Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу негизги илимий көз караштар

Кыргызстандын тарыхындагы эң татаал маселелердин бири кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу проблема экендиги жалпыбызга маалым. Анын себеби: «кыргыз» деген атты алып жүргөн уруулар бир эле мезгилде Түштүк Сибирдин Минусинск аймагында жана Орто Азиянын Теңир-Тоо жана Памир-Алай аймактарында жашашкан. Ушундан улам, кыргыздардын тегин илимий жактан изилдөө процессинде XIX кылымдан тартып эле окумуштуулардын арасында карама-каршы пикирлер жаралган. Изилдөөчүлөрдүн бир даары «кыргыздар Енисейден Теңиртоого көчүп келген» десе, экинчилери «жок, алар атамзамандан бери эле азыркы мекенинде башкача ат менен жашап келишкен» деген кайчы пикирлерди жаратышкан. Ошентип, кыргыздардын келип чыгышы тууралуу төмөндөгүдөй эки негизги кайчы пикир бар:

  1. Кыргыздар Теңир-Тоого Енисейден көчүп келишкен.
  2. Кыргыздар – Теңир-Тоонун жергиликтүү тургундары.

 

Кыргыздар Теңир-Тоого көчүп келишкен

Эми өз иретинде биринчи пикирди жактоочулар да кыргыздар Енисейден качан жана кандайча көчүп келишкен деген суроонун тегерегинде бир нече топко бөлүнүшөт.

А. Н. Бернштам, Э. Маанаев ж. б. окумуштуулар кыргыздар Енисейден Теңир-Тоого б. з. ч. I кылымда эле гунндар менен бирдикте көчүп келишкен деген пикирди жактоо менен, андан кийин IX кылымда жана кийинчерээк монгол доорунда да кыргыз көчүнүн жаңы толкундары келишкендигин далилдөөгө аракет кылышты. В. В. Радлов, Ө. Караев, Ю. Худяков, Т. Чороев сыяктуу окумуштуулар болсо азыркы кыргыздардын ата-бабалары Енисейден IX кылымда кыргыздардын Улуу мамлекетинин доорунда Теңиртоого келишип, ошондон бери ушул чөлкөмдө жашап келе жатышат деген бүтүмгө келишти. Д. Г. Савинов ж. б. окумуштуулар негизги кыргыз уруулары XIII кылымдан кийин, монгол доорунда гана, Алтай тараптан Теңиртоого келип жайгаша баштаган деген тыянакка келишти. В. В. Бартольд, Г. Е. Грумм-Грижимайло ж. б. изилдөөчүлөр болсо кыргыздардын азганакай тобунун IX кылымда эле Теңиртоого көчүп келгенин моюнга алуу менен бирге, кыргыз элинин өзөгүн түзгөн кыргыз уруулары Алтай тараптан азыркы мекенине XV кылымдын ортосунан эрте көчүп келишкен эмес деген пикирди кыйытышкан. К. И. Петров болсо азыркы кыргыздар XIII кылымдан кийин, монгол доорунда Алтай чөлкөмүндө жашаган кыргыз урууларын өз ичине сиңирип алган Или-Иртыш дарыяларынын аймагында жашаган кимак-кыпчак урууларынын Теңиртоого келип, мындагы жергиликтүү уйгур жана карлук тектүү уруулар, ошондой эле түрктөшүп кеткен монгол уруулары менен жалгашуусунун натыйжасында калыптанган деген жыйынтык чыгарган. Ю. Клапрот жана А. И. Левшин сыяктуу окумуштуулар болсо 1703-жылы жунгарлар Енисейден көчүрүп кеткен кыргыздар Теңир-тоого барып жайгашып, азыркы кыргыздардын ата-бабалары болуп калышкан деген пикирди сунуш кылышкан.

 

Кыргыздар – Теңир-Тоонун жергиликтүү тургундары

Экинчи пикирди жактаган окумуштуулар дагы өз иретинде бир канча топко бөлүнүшөт. Н. Аристов Теңир-Тоо кыргыздарын байыртадан бери ушул чөлкөмдү жердеген усун жана сактардын тукуму деп эсептеген. Н. Я. Бичурин болсо Теңиртоо кыргыздары Тан доорунда (618-907-жж.) Куэнь-Лунь тоолорунда жашаган «булу» деген элдин урпактары болуп саналат деген бүтүмгө келген. С. М. Абрамзон этнографиялык материалдарга таянып, азыркы кыргыз эли Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан жана Памир-Алай тоолорунун этектеринде жашаган байыркы түрк тектүү уруулардын жана монгол доорунда көчүп келишкен ногой урууларынын жалгашуусунун натыйжасында пайда болгон деп эсептеген.

Бул эки чоң топтогу окумуштуулардын пикирлеринен айырмаланган да илимий жоболор бар экендигин белгилеп кетишибиз керек. Мисалы, XIX кылымдын ортосунда эле белгилүү россиялык окумуштуу Ч. Ч. Валиханов өзү тапкан жаңы тарыхый булактардын маалыматтарына таянып, Ю. Клапрот менен А. И. Левшиндин кыргыздар Енисейден Теңир-Тоого XVIII кылымдын башында гана көчүп келген деген натуура пикирин четке кагып, Н. Я. Бичуриндин дагы жогорудагы жүйөөсүз пикирин туура сынга алган.

Ч. Валиханов алгачкылардан болуп енисейлик кыргыздар менен теңиртоолук кыргыздардын ортосунда тикелей этникалык байланыштар бар экендигин даректүү булактардын маалыматтарына таянып далилдөөгө аракет кылган. Ошондой эле, Ч. Валиханов жана кийинчерээк А. Маргулан дагы кыргыз уруулары, саясий жана экономикалык себептерден улам, Саян-Алтай менен Теңир-Тоонун арасында кылымдар бою тынымсыз көчүп-конуп жүрүшкөн деген тыянакка келишкен.

 

Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу дагы бир тыянак

Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу маселени чечүүдө 1956-жылы Фрунзеде өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий сессиянын ролу абдан чоң экендигин баса белгилеп кетишибиз парз. Кыргыз элинин тили, адабияты, этнографиясы, археологиясы, антропологиясы жана жазма тарыхый булактары боюнча абройлуу адистер катышкан бул илимий форум ошол мезгилге чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен, төмөнкүдөй жүйөлүү тыянак-сунуштарды берген эле: «Кыргыз эли жана анын маданияты, эң аз дегенде, эки чоң этникалык курамдын жалгашуусунун натыйжасында калыптанган. Алардын бирөөсү келгин борбордук азиялык компонент болсо, экинчиси жергиликтүү орто азиялык компонент болуп саналат. Кыргыз элинин этногенезинин эң урунттуу окуясы биздин замандын экинчи миң жылдыгынын биринчи жарымында болуп өткөн окуяларга тикелей байланыштуу болгон. Дал ошол мезгилде Теңир-Тоого чыгыш тараптан азыркы кыргыз элинин ата-бабаларынын басымдуу көпчүлүгү ооп келишкен. Алар калыптанып калган кадимки кыргыз тилинде сүйлөгөн уруулардын өкүлдөрү болушкан. Ошондон кийин гана кыргыздар бул аймакта калктын сан жагынан үстөмдүк кылган тобу болуп калышкан». Бул маанилүү тыянак-сунуш азыркыга чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек жана изилдөөчүлөрдүн кийинки муундарына туура илимий багыт берген. Дал ушул илимий сессиянын тыянактарын ар тараптан терең изилдөөнүн натыйжасында кийинчерээк, 1980-жылдардын башында, С. Кляшторный, В. Мокрынин, А. Мокеев сыяктуу изилдөөчүлөр кыргыз элинин калыптанышында чоң роль ойногон келгин борбордук азиялык жана жергиликтүү орто азиялык компоненттердин курамын такташып, алар качан жана кандайча жалгашкандыгын даректүү булактардын негизинде көргөзө алышты. Бул топтогу окумуштуулардын пикири боюнча, кыргыз элинин калыптанышында чоң роль ойногон Борбордук Азия компонентинин калыптанышы негизги эки этапка бөлүнөт. 1. Енисей этабы (байыркы мезгилден тартып IХ кылымдын ортосуна чейин); 2. Алтай этабы (IХ кылымдын ортосунан тартып ХV кылымдын ортосуна чейин). Ал эми ХV кылымдын экинчи жарымынан тартып Алтай тоолорунун батыш этектеринде жана Иртыш дарыясынын жээгинде жашаган жана «Маджму ат-таварихте» «алтай могол» деп аталган кыргыз уруулары Моголистан мамлекетинин кыйрашынын натыйжасында акырындап Теңир-Тоого карай жер которуп келишет да, бул жакта эзелтеден бери жашап келе жатышкан байыркы түрк тектүү жана кийинки монгол тектүү уруулар менен жалгашуунун натыйжасында азыркы кыргыз эли XVI-XVIII кылымдын биринчи жарымында калыптангандыгын аныкташты. Ошол эле мезгилде белгилүү түрколог, академик Э. Р. Тенишев да кыргыз тилинин калыптанышын жана өнүгүш этаптарын жаңы материалдардын негизинде кайрадан карап чыгып, аны үч этапка бөлүштүрдү:

  1. VII-IХ кылымдар арасындагы байыркы Енисей доору;
  2. Х-ХV кылымдардагы ортоңку Алтай доору;
  3. ХVI кылымдан азыркы мезгилге чейинки жаңы Теңир-Тоо доору.

Даректүү тарыхый булактардын (кытай, араб, фарс, тибет тилдериндеги жана байыркы түрк рун жазуулары) маалыматтарына караганда, байыркы енисейлик кыргыздар биздин замандын VI кылымында Түштүк Сибирдин Минусин өрөөнүндө өз алдынча мамлекет кургандыгы ачык көрүнөт. Енисейлик кыргыздардын мамлекети Тан империясы, Тибет, Түргөш каганаты, Түрк каганаты жана Араб халифаты менен кеңири масштабдагы саясий жана соода-экономикалык байланыштарды жүргүзүп турушкан. IX кылымдын ортосунда Кыргыз каганаты азыркы Монголиядагы Уйгур каганатын талкалап, кыска мөөнөткө Борбордук Азиянын кең мейкиндиктеринде өз бийлигин орноткон. Бирок, Улуу кыргыз мамлекетинин империялык доору узакка созулган жок жана ал белгисиз себептерден улам, X кылымдын биринчи чейрегинде эле парчаланып, майда бийликтерге бөлүнүп кетет да, ал бийликтердин башында эми каган эмес, иналдар турушкан. Чыңгыз хандын мамлекети курулган мезгилде, XIII кылымдын башында, Алтай жана Минусин өрөөнүндө беш кыргыз бийлиги болгону байкалат. Бытыранды абалда болгонуна карабастан, кыргыз бийликтери Чыңгыз ханга олуттуу коркунуч туудургандыктан, ал алгачкы тышкы жортуулун 1207-жылы енисейлик кыргыздарга каршы жасаган. Монгол аскерлеринин Алтай менен Саяндагы кыргыз бийликтерине каршы жортуулдары XIII кылымдын соңуна чейин тынымсыз жүргүзүлүп турган. Натыйжада кыргыз уруулары Алтай менен Саяндан Монголияга, Маньчжурияга ж. б. аймактарга сүрүлүп, кыргыздардын социалдык, экономикалык түзүлүшү бүлгүнгө учураган. Атап айтканда, дал ушул мезгилде кыргыздардын саясий элитасы тукум-курут болуп, инал деген институт караманча жоюлган. Алтай чөлкөмүндөгү бийик тоолордо жашынып калган айрым кыргыз уруулары өз өзгөчөлүктөрүн жана «кыргыз» деген атын сактап калышкан. Тетиги IX кылымдан бери эле Чыгыш Түркстан менен Орто Азиянын отурукташкан калктар жашаган аймактары менен тыгыз байланышта болушкан бул кыргыз уруулары XV кылымдын ортосунан тарта Моголистан мамлекетинин кулашынан пайдаланып, Теңир-Тоонун тоолуу, токойлуу чөлкөмдөрүнө көчүп келишип, бул жерде Оң канат жана Сол канаттан турган экилтик этно-саясий структураны түзүшкөн. Дал ушул экилтик структуранын алкагында Теңир-Тоону атамзамандан бери байырлап келе жатышкан түрк тектүү жана кийинчерээк монгол доорунда чыгыштан көчүп келишип, түрктөшүп кетишкен монгол тектүү уруулар кыргыздар менен аралашып, Теңир-Тоо кыргыздарынын калыптанышына чоң салым кошушкан. Экилтик этно-саясий структура Борбордук Азиянын түрк тектүү урууларынын байыркы саясий салты болуп саналган жана ал белгилүү деңгээлде саясий функцияларды дагы аткара алган. Атап айтканда, жаңыдан отурукташкан аймакты коргоодо жана бул аймакта кыргыздар келгенге чейин эле жашаган башка урууларды кыргыз урууларынын айланасына бириктирүү процессинде экилтик структуранын ролу абдан зор болгон. Дал ошол келгин кыргыздар менен жергиликтүү уруулардын жуурулушуусунун натыйжасында жергиликтүү уруулар өздөрүн кыргыздардын бир ажырагыс бөлүгү катары санай башташкан. Анын издери тарыхый булактарда катталган уруулардын аттарынан (кыргыз-кыпчак, кыргыз-кытай ж. б. у. с.) ачык-айкын көрүнүп турат.

 

Кыргыздардын биригишиндеги маанилүү фактор

Чыгыш Түркстан менен Орто Азиянын конфессиялык-маданий чөйрөсүнүн таасири жана суфий шейхтеринин миссионердик аракеттеринин натыйжасында келгин кыргыз уруулары XVII кылымдын башында эле толук бойдон ислам динине өтүшкөн. Ислам дини да кыргыз урууларынын эл болуп биригишине чоң өбөлгө түзгөн. Араб алфавитинин негизинде жаңы кыргыз жазуусунун, адабиятынын башаты жаралган. Кыргыз тилинин лексикасы арабча жана фарсча бөтөн сөздөрдүн эсебинен байыган. Демек, ошол XVI кылымдан тарта кыргыз элинин жаңы культурогенези да башталат. XVIII кылымдын ортосунда теңиртоолук кыргыздарда негизинен жаңы, комплекстүү чарба калыптанган жана анын ичинде сугатты пайдаланган дыйканчылыктын үлүшү арткан. Анткен менен, кыргыздардын чарбасында дагы эле жарым көчмөн турмушка таянган мал чарбачылыгы маанилүү ролду ойногон. Жунгариядагы калмактардын мамлекети талкалангандан кийин жана түштүк-батышка кеткен кыргыз уруулары кайрадан атажуртуна кайтып келип, өз мекендерине кайрадан отурукташкандан кийин, уруулардын чоң масштабдагы миграциясы байып, кыргыздар биротоло Теңир-Тоого орношуп калышкан. Азыркы адабий тилибиздин башаты болгон кыргыз тилинин калыптанышы да аяктап, «Манас» дастанынын өзөгү түзүлгөн. Ушундан кийин кыргыздардын өздөрүнө мүнөздүү болгон маданий, социалдык, экономикалык, этникалык жана саясий түзүлүшү калыптанып бүткөн. Бекем борборлоштурулган мамлекеттик түзүлүшү болбогондуктан жана туруктуу саясий, экономикалык, диний борборлорунун жоктугунан улам, теңиртоолук кыргыздарды бириктирүүчү негизги идеологиялык фактор «Манас» дастаны болуп калган. Көрүнүктүү манастаануучулардын мүнөздөгөнүнө караганда, «Манас» дастаны ошол доордогу аргын кыргыз урууларын тышкы душмандарга каршы бириктирүү жаатындагы прогрессивдүү идеяга үндөгөн жана калктын мүдөөсүнө жооп берген, кеңири жайылган адабий чыгарма болуп калган. Ал эми манасчылар болсо Манасты бардык кыргыздарды өз айланасына топтой ала турган жана аларды тышкы душмандардын чапкынына каршы туруштук бере ала турган күчкө айландырган идеалдуу жолбашчы катары сүрөттөй алышкан. Дин жана башка идеологиялык каражаттар менен бирдикте элди бириктирүүчү негизги фактор катарында коомдо эпикалык чыгарманын негизги ролду ойношу кыргыздардын нукура маданиятынын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Анварбек Мокеев, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Шоокум Журналы, 01.03.2008-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий