Сулайман Рысбаев. «Умай бала»

umaybala

(жомок повесть)

Баян башы

Балдар, мен силерге жаңы баянымды айтып берейин. Көңүл салып окугула. Чынбы же жалганбы, илгери-илгери Жер жаңы жаралганда Теңир ата жана Умай эне кошо жаралыптыр. Алар адам баласы жер бетин жаңы басып тиричилик кыла баштагандагы алгачкы адамдар экен. Азыркы элдердин баары ошол экөөнөн көбөйүп, ошол экөөнөн таралыптыр. Ошондуктан, алардын урпактары ал экөөнү атабыз-энебиз дешип, бирин Теңир ата деп, экинчисин Умай эне деп атап калышкан экен.

«Теңир» дегени — баарыбыздын атабыз, баарыбызга тең бирдей ата дегени тура. Ал эми, «Умай эне» дегени — «эң алгачкы», «эң биринчи» эне дегенди туюндурат экен.

Мына ошол үчүн бүгүн да «Теңир ата, колдо» — деп адамдар бата кылып, ошол алгачкы атадан көп жакшылыктарды тиленишет. Ал эми, эненин да, жаңы төрөлгөн баланын да пири, колдоочусу деп -Умай энени айтат экенбиз. Умай эне эң биринчи эне экендигинен улам өзүнөн кийинки бардык энелерди колдоп жүрөт экен. Айрыкча, жаңы төрөр кезде бардык аялдардын оңой көз жарышына жардам берет экен, жаңы ымыркайлардын оорубай-сыркабай торолушуна, тез басып, тез сүйлөп, аман-эсен чоңоюусуна да бир өзү көз салат экен.

Ошол Теңир ата менен Умай эне да эң алгач ирет балалуу болушкан эмеспи. Биринчи төрөлгөн ошол баланы да алар Умай бала деп аташыптыр. Андай болсо, «Умай бала» деген сөз «эң биринчи бала» дегенди түшүнтөт. Бул бала дагы башкаларга окшобогон касиет-кереметтери менен бирге төрөлүптүр. Өзүнөн кийинки бардык балдарды колдоп-жөлөп, ар түрдүү кокустуктардан коргоп, аман-эсен чоңоюп эр жеткенге чейин алар үчүн камкордук көрүп, энеси Умай энеге жардам берип, балдарды тооруп келген түркүн кырсыктарды болтурбай, алдын алып, көчөдө, талаада жалгыз жүргөндө көз салып жүрөт экен.

Бала деген бала да, Умай бала сыртынан билгизбей көз салып, жардам берип, таламын талашып, кырсыктан коргоп, жанында дайыма бирге жүргөнүн билбейт тура.

Бул жомок — баянымда мына ушулар жөнүндө, Умай баланын керемет-касиети, ал бүгүнкү күндө биздин балдарыбызды кантип коргоп-сактап, алардын эң ишенимдүү коргоочусу жана сактоочусу болуп жүргөнү тууралуу кызыктуу окуяларды айтып берейин…

 

1-БӨЛҮК

Бороондо буюккан бала

Кереметке жолугуу

Гүлстан өлкөсүнүн мына бул кол менен жасап койгон-дой кең өрөөндүн чок ортосундагы чакан шаар — Жашыл -Нурабад шаары деп аталат. Ал качан түптөлүп, качан курулганын ар кандай айтышат: кээси «кечээ жакында эле, эки кылымдын бери жагында түптөлгөн» дешсе, кээси «эчактан бери эле бириндеп эл жашап келиптир, кийин беш болуш эл биригип, бир шаар болгон экен» дешип божомолдошот. Кантсе да, бир жашыл өрөөнгө баткан алакандай кооз шаарлыктар өз мекени менен сыймыктанып келишет.

Баарыдан да, анын Жашыл-Нурабад деген аты кулакка жагымдуу угулат. Карыялар айтып келген сөзгө караганда, «бул шаарды Теңир-Ата менен Умай-Эне өзү жактырып, нурун төгүп кеткен экен» бир кезде. Ошол үчүн жапжашыл болуп дарак көктөп, жайы-кышы жашылданып турганы-тургандешет. Мурда шаар майда тамдардан курулса, мына заман жаңыланып, бүгүн көк тиреген бийик үйлөр түшүп, көчөлөрүнө түркүн машинелер батпай, түндөсү жылдыз көлү жаткансып, түнкү шамдар жыбырап күйүп турат. Мына ошол маалда тоого чыгып караган кишиге алакандай кең өрөөнгө кут төгүп койгонсуп, ал кут алаканыңда көйкөлүп эрип тургансып, кадимки эле жомоктогу бир Нур-Абад шаары экен дегендей ой калтырат.

Мына ошол шаарда мына ушул жомок-повесттин кызыктуу окуясы бүгүнкү эле күндөрдө болуп өттү. Мен дагы андагы окуялардын кээсин өз кулагым менен угуп, айрымдарына өзүм да күбө болуп калдым десем болот. Эмесе, мына ошол окуяларга кезек берели.

Деги эле, шаар дегениң «шаар» деген эле аты болбосо, айылдыктар алыстан эңсеп, кооз-кооз имараттарын, түркүн буюм-дүйүм оокат сатылган базарларын, чымын-куюн болгон сансыз машиналарын, кызыл-тазыл көчөлөрүн эле көргүлөрү келишпесе, келгенден соң, түтүн жыттанган абасынан, дары даамданган суусунан бат эле тажап, айылына качкылары келишет. А шаардыктар үчүн ал биротоло көнүмүшкө айланып билинбей калса да, баары бир, аба жутууга ашыккан балык сымал, ар жума сайын, шаар сыртына барып эс алып келүүгө жөнөшөт. Мындайда, бала-чакасын ээрчитип, ал түгүл, коңшулар же шеринелеш достор биригип эс алууга чыгышкандар да жыш кездешет. Шаар сыртынын таза абасын эңсегендер, айрыкча, кыш күндөрү көбөйөт. Шаар четиндеги муз тээп көңүл аччу «Жаштык» эс алчу жайы мындайда күжүлдөгөн элге батпай чыгат.

Мына, бүгүн да ошондой болду. Тайыр үй-бүлөсү менен, досу Азим да бала-чакасы менен, тиги «Салкын-Төр» лагери тараптагы «Жаштык» эс алчу жайына келишти. Анын үстүнө, Тайырдын баласы Акылтай менен Азимдин кенжетайы Умар — жашы бир, экөө бир бакчага барышат. Быйыл экөө тең беш жашка жаңы чыгышты. Үйлөрү, эки башка кичи райондо болсо да, Азим менен Тайыр балдарын, жакшы бакча деп, «Жылдызча» деген бакчага беришкен.

Ошентип, улуу шашкеде келишкен эки үй-бүлө бешим ченге чейин чана, лыжа тебишип, жакшы көңүл ачышты. Аңгыча эле кайдан-жайдан келгени белгисиз, кар учуруп катуу келген бороон элди чымын-куюн кубалап, алеки заматта көз ачырбай, түн түшүрүп таштады. Балдар аталарын, кыздар энелерин таппай, «Жаштыктын» муз тепчү эки кош коктусу ызы-чууга толуп кетти.

Кимдер эмне болду белгисиз, жанында эле чана тээп турган Акылтайды издеп таппай калган Тайыр менен аялы Сауле ботодой боздошуп, көз ачырбай боройлогон бороондо өйдө-төмөн чуркап кыйла жүрүштү. Акыры каш карайып түн түшкөндө баласынын табылышынан үмүт үзүшүп, үйлөрүнө кайтышты.

«Жаштыкка» барбасак болбойт, таза аба жутабыз» деп жатып сен кылдың» дешип Тайыр менен аялы Сауле бирин-бири күнөөлөшүп, уруш-талаш менен таң атырды. Эне эмеспи, Сауле: «бороондо буюгуп, карда кайыгып, байкуш балам, кайда калды?!»- деп жанын коёрго жер таппады.

Эртең менен эрте Тайыр машинасын чымын-куюн айдап, Сауле экөө «жок дегенде, баласынын тоңуп жаткан денесин таап келмекке» «Жаштыкка» көздөй бет алышты. Бирок алар аппак карга оролгон арча-бадалдан башка эч нерсени көрө алышкан жок. Кечке издешип үмүттөрү биротоло үзүлгөн соң гана үйлөрүнө келип, эстерин жыйып, издөө салуу үчүн кулактандыруу бермекке Улуттук телекөрсөтүү комитетине жөнөштү.

Уландысы бар

 

Sulayman RysbaevС.Рыбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий