ТҮРКСОЙ сыйлыгынын ээлери Түркияда

Таанымал акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Эркин Тоо” гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Карбалас Бакиров эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгына татыктуу болду.

ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү Кожогелди Кулуевдин билдирүүсү боюнча 22-февралдан баштап түрк дүйнөсүнүн ар кайсы бурчунан чогулган лауреат-журналисттер бир жумалык маданий программа менен Түркияда жүрүшөт.

Эл аралык сыйлыкты тапшыруу салтанаты Анкарада мамлекеттик опера жана балет театрында болду. Андан кийин сыйлык ээлери Стамбулга барышып, ал жерде Түркиянын Ататүрктүн мавзолейи баш болгон бир катар маданий-тарыхый жайлары менен таанышып, ТҮРКСОЙдун штаб-квартирасында, Түркиянын басма сөз, басмакана жана маалымат иштери боюнча башкы дирекциясында, Тышкы иштер министрлигинде жана башка мекемелерде жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Кошумчалай кетсек, быйыл ТҮРКСОЙ сыйлыгына басма сөз жаатында Кыргызстандан Карбалас Бакировдон тышкары дагы эки журналист – “Азаттык” радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов жана КТРКнын кызматкери Айнур Алдашева татыктуу болгон.

Сөз зергери Карбалас

Адам канчалык улуу болсо ошончолук жөнөкөй болоруна арабыздагы Карбалас агайыбыздан улам ынанасың. Чындыгында Карбалас Бакиров агай кыргыз акындарынын ичинде өзгөчөлөнгөн шыгы бар калемгерлердин бири. Бирок, Карбалас агай ар күн сайын жөнөкөй, карапайым мүнөзүнөн эч жазбайт. Анан да улуу-кичүүгө бирдей кичипейил, жаш баладай ишенчээк, баёо мүнөзү бар. Элден эч айырмаланбаган ушундай нанжапыс жүрүш-турушунда ырларындагы жебедей курч саптар менен таскактаган ойлор ага качан, кантип келер экен деп ойлойсуң. Акындын күр-шар агылып келген агымы күчтүү дайрадай болгон күчтүү саптарына чүргөлгөн учкул, капилет ойлоруна кыраатын келтире окуган чеберчилиги кошул-ташыл болуп, угуп отурган аудиторияны өзүнө багынтып алган бир укмуш касиети бар. Ошондон улам биз жамаатыбыз менен отуруштарда анын ырларын кайра-кайра окутуп, уккандан эч тажабайбыз. Анан да акын өз ырларын кагаз карабай жатка айтат. Сөз атасы ыр делсе, сөз зергери акын эмеспи. Агай анык сөз зергери. Анда ашыкча сөз жок, көп сөздүүлүктөн ат чабым алыс. Карбалас Бакиров аз жана саз жазган ак сөөк акын. Жазмакермин деп эле китеп артынан китеп чыгаруунун артынан түшүп, ичи көңдөй атакка умтулбайт. “Эл окубаган китепти чыгаргандан чыгарбай койгон жакшы” деп айтканын көп уктум. Мындан анын сөздүн кунун, акындык абийирди жүрөгүндө бапестеп багаарын түшүнүүгө болот. Карбалас Бакиров айтылуу акын гана эмес, бүгүнкү коом турмушунун чордонунда жүргөн чебер журналист дагы. Ал бүгүнкү жашоо-турмушубузду ар өңүттөн акындык жүрөгү менен аңдап көрүп, тарыхыбыздын летописин жазып жаткандардын сап башында экенин белгилеп коюбуз керек.

Сөз зергери акын агайыбыз көңүлгө кыттай уюган салмактуу, салабаттуу ойлорун акын Фатима Абдалованын апасынын көйнөгүнүн гүлдөрүндөй тирүү жана таамай сөздөр менен көз алдыга тартып, сезимдеги боштуктарга жем таштагандай кылат. Акын өз ырларында бүгүнкү адамдардын көрпенделик напсиге басылып, баш көтөрө албай калган алсыздыгына, жашоонун арзыбаган кызыкчылыгы үчүн абийирин саткан арсыз көрүнүштөргө элестүү баасын берет. Буга мисал катары биздин жамаат ар убак кайра-кайра суранып уккан акындын “Балдар” деген ырын келтире кетели:

Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Талаанын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.

Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй,ошон үчүн балдарсыңар
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.

Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар,
Өтүнөм, жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!

Карабалас агайдын “Төрөлгөн экем шар аккан, Шаң аккан суунун боюнда. Ошондон окшойт, шар айткам, Эмине болсо оюмда” деген саптары бар. Чынында эле агайдын адам катары да, акын катары да өз оюн ойкуштатпай, оттой жалындап күйүп, түз айткан өзгөчө сапаты бар. Өзү кээде айтып калат, айтайын дегенимди толук айта албай күйүп кеттим деп. Анткени, анын акындык назик жүрөгү көрүп турган ыплас иштин жалынына чыдабай күйүп кетет окшобойбу. Андай ыпластыкты ар ким эле сезе бербейт. Аны Карбалас акындай жүрөгү таза, сезимтал, адам гана сезип, от-жалын болуп күйө алат.

Бегим ТУРДАЛИЕВА, «Эркин тоо», 27.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий