Токтобек Үсөнов. « Үч күн»

(аңгеме)

Биринчи күн

Кеч. Базар. “Карс-курс” этип, акыркы контейнерлер жабылууда. “Жол, жол!” – деп кыйкырган тачкистер да иштерин токтотуп, тачкилерин биринин үстүнө бирин жүктөп алып, араба жайга жөнөшкөн.

Контейнерлерди аралап, колтугуна кагаз коробкаларды кыстарган жаш аял менен кызы гана кетпей жүрөт. Кезектеги коробкага жетип, жаңы эле алып жөнөөрдө, кызы апасын этектен тарткылап, эч качан түгөнбөгөн суроолорун берип атат:

— Апа дейм? Биз эмнеге күндө ушинтип коробка теребиз?

— Анан эмне кылабыз? Эптеп күн көрбөсөк болбойт да.

— Адинайлар коробка тербей эле күн көрүп атышат го?

— Ар кайсыны сурап, башымды оорутпачы кызым. Минтип коробка тербесек, сенин кичинекей курсагың, менин чоң курсагым кантип тоёт? Анан, жакында жаңы жыл, аны кантип тособуз? Кө-өп коробка чогултсак, кө-ө-өп акчабыз болот. Анан экөөбүз светтин, ижаранын да акчасын беребиз. Түшүндүңбү?

— Апай, анда, Адинайлар эмнеге коробка теришпейт? Бирок, көйнөгү көп?

— Жөн басчы. Аны эмне кыласың? Алардын акчасы көп да, ошон үчүн көйнөгү да көп.

Турмуштун запкысын көрүп жүрүп, жетишкен үй-бүлөлөрдү көрсө ичи тарып, бир заматта аларды жаман көрүп кетчү. Азыр да ошонусу кармап, күңкүлдөдү. Ансайын кызы кыялынан чыга албай, башындагы ойлорго жооп таба албай такып кирди:

— Апа, алар акчаны кайдан алышат? Эмнеге алар коробка тербейт?

— Анткени, алар мурда эле акчаны көп таап алышкан да.

— Анда атам экөөңөр кайда элеңер?

— Качан?

— Му-урда, му-урда? Адинайлар коробка терип алышканда?

— Андабы?… Анда биз… – кимдир бирөөгө ачуулангандай унчукту. — Анда да биз ушинтип коробка терчүбүз. Өлүгүңдү кана көрөйүн! Керелдин кечке, күнү-түнү урушуп, согушуп коробка терчүбүз! Ошентип эле жашап келе жатабыз, жашооң куруп кеткир!

— Адинайларчы?

— Эмне эле Адинай, Адинай дейсиң?! Анын деген атасы да, апасы да окуган-чокуган, иштери бар немелер. Биздей какмар дейсиңби! Иштешет. Кийими бүтүн, курсагы ток алардын! Бас, бол. Дагы бирөө коробкаларды чогултуп кетпесин.

— Курсагым ачты.

— Эми эле нан жебедиңби?

— Менин тамак жегим келип атат. – унчукпай калып, кайра сурайт. — Апа, Адинайлар күндө тамак жасап жешет, э? Күндө, күндө, э?

— Ийи. Аларга Кудай ошентип жазып койсо ичет да.

— А Кудай бизге эмнеге күндө тамак ич деп жазган жок?

— Ошондой болот. Жашоо деген ушундай өйдө-ылдый. Бири кедей, бири бай, бири жакшы, бири жаман. Биздин маңдайыбыз шордуу да, ушинтип өмүр бою өт десе керек.

Жакшы бир нерсе ойлоп таба койгонсуп, же ошонусу дароо эле аткарыла калчудай, кыздын бакыракай көздөрү жайнай түштү:

— Тапты-ым! Кудайдан бизге дагы чоң үй, акча, тамак, көйнөк маңдайыбызга жазчы деп суранбайлыбы?

— Андай болбойт да. Сурансаң эле бере бербейт эч ким. Бекер эчтеке жок… Кудай берчүсүнө гана берет. Биздей шордууларга эмне?! Бас кеттик, кел сени да көтөрүп алайын. Оппаа, жүрү кеттик.

 

Экинчи күн

Ызы-чууга толгон базар ишин токтоткон. “Кар-курс” этип акыркы контейнерлер жабылууда. “Жол, жол!” – деп кыйкырган тачкистер да иштерин токтотушуп, тачкилерин биринин үстүнө бирин жүктөп алып, арабасын токтотуучу жайга чарчаңкы кетип баратышат. Өтмөктөрдө жалаң гана шыпыргычтар жана коробка терген жаш аял кызы менен жүрөт. Кезектеги коробкага жетип илип алып сүйрөп жөнөөрдө кызы апасын этектен кармап токтотот.

— Апай? Кудай каякта?

— Аны эмне кыласың?

— Мобу коробкаларды сатып туруп, Кудайдан маңдайыбызга чоң үй, тамак, акча жаздырып албайлыбы?

— Ий, божурагым, Кудай деген соодалашпайт да. Ал деген эч кимге көрүнбөйт, тээтиги асманда.

— Анда ал Адинайларга кантип берди чоң үйдү, сонун көйнөктөрдү?

— Ийий, кызым, башымды ооруттуң, баары аз келгенсип. Кудай бериш үчүн күндө сураныш керек андан. Анан ошондо гана берсе берет, бербесе жок.

— Кудай дүкөнчү байкедейби? Биз шекер сураганда кечке суратып, сиз ыйлагандан кийин гана берет го шекер. Ошондойбу?

— Жок, Кудай андан да жаман. Ал ыйласаң да эч нерсе бербейт! Болбосо, мен күндө таң аткыча ыйлап чыгам, берсе эбак эле маарып кетпейт белек! Үү-ү-ү.

— Апа ыйлабаңызчы.

— Үхү, үү-ү, ыйлабайын дедим эле, көзүмдөн да жаш чыгып кетпедиби? Он жылдан бери бир өзгөрүү жок ушинтип келатабыз. Үү-ү-ү…

— Ү-ү-үү…

— Болду, секетиң кетейин, көзүңдүн жашын сүрт. Баары жакшы болот. Көрөсүң го, сен чоңоёсуң, сулуу кыз болосуң, анан күйөөгө тийесиң. Ошондо баары жакшы болот.

— Чын элеби?

— Чыпа-чын.

— Көп акчабыз, кө-өп тамагыбыз болобу?

— Кө-өп көйнөгүң да болот, чо-оң үйүбүз да болот. Баары жакшы болот.

— Ошенте гой, жаным. Сенин ыйлачу убагың беле? Күлүп, эч нерседен капарсыз ойноочу кезиң жаным, — шайы оой түшкөн аял контейнерге жөлөнүп отура кетти. Кызы жанына келип тепейип отурду:

— Апа, мен Кудайды жаман көрөм.

— Ок, антип айтчу эмес, күнөө болот.

— Эмнеге? Анда эмнеге сизди ыйлатат? Өзүнөн көрсүн, мен аны баары бир жаман көрүп калдым.

— Кой дебедимби. Антип айтпа, жашабай жатып. Каарына алса, жаман болот. Түкүр жерге, үч жолу “тфу” де

— Дебейм.

— Кандай неме ыя, бу? Түкүр деп атам.

— Тфу, тфу, тфу.

— И, экинчи минтпей жүр макулбу? Жүр кеттик.

— Апай? Мен качан чоңоем?

— Чоңоесуң секетим. Бат эле менден да чоң болуп кетесиң.

— Эртерээк эле чоңойсом экен. А эмнеге сиз чоң болсоңуз деле баары жакшы болгон жок?

— Менде баары жакшы, сен барсың, жаман болсо да атаң бар…

— Бизден көрө чымчыктар бактылуу болсо керек, ээ апа? Алар кечке учуп жүрө беришет. Колдору деле жок, бирок бактылуу алар.

— Андай эмес, ар бир жаныбар, анын ичинде адамдын ар биринин өз шору, өз бактысы бар.

Эми элеки оюн унутуп кыз чечкиндүү унчугат:

— Мен сиздей болгондо деле коробка тергим келбейт.

— Тербейсиң секетим. Айтпадымбы, баары жакшы болот деп. Сен мага ишенесиңби? — Апасы кызынын колунан силкип өзүнө каратат.

— Ооба, ишенем, — кыз кыялдана асманды карайт, — Батыраак эле чоңойсом экен. Ага чейин ушинтип коробка терип турабыз да, ээ?

— Ийи, кызым. Эмне кылсак да эл ичинде аман болсок болду, — кызынын башынан сылайт.

— Коробка терип аман болгондун эмнеси жакшы?

— Дагы баштадыңбы? Басып жүргөнүбүзгө тобо дагы. Карачы, тиги кайырчынын эки колу жок, буту менен сүрөт тартып, буту менен кайыр сурап отурат. Эки бутуң басып, ден-соолугуң чың. Андан өткөн бактылуулук жок.

— ?…

— Сен азыр кичинекейсиң. Кичине чоңойсоң, анан түшүнө баштайсың. Сен эмес, көп нерсеге мен түшүнбөйм али…

— А тиги кайырчы эмне, бактысызбы? …Коробка тербесе делеби?..

— Бактысыз эмей…

 

Үчүнчү күн

Бүгүн жаңы жыл.

Ызы-чууга толгон базар бүгүн эрте жабылган. Шыпыргычтар да, тачкистер да жок. Ары жакта көчүгүнө коробка салып, үңкүйгөн кайырчы эч ким жок болсо деле, кимдидир алкап отурат. Акча салгандарды алкап атып, көнүп калса керек.

Кайырчыга бетмаңдай, коробка терген кичинекей кыз ыйлап, жалгыз турат. Тосуп турган топусуна, бирөө тыйын таштап өтүп кеткен соң, кайырчы бутун тарбаңдатып булгалап, кыйкырды кызга:

— Эй, кыз, бери келчи? Эмне болду, эмне ыйлайсың? Апаң кайда?

Кыз жооп бергиси келбегендей:

— Апам достору менен арак ичип атат, — деп күңк этип коюп, кайра эле ыйлай берди.

— А сен эмнеге ыйлап атасың? — жакыныраак келчи мындай дегендей, кайырчынын эки буту дагы тарбаңдады.

— Апамды жүрү коробка терели десем болбой жатат, — деди кыз даттанчу киши табылгандай бултуюп.

— Ошого да ыйлайт бекен. Бүгүн тербесең, эртең тересиң, — деди кайырчы чындап кызды соороткусу келип. — Эч нерсе болбойт, кызым.

Кыз макул болгон жок, кайра кайырчы да апасы тарапта болуп жатканына, таарына унчукту:

— Ики, биз көп коробка терсек, көп акчабыз болмок да. Тамак жасап жемекпиз анан.

Кайырчы кыздын өзүнө таарына түшкөнүнө ичи ысыдыбы, эркелете түшүндүрүп кирди:

— Бүгүн майрам да. Майрамда элдер майрамдашат. Базар иштебейт, коробка жок, көрдүңбү? – деп аңгырап турган өтмөктөрдү башы менен жаңсап көргөздү. — Ыйлаба, секетиң кетейин, ыйлаба. Эртең эле апаң экөөң кайрадан коробка тересиңер.

Кыз “чын эле” дегендей көзүнүн жашын сүрттү.

— Ой, азамат, ошент. Болду эми, тултуйба. Майрамда деген ыйлабайт. Бар, үйүңө бар. Ме, алма жейсиңби? Ме, ала гой, — кыз ыйын токтотконуна кайырчы чын дилден кубанып кетти.

Кыз тарткынчыктады, колдорун сунуп ийип, кайра тартып алып:

— Албайм, — деди.

Кайырчынын ага боору оруп кетти:

— Эк, байкушум, көзүң жейм деп айтып жатпайбы. Ал, же, бутуман коркуп атасыңбы? Коркпо секетиң, ала бер.

Кыз акырын эңкейип, көздөрүн алаңдатып, алманы алды. Ошол эле убакта анын көздөрү кайырчынын алдында төшөлгөн коробкаларга кадала түштү.

Алмадан “кырт” эткизе бир тиштеген кыз да эч кандай коркунуч жок экенин сезгендей, жылмайды. Азыр эле ыйлаганын унутуп, анын алдындагы корбкага карады:

— Үйүңүз жокпу?

— Үйүм болсо ушу жерде отурат дейсиңби?

— Сиз эмне, майрамдабайсызбы?

— А, кокуй, менде кайдагы майрам? Майрамдачу алым барбы? Кел бери, анда үйүңө кетпесең жаныма отура тур. Сени көрүп балким ары-бери өткөндөр көбүрөөк акча ташташаар, — жанын көргөзүп: — Отур мындай, — деди да бутунун алдындагы коробканы кызга жылдырып.

Кайырчы унчуккан жок.Кыз да эки жакты карап, бир аз үнсүз отурду. Мээсинде жаңы суроолор пайда боло баштады кыздын, тынчтыкты бузуп дагы сурады:

— Сиз да акчаны жакшы көрөсүзбү?

— Ооба да, ким эле жакшы көрбөсүн?

— Мен дагы.

— Ха ха ха, — кайырчы каткырып ийди. Аны көрүп кыз дагы күлдү, бирок, кайырчы эмнеге күлгөнүн түшүнгөн жок.

— Хи хи хи.

— Экөөбүз окшош турбайбызбы, — деди кайырчы күлкүсүн токтото албай.

— Хи хи.

— Ха ха ха, ой боорум, ай.

Кыздын күлкүсү келбей калды. Жеп бүткөн алмасынын калдыгын ыргытты да, туруп шымын күбүдү. Кайырчы аны элес алган жок. Күлкүсүн токтото албай эзиле берди.

Кыз эки жакты карады да, кайырчы отур деп өзүнүн алдынан жылдырып берген коробканы сүйрөп чуркап жөнөдү. Кайырчы кызды таңдана карап турду да, катуу кыйкырды:

— Токто!

Кыз тепеңдеп качып баратты.

— Токто дейм?! – Кайырчынын жанагы күлкүсүн кыз ала качкандай кабагы чытыла түштү. Кыздын артынан дагы кыйкырды:

— Коробка берем, бери кел. Дагы коробка аласыңбы? Алдыгындан кө-өп коробка берем! – кайырчынын үнү ыйлап ийчүдөй каргылданып, калтырап чыкты.

Кыз чуркап баратып токтой калды. Артына кылчайып, кайырчы баары бир кубалай албасына көзү жетип туруп калды.

— Кана? – деди коробканы сүйрөй, акырын басып келип.

Көчүгүнө салып отурган коробканы да чыгарып берди кайырчы:

— Ме, ала гой, – көзүнөн кулаган тамчылар кир баскан бетинен ылдый агып, өзү сыз жерге отуруп калды.

Кыз таң кала карап калды да, шылкыйып күнөөлүүдөй жанына барды. Кайырчынын жүзүнө, шор баскан көздөрүнө бир топко чейин мелтейип карап турду да, кичинекей эки ийнин солкулдата улутунуп алып:

— Ыйлабаңыз… Меңиз, мен башка жерден деле таап алам, — деп колундагы сүйрөй качкан коробканы анын алдына таштап койду.

— Жөн кой, кызым. Сен ал. Ал сага көбүрөөк керек. Мага эмне, мындай деле отура берем.

Коробкаларды кайырчынын жанына коюп, эки тизесин кучактап отуруп калды.

— Эх, байкуш шордуум, заманаң ушинтип кууратса арга барбы сенде?..

Тээ алысты карады кайырчы, качандыр бир кездеги жашоосун көрүп жаткансып. Анда ушинтип көчөдө калган кишилер бар беле? Адамдар кең пейил болчу бири-бирине. Минтип отургандарга сөзсүз жардам беришмек анда. Кыз анын оюн түшүнө калгансып:

— Сиз дагы кичинеке-ей кезиңизден бери ушинтип отурасызбы? – деди.

Кайырчы оюнан селт эте бошой түшүп:

— Кайда-ан? Мен сендей кезимде эч нерсени билбей ойноп жүрчүмүн. – деди.

Кыз дагы түшүнбөй калды. Чоңдор дайыма түшүнүксүз.

— Коробка терчү эмес белеңиз?

— Коробка эмне экенин билчү эмесмин.

— Атам менен апам кичинекей кезинен бери эле коробка теришет. Мен дагы… Анткени, бизди Кудай шордуу кылган дейт, — кыз асманды колу менен көрсөттү. — Ошондон кийин мен Кудайды жаман көрүп калгам.

— Ок! Антип ким айтты?

— Апам.

Кайырчы туталанып кетти:

— Апаң сени тамашалаган турбайбы… Андай эмес, Кудай эч качан пендесин жаман болсун дебейт. Адам өзү кандай болсо, жашоосу ошондой болот.

— Анда эмнеге биз дайыма эле коробка тере беребиз?

Кайырчы дагы кимгедир нааразы болгондой күрсүндү. Өзүнчө күңгүрөндү: “Балага да ушундай нерселерди айтабы, кокуй немелер экен…”

Кыз тегеренип келип, кайырчынын жүзүнө үңүлө карады:

— Эмне деп шыбырап атасыз?

