Жүрөктө калган кара так

Өткөн жылдын аягында Роза эженин (Айтматова Розетта Төрөкуловнанын) «Тарыхтын актай барактары: (Менин эскерүүлөрүм)», орусчасы: «Белые страницы истории: (Мои воспоминания)» — Бишкек, 2013) деген китеби колума тийип калды. Эженин бул китебинин биринчи варианты 2009-жылы жарык көргөн эле. Бул экинчи басылышы өтө маанилүү архивдик, тарыхый материалдар менен толукталыптыр. Мен биринчи басылышты кандай кызыгуу менен окуп чыксам, бул экинчи басылышты да ошондой эле кызыгуу менен бир демден окуп чыктым. Анткени дүйнөлүк маанидеги ойчул, жазуучу Чыӊгыз Айтматовго байланыштуу кандай гана маалымат болбосун кыргызстандыктарга гана эмес, бүткүл адамзатка кызыктуу го деп ойлоймун. Анын үстүнө бизге, жердештерине, мекендештерине бул инсандын үй-бүлөсү тууралуу так, тарыхый маалыматтар менен жакындан таанышуу өтө кызык жана зарыл.

Герменевтика илими (чечмелеп, талдап түшүндүрүү жөнүндө илим) эгерде чыгарманын авторун, анын өмүр баянын, ал жашаган тарыхый эпоханы жакшы билсе, окуучу ал заманга кирип, каармандар менен чогуу жашайт деп эсептейт. Чындыгында эле биз Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы окуяларды башыбыздан кошо кечиребиз. Анткени Роза эженин бул китебин кунт коюп окуган адам ошо эже жазган чоӊ эне, чоӊ аталарынын, эжелеринин-агаларынын, туугандарынын, айылдаштарынын портреттеринен Айтматовдун каармандарынын образдарын тапса болот. Ал эми ошол жаныбыздагы эле карапайым адамдардан жалпы адамзаттык проблемаларды жаратып, көркөмдөп жазуу бул жазуучунун интеллектуалдык потенциясы менен жараткан зергердей усталыгынын жеми-ши. Ушундан улам Чыӊгыз Айтматов планетардык деӊгээлдеги инсан катарында тарыхта калды. Ошондуктан башка өлкөдөгү окурмандар бизди, кыргызстан-дыктарды Ч.Айтматов менен улутташ болгондубузга ал жашаган жерде жашаган, ал дем алган абадан дем алган, шартка жараша көзү тирүүсүндө жазуучу менен кээде кезигишип калуу мүмкүнчүлүгү бар бактылуу адамдар деп эсептешет.

Ооба, Ч. Айтматов жөнүндө тээ союздун убагынан бери кыпындай эле материалдар болсо да чогултуп, тагдыр буйруп кээде саламдашып калгандагы, расмий же расмий эмес жагдайларда, той-топурларда учкай кезигип калгандагы таасирлерди тизмелеп жазып жүргөн мен үчүн бул китептен кыя өтүү мүмкүн эмес эле. Ошондуктан окуп чыгып эле мени толкунданткан, ойлонтуп түйшөлткөн маселелердин айрымдарын тезис катарында берүүгө аракет кылдым.

***

Бул дилбаян (ушинтсем туура болот го) жети бөлүктөн турат. Биринчи бөлүм «Ата бейит» деп аталып, репрессия доорунда курман болгондордун сөөктөрүнүн табылыш тарыхы, ал процесстин жүрүшү, алардын туугандарынын оор кайгысы айтылат. Ушул окуя китептин негизги өзөгүн түзөт. Автор ошол 1991-жылдын 30-августунда көзү ачык кеткен 138 кыргыздын элита интеллигенттерин, улуттун улуу уулдарын кайрадан жерге берип жаткан кездеги «көздө жаш, көкүрөктө муӊ», адам баласы чыдай албай турган трагедияны сергек акылдан өткөрөт. Ошол эле учурда «Эмне үчүн мындай болду?… Булкөз жаштар, ондогон жылдар бою өчпөгөн үмүттөр, эми буга ким жооп берет? Ким биздин көксөөбүздү басат?» деген сыяктуу миӊдеген суроолорго жооп жок эле. Андан ары автордун ой учугу төмөнкүчө уланат:

Экинчи жагынан кимге кереги бар азыр, кимден өч алабыз? Эми бардыгы өттү-кетти, бардыгы бүттү, болору болуп боёсу канды. Кимдир бирөө атайлап жасады, кимдир бирөө ушактап, жамандап жеткирди, кимдир бирөө өкүм чыгарды, кимдир бирөө аны аткарды… Мындай кара өзгөйлүк иштен кийин алар кандай жашап өтүштү? Ойлонушту бекен ушундай трагедияны жасап жатышканын? Эми булардын бардыгы түккө турбайт. Биздин үй-бүлөнүн көргөн кордугу, кайгы-муӊу, канчалаган кыйынчылыктарды баштан кечирдик — мунун баардыгы тарых. Андан ары Роза эже айтат: — Эми эч нерсени өзгөртө албайсыӊ. Бул трагедияны жасаган система жок болду, аны ишке ашыргандардын да сөөгү сөпөт болду… Ал эми алардын урук-тукумдарында эмне айып. Айла жок кечиресиӊ, жамандыктан пайда жок.

Мезгилди аттын сагалдырыгынан кармагандай кармап тура албагандай эле ата менен энени Кудай маӊдайыбызга түбөлүк байлап бербейт да. Ушундан улам Роза эженин «Ата бейитте» ошол августтун ысык күнүндө көкүрөктө муӊ басып турганда ойлогону: Көрсө Кудай берген жашты жашап карып-арып, балдарынын астында кетип, урпактары, уул-кыздары өз колу менен топурак салган бул бакыт турбайбы! Чынында эле кыргыздар «картайган кемпир-чал өлсө майрам» дегени жөн жерден чыккан эместигине дагы бир жолу ынанасыӊ.

***

Роза эженин китеби менин баамымда көркөм чыгарма эмес. Биз билген классикалык тарыхый-илимий монографиялык эмгекке да окшошпойт. Болбосо толук кандуу автобияграфиялык эскермеге да жатпайт ко. Кандайдыр бир ушул жанрлардын бардыгын камтыган, чыныгы жүрөктөн чыккан, жалганы жок, ашыкча көркөмдөлбөгөн, турмушта кандай болсо ошондой көрсөтүлгөн ыманы ысык эмгек. Бул айтылгандарга далил катарында андан тарыхты, этнографияны, канча заман өтсө да жадысынан чыкпаган окуяларды автобияграфиялык чыгарманын методикасы менен кандайдыр бир профессионал жазуучуларда кездеше бербеген башкачараак маанай менен айтып бергенинде. Мен өзүм илим жаатында алектенип жүргөнүмө байланыштуу эженин тарыхый материалдарды куруучу «кышты кынап койгондой» кынаштырып, ар бир фактыны, ойду, ал эле эмес, кайсы бир терминдерге чейин шилтеме берип, кайсыл булактардан алганын тастыктап олтурушу дасыккан тарыхчыны элестетет. Ал эми апасы Нагиманын атасы Төрөкулдун үй-бүлөсүн урук-туугандык «жети атасын» изилдеп, алардын туугандык схемаларын түзүшү, аларды чечмелеп түшүндүрүшү, ошондой эле «Айтматтын бутактары» деген бөлүмдөгү «Айымкан чоӊ эже», «Айымгүл апа», «Каракыз апа», «Гүлайым апа» деген бөлүмчөлөрү кыргыз этнографиясына баалуу материалдар болуп бере алат. Айрыкча кыргыздардын үй-бүлө тарыхын, анын эволюциясын изилдеген окумуштууларга «Левират жана Сарорат» маселесине кызыккандарга табылгыс булак катары кызмат кыла алат. (Кыргыздын чыгаан окумуштуу кыздарынын бири маркум этнограф К. Мамбеталиевадан кийин азыр кыргыз этнографиясынын бул маселелерин изилдеген адам барбы жокпу биле албадым).

***

Китептин башынан аягына чейин кызыл сызык менен өткөн ой бул «Төрөкулдун үзүлгөнүн улаган, өчкөн отун тутанткан» Нагима апанын образы. Чындыгында эле Ысык-Көлдүн башында Каракол шаарында колунда бар баргер бай, азыркы тил менен айтканда ишкер-бизнесмендин үй-бүлөсүндө туулуп, заманына жараша илим-билим алып, ошол кездин тили менен айтканда, «Күн тийбес жерде» бөпөлөнүп өсүп, анан бакты-сына ошол кездеги кыргыздын илим-билимдүү уулдарынын бири Төрөкул Айтматов менен баш кошуп Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто, Москвада бактылуу турмуш кечирет. Кыргызстандын Кыргызстан мамлекети болуп түптөлүшүнө ири салым кошкондордун биринин жары болуу бактысы пешенесине туш келген. Бирок бул бакыт көпкө узабады, босогодогу 1937-жыл, репрессиянын кара туманы өз кучагына Айтматтын уулу Төрөкулду да алып тынды. Мындан кийинки «көр турмуш» Таластын Шекеринен уланды. Албетте, ошол заманда бардык эле адамдар ачкачылык-жокчулук, кыйынчылык турмуштун запкысын көрдү деӊизчи. Бирок Нагима апаныкы өзгөчө эле. Ал чиедей төрт баласы менен жөн эле кыйынчылыкты эмес «Эл душманынын аялы, балдары» катарында корунуп-басынып турмуш кечире баштады. Канчалык азап-тозоктор башынан өтпөсүн, Нагима апа уул-кыздарына, алардын келечегине ише-ним жаратып, окуусуна көӊүл бөлүп, Төрөкулдун жыгылган туусун кайра көтөрө алды. Бул кишинин, ошол кезде атын укканда «ыйлаган бала сооронгон» Л. Берияга Төрөкулдун эч күнөөсү жоктугун далилдеп жазган каты эле канчалык ички интеллегинин жогору экенин, кат-сабатынын тереӊэкендигин көрсөтөт. Бирок канткен күндө да, ат көтөргүс кыйынчылыктарды башынан кечирсе да бактылуу аял экен, эмгегинин акыбети кайтып уул-кыздарынын бардыгы орун-очок алып, илимдин кандидаты, доктору, академик гана эмес, Кыргызстандын соӊку жаӊы тарыхында тереӊ из калтырган инсандардан болушту. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, тун уулу Чыӊгыз Айтматов аалам аӊыз кылган пайгамбардай инсан болду. Бу Кыргызстан эле эмес дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген СССР деген чоӊ империянын президентинин кеӊешчиси болду. Дүйнөдөгү атак-даӊк, сыйлыктардын дээрлик бардыгын алды. Ошентип, уул-кыздарынын, көптөгөн небере-чөбөрөлөрүнүн курчоосунда апалык-энелик милдетин толук актаган адам катарында тиги дүйнөгө жол салды. Бирок ошентсе да он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кезинде мамлекеттик саясаттын адилетсиздигинен өмүрлүк жубайынан ажырап калышы «Эмне үчүн» деген жоопсуз суроо ондогон жылдар бою жүрөктү эзип, тарыхтын ак тактары эненин жүрөгүндөгү кара так бойдон өзү менен кошо кете берди.

***

Албетте, эмгекти баштан аяк комментариялап чыгуу менин максатыма кирбейт, анын зарылчылыгы да жок. Китепти окуп чыккан адам жалгыз эле бир үй-бүлөнүн башына түшкөн мүшкүлдү эмес, жалпы адамзатка келген апаат-тын ызгаарын сезгендей болот. Иши кылып эми мындай окуялар кайталанбай, Кыргызстандын калкын кудай өзү колдоп, жа-раткан өзү жар болсун.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору,
саясий илимдеринин доктору,
“Кутбилим”, 27.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий