Насыпбек Асанбаев: «Шашма бөжөк»

(жомок)

Эне койон жылуу уяда балдары менен чогуу отурган. Ал күнүгө бир маал балдарына китеп окуп, же ар кандай жомокторду айтып берчү. Бул жолу ал бөжөктөрүнө кышкы токой тууралуу окуп жатты.

— Кышында жердин баары ак карга бөлөнүп, суулардын үстүнө муз тоңот. Токойдогу бак-дарактар, карагайлар, бадалдар бүт баары ак кардан тон кийишет. Баса, мындай ак тонду кышында биз дагы кийебиз.

Ушул жерге жеткенде бөжөктөрдүн арасынан бирөө чыйылдап тура калды. Чынында бул ушундай чыдамы жок койонек болчу. Качан болбосун кепти аягына чыгара укпай суроо берип, же сөздү жыра талашып тураар эле. Апасы ага эскертүү берип, тыйса да болчу эмес.

— Апаке, апаке аппак тондорду азыр кийсек болбойбу? – деп сурады ал шашмалап.

— Жок, болбойт балам, — деп жай гана жооп кайтарды энеси.

— А эмнеге апаке?

— Эмнеге экенин азыр окуп берем. Шашпай угуп турсаң баарын түшүнөсүң.

Ошентип эне койон андан нары окуй баштады. Бирок, шашма бөжөк аны уккан жок. Ал кыялында өзүнүн аппак тонун кийип алып чөндөлөйлөргө, көпөлөктөргө, чаарчыктарга мактанып жүргөнүн элестетти. Андан кийин ак тонуна ар кандай гүлдөрдү тагып кооздоп алмай болду. Айрыкча токойдогу кыпкызыл жоогазындар, көпкөк сыя гүлдөр, сапсары байчечекейлер ак тонун шумдуктуудай көрккө чыгарса керек деди ичинен. Эми ал кудум ошол тонун кийип отургансып эки жагын дердеңдей карады. «Жок, мен эң биринчи ак тонумду кооздойм дагы, андан кийин досторума жолугам» деп чечим чыгарды. Бир маалда ал тигинде отурган кичүү инисинин «тонуңду мага да берчи» деп көзүн жашылдантып суранып атканын ойлоп, кытылдап күлүп жиберди. «Карасаң, аңкайып отурганын» деп кымыңдады ал тигинде делдейип отурган инисин карап. «Канча ыйласаң да бербейм ак тонумду». Бул жолу жанагыдан да катуураак күлдү.

— Сага эмне болду? Эмнеге күлүп атасың? – деди апасы. – Биз күлкүлүү нерсе окуп аткан жокпуз го. Же сен укпай эле турасыңбы?

— Жок, апаке, мен угуп атам. Баарын угуп атам. Окуй бериңиз,  — деп калп айтып жиберди шашма бөжөк.

— Мына эч нерсе укпаганың белгилүү болду. Себеби, мен кышкы токой тууралуу окуп бүттүм. А сен болсо жыргап отурасың.

Эне койон аны дагы бир аз жемеледи да, ордунан туруп кечкиге тамак даярдай баштады. Бирок, анын айткандары бөжөктүн бир кулагынан кирип бир кулагынан чыгып кетти. Эки көзүн алаңдатып отуруп энеси тамак-ашка кирээри менен шып этип төркү бөлмөгө кирди да, жыгач сандыктан ак тонун издей баштады. Мына, атасы беш баласына беш тон камдап коюптур.  Шарт эле бирөөнү алып, оңоюраак жерге ката салды. Оюнда эртең менен эч кимге көргөзбөй сыртка алып чыгып киймек. Бирок, баягы эле шашмалыгы аны дагы жөн отургузган жок. Акыры «караңгы болсо эмне болмок эле? Үйдүн жанынан кийип көрүп эле кайра кирем» деп чечим чыгарды.

Акырын ак тонун алды да эч кимге байкатпай сыртка чыкты. Сырт жак анча деле караңгы эмес экен. Толгон ай так эле булардын үстүнө жарык чачып туруптур. Ийиндин өйдөрөөк жагындагы дөңсөөнүн наркы бетине өттү да аппак, таптаза тонун ары-бери шашмалап кийе салды.

— Охх, кандай сонун! Тим эле аппактыгын, тазалыгын карачы. Жүндөрү да жупжумшак. Анан калса жылуулугун карабайсыңбы. Муну кийгенден кийин ийинге жатыштын деле кереги жок окшойт. Ооба, да! Сыртта түнкү токойдун дабышын тыңшап, таза абадан дем алып жаткан кандай сонун. А ийин болсо караңгы болуп турат. Гүлдөрдүн буркураган жыты да жок. Болду, мен бүгүн эшикке жатам. Баары уктагандан кийин, сыртка чыгып жатып албасам, — деп сүйлөнүп отурду ал.

Аңгыча оюна он секиримдей жерде турган көлмө түшө калды. Бөжөктөр кээде ал көлмөгө барып өздөрүн каранышчу. Аны эстээри менен ак тону өзүнө кандай жарашаарын көргүсү келди. Бирок, атасынын «сууга жырткыч жаныбарлар көп келет. Ал жерде көпкө турууга болбойт» деген сөзүн эстеди. Жырткычтар дегенди ойлогондо көлмөгө барбай турган болду. Анткени менен, үстүндө турган ак тону аны ой-боюна койбой ээликтире берди. «Бир эле жолу карап келейин. Кайра бат эле келем» деди акыры.

Ак тонун кийип алып энтеңдеген бойдон көлмөгө барды. Көлмөдө суу шылдырап агып, кудум сууга түшүп калгансып так ортосунда ай көлкүп туруптур. Аны көргөндө «өзүм да ушундай жапжарык болуп турсам керек» деп кубанды. Бул кубанычы жанагы коркунучтун баарын унуттуруп салды. Суунун жээгине тура калып каранды эле тигил айчалык балкыган жок. Өзүнүн күңүрт тарткан көрүнүшүнө ыраазы болбой суудагы таштарды басып алдыны карай жылды. Биринчи чоңураак ташка секирди. Андан кийин анын наркысына өттү. Андан дагы нары жылды. Ошентип орто ченине жетип кичинекей таштын үстүнө турду. Ушул жер суунун тыптынч турган жери болгондуктан өзүнүн келбети кадимкидей чагылып көрүнө баштады.

— Ох-хоо! — деп алаканын чаап кубана кыйкырды. – Кандай жарашыктуу кийим. Кандай сонун! Тим эле кулактарыма, колдорума сонун жарашып калат турбайбы.

Ал ушунтип жыргап, улам нары жагын карап, бери жагын сылап атып караңгы токойдо жалгыз турганын да унутуп койду. Бирок, бул кубанычы көпкө созулган жок.

— Укмуш! Тим эле сонун! – деген үн чыкты артынан. Бөжөк күтүлбөгөн үндөн чочуп кетип аз жерден сууга кулап кала жаздады. Эптеп таштын үстүнө токтолуп артына караса куу түлкү жойпулана күлүп жээкке келип калыптыр.

— Көлмөгө эки ай түшүп калганбы десем, татынакай бөжөк турбайбы. Аппак тонуң кут болсун! Сага аябай жарашып калыптыр, — деп мактаганча жакындай берди ал. Бирок, тээ башынан эле түлкүдөн корккон койонек ал улам жылган сайын улам бир ташка секирип нарылап жатты.

— Ой, сен менден эмнеге коркуп атасың? Карачы, апакай тонуңду да булгап алдың, — деп сөзгө алаксыта сүйлөдү куу түлкү.

Бул сөз бөжөк таасир бербей койгон жок. Дароо эңкейе калып суу чачыраган тонун тазалай баштады. Куу түлкүгө так эле ушул керек болчу. Ал аңкоо койонду алаксытып туруп басып калайын деген. Бирок, бул тилегин бир заматта таш капты. Шып этип секире берээрде буту тайгаланып кетип, бөжөктүн жанындагы сууга чалп этип түшүп калды. Араң турган бөжөк андан-мындан бир аттап суунун аркы өйүзүнө өттү да, эч нерсени карабай караңгы токойду карай чуркап жөнөдү.

Чуркап баратты, чуркап баратты. Улам бир бакты сүзүп, улам бир бадалды аралап качып кете берди. Кайда баратканын деле билген жок. Жүрөгү дүкүлдөп согуп, алаңдаган көздөрү эч нерсени көрбөй чуркай берди. Бир маалда чоң түп бадалдын астына кирип араң токтоду. Бир топко айланасын тыңшап, бутактардын арасынан эки жагын карап отурду.

Кудай жалгап түлкү артынан көрүнгөн жок. Бирок, бул жолу так эле үстүнөн бир үн угулду.

— Охоой, бул койонектин тонун карагылачы. Аябай жарашыктуу экен! Жүндөрүнүн аппактыгы тим эле укмуш! Кана келчи мен да кийип көрөйүн, — деди ал үн. Койон алаңдап карап атып, так эле өзү турган бадалдын үстүндө үкү турганын көрдү. Дагы жакшы, бадал аябай жыш экен. Болбосо мындай чоң үкүгө кичинекей бөжөк кеп болуп калыптырбы.

Үкү калп эле мактамыш болуп улам бир бутакка секирип жакындай берди. Оюнда ыңгайын келтирип бөжөктү баса калайын деп аткан. Бирок, бөжөк үкү секирген сайын бадалды тегеренип жашынып жатты. Ошондо айласы кеткен үкү кууланып, бөжөктү алдай баштады.

— Кап, тонуң сонун экен дечи. Бирок, арка жагыңды айрып алган турбайсыңбы. Эми  апаңдан тил угасың го, — деди ал. Бөжөк дароо апасынын урушуп атканын элестетип коркуп кетти. «Чоң айрылды бекен?» деп санааркап артын карай салса чын эле жаңы тону эки жеринен айрылып калыптыр. Бечара бөжөк ак тонуна ичи ачышып бир саам алаксып калды. Митаам үкүгө так ушул керек болчу. Шып этип айланып учуп бөжөктүн тушуна келди да, арбайган тырмактарын сунуп тап койду. Бирок, далдайган канаты ачылаары менен бадалдын бутактарына урунуп, буйдалып калды. Күтүүсүз добуштан чочуп кеткен койонек өзүн карай жулунуп келеткан үкүнү көрүп бадалдан секирип чыгып бет алдыны карай зуу койду.

Чуркап кете берди, кете берди. Үстүндөгү ак тонунун булганганын да, айрылганын да унутуп качып баратты. Караңгыда көзү жакшы көрбөгөндүктөн бактын дүмүрлөрүн сүзүп, таштарга чалынды. Бирок, алардын бирөөнө да караган жок. Акыры чоң таштын коңулуна жетип, алдына кире качты. Чарчаганынан күшүлдөй дем алып, өзүн кармай албай энтигип жатты.

— Апаке! — деп чыйылдап ыйлап жиберди бир маалда. – Апакебай, мени алып кетчи. Экинчи эч качан тентектик кылбайм. Дайыма айтканыңды угам.

Так ушул маалда жакын эле жерден карышкырдын күрүлдөгөн үнү угулду.

— Ха-ха-ха! Мен сени тээ алда кайдан көрүп, артыңан келсем эми апаң келип алып кетет бекен? Тентек десе! Эми апаңды эч качан көрбөйсүң, — деди ал.

Карышкыр ызырынып ыркырап коюп шашпай жакындап келатты. Өзүнө ченемсиз ишенген аңкоо койонду качып кетет деп такыр ойлогон жок. Чынында бөжөктүн кача турган деле жери жок болчу. Көрсө ал чуркай берип, чуркай берип токойдун ортосундагы чоң ачыкка чыгып алыптыр. Эми кайда качса да карышкыр бир заматта жетип алмак. Айласы кеткен бөжөк арткы буту менен жер тепкилеп, чыңырып ыйлап жиберди. Так ушул убакта кимдир бирөө желкеден апчый кармап артты карай тартып кетти. Койонек болсо коркконунан көзү аңтарылып эсин жоготуп койду.

Бир топто эсине келип, көзүн ачса жанында бир канча чөндөлөй отуруптур. Бөжөк алгач алардын чын экенин, же түш экенин биле алган жок. Качан гана нары жактан алардын энеси, балпайган сары суур келип сүйлөп баштаганда ойгоо экенин түшүндү.

— Акылсыз десе! Жайдын күнү эмнеге аппак тон кийип алгансың? – деп жемеледи ал.

— А эмне аябай кирдеп калыптырбы? – деп санааркай сурады бөжөк.

— Кирдесе да мейли. Аппак тонуң менен жырткычтарга алда кайдан көрүнөсүң да. Айрыкча караңгыда шам чырактай эле балбылдап каласың. Дагы жакшы, ийинге киргизип кетпегенибизде карышкыр сени бир эле сугунуп коймок.

Тентек бөжөк ошондо гана түшүндү иштин жайын. Эмнеге эле кайда жашынбасын жырткычтар көрүп калат десе, аппак тону көрүнүп калат тура.

— Мен эми муну такыр кийбейм, — деди ал таарынгансып. – Бул аябай жаман тон турбайбы.

— Жок! Сен түшүнгөн жоксуң. Бул тонду жайында кийбей, кышында кийиш керек. Себеби, кышында айлана аппак карга бөлөнөт. Ошондо сен ак тон кийбесең кайра эле көрүнүп каласың.

Аңгыча жанында турган чөндөлөйлөрдүн бирөө энесин мактай кетти.

— Көрдүңбү менин апакем кандай акылдуу. Ал бизге баарын түшүндүрүп берет. А сенин апаң эч нерсе билбейт го ээ? – деди ал.

— Жок! Менин апам деле акылдуу, – деди бөжөк. – Ал мага деле ак тонду кышында кийет деп айткан.

— Анда эмнеге сен жайында кийип алдың? – деп такыды дагы бир чөндөлөй.

Бул жолу бөжөк жооп бере албай мукактанып отуруп калды. Ал өзүнүн апасын укпай тентектик кылганын ойлоп өкүнүп отурду.

— Болду, уктагыла! Ага ансыз деле бүгүнкү сабак жетиштүү. Эртең биз аны апасына алып барабыз. Байкуш, түнү менен уктабай чыгат, го, — деди да эне суур баарына жылуу төшөк салып жаткырып койду.

Мына балдар, ошол күндөн тартып тентек бөжөк ак тонун кышында гана кийип калыптыр.

 

n_asanbaev_mН.Асанбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Насыпбек Асанбаев: «Шашма бөжөк»: 1 комментарий

Добавить комментарий