— А… жөн эле.

— Анда адамдар кантип жакшы жашап калышат?

— Ал үчүн адам деген аракет кылыш керек, күрөшүш керек, умтулуш керек.

— А сиз эмнеге эч ким менен күрөшпөй эле отурасыз?

— Күрөшөм, кызым. Мен күндө, саат сайын күрөшөм…

-Ким менен?

— Жашоо менен, тагдыр менен, кызым… Болбосо…

Кыз асманды карады, кайырчынын айткандарына акылы жетпей жатты.

— А чымчыктарчы?

— Алар да жашоо үчүн күрөшүп жашашат.

Кыз жылмайып, кайырчыны укпагандай дагы эле, жаңы эле учуп келип, канаттарын тарап аткан, кичинекей боз чымчыктарды умсуна карап калды:

— Чымчыктар бизден да бактылуу, ээ, ата?

Кайырчы “селт” этип кызды, андан соң чымчыктарды карады. өзү да ошол кезде кызга окшоп, жадырай түшүп:

— Ийи, — деди башын ийкеп. – Алар бизден алда-канча бактылуу.

Контейнердин кырына конуп турган, чымчыктар “дыр” этип жапырт учуп кетишти. Кыз алар учуп кетип бара жаткан тарапты карап калды: “Менде да канат болсо…” – деп атты дилинде. Кайырчы да ошентип отурду. Чымчыктар көрүнбөй калышты, кыз дагы эле алар кеткен тарапты аңкайып карап отурган калыбында:

— Ата? – деди олуттуу бир нерсе сурачудай.

— ? – кайырчы бу саам да аны дагы жанагыдай, “селт” эте карады. Анткени, аны менен эчактан бери эч ким минтип сүйлөшүп, кандайдыр бир нерселерге жооп алгысы келе элек болчу… Анын “ата” деген сыйкырдуу сөздү укпай калганына көп болгон… Каны-жанында айланып, бүткөн боюн балкыткан ушул бакытты, ушул ырахатты кокус жоготуп алуучудай коркуп турду кайырчы.

— И, кызым?.. – деди анан араңжан. “Кызым” деген сөздү да ал кандайдыр башкача, жүрөгүнүн тээ тереңинен алып чыгып айтып жаткандай болду.

— А сиз бактылуусузбу? – анын жандүйнөсүндө болуп жаткан жаңырыкты угуп, билип, сезип алгандай сурай койду кыз.

Кайырчы эмне дээрин билбей, карбаластай түштү. Өзүнө суроолуу тиктеп калган кызга ушул көз ирмемдик бакыт жөнүндө айтууга анын кудурети жетпейт эле. Кыз да аны түшүнмөк эмес. Тек гана:

— Ооба, кызым, — деп шашып айтып жиберди. – Мен аябай бактылуумун… – көзүнө жаш тегеренип кетти анын. Кыз аны ого бетер таң калгандай, көздөрүн бакырайта тиктеп калды да:

— Калп айттыңыз, ээ? — деди.

— Жок, чын айтам…

— А бакыт деген адамдын кай жеринде болот? – кыз чындап эле анын бу кайырчыдай бар экенин билгиси келгендей, башынан аягына чейин карады.

— Уккан кулагында, көргөн көзүндө, туйган көкүрөгүндө… — кайырчынын үнү дирилдеп кетти.

Кыз ага үңүлө карады да, кайырчынын бакыттан жаш тегерене түшкөн көздөрүнөн, кызыл жүгүрүп, нурданып кеткен жүзүнөн, ууртундагы мына азыр төгүлүп кетүүчүдөй араң турган ый аралаш күлкүсүнөн, анын чын айтып жатканын көрдү да, эмнегедир кыткылыктап күлүп жиберди. Тура калып кайырчыны мойнунан кучактады да:

— Анда, апам дагы тамашалаган турбайбы, э?.. – деди кайырчыны “чоп” эттирип өөп…

Ушул саам кыздын кичинекей эт жүрөгүндө ушул кайырчыга, деги эле бүт адамдарга, жашоого, Кудайга болгон, эми эч ким, эч качан “тамашалап” буза албачу сыяктанган балалык мээрим, жакшы көрүү, ишенүү, жакынсуу сезими ойгонуп кетти…

Кайырчы өзү да ошону издеп жүргөн…

 

t_usonovТ.Үсөновдун башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий