Эне-Сай кыргыз мамлекетинин саясатында роль ойногон элчилер

kyr_kaganat

Эгемендүүлүк жана мамлекеттик көз каранды эместиктин шарттарында Ата Мекендин өткөндөгү тарыхынын урунтуктуу учурларына, абдан маанилүү маселелерине жаңыча мамиле жасоо аракети күч алууда. Биздин өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшү, түздөн-түз улуттук аң-сезимдин ойгонушу, улуттук ар намыстын жана сыймыктануунун кайра жанданышы, козголушу менен байланыштуу. Айрыкча өткөн бай тарых-таржымал так иликтенип, бүгүнкү күндө кыргыз тарыхынын тереңдиги андагы негизги роль ойногон тарыхый инсандарыбыздын улуу эрдиктери айдан ачык таанылып, совет доорундагы канга сиңип калган кыргыздардын тарыхы октябрь революциясынан гана башталат деген таңууламаларды түп тамыры мене жок кылууда. Албетте тарыхыбызды тактоодо, тарыхый инсандарыбыздын жүзүн ачып, келечек муундарга өрнөк болуучу таалим-тарбиялык маанисин тереңдетүүдө тарыхчыларыбыз бир кыйла так жана кылдат болуусу шарт. Улуу академик В.В. Бартольд: “Тарыхчынын милдети-эмне болушу мүмкүн же болбошу мүмкүн экенин иликтеш эмес, эмне болгонун тастыктоо болуп саналат”,-деген айтылуу постулатын ар бир иликтөөчү тарыхчыбыздын эсинде болгону жөндүү. Демек тарыхый окуяларды так, кылдат ар тараптан анализдеп, тарыхый булактарга таянуу менен таасирлүү чагылдырылса бүгүнкү тарых курсун окуп жаткан окуучулар жана студенттер үчүн Ата Мекенин тарыхынын улуулугун сезе билип, ага болгон куштарлыгы өзүп, өз мекенинин патироту болууга шыктандырат.

Тарыхы болбой, эл болбойт
Тамыры болбой, жер болбойт,
демекчи ар бир элдин өз тарыхы бар, кылым карыткан кыргыз эли да өз кезегинде улуу тарыхын жаратып, урпактарга калтырган. Тарыхта эл негизги ролду ойнойт, ошонун ичинде эл ичинен чыккан улуу инсандар тарыхтын жүрүшүндө өз салымын кошушат. Ата Журт тарыхында, улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын калыптанышында, бышып жетилишинде жана өсүп-өнүгүшүндө калк ичинен суурулуп чыккан улуу инсандардын эмгеги, калтырган издери өзүнчө эле тарых. Ар бир доордогу тарыхый инсандардын ээлеген орду жогорудагы улуу тарыхчынын таамай логикасына таянып туу тутсак, анда кыргыз элиндеги эмгеги сиңген анык реалдуу тарыхый инсандардын таржымалын калыбына келтирүү үчүн алды менен байыркы жана орто кылымдардагы жазма булактардын маалыматтарына кайрылуубуз кажет. Алардын басымдуу бөлугу кытай, перс, араб жана турк тилдеринде жазылганы маалым. Андан тышкары кыргыз элине мүнөздүү тарыхый булактардын бири элдик оозэки чыгармачылык, санжыра, дастан, макал-лакап, уламыштар булардын да тарыхта өз орду бар. Кыргыздар түрк элдеринин эң байыркысы экенин В.В. Бартольд белгилеп кеткендей Борбордук Азиядагы тарыхы б.з.ч. 3 кылымга барып такалган кыргыздар улам кийинки мезгил доорлордун алмашуусунда өз этносун жоготпой, улам алдыга жылып тарыхын түптөп отурду. Албетте доолордун алмашуу мезгилинде тарыхый инсандар элдин улуу баштоочулары болуп келгени талашсыз. Бир коомдон экинчи бир коомго өтүү мезгилинде, келечек кандай болот кандай жолдо жаңы бир жетишкендиктерге жете алат мындай учурларда тарыхый инсандардын: мамлекеттик-ишмерлердин, аскер башчылардын, элчи, акылмандардын ролу кескин өсөт. Анткени алар айрылыш жолдордун мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала көрө билишет, альтернативаларды туура түшүнүшөт жана тигил же бул максатты көздөй эл массасын өз артынан ээрчите алышат. Өзгөчө көңүлдү кыргыздардын тарыхынын алтын доорлору болгон 6-10 кк чектери ар бир эле мен кыргызмын дегендерден тышкары дүйнөдө тарых жаатына ыктагандарды өзүнө буруп келүүдө. Алтайдын айдыгында атын кашкасындай таанымалдуулукка жетип, Борбордук Азияны ээлөө чылбырын колуна алуу максаттарын алдыга койгон көз карандысыз Эне-сай Кыргыз мамлекетинин татыктуу саясий ишмердүүлүгү тарыхта өз изин калтыра алды. Бул мамлекеттин даңктуу жолун Тан династиясынын тарыхы ( Тан-шу), “орхон” жазуулары деп аталаган тарыхый жазуулардан жана араб географтарынын ошондой эле перс тарыхчыларынын маалыматтарынан таанып билсек болот. Тан-шу тарыхый булактарында кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсү башка өлкөлөр менен кандай жолдор менен байланышып тургандыгы биринчи жолу географиялык так көрсөтүлгөн; кыргыз элинин түспөлү жана тили жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылган. Ошол мезгилде көпчүлүк элдер саясий жактан бириге алган эмес, ар бир жамаатын өзүнүн башкаларга көз каранды эмес акими болгон, ал эми кыргыздардын башында кытай тарыхында ажо деген титул менен аталган жеке бийликтүү аким турган. Бичуриндин “маалыматтар жыйнагында” кыргыздардын өлкөсүн эң жогорку башкаруучу каган, андан төмөнкү орунда кыйтайча сылифа, ал эми орхон жазууларында түркчө элтебер титулундагы башкаруучу турган. Кыргыздар ошол мезгилдеги оор саясий абалдарга карабастан өз мамлекетинин бекемдиги жана башкарлар менен тең ата болуу максатында, мүнкүнчүлүккө карата башка өлкөлөргө өз элчилерин жөнөтүп турган. В.В. Бартольддун “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектеринде” кытайларга үстүртөн баш ийген уйгурлардын акими Тумиду 648-жылы каза болгондон кийин , кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзүшүп, батыш-түрк каганы Дулунун кубатуулугу төмөндөгөн мезгилде, 648-жылы кыргыздар Кытайга биринчи элчилигин жөнөткөн. Себеби ошол мезгилде Кытай эң жогорку кубаттуулукка жетишкен, мурда түрк империясына, анын чыгышы (630-жылдан тартып) , ошондой эле батыш (658-жылдан кийин) канаттарына кирген бүт жерлер үстүртөдөн ага баш ийген. Үстүртөдөн босо да кыргыздардын өлкөсү Кытай империясынын аймагына кирген, анын үстүнө мурунку Гяньгунь деген кытайча аты калыбына келтирилген. Чындыгында талаанын бардык жери мурунку хандар менен акимдердин бийлигинде кала берген. Кыргыздардын өлкөсүндө “башкы аким” катары шибокүйлөрдүн уруу аксакалы (сылифа) Ачжень такка отургузулган, ал кытай сарайына өзү барып келген. Кыргыздар Кытай менен алакасы алардын өлкөсүн уйгурлар басып алган 758-жылга чейин улантылган.

Тарыхый булактардан алынган маалыматтарга таянсак, кыргыздардын тышкы өлкөлөр менен элчилик байланыштары туруктуу уланып келген. Ибокүй Ачженди башкаруучу катары да, ошол эле мезгилде кытай менен байланышты чыңдаган элчи катары да санасак болот. Деги эле VI кылымдын чектеринде кыргыз өлкөсүнүн тайманбас, эл-жеринин кызыкчылыгын көздөгөн эр-азаматтары тышкы мамлекеттер менен тынымсыз алакаларды түзүп тургандыгын 650-683-жылдар аралыгында эки элчиликтин, 705-711-жылдар аралыгында бир элчиликтин, 713-755-жылдар аралыгында төрт элчиликтин Кытайга барышы далилдеп турат. Бирок, академик В. В. Бартольд белгилегендей, кытайлар VII кылымдын акырындагы жана VIII кылымдын башындагы окуяларга кыргыздардын кандайча катышкандыгын таптакыр маалымдабайт. Бул жөнүндөгү маалыматтарды Монголияда табылган ошол мезгилдеги түрк жазууларынан таба алабыз. Анда кыргыздардын Эне-Сайдагы мамлекети түзүлүп, Барсбек Ынанчы Алп Билге каган титулун алып такка отурганы, кыргыз мамлекети менен түрк каганаттарынын ортосундагы окуялар чагылдырылган. Борбордук Азияда өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн Барсбек кагандын максаты ачыктан-ачык II Чыгыш Түрк каганатына ташталган чакырык эле. Түрктөрдүн каганы Капагандын кыргыздарга каршы күрөшү күч ала баштаган. VIII кылымдын башында Барсбек түрктөргө каршы активдүү тышкы саясатты жүргүзгөн. 707-709-жылдар аралыгында ал ошол кезде түрктөр менен согушуп жаткан Кытайга эки элчилик жиберген. Түрктөргө каршы союзду уюштуруу боюнча Барсбектин дипломатиялык демилгеси Түргөш каганатына да тараган. Чүй өрөөнүндөгү түргөштөргө Эзгене башчылык кылган элчилик жиберилген. Кыргыз мамлекетинин жаш дипломаты Эзгене кара-түргөштөрдүн уруусунан чыккан Кара-ханга элчиликке барып, жаштыгына карабастан, өтө чоң жетишкендиктерге жеткен. Ошол мезгилде түргөштөр Мавераннахрда арабдар менен согушуп жатканына карабастан, түрктөргө каршы кыргыздар менен союз түзүүгө макулдугун беришкен. Албетте, аларды бул саясатка тартууда Эзгененин эмгеги зор болгон. Ошентип, өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарган элчи түргөштөрдүн сый-ургаалына да ээ болгон. Элчи Эзгене Теңир-Тоодо (“Түргөш мамлекетинде”) каза болуп, сөөгү өз ата мекенинде (Тувада) коюлган. Ал жерде туугандары тарабынан таш мамы орнотулуп, анын ишмердүүлүгү жөнүндө өтө кыска баяндалган: “Мен, Эзгене, Кара-хандын ички чининин ээси. Мен өз жашоомдун жыйырма алтынчы жылында элем. Мен түргөш мамлекетинде өлдүм, мен бег …..” Башка бир эстеликте, Уйбат I эстелигинде Эзгене тууралуу мындай жазуулар бар: “(Сиз) эрдик үчүн мамлекетиңен Кара Канга барып, элчи (болуп) барып (кайра кайтып) келбедиңиз бегибиз”.

709-жылы түрктөргө каршы кубаттуу коалициянын түзүлүшү түрк каганатын активдүү саясатка өтүүгө мажбурлаган. Анткени түрк каганатынын ири аскер башчысы Тон-йокукка арналган таштагы жазууда: “Табгач (кытайлар) каганы биздин душманыбыз эле. Он ок (түргөштөр) каганы биздин душманыбыз. Бирок биздин баарынан чоң душманыбыз кыргыздардын күчтүү каганы болгон”, – деп белгиленген. 710-жылы күзүндө Кыргыз каганы ошол мезгилде Тан империясына жана Түргөш мамлекетине душман болуп турган Тибетке эң ишенимдүү элчилерин жөнөтөт. Элчиликтин башында кыргыздардын булсар уруусунан чыккан Эрен Улук турган.

Эрен Улук – (VII к.) Тибет мамлекетине барган элчиликти жетектеген таланттуу аскер башчысы жана дипломат. Ал жөнүндө маалымат азыркы Хакасиядагы Алтын-Көл аймагынан табылган рун жазмасында чагылдырылган. Таш эстелик Тибетке кыргыз каганы жөнөткөн, бирок тилекке каршы, өз өлкөсүнө кайтпай калган элчи Эрен Улуктун урматына орнотулган. Эрен Улук кыргыздын “болчар” (булсар) уруусунан чыккан. Элчи болуп дайындалганда ал 38 жашта болгон. Жазмада эскерилгендей, даңктуу ишмердүүлүгү үчүн ага “Ынанчу-алп” титулу ыйгарылган.

Эрен Улук төрт жолу чет жакка жасалган элчилик миссиясын ийгиликтүү аткарып, ал эмгеги үчүн Барсбектен өзгөчө сыйлык алган. Бул боюнча Алтын-Көл 2 эстелигиндеги рун жазуусу маалымдайт: “Мамлекетимден төрт (жолу жортуулга) чыгып келдим, эрдемим үчүн Инанчу Алп Саңун (мен)”. Тибетке элчилик жөнөтүү аргасыз дипломатиялык акция болгон. Бул кыргыз мамлекетинин тышкы саясатындагы чоң өзгөрүү эле. Барсбек өз элчилеринин акылмандыгына таянуу менен өз мамлекетинин коопсуздугу үчүн кам көрүшү керек эле, анткени ошол мезгилде союздаштары: кытайлар жана түргөштөр күтүү позициясынан өйдө көтөрүлө алышкан эмес. Тибет мамлекетине жөнөтүлгөн Эрен Улук белгисиз себептер менен чет жерде өлгөн. Тибет кыргыздардын союздашы болуудан баш тарткан. Кыргыз каганы мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн тышкы душмандар менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болгон. Бул окуялар кыргыз мамлекетинин күчтүүлүгүн жана ошол эле мезгилде мамлекеттик иш билги элчилер: Ибокүй Ачжень, Эзгене, Эрен Улуктар тышкы дипломатиялык мамилелерди чыңдоодо чоң роль ойногондугун айгинелеп турат. Тилекке каршы, бул элчилердин ар биринин өз-өзүнчө бейнесин ачып берүүгө кудуретибиз жетпей турат, себеби бул чыгаан инсандар жөнүндө өтө кыска гана маалыматтарга ээ болуудабыз. Бирок ошого карабастан, байыркы кыргыз мамлекетинде маанилүү роль ойногон, тарыхта изи калган алгачкы элчи, дипломат бабаларыбыз менен сыймыктанууга тийишпиз.

Асылбек Доталиев, Шоокум Журналы, 01.02-01.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий