Жолдош ТУРДУБАЕВ: «Улут боло алабызбы?»

«Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келатат!»
Фридрих ГЕГЕЛЬ

(2-маек. 1-маекти бул жерден окуй аласыздар)

– Биз эгемен өлкөгө ээ болдук деген күндөн бери мамлекетти мамлекеттик ишмерлер башкарган бактыга туш келбей койдук. Өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгү жалаӊ саясатчылардын колуна тийип келатат. Тунгуч ажобуз Аскар Акаев илимпоз болгону менен бара-бара саясатчыга айланып кетти эле, кийинки президент К.Бакиев андан ашып өткөнүн көрдүк. Алмазбек Атамбаев болсо башынан эле саясатчы-бизнесмен экени белгилүү. Дегеле сиз илимпоз катары айтсаӊыз, мамлекеттик ишмер (государственник) деген термин менен саясатчынын айырмасы асман-жердей экени элибизге анчалык чоӊ мааниге ээ эмес үчүн эл башы болор инсанатка жарыбай келаткан жокпузбу?

– Мен саясат таануучу да, мамлекет куруу теориясы жана практикасы боюнча да адис эмесмин, адабиятчымын. Катардагы жаран (гражданин), анан журналист катары гана азыр сен айткан маселелерге көӊүл буруп жүрөм. Бул суроого колдон келишинче жооп берип көрөйүн.

Менимче, ар ким кошунанын баласына эрегишпей, өзүнүн дээрине, шык-жөндөмүнө, дареметине жараша кесип тандап, бир келген өмүрдү татыктуу жашап өткөнгө умтулса, коом такыр башка деӊгээлге өсүп чыгар эле. Азыр бизде маркетинг менен менеджментти чаташтырган экономисттер, укук таануудагы эӊ жөнөкөй жоболорду билбеген юристтер, эл менен иштегенге эч кандай шыгы жок жетекчилер ж.б.у.с. абдан көп. Биздин коомдо «саясат», «саясатчы» деген түшүнүктүн жек көрүмчүл, дээрлик жийиркеничтүү сөздөргө ай-ланышына да дал ушул дилетанттар, б.а. саясатка адашып же башынан эле пас мүдөө менен барып калган киши-лер күнөөлү деп ойлойм. Болбосо «саясаттын» орусчада колдонулуп жүргөн эквиваленти «политиканы» кыргыздын «балит» деген сөзүнө үндөш жана маанилеш дебес эле бир депутат. Балким, ал деле күйгөнүнөн айткандыр, Кыргызстанда саясат ыплас технологиялар менен жүргүзүлүп жатканына жийиркенгенин билдирмекчи болгондур.

Бирок тээ Аристотель, Платондордон тартып азыркы дүйнөлүк саясат таануу илиминин дөө-шааларынын эмгектеринде кабыл алынган классикалык аныктамасын, ошондой эле мыйзамдуулукту туу туткан өлкөлөрдүн калкы түшүнгөн маанисин эске алсак, «саясатчы» жана «мамлекеттик ишмер» терминдерин карама-каршы коюу жарабастыгын көрөбүз (грек., «полис» — шаар, «политика» — мамлекеттик ишмердик).

Тилекке каршы, биздеги эл башкарууга же мамлекеттик кызматка аралашкан «лидерлердин» көпчүлүгү (аларды саясатчы же мамлекеттик ишмер деп атаганыбызга карабай) коомдун өнүгүү мыйзамченемдүүлүктөрүн, башкаруу өнөрүнүн («саясаттын» бир аныктамасы ушундай) сырларын тереӊ окуп-үйрөнүүгө кызыкпайт же дегеле мындай деӊгээлдеги ишке шыгы жок. Дагы 5-10 жылда мамлекетти азыркыдай примитивдүү ыкмалар менен башкаруу мүмкүн болбой каларын билишпейт алар.

Саясатчы (же мамлекеттик ишмер) биринчи кезекте кеӊири жана тереӊ, ошол эле учурда ыкчам ой жүгүртө билген, коомдогу таза, намыстуу, кесипкөй адамдардын кеӊешин өз убагында уга билген, улуттун жаратман дареметинин ачылышына шарт түзө алган күчтүү адам болууга тийиш. Ал мактай берип жардан ашыра түртө турган кошоматчыларды чөйрөсүнө жолотпой, ачуу чындыкты айткан саясий оппоненттерин («душмандарын») жалпы улут кызыкчылыгы үчүн иштешкенге көндүрүп, ар бири мамлекеттик деӊгээлде ойлоно да, иш жүргүзө да билген намыскөй инсандарды бир командага бириктире алган өтө кыраакы, сабырдуу, чечкиндүү, туруктуу, адилеттүү киши болушу керек. Анын командасындагылар «генерал болгусу келген солдат» эле эмес, жалпы ишти «генералдын», б.а. президенттин деӊгээлинде түшүнө жана аткара алгыдай сабаттуу, кесипкөй адистер, мекенчил болууга тийиш.

Менимче, бизде жалпы улутту бир максатка баштагыдай лидер чыкпай жатканынын негизги себеби улут боло албай, раматылык Алым Токтомушев эске салган уруучулдук деген көөдөк курактан өсүп чыга албай жатканыбызда. Орустун улуу жазуучусу Ф.М.Достоевский Чокон Валиханов менен аӊгемелешкенде айткан экен ошол аныктаманы, «уруу – улуттун бала чагы» деп.

Бирок жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Тагыраагы, реалистчил опти-мист болгон оӊ. Кемчиликтерди ай-туу менен эле чектелбей, дареметти, мүмкүнчүлүктү да көрө билишибиз керек. Жаӊылбасам, азыр жаӊы муундун дүбүртү угула баштады. Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп, теориялык билим эле эмес, баа жеткис тажрыйба да топтоп жаткан орто муундагы мекендештерибизден жана жаштарыбыздан үмүтүм чоӊ. Азырынча аларга жана Кыргызстанда эле жүргөн нукура кесипкөйлөргө (профессионалдарга) кокту-колоттун колдоосуна таянган карт бөрүлөр менен «бөлтүрүктөр» – жергиликтүү «баатырлар» жол бербей турат.

Азыркы «элитанын» келечеги жок. «Эшегине жараша тушагы» дегенди «асабачы-агымчылар» көп айтчу эле го, мунун чындыгы бар. Бирок азыр дүйнө жүзү суктанган өлкөлөрдүн бирине айланган Сингапурдун калкы Малайзия өкмөтү өгөйлөп бөлүп салган мезгилде бизден беш бетер начар абалда болгон экен. Бардык жагынан – маданияты, аӊ-сезими, экономикасы ж.б.у.с. Ошол арасат, аламан коомду, жок мамлекетти гүлдөгөн өлкө кылып чыгарууга жетишкен Ли Куан Ю аттуу МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРдин «Сингапур тарыхы: «үчүнчү дүйнөдөн» — «биринчиге» (1965-2000)» деген эскерүү китебин өткөн кышта окуп чыккандан кийин мен Кыргызстан деле гүлдөп өнүгүшү мүмкүн деп кыйла бекем ишене баштадым.

– Убагында Салижан Жигитов кыргызга улуттук жана мамлекеттик деген сөздүн маани-маӊызын чачыратып түшүндүрүп жүрүп өтүп кетти. Бирок азыр деле ушул эки терминди ой келди колдонгонду өрөөн-параан көрбөй келебиз. Мисалга “Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы” деген түзүмдү эмнеге “Улуттук коопсуздук кызматы” деп эле колдонбойбуз же андан сөздүн мааниси кемип калабы? Анан калса “Мамлекеттик улуттук театр” же “Мамлекеттик улуттук тарых музейи” дейбиз жаӊылбасам… Баарын эле ушул сыяктуу “улутташтыра” берген чечимдерибиз канчалык деӊгээлде чийки, канчалык деӊгээлде бышып жетилген деп ойлойсуз?

– Расмий терминдерди ушундай чаржайыт түшүнгөндүктүн өзү биздеги мамлекеттик кызматкерлердин деӊгээли канчалык тайыз, жалаӊ бири-бирин кайталаган, бири-бирине тоскоолдук гана кылуучу мекемелерден турган башкаруу түзүмүбүз жалпы улуттук (мамлекеттик) кызыкчылыктан канчалык алыс экенин көрсөтөт.

Адегенде «мамлекеттик» макамдын тарыхына учкай токтололу. Совет доорунда Кыргызстанда мамлекеттик университет (КМУ), медициналык, кыз-келиндер педагогикалык, дене тарбия, орус тили жана адабияты педагогикалык, айыл чарба, политехникалык, Оштогу педагогикалык – институттар бар эле. Союз мезгилинде ар бир багыт боюнча мамлекеттик макамдуу жогорку окуу жай бирден гана болгон, аларды кайталагандар филиал деп саналган (мисалы, университеттин Пржевальскидеги филиалы). Эгемендикке жеткен соӊ мурдагы техникумдар эле эмес, кесиптик техникалык окуу жайлар (ПТУлар) да университеттерге, атүгүл академияларга айлана баштады го. Баёо абитуриенттерди тартуу үчүн «жамгырдан кийинки козу карындар» эч кайсы ЖОЖдун бутагы же туундусу эмес, өз алдынча макамы бар деп көрсөтүлө баштаганда, «мамлекеттик» аныктоочу иш жүзүндө сырты жылтырак, ичи кылтырак, көптүн бири дегенди эле билдирип калды. Ошондо башка толуп жаткан «мамлекеттик» университеттерден айырмалоо үчүн илгерки КМУ «Кыргыз мамлекеттик улуттук университет» аталды. Бул аталышты биз далай ирет шылдыӊдап жазганбыз. Акыры азыркы Кыргыз улуттук университет деген кыйла сабаттуу аталышка токтошту.

Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маӊдайына да «Илимдер улуттук академиясы» деген көрнөк илип алып жүрүшкөн бир нече жыл, «улуттук илим болбойт, улуттук академия болот» деп. Биздин кайран филологдор «улуттук» расмий макамы этникалык биримдикке таандык болгонду эмес, «бүткүл өлкөлүк» же «жалпы мамлекеттик» даражаны билдирерин да, ал жалгыз «илимдер» сөзүнө эмес, «илимдер академиясы» деген туруктуу сөз айкашына тиешелүү экендигин да кечигип түшүнүп, оркойгон катасын оӊдошту. Жогоруда «илимпоз эмесмин» дегенимдин да бир себеби ушуга байланышкан (тамаша).

– Дегеле мамлекеттик масштаб, улуттук уӊгу туюмду кандайча түшүнгөнүбүз ийги?

– Илимпоз болбосом да, улут, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, демократия сыяктуу темаларда көп эле жазгам. Бул ирет жакында «Азаттык» радиосунун сайтына сунуштаган макаламдан (азырынча жарык көрө элек) үзүндү келтирсем туура болчудай: «…Ээрчимелик, белимчилик, баёолук, темирдей тартипке салып кыӊк эткирбей башкарган падышаны эӊсегендик, ич ара бөлүнө жаатташуучулук ж.у.с. жактарыбызды эске алганда, биз али өспүрүмдүк өткөөл курактагыдай көрүнөбүз. Бул бечелдигибиз. Сөздүн толук маанисинде, айрыкча азыркы цивилизациялуу мамлекетке синонимдеш маанисинде, кыргыздар УЛУТ болуп жетиле албай келет. Өсүү даремети (потенциалы), жетилүү данеги бизде бар. Потенция реалдуулукка айланышы, данек мөмөлүү дарак болуп өсүп чыгышы үчүн биз эки нерсеге өзгөчө көӊүл бөлүп, кам көрүшүбүз зарыл.

Биринчиден, улут деген бүтүн, сындуу түзүлүш анын өкүлдөрүнөн жетиштүү сандагы ИНСАНдар өсүп чыккаӊда гана жаралат. Өз эркиндиги, адамдык бедели, намысы үчүн күрөшкөн, укук-милдетин даана билген, бул жагынан өзүнө да, тегерегиндегилерге да бекем талап коё алган, өзүнүн кайталангыс чыгармачыл шык-жөндөмүн, дареметин ачуу үчүн талбай эмгектенген адам гана инсан деген атка татыктуу болот. Бирок, экинчиден, караламан калктын катмарында ар бири өзүнчө уникалдуу дүйнө болгон инсандар көп болушу үчүн сырткы өбөлгө – мамлекеттин максаттуу, ырааттуу, иш жүзүндө реалдуу жүргүзгөн саясаты зарыл. Укук-милдет таразасы так болмоюнча, сот адилеттүүлүгү толук камсыздалмайынча, улуттун аны түзгөн баштапкы бүтүндүк катары инсандык түзүмү кристалдашпай кала берери анык. Бул үчүн жогор жактан саясий адил эрк, чечкиндүүлүк, төмөндөн чыгармачыл эмгек, талыбаган күрөш керек…»

Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Добавить комментарий