Токтосун Асанбек уулу. «Манас» жана «Огузнама»

Токтосун Асанбек уулу Кытайдын Иле-Казак автоном облусунда жашайт, белгилүү Манастаануучу.

Кытайлык кыргыздар колдонгон араб графикасынан кирилл графиксына оодарылганда макаладагы сөздөрдүн жазылышында айрым туура эместиктер болуп алышы мүмкүн. Бирок кытайлык кыргыздардын орфографиясын жакшы билбегендигимен оңдоолорду кылганым жок. Кытайлык кыргыздардын тилин, жазуу эрежелерин жакшы билген бирөө бул макаланы тууралаганга жардам беришсе ыраазы болот элек.

manas123

 

Түркый тилинде сүйлөөчү байырыкы улуттардын анын ичинде кыргыздардын бул аталган айтылуу мурастары, биз ээлеген матириялдарда дээрлык орто кылымга таандык деп каралып келет.

«Огузнама»ны айтсак орто кылымда ыр түрүндө жазылып сакталган нускасы менен бизге жеткени да чын, анткени менен анын түп тамыры бизге белгысиз замандардан калган, аңыздар экенине негиз ой жүгүртүп чечмелөө, биздеги илим салаасында кем экенин, кыйынкы чыккан эмгектерден баамдасак болот. Эгер андай изилдөөлөрдү көрсөк да жалаң орто кылымдагы түрүк тилинде сүйлөп калган уруу-тайпалардын бирдыкке келип, калыптануу тарыхы менен байланыштуу изденүүнүн гана максаты үстүндүк кылып, анын байырыкы адамдардын дүйнөнү сезип-билүү жөндөмү, мезгыл менен мейкындык жөнүндө, жалпы эле жаратылыш жөнүндөгү туюм-туйгуларындагы нарктуулуктарга, адамдын дүйнө менен болгон ар түркүм мамилелеринин кандай жарлып, кандайча калыптанганына, адамзатынын аңыздык эң байыркы түшүнүктөрүнүн эң тунук көрөнгөсү кайда сакталганына, анчейин маани берилбей келгени ачык болуп калат эле. Антпегенде, бүгүнкү биз да аңызды аңыздын өз наркы менен ой жүгүртүү жолунан жаза баспас элек. Мындай дегенибиздн себеби байырыкы, гундар болобу, же байырыкы сактар болобу (европалыктар тарыкта сыкыфтер деп атап келген) же байырыкы түрүк-муңгул көчмөндөрү болобу, ушулардын баарынын тарыхы менен маданиятин эвропалык изилдөөчүлөрдүн көбү бир беткей азыялыктардын маданияти батыштыктардан артта корсөтүп түшүндүргөндүнөн улам, адамдар алдын ала даяр каадага айланып калган түшүнүк боюнча, мифтер тек байырыкы йвнандыктар менен кыректерде гана пайда болгон окшойт, деген ой кадимидей орун тээп кеткени мындан мурдагы эмгектерден дээрлык байкалуучу эле. Болбосо эмнеге биздин ата-бабалардын тарыхын, адабиятин, жалпы эле маданиятин гиректердей эле ары жактагы тарых башталган жыл санактардын алдындагы белгысиз мезгылдер менен байланыштуу карашбайт, эмнеге мифтык жагынан көбүрөөк сөз баштап илыктешбеген? Деген суроолордун туулушу дап дайын эле.

Эң башкысы, «Манас»тын чыгуу жана калыптаныш тарыхын изилдөөдөн, М.Ч. Мамыровтун: «Манас» эпосунун калыптануу тарыхы» деген кытебине үңүлө карасак мунун башкы себебин биринчи эле 1856-жылы Ч.Ч. Валыйханов баштаган «Манас» эпосунун XIV-XV кылымдарда ногой ордосу мезгылинде, VIII-IX кылым уйгурлар менен кыргыздардын согушунда, IX-X кылым алтай доорунда, X-XII кылым караханиддердин мезгылинде жана жуңгар доорунда жаралды деген ар түрдүү божомол ойлор айтылып келгендиги жалпыга маалым»[1] экени, менен, андан беркы, акедемык М.Авезов, А.Н. Бернштам, Б.М. Юнусалиев, А. Маргулан сыяктуу окумуштуулар коштогонунан таап баамдаса болот. Ошондой эле, мунун тескерисинче, өз кезинде «Манас»тын мифтк негизин алгач оозго алгандардан Б.М. Жирмунский жана В.В. Радловтор экенин да белгылей кетүү оңдуу эле. Ал эми бизче М. Авезовтун «Манас»ты тарыхый жакка көбүүрөөк тартып изилдешинин да өзүнчө күчтүү себеби бар экенин, ошол доордун өзүнчө шарты ошону талап кылгандыгынан да болгондугун эске албай болбосо керек. Эмнеге дегенде ал учурда «Манас»ты ушундайча тарыхый жагынан гана талдоо керек эле… Антпегенде, Муктар Авезов «Манас» эпосу үчүн Чыңгыз Айтматов эскергендей; 1952-жылы Бишкектеги «Манас» жөнүндөгү тарыхый бурулуш мүнөздүү кыйын абалдарды баштан кечирбес эле…

Ал «Огузнама» жөнүндө, атактуу тарыкчы Абулгазы мындай дегенин көрөбүз:

«Кыргыз кем, кемжут элинин баяны. Угузкандын кыргыз атту бир небереси бар эле. Анын насили болор. Бу убакытында кыргыз насилинен кышы аз болор. Магулдан жана өзгө уруктардан жер отуна, сууга кызыгып, кыргыз журтуна барып отурушуп, кыргыз атын көтөрүп турушат. Өзүлөрү кайсы урпактан экенин билишет. Кем, кемжут деп эки уилаят болор. Бир-бирине жакын, бир тарабы селеңге аттуу жана бир тарабы аңгыра муран аттуу эки суу бар, улуу суу турур. Ибир жана Сибир деген эки уилаят болор, кыргыз журту ага жакын турур. Кыргыз эли төрөсүн инал дээр, магул жана тажык падыша дегендей. Ал убакытта төрөлөрү орус инал эле. Чыңгыскан буура дегенди элчи кылып мага багынсын деп кыргыз элине жиберди. Орус инал элчисин жакшы сыйлап өзү келбеди. Көп белектер менен жакшы кышилерди кошуп жиберди, багынды. Белектеринин баш-аягы, жүзү, көзү кызыл ак шумкар эле» [2]

Мындан башка адабий мырастарда: «… Алтын өргөнүн төрүндө Күн хан олтурду. Барча эл жакшылары ынтымак кылып, койдун башын уа аркасын куйруктуу учасын уа боорун учанын үстүнө коюб, Күн кандын алдына койдулар хам кым хан болсо үлүшлөрү бу болсун дешти.

Өргөнүн ычкы эшыгынде эр кыл кожо олтурду. Төштү анын алдына койдулар, дагы хам кым вазыр болсо анын үлүшү бу болсун дедилар. Саг (оң) колда үлкы өргөөдө күн хандын улуг углы кайыны олтруттурлар, саг ашыклы йылыгы (оң жото жылык) үлүш бердилар…

Үчүнчү өргөөдө ай хандын улук углы язырны олтуртту. Саг ябашыны (оң жамбаш) үлүш бердилар», ж.б… Абулгазы Бахадур хан «түрүкмөн санжырасы» [3]. Дегендей, айланып келгенде, түрүк элдеринин (V-VIII кылымдардагы) орток башын бирыктирүү багытындагы тарыхый издер гана мен мыналап турган, Огуз Батырдын тарыхый, этиногырафиялык жагына басым жасалып келген санжыра-нарктар гана баяндалып, ал аңыздык жагынан болсо алыстаган көрүнүштөрдү көбүрөөк көрө алабыз. «Манас» эпосу менен башка байырыкы түрүк тилдүү элдер деп аталган элдердин эпосторунун мифтык катмарын салыштырып изилдөөдө: «Манас» менен «Алып Манаш»тын байланышы бардыгын акыркысы мифтик эле чыгарма экендыгын, алгачкысы деле белгысиз мезгылдерде ошондой мүнөзгө ээ болгондугунда илимде биринчи жолу байкаган СССР илимдер академиясинин корпесподен мүчөсү, ленингыраттык профессор П.Н. Берков болгон. Ал өзүнүн «Манас» жана алтай эпосу» («Манас» — кыргыз элинин батырдык эпосу, кытепте, 235-256- беттер, 1961) деген чакан илмий изилдөөсүндө эки элдин баатырдык эпосторунун байыркы байланышын, жалпылыгын, ал гана эмес, экөөнүн түбү белгысиз кездерде бир эле чыгарма экендыгын да бир-эки мифологиялык белгылер менен өтө ишенимдүү далилдеген болчу. Алардын мифтик жалпылыгын, Манас менен Алып Манаштын сырткы көрүнүшү жомоктук апыртуулар менен сүрөттөлүшүнөн эле ачык-айкын баамдаган. Алп деген туюнтма кыргыздын Манасына да кеңири колдонулган көркөм көрктөндүрүү экендыгын да баса белгылеген. Аны менен бирге, аккуланын да апыртылып бедерленишине да атайы токтолуп, «анын ээси Манас ага мингенде ал адам келбетине келе элек учурда, өтө байыркы кудайдын белгылерин жоготкон кезинде алп Манас өзүн дөө баатыр келбетинде көрсөткөн» (252-бет) деп жазган. Ошентип, П.Н. Берков Манас кудайдын белгылерин жоготкон алп дөө баатыр түрүнө өткөн мифологиялык каарман келбетине келип, өзгөргөнү, антсе да кадымкы адам келбетине келе элек кезин да кылдаттыкта байкай билген» [4] ойчулдуктун мааниси тереңде жатат эле.

Мурду тоонун сеңирдей
Кашы калың токойдой,
Оттой көзү кайнаган,
Кең далылуу бөкөнүн,
Буттары буура санындай. [5]

Байкайын деп баласын
Бай жакып көзүн салганы
Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кырпык,
Көркү калча, көзү тык,
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээгеи узун
Эрди калың, көзү үңкүр
Эр мүнөзү көрүнөт,
Алакан жазы, колу ачык,
Аттанып чыккса жолу ачык,
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кең көкүрөк, жайык төш
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заар жүз.
Бил мүчөсү көрүнөт.
Жолборус моюн, жоон билек,
Жоруну калың, таш жүрөк,
Жылма кабак, жылдыз көз.
Бөөрү кулак, жолборс төш
Бөлөкчө түрү бар экен. [6]

Ак кула деген аты бар,
Айбандан бөлөк заты бар,
Чаткаягы чаткалдай,
Жүрүп берсе чатына
Жүктүү төө баткандай.
Куюшкандын кошконго
Он бир карыш казанды
Ойноп-күлүп аскандай,
Болжолу жок чоңдугу.
Бооруна кырандын
Момолой ийин казгандай.
Таоосуна мурдунун
Кырер болсо жорголоп,
Азыркы жүргөн адамдар
Кыймы менен баткандай,
Камыш кулак, сом туяк
Балтыры өгүз белиндей,
Басканы сырттын желиндей.
[7]

 

Мына ушунун баары эле өтө күчтүү аңыздык түс алып жатканын кым тана алат.

«А. Н. Бернштамдин Манастын атынын чыгышы тибеттин кыргыздын алатоосуна чейин созулган тоо кыркаларынын быйык чокусу өзүнчө ат менен аталышы да толук мүмкүн деп болжолдоого болот. Себеби кычы, түштүк, борбордук азыядагы ондон ашык элдерде (айрымдары жок болуп кеткен) Манас деген кудайдын болушу, индус менен бенгалдарда да «Манас» деген эпостун айтылышы аталган тоо кыркаларынын быйык чокусу теңирлердин турук алган жери болгондой элес калтырат. Ошол а. Н. Бернштам эмгектеринде б.з.ч. эле кыргыздар Теңир тоодо болгондугу да белгыленген».[8]

Манас да, Огуз да кадымкы эле адамдан төрөлөт. Бирок, кыргыздан Манас деген туулат деп эчак эле калмактардын ыстырлап деген бал кытебинде аян берип жазуу түшөт. Анан Манас бойго бүткөндө эле сырдуу жорук башталып, бала алдын ала токойго салбар кылып ташталган жеринде чыйырдынын түшүнө кырет, андан талгагы аркылуу белгы бере жүрүп отуруп, ал төрөлө турган болуп толгок келгенде жер-асманда укмуштуудай алаамат жүрүп, иттер үрүп, жылкы кышинеп, койлор маарап дегендей жер-асманда алай-дүлөй ызы-чуу баштала жомоктук, аңыздык мотиптердин бириге айкалышы аркылуу сүрөттөлөт. Бала жерге түшкөндө укмуштуу баркырап ыйлаганынан жандын баары жанынан түңүлөт. Анан, саякбай манаас төрөлгөндө эле:

«Бакырып бала түшкөндө,
Түшкөн жерден чаң чыкты,
Арт жагында баланын
Кара көк жалы көрүндү
» деп кебетеси өзгөчө: алаканда бөлтөктө Манас деген жазылуу аты бар, оң колуна май, сол колуна кан уучтап түшөт.

Алдыда бул баланын кандай сырттан болоорунан алдын ала кабар бергендей, түрү укмуштуу мифтык мүнөзүн таамай сактап көрсөткөн. Этегине салып ала коёлу деген кемпирлерге түрү укмуштуудай суук, баланын эки жагынан кабылан менен арыстан кошо чамынып, алардын жүрөгүн түшүрүп өлтүрөт. Кыргыз мындайды ээси бар дейт эмеспи. Ошол ээси теңир өзү. Мына бул түрүк-муңгул элдеринин аңыздарындагы өтө байырыкы салттардын бири.

Манастын жоо кыйимдеринде да өзгөчө сыйкырдуу күчтөр бар. Сыйкырдуу кыйымды Манаска кызыр кырк чилтен берип, ал аны кыйгенден кыйын отко салса күйбөйт, сууга салса чөкпөйт, атса кылыч кеспейт, атса ок өтпөй өлбөс кудиретке ээ болот.

Манас ар башка айтымдарда алты, тогуз жаштарында эле өзү катылган жоонун катыгын берет. Анысы кандай, огуз батыр да, туула салып:

“Баланын өң-чирайи көк чаар эди,
Эрини алоо, көзү өрттөй,
Чачы, кашы кара эди.
Тектүүдөн тектүү теңдеши жок көрүктүү,
Ошол уул бир оозанып энесинин ак уузун,
Мындан артык эмбеди.
Тилге келди, чыйкы эт, аш сүзмө тиледи,
Кырк күн өттү ойноп кетти,
Бука сандуу, бөөрү белдүү,
Булгун жоорун, аюу көөдөн,
Бүт баданы түк эди,
Күтүрөтүп жылкы күтүп,
Күлүк тандап минээр болду,
Кыйык уулап жүрөөр болду.
Күн өттү, ай, жыл тозду, жыгыт толду”
[9]

Манастын сүрү да ушунчалык болгондуктан:

«Боконо сөөгү болкулдап,
Боор ичеги сокулдап,
Билээинен сап кетти,
Жүрөгүнөн кап кетти
»

«Асмандан алып кара куш зымырык
Азыр ылып кетчүүдөй,
Арбайтып бутун салыптыр,
Аркасын сала бергенде
Ажыдаардай түрлөнүп
»

Ал эми жоо жарактарынан болсо:

“Алдаңыз берген зулпукор,
Беттешкен жоого шилтесе,
Кырк кулачтай узарган,
Шиберге койсо өрт кеткен,
Шилтегенде мүрт кеткен”
[10] болуп чыгат. Мамилекетибиздин Хотен жергесиндеги кыргыздарынан чыккан Манасчы Турсун Ыбырайым деген кышы «Манас»тагы «жети кандын элчилыкке барышы»н айтып, жомокто ыр менен кара сөз аралашып келгени менен бирге андан да кызыктуусу «илгери Манас деген бир неме бар экен» [11] дегендей сүрөттөөсүнүн өзү эле кышыны таң калтырган эле. Анын себеби болсо да, ошол белгысиз мезгылдердегы «Манас»тын эң алгачкы жаралышынан дарек бере алганы. Байырыкы адамдар, Манастын мифтык кебетесин же адамга, же бир түрдүү сыйкырдуу дөө-шааларга, же пир, же кудайга окшой турганын аныктай албай, «бирнеме» деп алганын анык баамдаса болот…

«Асмандан түшүш, төрөлгөндө түрү суук болуп төрөлүш эзелкы гиректерде деле болгон. Гера өзү кудайлыгы менен Гефести төрөгөндө түрү сууктугунан коркуп, мунжулугунан (төкөрлүгүнөн) уялып, аны асмандан таштаган. Ушул салт сахаларда да болуп, ал баатырдык жомоктордо да сакталып келээндыгын и. Пухов «Яхуйттардын баатырдык эпосу Олонхо» (Мамыров. 1962, 85-бет) деген эмгегинде асман менен жердин башкы кудайларынын көрсөтүүсү менен баатырдын курал-жарагын асмандан түшөрүн, кээде баатырдын өзү да ошол жактан келээрин белгылеген. Бул баатырдын өзү, анын аты менен курал-жарагыынын жаралышы мифтен чыгып, андан түзүлгөндүгүн көрсөтөт. Олонхонун каарманы менен Манастын обыразынын мифтык жагынан болгон жалпылыктары мына ушундай. Айырмасы асмандан Манаска түшүүчү курал менен буюмдарды мусулман мифи кызыр дубана болуп, алдын ала кабарлагандыгында же аларды эл өзү тапшыргандыгында» [12] кыйынкы исиламдин белгылери болсо, жомоктун аңыздык доордон баатырдык доорго өтүп болгон кезине туура келип жатканын көрсөтүп турушу эле.

“Манас өз атын биринчи эрдыгын көрсөткөндө “Манастап ураан чакырып” эле ачык кыйкырып чыгат. Ичтен бакырып түшкөндө да “курсакта жатып бакырды. Манастап ураан чакырды” делип да айтылган. Бу дагы Манастын обыразы сыйкырдуу күч мифтен жаралганын айкындайт. Бала өз атын өзү айткандык огуздарда кеңири тараган огузкан” дастанында да айтылат. Огузкан төрөлгөндө бир жылга чейин балага ат коюлбаган. Атасы каракан чоң той берип, балага кандай ат коёбуз деп бектерине кайрылса, ал ошо замат «менин атым өгүз» деп жооп бергени Абулгазынын «Түрүкмөндөрдүн санжырасы»нда «58, 40-бет) көрсөтүлгөн. Өгүзкан да Манас да мифтен жаралган каарман»[13]

В.В. Радлов жазып алган «Манас»та Көзкамандардин кастыгынан өлгөн Манастын күмбөзүнө сыйынууга барышса күмбөздүн ордунда аябай жасалгаланган ак боз үй тыгылып калыптыр. Аккула алтын акырдан кышмыш жеп, Ак шумкар туурда, Ак тайган Кумайык каргыда турат. Манас болсо белден төшөк салдырып, ай десе, ай эмес, күн десе, күн эмес сулуу кыз анын башын жөлөп, отурганын көрүшүп ага аябай аң-таң калышат. Өлүү же тирүү эмес Манаска энеси эмчек сүтүн берип, аны тирилтет.

«Огузнаама»дагы көктөн түшкөн сулуу кыз жөнүндө да ушундай сүрөттөлөт…

«Ындустардын «Манас»ы да үч бөлүмдөн турат экен. «Заман Кыргызстан» (1997, 10-17) гезитине чыккан «Ындус менен кыргыздардын «Манасы» деген менин макаламда эки элдин байыркы мурастарынын жалпылыгы менен айырмачылыгын белгылөөгө арекет жасалган. Алардын «Манас»ында да көп кудайга ишенгендык кадимкыдей сакталганы, башкы теңири шива да быйык тоодо жашагандыгы да айтылат. Ындус менен кыргыздардын «Манас»ы биздин заманга чейинкы биринчи миң жылдыкта жаралган байыркы мурас, экендыгыне эзелкы белгысиз кездерде алардын маданий жагынан карым-катыштын болгондугуна да ой жүргүзүлдү.

Тарыктан мурдагы өтө байыркы мезгылде аталган сыкыфтер да түндүк чыгыш ийран тилинде сүйлөгөн элдерден болушкан. Лидия, фырыгыялар менен да алар тарихй жагынан мезгылдеш келип, ар түрдүү карым-катыш жасоого чейин да барышкан. Алар Манас менен масанес деген түшүнүктөрдүн борбордук жана орто азыя тарапка келишине, ошентип, сыкыфтер өздөрү да себепчи болуп, ошол ишке катышкан деп айтсак ага алар толук арзыйт». [14] эгер аны андан башка экинчи бир маалымат булагы менен толуктай кетээр болсок: «түркыстандан келген «кырк огуз» элинин жоокерлери тарабынан кыйратылып, кычы азыя колдон-колго өтүп келе берген. Акыры бул жерде Лидия аттуу өлкө пайда болгон соң деле ал жер талашта болгон. Дүйнөлүк тарыкка «гыммерий» же «сыкыф» деген ат менен түшкөн байырыкы кыргыздар ал жерди быздыкы деп, деп үстөкө-босток чаап алып, өз үстөмдүгүн бир нече ирет орноткон менен алар да береги мал кындыктүү жерди биротоло мурастап кала албады.» (Орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз»,21-бет)

Бул жердеги эвропалыктар атаган «сыкыфтер» деген бизче байыркы сактар экенин билебиз.

«Кыргыздардын «Манас»ы деле мифтык каарман экендыгы эпосту биринчилерден болуп, изилдеген бүт дүйнөгө белгылүү окумуштуу орус академыгы в. В. Радлов тарабынан 19-кылымда алгачкы жолу «Түндүк түрүк урууларынын эл адабиятинин үлгүлөрү» деген он томдук эмгегинин 5-томунда «… Бул салгылашууга катышкан башкы каармандар Манас менен жолой таптакыр тарыхый лычыностулар эмес, белгысиз мезгылдерден бери айтылып келе жаткан жөнөкөй эле мифтык фыйгуралар» (V т. 12-бет, с.п.б, 1885) деп белгыленген»[15]. Акедемык Ч. Айтматовтун да сөзү ушуга негиз айтылат: «… Бул чыгармада кадиресе жашоо тырчылык менен катар акыл жеткыс укмуштуу фантастыйка, тарыйхый окуялардын алыскы чагылышы менен шумдуктуу миф табыйгый түрдө бирге жанаша жашайт. Аларды биринен бирин ажыратууга, бөлүп алууга болбойт. Алар бирине-бири өтмө катар чырмалышкан» [16]

«Түрүк элдеринин баатырдык эпосу боюнча ыры адис академык б. М. Жирмунский да жеке эле Манас менен Жолой гана эмес, Сайкал, Ороңгу, Кожожаш, Алмамбет, Мадыкан да мифтык каармандар экендыгыгне көңүл буруп, алардын мүнөздүү белгылерине да байкоо жүргүзгөн»үн[17] белгылейт м. Ч. Мамыров.

«Санскырт тилинде Манас деген түшүнүк адамдын акыл-есине, кыял-жоругуна байланыштуу ар кыл белгылерди билдирген аталыштар аябай кеңири айтылат. Акыл-еске тийешеси болбогон, бир нече түрлөрү да кезигерин Э. П. Блаватская өзүнүн «Теософия сөздүк»үндө (229-291-316-317-беттер, 1994) келтирген. Теософия гректин «кудайдын акылмандары» деген сөзүнөн. Өзгөчө ой жүргүзүүчүлүк-сийкырдуулук менен «тыгы дүйнө» менен байланышуу аркылуу кудайды, бардык диндерди билүүгө болот деген диний мыстыйкалык ишеним теософияани туюнтат. Сөздүктө кама-Манас, Манас, Манас-тайджаса, мананс, Манаса же Манасвын, Манас-дыхыяна, Манаса-сансаныяма, Манаса-саровара деген бир нече түргө келип да айтылат санскырт тилинде. Манаса-сансаныяма ойгонуу жасоо мезгылинде акыл-ести топтоп, аны башкара билүүнү түшүндүрөт.

Манас-дыхыяна жомокто адамдын ата-бабасы күнөөгө байланышкандыктан ал акыл-естүү жандык болуп жаралганын билдирет. Манас-тайджаса жогорку абалдагы жаркыраган Манас болуп да сүйлөнөт» [18]

«Маңыз, мангыс, мангадкай, мангас өңдүү мифтык кейипкерлердин дээрлык түрүк-монгол элдеринде айрым тыбыштык өзгөчөлүктөрү менен түрлөнүп айтылып келгендиги боюнча кызыктырат. Сөздүн ток этээр жерин айтканда аталган элдерде ушул эскерилген мифтык кейипкерлер кыргыздарда адам келбетине келтирилген легандарлык баатыр эпостун башкы каарманы болуп кайрадан түзүлгөн. Ошол Манас жалгыз монголдордо эле кээбир тыбыштык өзгөчөлүктөрү менен мангас, мангус, моңуз, монгус деген мифтык каармандары бар»[19]

Кыргыздар эзелтен «Манас колдо!», биз «Манас атанын урпактарыбыз» деп сыймыктанып, урухуй тирек кылып келгенин, кыргыздардын Манасты өздөрүнүн пири эле эмес, түпкү теги деп санай тургарнын да анык билебиз. Ошондо Манас тарыктан мурдагы кыргыздардын пири, ата-теги болсо, анда ал жөнүндөгү аңызды мифо-епийкалык улуу жомок катары сактап келген тек өзүнө гана таандык түпкү тек катары; канчалаган диндер менен түшүнүктөр өзгөргөнүнө карабай, дилинен бир саамга да алыс кылбастан уламадан улап, укмуштардан чубап келген кыргыздардын өзү да аңыздан жалгашып келип, уланган улут экени, андыктан улут аты да ошол тарыктан мурдагы белгысиз мезгылдерден баштап эле калыптанган ат экенин маалымдайт. Ошого атактуу тарыкчы Абулгазынын жогорудагы келтирген үзүндүсүндөгү: «кыргыз кем, кемжут элинин баяны. Угузкандын кыргыз атту бир небиреси бар эле» дегени огузканды атайлап Манастан жогору коюу көйкөйүнөн туулган, же огуздар менен кыргыздардын байыртадан түбү бир жаратылышын ашыра тарыкташтыргандан башка эч нерсе эместыгын туюнтат. Себеби, эч кым да, эч качан аңыздагы, белгысиз мезгылдердегы пирлердин кайсынысынан кайсы улут таралганын, мындайча таптак көрсөтүп сүйлөй да, кым кымдын атасы экенин аныктай алган эмес. Тек жалпысынан кыргыздар эң ары жагы «Манастан тараганбыз» же «огуздан тарганбыз» деп гана карап келген. Огуздан тараганбыз дегени деле, белгылүү болгон тарыктагы «огуздардын түрүк урууларынын башын кошкон» учуру эмес, кайта ал өтө байырыкы; тарыктан мурдагы белгысиз замандардан келе жаткан түшүнүк. Эгер бул жөнүндө келтирүүгө туура келсе Орозбек Айтимбеттин 2006-жылы Бишкекте басылып чыккан 3 томдук көлөмдүү эмгеги «Кара кыргыз»дын 1- кытебинде аныкталган: «Кычы азыянын батыш тарабында илгеркы тайып (гырек) аңыздарында «троас» деген ат менен түшкөн түрүк же туран («түрк + ан» же «түрк өлкөсү» деген аттан келип чыккан) мамилекети бар эле. Анын элинин негизин илгеркы «кырк угус» же «кыргыс» элинен келип чыккан дардаң тобу түзгөн». Орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз», 21- бет. Ал эми дардаңдар дегени кымдер? «дардаң» тобу жөнүндө: «мындан алти-жети миң жыл мурда турандагы (түркстандагы) өзүнүн эң негизги тобунан бөлүнүп чыгып, кычы азыянын батыш жагына келип, туран чебин салган илгеркы кыргыздардын «дардаң» уруусун алатоолук байырыкы кыргыздар өз боордоштору катары санаган го!» орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз», 17-бет. Деп жазат. Угуз кандыгы ( б. з. ч. 6-16 мыңынчы жылдыктар) кыйын угуз империясинин ( б. з. ч. 6 миңинчи жылдык) деңгелине котөрүлүп кеткен кезде булар мамилекет өмүрүнө өтө керектүү жазууну кандай ойлоп тапса, метал иштетүүнү жана урунууну да так ошондой ыйглык менен жүзөгө ашырылган. Ансыз алыс жактарга чапкын кылууга таптакыр эле мүкүн болгон эмес го?! Такасыз ат алыс кете албайт эмеспи…

Угуз (коп уруу) кандыгынын түптөлүшү алардагы алгачкы жаанын пайда болушуна же мындан он беш миң жыл мурдагы доорго барып такалат. Орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз», 23-бет.

Ал эми Абулгазы баш болгон тарыкчылардын айтып жатканы тек кыйынкы жалпы огуздар болуп бирыккен элдердин бырдыгын сактамак үчүн чыккан гана ыдия болуп калат. Бизче болсо Манас да огуз да түбү аңыздык пирлердин аттары менен байланыштуу, көп кудайлар түшүнүгү мезгылдериндегы тарыктан мурдагы пирлер болгон.

Бизде «Теңири Манас», «Улуу Манас» деген өңдүү, индияндардин «махабхарата»сы да, «маха» улуу, «бхарата» алардын бабаларынын аты экен да, ал экөөнү кошуп айтканда «Махабхарата» болуп, «Улуу Манас ата» деген маани бергендей түшүнүк жаратат экен. Дагы бир жагынан «Манас» аталмасынын «улуу» деген сөз менен бир угумду бере турганын, ушул жердеги «маха» деген тыбыштык жагынан ага өтө жакын, төп келип турган сөздүн экөө бирдей эле «улуу» деген маани беришинен анык биле алабыз.

Мындай өтө байырыкы аңыздык эпостордун ушунчалык окшош, түбү бир чыгышы, дүйнөнүн чокусу аталган Гималай тоосундагы адамзаттын эң алгачкы ата-бабалары жаралган жерлериндеги индияндар менен ошол кезде теңир тоо жана гималай тоолорунда жашаган кыргыздардын орток жараткан маданияти экенин дагы бир жолу аныктайт. Гималай тоо чокусундагы Манас көлүнүн аталышы да ошол байырыкы мифтердеги «кудайлардын согушу» жүргөн мезгылинде кудайлар туруктаган жерлердин быйык тоолор болгонун ырастайт. Ошого окшош эле алтайлыктардын да өздөрүнүн байырыкы түпкү алтай деген тегин алтай тоосуна ыйгарышып, биз алтайдын урпактарыбыз дегени бекер эмес. Ошондойчо, өтө байырыкы элдердин атабыз тоо, энебиз суу деп ишенгени ак кеп көрүнөт. Байыркы адамдар көктү, күндү, айды, жылдызды, тоону, деңизди… Ыйык билип, ошолордун пирлерине сыйынганы да ошондон. «огузнама»да да огуз баатыр дал ушул көктөн түшкөн сулууга үйлөнүп, балдарынын аттарын да күн, ай, жылдыз, көк, тоо, деңиз деп койгон эле да…

М. Ч. Мамыровдун карашы жана далилдеши боюнча Манас атынын чыгышы кыргыздардын өтө байырыкы көп кудайга ишенген доорлоруна тушташ келээрин аныктоого күч салынган. Анын жактап чыкканы боюнча, «Манас» эпосунун калыптанышы, батырлык эпос болуп калыптанышы, анын тарыхыйлыгынан мурда, Манас деген атынын чыгышын аныктоо баарыдан мурда эң зарыл. Анын борбордук пыкыры болсо, Манас аты кудайдын аты, атүгүл, алтай деген аттын өзү да кудайдын аты, кыргыз деген эң байырыкы аттын өзү да кудайдын, болгондода өтө күчтүү кудайлардын аттары экен. Ошого, алар ар кандай улуу согуштарга аттанып чыгышканда байырыкы гиректердин зевисиндей күчтүү кудайы болгондугу үчүн кыргыздар да аталган кудайларына ошондой сыйынып, ары чексиз ишенип алардан күчтүү колдоо күтүп жан аянбай салгылашаарын келтирет. Буган «Манас»тап ураан чакырып, «кыргыз»дап ураан чакыргандарын жана чубактын сөзүндө «аты да кудай турбайбы, заты да кудай турбайбы, өзү да кудай турбайбы, сөзү да кудай турбайбы» деп Манаска суктанганын накыл келтирет жана дагы ушундай көптөгөн далилдерди келтире отуруп, акыр аягында Манастын чыгышын аңыздык окуядан улам кудайга айланганын такмазалай айтып, андан байыркы кыргыздар сыйынган динге айланып калган деп карайт. «Манас колдо! Манас!» деп азырка чейин эл сыйынган адатты ал ушундай деп топчулайт. Демек, «Манас» атынын жана кыргыз деген аттын чыгышы бул, белгысиз замандарда эле калыптанганын түрдүүчө далилдер менен кеңири изилдөөгө алган.

Биздин оюбузча да, Манас атынын чыгышы чынында эле өтө байыркы доорлорго таандык экени, алгач чынында эле аңыздан жаралганы анык болду. Кытептин аптору айткандай ал кыйиндеп, баатырдык жомоктук түскө кырып, Манас аты мурда кудайдын аты болсо кыйын жартылай адамдашкан баатырдык мүнөзгө ээ адамдын атына оошкону аныкталгансыйт.

Анткени күнү бүгүнө дейре кыргыздар Манасты тирүү деп санайт, ал өлбөйт. Анын өлбөстүгү эпосто да кыйынкы урпактарына көрүнүп, атүгүл Манасчыларга да көрүнүп, аян берип, даарып, аларды колдоп ооздоруна түкүрүп, «айт!» деп айткызып, коштоп бирге жүргөнү азырка дейре айтылып келген улуу сырдуу чындык. Анын баарын кыргыз эли ошончо кылымдардан бери чын бүтүп кайта-кайта ошол касийетин өчүрбөй сактап таберык кылып, рухуй тирек _гүлазык кылып келгени да бекер эмес.

Абулгазы өзүнүн «түрүкмөндөрдүн санжырасы» (1958 м.л. 40-41-беттер) деген эмгегинде түрүк урууларынын чыгышын да Өгүзкан уламышына байланыштырат. Баласынын жашыруун мусулман болгонун билип, атасы каракан Өгүзканди өлтүрүүгө камынат. Өгүзкан ууда жүргөндө атасы артынан сая түшө көп кол менен барып салгылашып, акыры өзү уулунан өлүм табат. Атасынын ордуна Өгүзкан өзүн кан жарыялайт. Мына ушул сыңары олуттуу белгыерди гундардин тарыхый баатыры Моденин өз атасын өлтүргөн жоруктарына карай окшоштуктарды таап көрсөткөн м.ч. Мамыров огуздун башка эл менен жерлерди чапканы да негизинен ага окшош сакталганын аныктай баштайт. Өгүзкан уламышынын бирнече варыянттары да бар. Айрыкча чабуулдарында апырткандык менен кошумчалоо да кезигет. Моденин эл башкаруудагы өзгөртүүлөрү да уламышта тыгы-бу деңээлде орун алган. Муну айтуудагы себеп, түркый уруулары орто кылымда гана башы бирыккен, болбосо огузкан орто кылымга келгенде гана жаралып, ошол алардын башын кураган, андан мурда тек таш жазма эстелыктеринде жазылып калгандай алардын башы ошол түрүк каганаттары тушунда гана биринчи бирыктирилбестен гундар доорунда эле бирыктирилгенин, ал бул огузкан жомогу андан мурда эле мифо-епыкалык түр боюнча сакталып келе жаткан чыгарма экенин көрсөтөт. Өгүзкан уламышы менен тарыхий Моденин бирдейлыгы А. Н. Бернштамдин «Өгүзкан жөнүндөгү леганданин тарыхй чындыгы» («Советская этиногырафия», 33-43-беттер, 1936. 6) деген макаласында жеткылыктүү белгыленгенин айтып, изилдөөдө Өгүзкандин түбү мифтык обыраз болсо да тарыхй Моде менен болгон окшоштугу кеңири талдалганы айтылат. Легенда да байыркы түрүк урууларындагы патырыархалдык-таптык мамилелердин калыптанышы, гундардин (биздин эрага чейинкы I-III кылымдар) түрүктөрдүн (VIII- VIкылымдар), ошондой эле печенег половистердин (XII- X кылымдар) доорлору да көрүнгөнүн далилдеген экен. Андай болгондо мунун баары жалаң бир кыйла белгыүү болгон беркы эле тарыхй даректемелерди издөө кызыкчылыгына гана берилип, анын ары жагындагы өтө байырыкы аңыздык кымбаты менен бул мифо-епыкалык чыгармалардын андан да аркы белгысиз мезгылдерде жаралып калганын эсепке албагандык болуп саналмак экен.

Өгүзкандин мифтык обыраз экендыгы анын энеси айкаган аны букадан жалгашып, төрөгөн делип, айтылгандыгынан эле баамдалатурганын көрсөткөн. Анын келбети да куду Манас менен сахалардын жомокторунун баатырларындай эле карышкырга, төшү аюуга, буту букага окшоп көрүнгөнү. Ал төрөлгөндө үч күн, үч түн энесин эмбей коёт. Сен динге кырмейинче өлтүрсөң да сенин эмчегиңди эмбейм дейт.

Ал эми Алманбетти кытайдын башкы каны амал менен өлтүрмөк болгондо куду Модедей эле ал качып үйүнө келсе, энеси сен нурдан бүткөнсүң дейт. Анын сыңарындай Өгүзкандин никесине бүткөн кыздын да көктөн куюлуп түшкөн нурдан бүткөн жан экени эске келет. Ошондой эле Алманбеттин атасы Азызканды Өгүзкандай эле кырүүгө чакырса ал андан баш тартат. Ошол үчүн алмамбет атасы азизханди өлтүрүп, элинен качып кетет. Бул жерлерде да байырыкы аңыздарга кыйынкы тарихий окуялардын аралашып коштолуп кеткени сыяктуу, ал ошол эле эң түпкү аңыздарга кыйынкы исилам аңыздарынын сыңып кыргендигин эсепке албаганда алардын кандайдыр бир окшош аңыздык мүнөзү күчтүү экенин көрсө болот. Айтмакчы В. В. Радлов жазып алган «Манас»да да Манастын түшүн жоруу кыйынга турат да эл жанынан түңүлүп кыйналат, себеби туура эмес жоруп калса ал атасын, энесин өлтүрөт деп коркушат. Мына ушунунда да белгылүү байырыкы аңыздык окшош мотиптер сакталганы белгылүү.

Өгүзкандин мифтык катмарын А.Н. Бернштам археологыялык матырыялдар менен да бекемдеген. 1924-1925-жылдары монголыядагы ноынулыгын көрүстөнүнөн Н. М. Пржевалскыйдин окуучусу П.Козлов тарбынан топоз буканын сүрөтү түшүрүлгөн жука күмүш каңылтырды Өгүзкан уламышына салыштырып келип, ал бир топ кызыктуу маселелерди козгогон экен. Моденин атынын маутун деген түрү да учураарын белгылеп, анын өз атасын жана бей күнөө жандардын жанын алгандыгы үчүн ал кыйын атын өзгөртүп алганын чечмелеп, кыйын ал аттын молотого өтүшүнө да шарт түзгөнүн тактайт. Аптор «Өгүзкан жөнүндөгү леганданин тарыхй чындыгы» деген макаласында бука уйгурлардын төтеми десе, мурда аталган «гундардын тарыхынын очерыгы» (63-67, 222-235-беттер) аттуу эмгегинде Моденин тукуму Учжул жоды башкарган гундардан чыккан белгылүү хуан уруусунун колдоочусу да бука деген пыкырге келген. Буканын сүрөтү түшүрүлгөн каңылтыр табылган көрүстөн гундардин шанёйларыныкы, башкача айтканда аталган учжул жодыныкы деген пыкырды да өнүктүргөн. Акыры ал Моде гундардин бырдыгын түзгөн кышынын аты, өгүз болсо анын фамыйласы аны сөзмө сөз чечмелегенде Бука баатыр деген эле кеп. Ошону менен бирге Өгүзкан, гундардан чыккан Моде экөө бир эле тарыхый реалдуу кышы. Гундардин мезгылинде гана Моденин негизинде Өгүзкан обыразы жаралып, кыйын гана ал эпыкалык каарманга айланган дегени туура эмес болуп, тарык менен аңызды мындайча жөнөкөй беттештире койгонго болбойтурганын, деги эле аңыздардан дайыма эле белгылүү тарыхый адамдардын пырототыбын издемей бир беткей изилдөө ыкмасынын бейпайда кубулуш экенин көрсөтөт. Бука демекчи, топоздун букасы ушунчалык күчтүү, үйрүнө эч кандай жырткычтарды жолотпогон жана чыдамдуу жаныбар болгондуктан анын мындай өзгөчө сырдуу күчтүн ээси болуп сыймыктуу аңызга айланышы эп.

Эмнеси болсо да бул жерде аңыздагы өгүз жана бука аталмалары жөнүндө да сөз болуп келип, байырыкы Өгүзкандин аты анын гундардин баатыры Моденин атын өзгөрткөндөй жаман атты бүркөмөлөө үчүн эмес, кайта түпкү элдердин касийеттүү күчтөрдү атынан атаса алардын каарына калат, же алар колдобой калат дегендей тек былгылык менен касийеттүү саналган баатырлардын аттарын атынан балп эткызип атабай тургандыгынан, урматтап тергеп, өз атынан чакырбай бука баатырды өгүз баатыр десе керек дегендей чечмелөөгө жетектейт. Айтмакчы, бугунун эркеги да бука болот эмеспи, анан кыргыздардын да бугуну атынан айтпай «мүйүздүү бугу эне» деп атаган нускалуу жосун да бар. Ал эми көк бөөрүнү да атынан атабай ыт-куш деп койгону да аңыздарда бар байыркы элдердин адаты. Жыланды да атынан атабайт, мокочо деп коёт эмеспи. Ошол сыңары өздөрү сыйынган Манастын атын да атабай, чоң жинди деп тергеши, жакшы, ыйык көргөн адам же айбанды болобу «жаман» ат менен атаары… Ушул убакка чейин кыргыздар сакталганы бекерби? Артыкча кыйын Манас атын келсе-келбес атынан аташбай «баатыр» деп гана коюшат. Ошондон уламбы, жалпы эле ат тергөө маданияти да калыптанып калса керек. Ал эми, баланын атына да, көтөрө албайт деп Манас ысымын дээрлык койгон эмес. Ошого, байыркы элдердин мейли ал уйгурлар болобу, мейли гундардин болобу баары бир тектүү букага сыйынган элдердин аңыздык чыгармасы экени белгылүү экен дээр элек.

Жогоруда, А.Н. Бернштам археологтор тапкан буканын сүрөтү түшүрүлгөн каңылтырдын кайсы доорго таандык экенин болжолдоп, анын мифтык мүнөзүн да аздап белгылегенин айтып өттүк. Ушул жерде «орус археологу 1963-1964-жылдары Энесай дайра алаптарынан айбандардын түспөлүн алган, маңдайында жалгыз көзү бар адам кебетелүү айбандардынн таштан сомдолгон тулу балбал ташты казып алышкан. Археолоктордун далилдешинче, бул таш балбалдар эрадан 2000-3000 миң жыл мурунку доорлордо пайда болгон болуп, мындан төрт, беш миң жылдык тарыкка ээ экен»и [20] жазылган дагы бир доору жагынан өтө эле байырыкы табылганы да айта кетүүгө туура келет. Жүсүп Мамайдын айтымындагы «Манас»тын 1-2-жана 3- бөлүмдөрүндө баатырлардын жалгыз көздүү дөө менен салгылашкан тема кереметтүү сүрөттөлөт.

«Кээ бир чет элдык окумуштуулар изилдеп салыштыруу аркылуу жаңы караштарды ортого коюшту. Алардын баамында Манас эпосундагы жалгыз көздүү дөөлөрдүн обыразы түбүндө тескери обыраз болбостон, адамдар тайынып, сыйынуучу тоо пиринин обыразы экен. «Манас» эпосундагы жалгыз көздүү дөө мадыкан деп аталат. Ал эми Алтайдын түндүгүндөгү кээбир түркү тилдеш улуттар мурдатан эле тоо пырын «Падыкан» деп атап келишкен. Түрүкү тилде «м» менен «п» тыбыштары сөз башында алмашып келе берет. Мындайча айтканда «Манас»тагы жалгыз көздүү дөөнүн аты тоо пырынын аты менен окшош мааниде айтылат. Алтай тил системасиндагы улуттардын назарындагы тоо пири мергендерди калгалай турган жалгыз көздүү пир обыразы болуп эсептелет. Таңнур алтайлыктардын мифтеринде жалгыз көздүү ургаачы пир обыразы катары баяндалат. Анын маңдайында чоң көзү бар. Кызыл жезден мурду бар болуп, мергендер менен бирге турат экен да, мергендерди коргойт экен, мергендердин көптөгөн аңдарды алуусун колдойт. Ошону менен бирге өзүнүн сүтү жана булчуңунан кесип алынган эти менен мергендерди багат экен. Ал тубалардын эпосунда оозунан жалын чачкан, мурдунан түтүн чыккан, маңдайындагы көзүнөн жаркылдаган нур чыгарган жалгыз көздүү мифтык баатыр иретинде баяндалат» [21] бул жерде жок эле дегенде кыргыздардын эң жакын көргөн кышисине карата айтылуучу «етинен эт кесип берүүдөн кайра тартпаган» деп келе турган сүрөттөөсү бекер жеринен эмес экенинен башка дөө-шаалар дооруна таандык баатырлык, алыптык, адамдаштырылган теңир келбетиндеги эң байырыкы тырукмуш кебетелерди «Манас» менен «огузнаамадан алда канча кеңири кездештирээрибиз анык.

Ал эми юнан эпосунда болсо одиссиянин жалгыз көздүү дөө полифемосту көзгө сайып [22] жеңгени менен Манастагы жалгыз көздүү дөө мадикөлдү салштыруу мифтык жагынан арийне байырыкы адамдардын түбү бир эң түпкү көрүнүштөрүн эске салат. Анын үстүнө, адамзаттын, тарыхы жылдардын, жеке адамдардын тарыхы гана эмес, эң маанилүүсү дүйнөнү таануу, ой жүгүртүү тарыхын да өз ичине алышы керек. Ал эми, байырыкы кыргыздар «илгеркы жазма санжыраларга «арый уруулары» деген ат менен түшкөн. А чынында берегилер да эзелкы кыргыздардын «ер жааты» же «ер тайпалары» болгон. Не дегенде, биздин эр деген сөз индиевропа тилдерине өткөндө берегинтип «ари» (ар) деген түргө келет. Ушул эле ари уруулары байырыкы грек жазмаларында «арин» (ерен) же «аримаспи» («ер тайпалары» же «жалгыз коздүү жаачылар») деген ат менен түшкөн эле.» (Орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз»,25-бет) мындагы «ерен» деген сөз да козгө оттой басылаар улуу сөз тура, корсө, «Манастагы эрен болбой жерге кыр», «бири кетти эренге, бири кетти тереңге» деп келе турган саптарда жашынып жаткан сырдын аржагы кандай ыраакта эле?! Баштан эле «ер» атын алуу кыргызда кыйын болгон, кыйын келе жалаң эрлер «ерендер» ошол элдин атына айланганы өзүнөн чыгып турбайбы. Бизде азыркы жуңгар талаасы аталып калган чолдүн түштүгүн алып жаткан тоонун азырка дейре «ерен кабырга» деп аталып келгени да ошол «ерен» аты менен байланыштуу болсо керек…

Башкы сөзүбүздүн нугуна кайтадан келсек: «Манас» да, «Одиссияда да адамга тынчтык бербеген жалгыз көздүү аңыздык кейипкерди жеңип баатырлардын кан ичмеси басылат, ал «Огузнама» да болсо да, токойдо жан баласына тынчтык бербеген үлкөн кыятты өлтүрүп кумардан чыгып жолу ачылат. Андан кала берсе дагы Манастын колдоочулары жорукка чыкканда түш-тушунан тегеректеп жол баштап берсе, ал огуз баатырдын алдына түшүп алып жол баштап жорткон көк бөөрү жүрөт. Мына мындай эң байырыкы аңыздык жоруктар ар качандан- бир качан да «Манас» жана «огузнама»нын чыгыш жана калыптаныш тарыхын белгысиз кылымдарда гана болгондугун, эч качан кыйынкы окуяларга боло ал тарыхты берилетүүгө болбосун түшүндүрөт.

«Манас»тын мифтык касийеттерин В. Н. Топорпв сыяктуу аалымдардын пыкырлерине таяна отуруп « «Манас» ааламы» аттуу кытебинде Ш. Б. Акмолдоеванын изилдөөлөрүнөн да баамдасак болот: «тийешелүү тексттер көп учурда эки бөлүктөн турат. Биринчиси «башталганга чейин» (б. а. Жаралганча чейинкы көрүнүш) эмне болгондугуна: «ал убакта бар да болбогон, жокта болбогон» шекилденген жалпы маанидеги негатиптүү ой жүгүртүүлөрдүн түрмөгү менен мүнөздөлүүчү хаосту сыпаттоого арналган» [23] «өлүм да, өлбөстүк да ал кезде болбогон. Күндүн (же) түндүн белгыси болгон эмес…» [24] же «жер болсо көрүнбөгөн жана бош болгон»[25], бул (дүйнө) акыл-ес үчүн белгысиз, аныкталгыс, кол жеткыс, таанылгыс, бүт бойдон уйкуга чөмүлгөн сыяктуу караңгы болгон» [26] ж. у. у. «схеманин экинчи бөлүгү, тескерисинче, жалпы жана ааламда жалгыз, ошондой эле адамдыкты көздөй дүйнө элементтерин ирети менен жаратуу жөнүндөгү позитиптүү ой жүгүртүүлөрдүн түрмөгүнөн турат» [27] тексттердин бул сыяктуу түзүлүштөрү үчүн төмөнкү өзгөчөлүктөр мүнөздүү: 1) тексттер кандайдыр бир суроого жооп (же жооптордун тизмеги) сыяктуу курулушу; 2) тексттин бөлүктөргө ажырап турушу; бул жаратуу көрүнүшүн түзүүчү окуяларды сүрөттөөдөн келип чыгып, өз кезинде ал окуялар ошол көрүнүштүн башталышын көрсөтүү менен мезгылдык аралыктардын иретин чагылдырат; 3) мейкындыктин белгылүү тартипте уюштурулушун сыпаттоо (сырттан ычты көздөй); 4) жаратуунун бир этабинан кыйинкысине өтүү үчүн төрөлүү ыкмасын кыргызүү; 5) космологыялык жана кудайлык касийеттерден «тарыхыйга» жана адамдыкка белгылүү тартып боюнча төмөндөө; 6) жогорку ойдун уландысы катарында _ космологыялык катардын соңку мүчөсүнүнүн тарыхый (же жок эле дегенде тарыхый эмес) катардын биринчи мүчөсү менен сыйлыгышуусу; 7) жамаат мүчөлөрү үчүн соцыялдык(коомдук) жүрүм-турум эрежелерин, атап айтканда, нике мамилелеринин эрежелерин жана анын натыйжасы катарында тууганчылыктын сехималарин көрсөтүү»[28]

«Мифопоетыкалык ойломдо обийектилерди аныктоонун кыймылдуулугуна байланыштуу (бул кандайча касалган? Кандайча пайда болгон? Эмне үчүн?) Дүйнөнүн актыбалдуу карыйтасы сөзсүз түрдө космологыялык схемалар жана «тарыхый» уламыштар менен байланыштырылып, алар « баштапкы» мезгылдерде болгондугу үчүн эле кайталоого үлгү катарында кызмат кылуучу пиреседент ретинде каралат. Демек, «тарыхый» уламиштар(генеалогиялык схемалар, туушкандык жана нике мамилелеринин схемалари сыяктуу эле) акыр аягаында бир эле максатка кызмат кылуу менен ошол сосыюмдун муундардын түшүнүктөрүндө туюнтулган өткөндөгү ата-бабалардын болочоктогу урпактарарга чейинкы мезгылдин дияпазонун түзөт. Ошондуктан миф, мифологыялашкан «тарыхый» уламыш сыяктуу эле өзүндө дыяхырондук (өткөн мезгыл жөнүндө баян) жана сынхорондук (азыркы учурду, ал эми кээде келечекти түшүндүрүүнүн каражаты) эки аспектини камтыйт. Өткөн мезгыл менен азыркы мезгыл ушул ажыралгыс бирдыктүү кош байланышы мифологыялык дүйнө Моделинин бөлүп алгыс белгыси. Мифоетыкалык дүйнө Модели көп учурда макырокосмос менен мыкырокосмосту, табият менен адамды бирдей (же, жок эле дегенде, өзгөчө байланышы бар, бири-бирине көз каранды) деп түшүнөт. [28]

«Кыргыздардын байыркы ата-бабаларынын ындыялыктар менен орток мифтери жана мифтык каармандардын ысымдары болгон»[30]

«Кайрадан «Манас»ка кайрылсак, эпостун башкы кейипкерлеринин обыразы өзүнүн алгачкы түрүндө байыркы кыргыздардын мифологыялык түшүнүктөрү менен байланыштуу экендыгыне эч күмөн жок. Муну тастыкташ үчүн Манастын ысымынын келип чыгышын карап көрөлү. Эпостун текстинен көрүнүп тургандай, анын негизинде алгачкы адам ману, манус (ман, «ойлонуу» уңгусунун), ману жөнүндөгү байыркы көчмөн арий урууларынын мифинин маңызы жатат. «Манас» деген сөздүн өзү болсо санскырттен которгондо «акыл эс» дегенди билдирет. Адамды акыл эстүү жана адеп-ахилактуу жанга айландырып, адепкы жаныбардан айырмалап туруучу акыл жөндөмү» [31]

«Мифтык кейипкердин ысымый биз тарабынан төмөнкүдөй жол менен интепретасия кылынган учурда анын маңызына дал келет. Асман менен жердин никесинен туулган Манас байыркы кыргыздардын мифологыясында алгачкы адам. Маданий каарман катары ал бир топ эрдыктерди касайт, ошонун ичинде хытондук (жер каймактагандагы) стыхыя жараткан ар түркүн шумдуктуу жаныбарларды жеңет ж. у. с.

Ошону менен бирге, Манасты кыргыздар кудай катары кабыл алышкан. Эгерде байыркы кыргыздардын мифологыясында алгачкы адамдын, маданий каармандын жолугушуна башка динй мифологыялык тутумдардан түзүлгөн эң көп окшоштуктарады табууга мүмкүн болсо, бул кейипкерди кудайлардын катарына кошуу, албетте, адаттан тышкаркы көрүнүш болуп чыга келет. Ошондой болсо да, бул кейипкердин маңызы алгачкы адамдын жана маданий каармандын функытсыясы менен чектелбейт деп айтууга укугубуз бар[32].

«Кудайлардын байыркы пантеону жогорку дүйнөнүн кейипкерлешүүсү жерди камтыгандыктан биз «ортодогу» дүйнө, адамдар дүйнөсүнүн чагылышын да илыктөөгө укуктуубуз. Биздин көзкарашибиз боюнча, бул ролго дал ушул алгачкы адам Манас башкаларга салыштырганда көбүрөөк ылайык келет. Байыркы арий мифиндеги абалына байланыштуу ага белгылүү даражада ажырымдуулук мүнөздүү: алгачкы адам, жердеги адамдардын тукумун баштоочу катары ал акыры өлө турган дүйнө менен байланыштуу, эки кудайдын уулу катары ал кудайлар дүйнөсүнө да таандык. Ал жогорку дүйнө менен адамдар дүйнөсүн байланыштырып, тыгы кудай колдоочу сыяктуу милдет аткарат жана дал ушул сапаты менен кудайлар пантеонуна кырүүгө талаптана алат.

Манас космостон беркы ортонку мейкындыгындегы кейипкерлешүү катары түшүндүрүлүшүнө негизденип, асман менен жердин ныкылешип бырыгышынын натыйжасында анын төрөлүү фактысын космогоныялык көрүнүштүн спесифыкалуу чечмелениши катарында кароого болот. Сементыкаси боюнча ал ааламдын ретке салынган тартыбынын жаралышында, асмандын жерден бөлүнүү проссесинде жана ааламдын түзүлүшүндө борбордук абалды ээлөөчү ортолук элемнттин жаралышы катары чечмеленген ведалык космоногыяга окшош»[33]

«Ошентип асман — Манас — жер үчилтыгы тыгынен боюнча үч катмардан уюшулган ааламдын Модели катары каралышы ыңгайлуу, ал бүткүл космосту көз менен көрүүгө мүмкүн болгон, пендечилыкти гана эмес, жогорку, кудайлар дүйнөсүн да ичине алат. Эпостон Манастын сырткы турпаты төмөнкүдөй сапатталганын жолуктурабыз:

Айдыңынан ай корккон
Күлпөтүнөн күн корккон.

Көрүнүп тургандай, Манас табият кубулуштары менен салыштырылып сүрөттөлөт. Дагы бир жагдай көңүлдү бурат: Манас эмнесинен жаралса же эмнеден төрөлсө, ошонун баардыгы жогорку дүйнө жерге тийешелүү. Эпостун төмөнкү саптарына көңүл буралы. Маселен, С. Орозбаковтун варыянтында:

Айдың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Жерлыгынен түткөндөй!
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй,
Абадагы булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Асмандагы ай-күндүн
Жаркынынан бүткөндөй!
Ал эми м. Мусулманкуовдо:
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй…
Жети кабат кара жер
Салмагынан бүткөндөй…
Абадагы булуттун
Салкынынан бүткөндөй…

Манастын мифологыялык генийелогияси бир кезде болгондугуна эч күмөн саноого болбойт, ошондой эле ал алда качан эстен чыгып калганын эскерте кетели. Бул жерде өзүбүз күбөө болгондой бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен мифологыялык кудайдын асман менен жердин уулунун баштапкы обыразынын белгылери эпостун өзүндө сакталып калган». [34]

Чогултуп айтканда, Ч. Өмүрали уулунун Манасты кандай таануу керектыгы жөнүндө төмөнкү жыйынтыктуу оюнун да өзүнчө терең мааниси бар экенин билчүү учур жетти:

«Манас океян дейбиз, мухуйт дейбиз, улуу дастан дейбиз, Бирок баардыгын бир такта бетине жыйып келгенде эпос деп, ошого байлайбыз. Мейли миң гениялдуу дейли, миң улуу дейли, миң тарыхый дейли, тирагедия-пирагедия дейли акыры барып ага чыгарма катары карап келебиз. Ушундан арыла албай койдук. «атка мингенде эле көчүгүң кыйшык болчу» дегендей, сакеңди гомерге салыштырганда эле иш бүтүптүр. «Иллиада»ны эпос десе болот, «Махабхарата»ны айтса болот. «Гесер», «Жаңгыр»ды айтса болоор. Манас бул ченемге сыйбайт. Ал теңирге жалганган. Андыктан аны тырмакчага да алып жазып болбойт. Мунун улуулугу, чексиздыгы ушунда»[34].

Ошого, чексиздык демекчи, байырыкы көчмөндөрдү түпкү негизинен түшүнгөн куңзы даанышман ушуну эчак сезген экен… «лао даанышман менен коштошуп кайткан соң куң (куңзы) даанышман шакырттерине айтыптыр дейт:

Канаттуу учат, жырткыч сызат, балык сүзөт. Сызганды тузакка тутсаң болоор. Сүзгөндү торго сүзсөң болоор. Учканды атып түшүрсөң болоор. Ал, жер-көк чегин жалгыз ээлеп, көк теңиринде күндөй күркүрөгөн, добулдай аркыраган ажыдаарды эмне жайып кармамаксың?! Мен жакында лао зыга жолуктум, ал мага ошол ажыдаар сезилди.

(сөз кыскартылды т.т.)

Сырттанды сырттан тааныйт! Кабыланды кабылан баалайт!»[35]

Бул жердеги көзкарашта да эң байырыкы теңирдин белгылери өзгөчө мен мыналап көрүнүп турганын чагылдырган улуу даанышман. Андан кыйын гана дөө-шаалардин доору кырып келет… Ал дөөлөрдүн белгылери да «Манас»та айкын белгыленгени айдан анык. Айтсак; Манас бул кезде дөө кебетесинде сүрөттөлүүдөн тышкары, бакай дөө, кошой дөө, балта дөө деп «Манас»тын өзүндө сыпатташынын өзү жана дөөтү устанын, Манастын курал-жарактарын даярлаган кайыпка да байланыштуу, төкөр устага байланыштуу мына бул көзгараш таандык:

«Шиберге койсо өрт кеткен
Шилтегени мүрт кеткен
Тоого чапса таш кескен,
Туткан колду талдырган,
Түн ичинде суурса
Канган оттой кызарган
Уруштуу күндө узарган».

Ач албарыс кылычын Манаска арнап дөөгүр аттуу жаракчы темир уста жасаган. Х. Карасайевтун пыкыры боюнча дөөгөр кыргызча дөө фарсиде дыва иран девасинан чыккан иран тектүү сөз болуп эсептелет. Иран элдеринин, мисали тажыктердин фолкылорунда, девалар зергердык өнөрү менен атагы чыккан алыптар. «Манас»тын текстинен көрүнүп тургандай, дөөгөр өз ишинин дасыккан чебери.

Девалар жөнүндөгү түшүнүктөр ындоыран жана индоевропа жалпылыгынын дооруна таандык, байырыкы инди мифологыясында дева «див» — «нурдануу» дегенден келип чыккан «асман» «кудай»дын өзү. «Манас»тагы жаракчы темир устанын обыразы байыркы инди мифологйыасынын кейипкери таваштардын обыразынан келип чыгышы толук ыктымал»[36] мына мындан бул аталманын кайсы тил аркылуу кайсы элге кыргендиги дагы изилдөөгө тийиштүү болсо да, биз бул жерде, мифтерге таандык эң эртедеги жаралыш доорлору _ алкачкы кудайлар доору менен андан кыйынкы дөө-шаалар доорунун анча алыста эместыгын баамдай алат элек.

Дөө аты менен ал жөнүндөгү түшүнүктүн белгылүү даражада өзгөрүүсүз азыркыга чейин жалгашканы да мына ушул белгысиз замандардын айгагы саналаары анык. Ал дөөлөр дүйнөсүнөн кыйын эле адамдаштырылган, же маданий кейипкерлештирилген обыраздарынын элеси чагылдырылат эмеспи…

«Байырыкы дүйнөнүн чыгаан тарыкчысы Павел Оросый: «б. з. ч. 2000- жылы Асырыя падышасынин алыгы сыкыфтер менен согушкан» деп жазган жери бар. Ушул эле жылы «Мисирге түндүк чыгыштан келген «кыккыч» аттуу эл кол салган» же « б. з. ч. 20-кылым. (туурасы б. з. ч. 18 кылым. о.а) Египетти «кыккыч» деген эл басып алган». (Н. Павлов, история туркестения. Ташкент. 1910, 137-бет). [37] а бул жерде ошол мифтер жаралгандан кыйынкы тарыхыйлашкан негиздер же тарыктардын негизинде кыйын мифтештирилген тарыктар келтирилгенби аны аныктоо да маанилүү кызмат саналса керек.

«А бу заманда кычы азыянын батыш тарабында илгеркы тайып (гырек) аңыздарында «троас» деген ат менен түшкөн түрүк же туран («түрк + ан» же «түрк өлкөсү» деген аттан келип чыккан) мамилекети бар эле. Анын элинин негизин илгеркы «кырк угус» же «кыргыс» элинен келип чыккан дардаң тобу түзгөн». [38] «дардаң» тобу жөнүндө: «мындан алти-жети миң жыл мурда турандагы (түркстандагы) өзүнүн эң негизги тобунан бөлүнүп чыгып, кычы азыянын батыш жагына келип, туран чебин салган илгеркы кыргыздардын «дардаң» уруусун алатоолук байырыкы кыргыздар өз боордоштору катары санаганго!» [39] дегенди да кошуп коёт белгылүү жазуучу жана тарыкчы О. Айттимбет уулу. Эмесе, бул да бизге мифтык огуздардан тарыхый огуздарга өтүп жаткандагы маанилүү теманин бири саналмакчы.

Андан бөлөк: адам өлгөндө «аябай көп малды кыруу салты элдык эпостун көбүндө учурайт. Алардын ичинде түрүк тайпаларынын эң эскы эпосу «огузнама» жыш айтылат. Мисали, огузхан той жасаганда тогуз миң кой, тогуз жүз жылкы сойдуруп, тогуз сабага арак, токсон сабага кымыз жыйнатат. Көкөтөйдүн ашында бокмурун үч ай бою дөбө-дөбө табак тартып, кымызды суудай агызат. Рымдын белгылүү жазуучусу ёрданын сүрөттөөсүндө мурунку гун тайпалары өзүнүн башчылары өлгөндө аларга чоң урмат-сый көрсөтөт. Алар үчүн жасаган маарекени, берген ашты ушул сыяктуу ашкан сөөлөт, укмуштай молчулук менен өткөрө турган. Жалпылай айтканда огузга, көкөтөйгө, Манаска берген укмуштай чоң аш, аларга союлган көп мал, ал кездеги тайпалардын орошон мол ташыган байлык үстүндө өмүр кечкенин эскерипминдай салт алардын рухуй күчүн көрсөтүүчү улуу сын, чоң салтанат деп баалаганын көрсөтөт.

Бирок бул жөрөлгөлөр исилам дининин каадасы менен түптөн окшобогон, байыркы көчмөн тайпалардын тирчилыгынен жаралган өтө эле эскы доордо болгон салт-санаа түрү. Бул жөрөлгөлөрдүн «Манас»тан орун ээлеши бул ырдын эң оболку чыйыры, иислам дининен көп мурда чыкканын далилдейт» [40] дегени аркылуу каармандардын адамдаштырылган түскө кыргенде деле (өлүм- өмүр айрылган кез) алардын өлүмдү улуу билген, арбакты бар деп билип аны сыйлаганы жөнүндө сөз козгойлуу деп жатканыбыз эмес, биз бул жерде «Манас» менен «Огузнама»нын чыгышы белгысиз мезгылдерден башталган мифтык дүйнөлөрдөн пайда болуп, анан ошондон кандайча тарыхыйлашып, өзүнүн түпсүз өнүгүү жолунда, улуулуктарды кандайча өз боюна жыйнап отуруп, бүгүнкүдөй телегей-теңиз, бардык тарыхый жана руханый тарыхтарды камтыган кенчке айланганын билүүнү бутага алып жатабыз.

 

Пайдаланган булактар: 

[1][4][5][6][7] [8] [10] [12][13] [14] [15] [17] [18] [19] М.Ч. Мамыров: ««Манас» эпосунун калыптануу тарыхы» Бишкек, «Быйыктык», 2005, 6- 184-189-190-232- 238- 240-239-241-255-256- беттер.

[2] Белек Солтонкелди: «Кызыл кыргыз тарыхы»

[3] [34] [35] Чоюн Өмүрөли уулу: «Теңирчилык» Бишкек, 1994, 67-104- 162-163-беттер.

[9] «Кыргыздар» (1-том Бишкек. 1991-жыл) атуу кытептеги Кеңеш Жусуповтун көркөм котормосунан.

[11] М. Мамбетакун: «Памыр кыргыздарынын элдык дастандары жана анын өзгөчөлүктөрү» «Кызылсуу» журналы, 2008, 1-сан.

[12] Вчышаба: «енесай өрөөнүндөгү байыркы айкелдер», «Шынжаң маданий эстелыкыктери» журналы1981-жыл арнауу сан.

[16] Ч. Айтматов: «Манас» 1-кытеп, 8-бет, «Кыргызстан», 1978.

[20] [21] Лаң Йиң: ««Манас» менен Юнан эпосторун салыштырганда» Шынжаң эл басмасы 1998 ««Манас» эпосу боюнча илмий макалалар жыйнагы» (2-том) 18-19-беттер.

[22] «Одиссиянин жалгыз көздүү дөөнү акыл менен амалдаганы», Шинжаң агартуу басмасы, «Тил-адабият» тандалмалуу окуулук, (2) 2009 эпос бөлүмү, 348-бет. Түзүүчүлөр: Акбар Маамет, Алшер Кыяз, Токтонур Аамат, Токтосун Асанбек, Капар Дуулат, Мамбеткази Абдикерим.

[23] [24] [25] [26] [27] [28] [29] Ш. Б. Акмолдоева ««Манас» ааламы» Бишкек, «Илим» 2003. 15-16-беттер.

[30] Жогорку кытеп: 22-бет.

[31] Жогорку кытеп: 23-24-беттер.

[32] Жогорку кытеп: 24-бет.

[33] Жогорку кытеп: 24-бет.

[34] Жогорку кытеп: 24-25-беттер.

[37] [38] [39] Орозбек Айтимбет: «Кара кыргыз» (1), 2006, Бишкек, 16-. 21-, 17- , 22-, 23-, 23-беттер.

[40] Алкей Маргулан: «Адамзаттын Манасы», «Шинжаң коомдук илими» журналы, 1999, 4-сан, 29-30-беттер.

2010-2012

Соц тармактар:

Добавить комментарий