Бала тарбиялоого арналган атактуу Тереза апанын кеңештери

tereza_ene

Тереза айымды бардыгы апа деп аташчу. Чындыгында ал бардык балдарга эне болууга арзыган. Эч кимге кереги жок жетим балдарга, таштандыдан табылган ымыркайларга жана майып балдарга эне мээримин берүүгө жетишкен.

Орто бойлуу, арыкчырай жана жүзү жылмайып нур төгүлгөн айым болгон. Аны менен сүйлөшкөн адамдын турмушка, кыйынчылыктарга болгон көз карашы дароо жакшы жакка бурулган. Ал ар дайым Кудайды оозунан түшүрчү эмес. Ал эми, көчөдөгү үй- жайсыздарды көрсө ар дайым жылмайып, «Сен жалгыз эмессиң»- деп айтып өтчү.

Төмөндөгү Тереза апанын балдарды тарбиялоого багытталган жакшы кеңештери ар бирибизге жардамы тийет деген ишеничтебиз.

1. Балага бир нерсе айтууда өтө чебердегиле. Көпчүлүк учурда ата-энелер балдарына эмне жөнүндө айтып жаткандыктарын көзөмөлдөй албай калышат. Маселен, кээ бир ата-энелер балдарына кайрылууда аларды, жалкоо, акылы жок, пайдасы жок, деп чакырышат. Муну менен алар баланын аң-сезимин талкалап коюшат. Мындай тарбияны көргөн бала ата-энесинин айткандары боюнча калыптанып, натыйжада жалкоо, акылы жок жана пайдасы жок болуп чыга келишет.

2. Баланы коркунучтуу жаныбалар менен коркутпагыла. Карышкыр, жез кемпир де полиция кыматкери менен. Бул аны акылдуу жана боорукерлик сапаттардан четтетет.

Баланы өзүңүздүн мыктылыгыңызды үлгү катары көрсөтүп тарбиялаңыз. Анткени балдар кулак- мээни жеген «лекция» угууну каалашпайт. Алар көздөрү менен көргөн нерсесин бат кабыл алышат.

3. Кандай гана кырдаал болбосун ата-энелер балдарыны көзүнчө майтарылбагандай курч көрүнүүгө аракет жасоолору зарыл. Аларга өзүңөрдүн алсыз жана кемчиликтериңерди көрсөтпөгүлө. Эгер бала мындай көрүнүштү көрүп калса, анда ал өзүн жаман сезип, чар-жайыт ойлордун курчоосунда калат.

4. Балакайлар өздөрүн кичинекей жана алсыз сезишет. Ошондуктан жаныда ал үчүн кам көргөн, аны коргогон ата-энесинин болуусун каалайт. Бала ата-энеден физикалык жана психологиялык жардам күтөт. Эгер ал үйдө чыр- чатактын үстүнөн чыкса, анда, балада сизге болгон күмөн саноо жаралат.

5. Эң жакшысы балага эч качан кол көтөрбөө керек. Такыр эле чектен чыгып бара жатса анда, жамбашына гана жеңил бир- эки жолу чаап коюу жетиштүү болот. Өзүңүз ачуулу кезде баланы эч качан жазалабаш керек, анткени сиз жаңылып калышыңыз ыктымал. Ал эми баланын эс- тутумунда жек көрүү, адилетсиздик сезимдери пайда болот. Балдар жамбашка чапкан «шапалакты» бат эле унутуп коюшат. Бирок, көзүңүздөгү ачуулукту, кызуу кандуулукту эч качан унутпайт.

6. Балдар ата-энеге баш ийип жана чексиз, күмөнсүз ишениши керек. Бул ынтымактуу үй бүлөдөгү бала тарбиялоодогу негизги эреже болуп эсептелет.

Кайыргуль Райымбек, «Кабар ордо», 20.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий