Жанбосун мерген

Кыргыз эли илгертен эле аңчылыкка өзгөчө көңүл буруп келген эмеспи. Азыркы күндө да аңчылык менен жашап, аңчылык менен күн көрүп жүргөндөр кыргыз чөлкөмүндө аз эмес. Эмесе, азиз окурман, адыр-түздө ат ойнотуп, очок боюнда омоктуу кептен таштап, бабалардын бүйүр кызыткан өнөрүн кечээ жакынга чейин эле даңазалап келгендердин бири Кыдыраалы уулу Жанбосун мерген жөнүндө даректүү баянга назар салыңыз.

Жанбосун мерген атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен куракташ, тагыраак айтканда, 1928-жылы Таластын Кара-Буура районунун Көксай айылында туулган. Анын бала чагы башкалардыкынан эч кандай өзгөчөлүгү жок эле өткөнү менен, эр жеткенден кийинки турмушу өзгөлөр үчүн да, өзү үчүн да күтүүсүз бурулуштар менен коштолот. Көксай айылынын тургуну, санжырачы Тойаалы уулу Сатий аксакалдын айтуусуна караганда, Жанбосун мергендин да колдоочусу болгон дешет. (Элдик уламыштарда чыныгы мергенчилердин колдоочусу – кайсы убакта кандай кийикти бутага алыш керектигин кулагына шыбырап туруучу кишиси болот, ал башкаларга көрүнбөйт, эгерде аңчы колдоочусу тууралуу бирөө-жарымга айтса эле анысы бөлөк кишиге өтүп кетет деп айтылат.)

“Акын болобу, манасчы болобу, мергенчи болобу, бир нерсе даарымайынча, жөн жерден эле атак-даңкка бөлөнө бербейт деген түшүнүк бар элде. Илгери Көкө, Чөкө деген чоң мергендерден таалим алган Эгемберди, Жайчыбек аттуу аңчылар болуптур. Бир күнү кызыладырлык Куттубай, карабууралык Иманбек, көксайлык Дүйшөн, Кулжан деген мергендер аң уулап Арабекке (жердин аты)  чыгышат. Жүктөрүн түшүрүп коюп, эки жаш баланы «тетиги колоттун ары жагындагы жанатты карагылачы, бир нерсе көрсөңөр атып келгиле» деп жөнөтүшөт. Ойноок балдар барышса, төрт эчки кетип бараткан болот. Туурадан чыга калган олжого кубанган немелер алардын бирөөсүн атып алып, буйткада  тыныгып жаткандарга сүйрөп келишет. Эки-үч киши арбаңдап эчкини союп, этин чакага салып жатканда, Жайчыбек мерген мындайыраак басып келейин деп колотту ашып кетет. Айтымга караганда, Жайчыбек мергендин дагы колдоочусу болгон экен, ошондо анысы көзүнө көрүнүп: “Силер Тегеректин (жердин аты) кийиги жок колотунан өттүңөр. Аркы колотунда да, берки колотунда да кийиктер бар болчу. Коёнсайда (жердин аты) жайылып турган кийиктердин сийип жатканын ат!” – дейт. Жайчыбек мерген кишиси айткан жерге барып, жайылган кийиктердин арасынан заара ушатып атканын атып келет. Ошондо ага  Кулжан мерген ач кенедей асылып, айтуучу кишиңди айт деп кыстайт. Кулжан мергендин шагын сындыргысы келбегенби же кысымга чыдабаганбы, айтор, Жайчыбек мерген сапарга бирге чыккан жолдош-жоролоруна колдоочусу тууралуу айтып берет. Ошондон кийин ал киши Жанбосунга өтүп кеткен дешет. Андан кийин Жанбосун мерген көптөгөн эчки-кийик, аркар, түлкү, карышкыр, аюу сыяктуу жандыктардын далайын олжолоп, айылдагы аңчылардын эч кимиси ата электе, эң биринчи болуп кабыланды атып алат…”            Анын мындай эрдиктерин эсинде сактап, кийинкилерге жомоктоп айтып жүргөндөрдүн баянын, бактыга жараша, учурунда угуп калдык. Эмесе, Жанбосун мергендин аңчылыгы тууралуу маркум Абдраим уулу Алтен аксакалдын айткандарынан үзүндү келтире кетейин.

“Эл Жанбосунду азыркы замандын Кожожашы, кайберен менен сүйлөшкөн киши дешчү. Өзү да мергенчиликке чыкканда, бир аз уктап алайын дейт. Ошондо түшүндө көрөбү, билбейм. Тура калып эле: “Мына, кийик келип калды!” – дейт. Карасаң,  эч нерсе көрүнбөйт. Барып эле кийикти атып келе калат. Түшүндө аян берет болсо керек… Эми Жанбосун мергендин аюуну тирүү айдап келгени жөнүндө айтып берейин. Жанбосундун «алты сайлуу акбараң» деген мылтыгы бар болчу. Болжол менен салмагы 7 килограмм, узундугу 2 метрдей. Ага 32 калибрлүү патрон салынчу, кийиктин мүйүзүнөн даярдалган калыпка коргошундан ок куюп даярдачу. Ал убакта мен малчылардын дүкөнүндө дүкөнчү болуп иштечүмүн. Мен, Жанбосун, Найзабеков деген башкы ветврач, совхоздун директору Юматов деген орус жана башкалар болуп 6-7 киши мергенчиликке чыктык. Аңгыча Найзабеков: “Ары жакта аюу кетип баратат, Юматов экөөбүз барып атып келебиз!” – деп калды. Анда Жанбосун: “Бул жаман орус аюу ата алмак беле, андан көрө аюуну алдына айдап келип берейин”, – деди. Жанбосундун айтканына тиги орус ишенбегенден кийин, ал аюуну көздөй чуркаган бойдон кетти. Мергенчи атам деген жерине атат экен го. Баягы акбараңы менен аюунун омурткасын үзө атыптыр. Кансыраган  аюу жогору көздөй чыга албайт тура. Жанбосун мылтыкты көрсөтүп койсо, аюу коркуп ылдый түшөт. Ошентип, Жанбосун аюуну сайдын таманына чейин айдап келди да, оруска карап күлүмсүрөп: «Вот, медведь, стреляй!» – деди. Жанбосундун шылдыңына орус аябай ыза болду.

Кийин Эргешбай, Юматов жана башкалар болуп уучулукка чыгышкан экен. Жанбосун ошол мергенчиликтен кайткан жок. Өлүгүн аскадан учуп кеткендей кылып жаткызып коюшуптур. Ошондо эл арасында “Юматов эрегишип атып салыптыр” деген сөздөр чыкты. Юматов болсо ошондон кийин айылдан тез эле көчүп кетти”.

Жанбосун мергендин сөөгү Таластагы эң бийик чоку делген «Манас» тоосунун этегиндеги Кочкората деген жерге коюлган. Бул аймактын Кочкората деп аталып калышынын себеби: олуя Кочкор-Атанын кабыры да ушул жерде экен. Анын мүрзөсү азыр таш менен курчалып турат. Таластагы “Манас-Ордо” комплекси сыяктуу эле, Кочкоратага да ар кайсы жерден көптөгөн адамдар зыярат кылганы келишет. Сыйынганы келгендер үчүн идиш-аягы, төшөнчү-оруну даяр үй да курулган. Ушу күндө Кочкората аймагында жалгыз гана Жанбосун мергендин күмбөзү турат. Аны көргөндөр атактуу мерген жөнүндө уккан-билгендерин кезек талаша кеп кылып калышат. Демек, эл оозунда айтылып калганың экинчи өмүрүңдү жашап жатканың тура, атаганат!

Нурудин Кыдыралиев, И. Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу,
техника илимдеринин кандидаты,
Шоокум Журналы, 05.03.2006-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий