым. Чыгуунун себеби болсо, табигый шарттар менен жана талаа айбандары менен бир аз таанышып өтүү эле. Бир мезгилде талаадан конуп олтурган бир кушка кез келдим. Ал куш болсо, бир бүркүттү тыткылап жеп олтурган экен. Мени көрө койду да, жеп жаткан бүркүтүн таштап, мага талпынды.

Куш качырып мени тебүүгө даярданып кирип келди. Мен андан кандайча кутуларымды билбей, башымда кийип турган тумагымды кушту көздөй ыргытып жибердим. Куш шып этип, тумакты илип алып жөнөп кетти. Куш сызып алып, тумакты мыкчып, көкөлөп бара жатат. Кийик көрүнсө атайын деген кичине тапанчамдын огун ошол тумагымдын кырбуусуна салып койдум эле. Ал ок ошол бойдон тумак менен кетиптир. Кийик атып алайын деген жалгыз огум, тумак менен кошо кетип калгандыгына мен бир топ капаландым. Кайдан ок таап, үйгө бир кийик атып аларды билбей, бир аз ойлоно түшүп, ок-дарыны бат эле таап койдум. Чөнтөгүмдө ширеңкенин баштарын сыдырып алган бир куру патронум бар эле. Ошого как ортосунан салдым дагы, ок ордуна бир ташты салдым да, патрондун оозун бекитип, бир даяр атылуучу ок дүрмөт камдап алдым. Эми мага бир кийик кезигүү керек болду. Ошондуктан, кийик атуу үчүн бир калың токойду аралап, кийик табылат менен жүрүп олтурдум. Бир маалда алдымдан саксактап бир аюу кол салууга качырып калды. Мен атайын дейм, бир гана дүрмөтүм бар. Атпайын дейм, качырып эле кирип келе жатат. Муну эмне кылуу керек? Мен аны эмне кыларды таптым. Тапанчамды алдым да шыкааламыш болуп, маңдайына туруп калдым. Аюу да менден коркконсуп, токтой түшүп басып калды. Акырындап-акырындап олтуруп, көзүмдөн көзүн айырбай эле бетме-бет келип тиктешип калды. Мен көзүмдү ирмесем эле жарып салуучудай, бирок мен көзүмдү ирмебей эле тиктешип тура бердим. Көзүм да талып болду, андан кантип кутуларымды билбедим. Айдан келгенден кийин бир сүрөткө түштүм эле. Аны эстесем, чөнтөгүмдө жүргөн экен, аны акырын чөнтөгүмдөн алдым да, алды жагымдагы бир чөпкө илип, аюуну карата койдум. Аюу ал сүрөттү караган бойдон кала берди. Өзүм акырын жылып алып, жөнөп кете бердим. Жүгүрүп бара жатсам, баягы куш алып кеткен тумагым жатат. Тумактын ар жагында куш өлүп жатат. Тумагымды көргөндөн кийин, огум бар бекен деп, чуркап бардым. Бирок огум жок, кайда түшүп калганы белгисиз. Тумагымды күбүп-күбүп кийип алдым да, куш эмне болуп өлгөнүн билүү үчүн куштун жанына бардым. Куш өлүп жатат. Эмнеден өлгөнү белгисиз. Бутун карасам, патронумдун от берүүчү арт жагына куштун бир бармагы батып калган, ошондуктан ал огум от алып, атылып кетиптир. Кушка ошонун ичиндеги огу тийип өлүптүр.

 

IV. МАМОНТ ТИРИЛТКЕНДЕ

Менин Сибирь жакта эң бир кысталыш жумушум чыгып калып, барып калдым. Сибирге барганда жеке эле ал жумушумдун артынан түшпөй, башка дагы илим изилдөө жагына кирише баштадым. Сибирде жашоочу түрлүү улуттар менен аңгемелеше баштадым. Алардын жеринин шартына жана элинин шартына акырындап көнүгүштүм. Бирок, менин оюмдан чыкпаган бир санаа да бар. Ал болсо, кайнозой эрасында2 түндүктү муз каптаганы эсимде. Ошондуктан, ал учурда жашаган мамонт жана пил сыяктуу айбандардын Сибирде жашагандыгы да эсимде. Ошондой болгондуктан мамонттун муз доорунан калган калдыгын табууга кириштим. Мен кандайча мамонттун калдыгын табууга киришкендигимди сиздерге айтып бербесем, мамонтту издегендигим туура да болуп чыкпас. Июль айынын бири дегенде бир тунгусту итине чана коштуруп, жолдош кылып ээрчитип жөнөдүм, баруучу жерим Түндүк уюл деңизи. Түндүк деңизинин муздарынын арасына катып калган мамонттордун калдыгын табамбы деген ой менен жүрүп отурдум. Иттери таскактап, жолдошум экөөбүздү сүйрөп олтурду. Арийне, иттердин таскактап чуркашы да эп эле, себеби, эки кишиге күчтүү иттерден онду чегип алгандан кийин, чуркабай койчу беле. Ошондой болсо да, бир кара ала тайган чабалактап жүрбөй калды. Мунун жүрбөй калганына эмне себеп болду. Албетте, мунун жүрбөй калгандыгына дагы бир топ толуп жаткан себептер бар болуп чыкты.

Мен аны жанымдагы жолдошум — иттердин ээсинен сурадым.

— Мунун жүрбөй калган себеби эмне болду экен? — дедим. Жолдошум анын жүрбөй калган себебин толугу менен айтып берди. Көрсө ал кара ала тайганды мурунку күнү да чанага чегип суутпай койгон экен. Ошондуктан, ысык кетип калып, ал күнү жүрбөй калганынын себеби ошол болуп чыкты.

Кара ала тайганды чанадан чыгарып, чананын үстүнө жаткызып алып, бет алып бара жаткан узун жолубузду узарта бердик. Бир маалда түндүк уюл деңизине токтоосуз жетип барган экенбиз.

Ошентип, түндүк деңиздин чет жагына чанабызды токтотуп, жүгүбүздү түшүрдүк да, өзүбүз мамонт калдыгын издөөгө кирише баштадык. Бир маалда тоодой болуп сүзүп жүргөн муздун арасынан эле жолдошум «таптым эле, таптым» — деп, кыйкырып калды. Мен да анын «таптым» деген кыйкырыгына кубанып, бала болуп чоңойгондон бери бир каткырып күлбөгөн ачуу кыйкырык менен: «Ай, айланайын абаке» — деп, кыйкырып жиберген экенмин.

Ошентип, анын таптым деген тоодой музунун төбөсүнө чыгып барып, жолдошум таптым деген муздун арасын карасам, алдынкы артылып чыккан тишинин бирөө муздан чыгып калган экен. Тиши менен буулап музду казып, тоңуп калган мамонтту муздан сууруп алдык. Акырында тоо муздун башынан жылдырып олтуруп, кабагына түшүрдүк да, чанага салып алып, жолдошумдун үйүн көздөй кайттык. Мамонтту жолдошумдун үйүмө алып келип, тышка отту чоң жактырып коюп, мамонттун музун эритүү үчүн ар жак, бер жагын отко кактай бердим. Бир маалда дем алгансып, бир дабыш мамонттон пайда боло баштады. Жана бир аздан кийин ички мүчөлөрүнүн музу эригенде, чыны менен эле дем алып, башын ары-бери көтөрүп, көзүн ача-жума берди.

Мен мунун тирилип, мал болорун билип, эң кубанычтык менен сүйүнүп кеткен экемин. Жолдошум менин кайсы эрадагы мамонттун тоңуп калгандыгын билгендигиме ал дагы мага ошончолук кубанды. Бир аздан кийин мамонт башын чулгуп тура баштады. Бирок, мындан эчен кылым бою мурун тоңсо да, ички организми жана тышкы организмдери бузулбаган экен. Ошол бойдон аман-эсен гана тоңуп жата бериптир. Бирок, менин тирилткеними билбестен чоочуркап: «кайдан келгенсиң» — дегенсип, олурайып карап да коёт.

Кийинчерээк акырын-акырындан үйүр боло баштады. Мен ал мамонтко курсагын тойгузуу үчүн түрлүү тамактар да алып келип бере бердим. Менин алып келген тамагымды чоочуркабай эле кызыгып жей берди.

Бир капча убакыттан кийин, артынан тезегин чыгара баштады. Мага анын тезегин текшерүүгө туура келди. Себеби, ошол мамонт музга катканда кандай чөп жеп жатканын билүүгө тийишмин. Мамонттун тезегин текшерип олтурсам, папоротник жана ийне жалбырактуу чөптөрдүн кээ бирлери учурайт. Мен ал мамонтту алып, үй жакка жол тартуума туура келди. Бир күнү жолдошум менен коштошуп, мамонтту минип алып, үйдү көздөй жөнөдүм.

 

V. КӨГҮЧКӨН ОКУГАНДА

Мен бир күнү бир зоого чыктым.

Зоонун боорунда көп көгүчкөндөр тууптур. Мен бул көгүчкөндүн эки-үч баласын алып келип, үйгө бакма кылууну ойлодум.

Менин ал ойлогон оюм абдан туура болуп чыкты. Себеби, жар көгүчкөн бакма болсо, үйгө кайдан да болсо таап келерин билем. Ошондой болгондуктан зоодогу уяга чыгып барып, эки балапанды алдым да, үйдү көздөй жөнөп кеттим.

Ал көгүчкөндүн балдарын абдан жакшы көрүүчүмүн жана абдан жакшылап багуучумун.

Мен жакшылап баккандан кийин, менин жанымдан кетүүчү эмес. Кайда барсам да, ээрчип жүрө берчү болду. Мен ал эки балапанга акырындык менен тил да үйрөтө берчү болдум. Алар адеп эле үйрөнгөндө, «ат» деген сөздү үйрөндү андан кийин «ок» деген сөздү үйрөндү. Себеби, мындай бир муундуу сөз үйрөнүүгө оңой эмеспи.

Кийинчерээк абдан кыйын сөздөрдү да айтчу болду. Менин атымды, энемдин атын угуп, даана айтып жана ким экенибизди айтып да билип калуучу болду. Мен буларга жеке гана сөз үйрөтпөстөн, окута да баштадым. Эң мурун «а, б, ч, к, ш, о, т» тыбыштарын үйрөтүп, андан сөз улап жазып окуттурчу да болдум. Эң мурун жогорку тыбыштан мындай деген сөз кураттырып окуттум. «Аба», «ач, тоо» деген сөздөрдү окуттум. Кийинчерээк тыбыштын баарын үйрөткөндөн кийин, кайсы сөз болсо деле окуй беришчү болду. Бирок, көпчүлүк сөздү «таш», «баш», «ат» деп окуйт. Кийинчерээк бардыгын да бир ката кетирбей окучу болду.

«Көгүчкөндөр алиппеси» деген китептин кай жеринен болсо да, алдына ачып койсом окуй берер эле.

Ал алиппенин ичинде бир куплет мындай деген ыр бар эле:

Биз, биз бакма көгүчкөн,
Окуганга көнүшкөн.
Кат жазууну үйрөнүп,
Далай кызык көрүшкөн.

Ушул ырды эң сонун көрүшүп, экөө окуп да калар эле. Кийинчерээк байкасам, ошол ырды жаттап үйрөнүп алышыптыр.

Бир күнү эртең менен уйкудан көзүмдү ачсам, кондуруп койгон жерге конуп алып эле ырдап жатышат. Бул ким ырдап жатат экен деп көзүмдү ачып, башымды көтөрсөм, жакын жерде киши көрүнбөйт. Баягы кондуруп койгон көгүчкөндөрүмү карасам, экөө жардашып туруп алып, ырдап жаткан экен. Мени көрө коюп, уялып кетишти окшойт. Башын канаттарына катышып эле, уктаган сыяктуу коңурук тарта башташты…

Мен да билер-билмексен болуп, жуурканыма чүмкөнүп калдым.

Мен бул көгүчкөндөргө жеке гана сөз менен тыбыш үйрөткөн жокмун. Аларга жазууну жана цифра сандарын да үйрөтө баштадым. Ал цифра сандарын да бат эле үйрөнүп кетишти, цифраны үйрөнгөндөн кийин, арийне, анын санатына үйрөнүүгө тийиш. Анын санатын да жакшы үйрөндү. Бирок, кез-кез жерден адашып да калуучу болду. Ал адашкан санын буттарынын бармактарын санап, бат эле таап алышчу. Эң эле мурун 10 го чейинки сандарды үйрөнүштү. Албетте, онго чейин билишкенден кийин, ар жагын дале бат эле билип кетишти.

Булар бутуна карындаш, калем кармап жазууну да үйрөнүшкөн. Бир бутун көтөрүп туруп, калем же карандаш сунсаң, шып илип алчу. Бир буту менен бир нерсени кармап олтура берип, экинчи буту менен алдына кагаз коюп койсоң, жаза берчү.

Мен алардын сабатсыздыгын жойгондон кийин, көгүчкөндөрдөн чыккан маданияттуу жана бир чоң билимпозду чыгаргым келди. Андыктан буларга тажрыйба менен көргөзүп, сабак берүүгө туура келди. Жана бардык сабактан даярданууга туура келди.

Мен андай, ал жагына атайлап киргенден кийин коёмунбу. Бардык жагынан даярдап алып эле сабак бере берчү болдум. Алар менин сабагымды абдан жакшы көңүл коюп угушчу жана китептен баланча жеринен окугун десем, айтканымдай окуп, айтканымдай суроого жооп беришчү.

Мен аба тууралу сабагымды жүргүзүп жатканда ушунчалык кызыгышып, эч жакты карабастан угушчу эле. Себеби, аба тууралу сүйлөгөндө куштар эмне үчүн абада учат, жана кантип жыгылбай жүрөт, аны абада алып жүргөн эмне күчү бар. Ушундай сөздөрдү суроо берип коюп, жакшылап чечип, жакшылап айтканда таң калышып, мени карап калышар эле.

Алар менин колумда 8 жыл тарбияланып калышты, жана булар ушунчалык жакшы окушту, а, сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн бир гана мисал айтып өтөйүн.

Бир жылдын ичиндеги орто Мектептин эсеп сабагын 3 айдын ичинде гана окуп бүтүп коюшту. Мен деле программа менен бергим келет. Бирок, кээ бир эсепти жазып убара болушпастан, ойлоп айтып коюшат. Жана кандай кыйынын берсем да чыгарып коюшат. Булар класстан класска өткөндөгү сыноодон да ушунчалык жакшы өтүшөр эле.

Эсеп, физика ж.б. сабактан текшерүү, сыноо болгондо, экөөнү эки жерге кондуруп коём. Себеби, бири чыгара албай жатса, биринен бири көрүшө коюшпасын деген максат эле. Антсем деле мен доскага жазарым менен алар чыгардым дешип бере коюшат. Текшерип карасам абдан туура чыгарышкан, ошентип, 8 жыл ичинде жогорку окуу бөлүмдөрү менен тең билим алгандыктан, жогорку билимдүү деген документ бердим.

 

VI. БАРДЫК ЖЕРДЕ ЖҮРҮҮЧҮ КАЙЫК

Бул китепчени окуучулар! Мен дагы далайларды баштан өткөрдүм го!

Мен бир күнү ойлоп олтурсам, ойлоп жүргөн кесибимдин бирөөнү унуткан экенмин.

Мен жаңыдан жөргөлөй басып жүргөнүмдө бир кумурска үйдөгү мен төгүп койгон чалчык суунун ары өйүзүнө өтүү аракетин кылып жатат. Бирок бир топко аракеттенип жатып, өтүүгө абдан кыйналды. Антсе дале өтө албады. Мен быякта эмнеси бар экен деп, абайлап олтурсам, ал жакта тамдын түбүндө уясы бар экен. Мен уясына кантип кирер экен деп, керели кечке ошол кумурсканын аракетин байкап олтура бердим. Улам суу соолуп кургап келе жатканда, акырын чакадагы суудан чөмүчкө сузуп келип, төгүп коём.

Бир маалда кумурска ар жактан бир кургак куурайдын кичине сыныгын көтөрүп келип, суунун үстүнө салды да, өзү куурайдын сыныгынын үстүнө басып, алдынкы эки муруту менен сууну артка күрөй берди да, бир маалда суудан чыгып, ийинине кирип кетти.

Мен эми кантип кумурскача кайык жасап, бир деңизге барып саякаттык кылсам дедим. Бул ойду кумурска куурай алып келип, өтүп кеткен күнү эле ойлоп койгом. Бирок, ошондон бери эстебей, азыр эстегенимди карачы… Мен андыктан, бир аздан кийин абада учуучу, сууда сүзүүчү, жерде жүрүүчү кеме иштөөгө кирише баштадым. Ал кемени ушунчалык жакшы кылып жасадым. Жасаган кемем сууда сүзүүчү, көктө учуучу, жерде жүрүүчү болуп чыкты.

Андыктан дүйнөнү бир айланып келүүгө туура келди. Ошондой болгондон кийин бир күнү дүйнөнү айланып келүү саякатына чыктым. Үйдөн энем менен коштоштум да, бир айда келем деген убаданы энеме бердим. Энем да менин убадамды макул тапты. Мен ошол күнү учуп алып, Улуу тынч океанына түштүм. Ошондо суу менен сүзүп олтуруп, XV деген аралдан чыктым. Ал арал ушунчалык жакшы, көгөрүп турган жыгачтар, нечен түрлүү сайраган куштар, бышып турган жүзүм, алчалар. Бирок кыбыраган адам баласы аттуу жан жок сыяктуу. Мен ал жерге 6 күн туруп калдым, ошол алты күн ичинде жылт эткен от, кыбыр эткен адам үндөрүн уга албадым. Ал барган аралымды аралап чыктым. Үстүнөн кайыгым менен учуп, сүрөткө да түшүп алдым. Ошол түшүргөн сүрөтүмдө адамдан башка аралда жүргөн жаныбарлардын баары тең эле түшүп калган.

Түрлүү маймылдар, эчен түрлүү тотулар, түрлүү-түрлүү түстөгү чымчыктар. Эчен бир арстандар, бирок бул аралда адам пендеси жок сыяктуу. Бир аз абайлайынчы деп, тартып алган сүрөттөрүмдүн ар бир жерин байкап олтурсам, сүрөттүн четирээк жагында бир жалгыз тартылган дуб жыгачынын түбүндө адам сыяктуу бир нерсе кошо түшүп калган. Бул адамбы, айбанбы, сүрөттөн айрып тааный албадым. Андыктан, токойдун үстүнөн кайра учуп, баягы жалгыз түп дубдун жанына барууга туура келди. Мен бир топ ойлонуп турдум да, ошол токойду көздөй кайыгымды учуруп алып жөнөдүм. Акырындап учуп олтуруп, баягы жалгыз түп дубга жакындадым. Ал дубду жана анын тегерегин чоң кылып дааналап сүрөткө түшүрүп алдым. Түшүргөн сүрөтүмдү абайлап байкасам, анык адам экен, даана эле белгиленди.

Мен эми ал адамга барып, кайдан келгендигине таанышууга туура келди. Мен шуулдап эле кайык менен жетип барууну туура таппадым. Себеби, ал адам кокустан коркуп кетеби, алда эмне болуп кетет. Андыктан кайыкты бир теректин башына кондуруп, кулап кетпесин үчүн бек кылып байлап кондум да, колума тапанчамды кармап алып, баягы дуб жыгачтын түбүндө олтурган адамды көздөн бет алдым. Акырындап эки жагымды абайлап олтуруп, баягы дубга жакындадым. Эч дабышсыз акырындап дубдун ары жагына бардым. Баягы адам капкара, чачы өсүп кеткен, кийими жок. Бир нерсени тыткылап жеп олтурган сыяктанат. Ар жагынан барып, амансызбы! — дедим. Мени жалт бир карады да, айкырып алып качып жөнөдү. Мен «бул эмне менден коркот, бул кандай адам болду экен» — деп, өзүмө өзүм токтой түшүп, суроо берип туруп калдым.

Мен бул адамдын чыныгы ал-абалын билип кетүүм керек. Ошондой болгондуктан жанагы качкан адамдын артынан жөнөп олтурдум. Бир маалда деңиздин боюнда деңиз жакты карап олтурган баягы качкан адамыма туш келе түштүм. Деңиз жакты карап олтурганда «ой адам» дедим. Дагы бир бакырып, деңизди көздөй качты. Бирок тереңдеп бара албай, мойнуна чейин деңиз суусу каптап калгандан кийин кайра тартып, мени көздөй бет алды. Мен анын келгенин күтүп, деңиз боюнда тура бердим. Бир маалда түптүз маа келип эле күрөшүп калды. Менин аябаган балбандык жайым бар эле. Акырын көтөрүп ала койдум. Жулунуп болбойт. Акырын көтөрүп алып, баягы байлап койгон кайыгымдын жанына алып келип, кайыкка түшүрүп учуруп алып жөнөдүм.

Ошентип жыйырма күн, жыйырма түн дегенде үйгө келип түштүм. Баягы адам болсо кайык менен келип, кете албай адашып калган жапайы (дикарь) адам болуп чыкты. Ал адам кийинчерээк тил үйрөнүп, менден окуй баштады.

Мен маданияттуу бир билимпоз киши кылып чыгарууга кирише баштадым.

19/111 1937-жыл.

1 Курский Аномалия — Украинадагы магнит кени

2 Эра бир нече доорго бөлүнөт

 

k_esenkojoevК.Эсенкожоевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий