С.Рысбаев. “Умай бала”

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

Умай бала жардамга келди

Чын эле, кечээки бороондо буюккан кичинекей Акылтай   эмне болду? Сөздү, эми, ошондон баштайлы.

Акылтай Умар досу менен кичинекей дөңсөөдөн ылдый чана тээп келатканда катуу бороон куюндап келген да, Акылтайды топ арчаны көздөй алып кеткен. Бороондон аптыгып, оозу-көзүнө кар кирип сүйлөй албай буюгуп жатканда, ата-энелери аны башка жактан издешип ызы-чуу түшүшкөн.

Бир канча убакыттан соң гана Акылтай эсине келип, караңгыда көзүн ача албай өңгүрөп ыйлай берип ээси ооп жатып калат. Ошол маалда, кайдандыр келе калган бир кичинекей жылуу кол анын бетин сылап, тоңуп-сенейип бараткан колунан тартат. Акылтай эсине келип, маңдайында турган баланын элесин көрөт.

— Коркпо, мен Умай баламын.. — дейт тиги бала. «А-а, досум Умар издеп келип калган турбайбы» — дейт оюнда Акылтай.

— Умарсыңбы? — эриндери зорго күрмөөгө келет.

— Жок, Умай баламын… Сенин үнүңдү угуп, мени Умай энем жиберди. Жүрү, тур өйдө, тоңуп калган турбайсыңбы, кетели…

— Каякка? — дейт Акылтай. — Менин атам менен апам каякта..? Алар кетип калыштыбы?

— Мен  сенин атаң менен апаңды көргөнүм жок. Алар бороон болгондо сени таппай кетип калган болуу керек? Азыр түн болуп калды. Жүрү кеттик. Үйүңдү эртең табабыз.

— Сен менин үйүмдү билесиңби? — дейт анда Акылтай.

— Сен өзүң таба аласыңбы?

— Түндө таба албайм… Атам-апам  мени издейт да… —  деп кайра ыйлап кирет  Акылтай.

— Анда эмесе, Умай энеме кетели. Эртең менен үйүңдү табууга Умай энем жардам берет…

Умай бала ошентти да, Акылтайды колунан тартып алдыга жетеледи. Акылтай бир кадам таштап, буту жумшак килемге урунгандай болду. Анан ал экөө самолеттой учуп, кайдадыр сызып жөнөштү.

 

* * *

Умай бала менен Акылтай анча чоң эмес учуучу килем менен учуп, Умалай тоосундагы Алтын өргөөгө келишкенде, Умай эне кирпиктүү көзүн ирмебей күтүп отурган эле.

Анткени ал кеч бешимде бороондо буюгуп, топ арчанын түбүндө карга мурду сайылып дем ала албай чабалактап жаткан беш жашар Акылтайды жүрөгү менен туюп, аны сактап калууга миңдеген чакырым алыстагы Умалай тоосунан Умай баланы жибербеди беле.

 

«Умалай» тоосунда

Чындыгында, Акылтай ким менен, каякка жана эмне үчүн келип калганын билген жок, биле да алмак эмес.

Умай эне, Умай баласы жана Теңир ата жай кылган бул «Умалай» тоосу тууралуу адамдар билген күндө да, ал жерде Алтын өргө деген бар экенин, адамдар өздөрү Теңир ата, Умай эне жөнүндө ар качан айтып жүрүшсө да, жүрөктөрү менен туюп жүрүшсө да, ал өргөөдө алардын түбөлүк жашап турары тууралуу түк да билишпейт болчу. Мына ошол жерге биздин чоң шаардын кичинекей   наристе баласы Акылтай Умай эне менен Теңир атанын кудурет-күчү менен минтип келип отурганы айрыкча керемет окуя болуп калды.

Умалай тоосу, дүйнөнүн эң бийик, эң чоң тоосу, Кудай Таала өзү үчүн жасап жер үстүнө өстүрүп чыгарган, эң алгачкы тоо экен. Төбөсү  адамзаттын көзү эмес, акылы жеткис бийик экен. Адамзат аягы баспаган бул бийик тоонун жарымын булут чалып турат экен. Булут чалып, жер бетинен көрүнбөй турганы менен, булуттан өйдө жагы күндүн нурунан алтын-күмүш түстөнүп турганы андан бетер керемет экен.

Мындай керемет дүйнө кичинекей Акылтайдын кичинекей акылын айран кылып, өзү мактанган Жашыл- Нурабад шаарынан миң-миллион эсе кооз, сулуу дүйнө болуп көрүндү. Кечээки түндөн берки капасы тарап, ыйы басылып, Умалайдын күндүн нуру чалган алтын, күмүш аскаларынын ичиндеги Алтын өргөөдөн эми кеткиси келбей, «үйүмө  кетем» — деп шашылбай да  калды. Акылтай Теңир атаны көргөн жок, бирок Умай эненин айтуусу боюнча Умай бала Акылтайды Умалайдын эң кооз жерлерин көргөзүп, учуучу алтын килем менен саякаттатып чыгууга да жиберди.

Умай эненин ушунча мээримдүү жан экенин туюп, ага Акылтайдын жүрөгү элжиреди. Аны өзүнүн айылдагы чоң энеси жана шаарда күтүп жаткан өз энеси менен салыштыра да карады. Өз энеси, анын эртең менен өз убагында турбаганы, кийимин кирдетип, ичип жаткан чайын төгүп-чачып алганы, оюнкараактыгы үчүн күн сайын он ирет жемелесе да, Акылтай баары бир аны аябай жакшы көрөрү чын го. Ошенсе да, ал эч качан бул Умай эненин мээримдүүлүгүнө түк окшобостугун сезип, ушул ирет өз энеси Саулеге таарынып алды. Ошон үчүн күн сайын он ирет жемелеп урушуп турган баласын тоого алпарып жоготуп жиберип, түнү-күнү ботодой боздоп, издебеген жери, сурабаган адамы калбаган энеси бүгүн минтип, тентек уулунун караанын көрүүгө зар болуп, отурганын туюп «каякта эмне кылып отурду экен.. — деп ойлоду Акылтай, — мейли эми барганда, жөнү жок теске салып тилдебей, урбай  турган болсун…»

Умай бала менен аябай дос болуп калды, аны менен алтын, күмүш тоонун тектир-кырларына чыгып, улак-козулардай секирип ойноп, жылуу, дары булактардан суу ичип, жүздөрүн жууп, сергип, көңүлү ачылды.

Ошентсе да, Акылтай улам-улам:

— Умай бала, мен эми үйүмө, апама, атама качан барам..? Менин үйүм каякта калды…? — дей берди.

— Кеч кирсин Акылтай, кеч кирбесе, экөөбүздү эл көрүп коёт. Булар кимдер? Жомоктогудай болуп, килем менен учуп жүргөн кимдер? — деп бизди кармап алгылары да келишет. Анын үстүнө, Умай апам, күндүз адамдардын көзүнө көрүнүүгө мага катуу тыюу салган…

Ошентип, алар кечти күтүп, оюндарын уланта беришти.

(Уландысы бар)

 

Sulayman RysbaevСулайман Рысбаевдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий