Сулайман Рысбаев. “Умай бала”

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

Акылтай үйүнө кайтты

Умай бала менен Акылтай отурган учуучу килем зор Умалай тоосун бир ирет айланып өттү да, алыста калган Гүлстанга, андагы Жашыл-Нурабад шаарын көздөй бет алды. Ортодогу көз жетпеген аралыкта калкып учуп ке-латышты: көптөгөн баш-аягы көрүнбөй чиркелишкен тоолорду, талааларды, көлдөр менен сууларды, жылдыз төгүп койгондой түнкү оттору көлкүлдөп эрип жаткан бол-гон далай шаарларды басып өтүштү. Акылтай мындай кооз түндү буга чейин көргөн эмес. Түнкү оттору жанган жылдыздарды аралап өтүп, Айга жетерине аз калып, кайтып учуп келатышты. Оюна койсо, Акылтай үйүнө барбай эле, Умай досу менен бирге ааламды айланып жүрө бергиси келип кетти.

— Мен сени «Умай бала» дебей эле, мындан ары «Умай досум» дейин э? Макулбу? — деди чери жазылган Акылтай.

— Ооба да. Мен дагы сени Акылтай досум дейин.

Экөө кучакташып, бир көз ирмем турушканда, Акылтай мындай деди:

— Сен эми мага качан келесиң, Умай досум…?

— Сен каалаган күнүңдө келип турам, — деди анда Умай досу. — Сен мени чакырып эле кой, мен сенин жаныңда ошол замат даяр болом.

— Кантип чакырам?

— Оп-оңой эле. Минтип:

«Умай досум, жардам бер,

Учуп азыр мага кел» — деп үч ирет айтсаң болду. Мен Умай энеме айтам да, учуучу килемимди минип алып келип калам.

Анан дагы буларды түшүндүрдү:

— Мен балдар сага окшоп кыйынчылыкка учураганда жардамга шашам. Кээде жаш балдарды уурдап кетип жатышат. Аларды ата-энелерине таап берүүгө жардам берем. Кээде көчөдө балдарды машиналар менен уруп кетип качып кетишет, аларды табышам…

— И-ий, сен кыйын экенсиң э… Сен буларды кимден үйрөндүң? Мага да үйрөтчү.

— Мага буларды Умай энем үйрөткөн. Эгер мени менен чындап дос болсоң, сөзсүз үйрөнөсүң. Дагы да көптөгөн балдар менен дос болобуз. Жардам беребиз…

— Макул… Келе колуңду!

Ошентип экөө кол алышты.

— Дос болдук э… Мен сени менен бирге болуп, кайда барсаң бирге барам…

Аңгыча учуучу килем жылдыз төгүп койгондой жаркы-раган Жашыл-Нурабад шаарынын үстүнө келип, учак сымал айлана баштады.

— Кана, үйүң каякта?

— Менин үйүм «Нооруз» деген кичи райондо… Он бешинчи үй. Биздин үй аябай бийик. Он тогуз кабат. Ошонун сегизинчи кабатында… Сексен бешинчи батирде турабыз. Менин минтип жыргап жүргөнүмдү билбей, атам менен апам «өлдү» деп ойлоп жатышат го э..?

Акылтай алыстан эле шаардын жарыгынан даана көрүнгөн апакай бийик үйүнө жакын калганын көрүп, бежиреп сүйлөөргө сөз таппай жатты.

— Мына, сенин үйүңдүн терезесине жакын калдык. Атаң, апаң сени кантип күтүп жатышканын байкайбыз.

— Балконго конуп алыппы?

— Ооба.

Алар сексен бешинчи батирдин балконунун кырына конуп алышып, ак терезе пардадан үй ичин карап отурушту. Үйдө апасы менен атасы экөө тең бар экен.

«Телевизор көрүп отурушат жыргап»…

Кайдан жыргап… Апасы ыйлап отурат. Телевизордон бир кичинекей баланын сүрөтүн көргөзүп жатыптыр. Демейде, жоголгон балдардын сүрөттөрүн ушинтип кечинде телевизордон көргөзчү эле го… Ооба, бул ирет, Акылтайдын сүрөтүн көрсөтүп жатыптыр. «Кимде-ким ушундай баланы көрсө, токтоосуз бизге кабарлагыла…» деп жаткансыды экранда сүйлөп жаткан диктор аял.

Ушуну билип, Акылтай чыдабай кетип, «Апа-аа» деп ыйлап жиберди.

— Чүш-ш, — деп Умай бала досунун оозун баса койду колу менен, — Токто. Сен экөөбүз азыр жерге түшүп, үйдүн эшигине барабыз. Сен өз үйүңө киресиң. Мен болсо, коштошуп, өз үйүмө кетем…

— Эх, мейли, досум!

 

Акылтай үйүндө

Умай бала кош айтышып учуп кетти да, Акылтай күн-дөгүдөй эле, короодо кечке ойноп жүрүп, кечинде келген-сип, жайма-жай үйүнө кирип баратты. Алдынан кошуна дос баласы Элдос чыкты.

Элдос көрө калып эле:

— Эй, сен кайда кеттиң жоголуп… Атаң, апаң ыйлап атышпайбы сени таппай, — деп момпоё бейкапар сүйлөдү.

— Алар менин кайда барып келгенимди билишпей ыйлап жатышат да. Мен деген.. Умай бала деген досум менен жүрбөдүмбү…

Экөө лифт менен сегизинчи кабатка чыкканча Элдос кечке болгон окуяларды, тиги «Монохиттеги баягы сары бала» менен урушканын, Керим деген баланын күчүгү жо-голгонун, Айканын атасы машина алганын, анан да, ушул эки күн ичиндеги бир канча окуяларды айтып берүүгө үлгүрдү.

Акылтайдын атасы Тайыр, апасы Сауле болсо бул күндөрү баласын издебеген жери, сурабаган адамы калбаган. Ортодо өткөн эки күндө апасынын чачы агарып, жүрөк оорусу эки-үч ирет кайталанып, доктор уколдоп жатып жак-шы болгон.

Бүгүн минтип телеканалга сүрөтүн берип, издөө салышкан. Издөө салганы баягы кымгуут борошо болгон кечте баш-аламан үй-үйлөрүнө качкан бирөөлөр көрсө, адашкан баланы өзүлөрү менен ала кетти бекен? — деген илгери үмүттөрү эле. Ошенсе да, аман-эсен болсо, «үй дарегин билген бала бирөөнүн жардамы менен үйүн табат эле, үйдүн телефонун деле билет эле» — дешип, телефон же каалгадагы коңгуроо «чыр» этсе, жүгүрүп чыгып жатышып чарчабадыбы.

Ошентип отурушса, эшиктин коңгуроосу «чыр» этти. «Чыр» эткенде, Акылтай тамашалап, атасынын машинасы-нын сигналынын «пип-пипи-пиип» деген үнүндөй туурап, «чыр-чыр-чы-ыр» эттирип басты.

— Ой, Акылтайым го?

— Айланайын, куда-ай, балам го?

— Чын эле… — дешип атасы менен апасы каалганы көздөй жарыша чуркашты.

Ооба, ошентип, Акылтайды Тайыр менен Саулеге Теңир ата менен Умай эне экинчи ирет берди.

Тайыр каалгадагы айнек көзөнөккө биринчи келди да, сыртта коңгуроо басып эпейип турган Акылтайды ысык жаш толгон көзү менен биринчи көрдү. Көрдү да, Саулени колдон бекем кармап:

— Бакырып ийип, адатыңча, жүрөгүн түшүрүп алба, — деди да, ары ваннаны көздөй басып кетти.

Сауле да Тайыр айткандай кылып, демейдегидей эле эшикти ачып, уулун кучак жайып тосуп алды. Бирок бооруна кысып бир нече мүнөт коё бербей босогодо отуруп, көзүнүн жашын көл кылып, үнсүз ыйлап жатты.

— Мен деген… Умай досумдукуна конокко барбадымбы… — деп быдылдап сүйлөй берди Акылтай, — Умай досум экөөбүз моминтип зуулдап учуп саякаттабадыкпы…. Силер көргөн жоксуңар да…

— Умар досум дейби.. — деп арттан Тайыр чыгып келди ашыгып. — Эй, сен кайсы Умарды айтып жатасың..?

Анын үнүндө ачуулануу да, таңдануу да, эки күндүк азап менен тозок да сезилип турган.

— Умар досуңдун үйүнө качан бардың..?

Тайыр баягы күнү тоого бирге барган досу Азим Акылтайды үйүнө алып кетип калып, айтпай алдап жатышкан экен деп ойлоп жиберген. Анткени ал баласынын «Умай досум» дегенин, «Умар досум» деп жаткандай түшүнгөн эле.

Алар баягы кар борошо уруп Акылтай табылбай, тоңуп жатканда: бир бала келип, тургузуп кийимин, бети-башын тазалап, «жүрү» деп үйүнө ээрчитип кеткенин, кеткенде да, уча турган кадимки эле кооз килемдин үстүнө отургузуп алып учуп кеткенин, ал бала «Умай бала» деген бала экендигин, анын «Умай эне» деген апасы бар экенин, алардын үйү тээ алыста-алыста эч ким билбеген чоң тоонун ичинде кооз үйдө экенин, ал кооз үйү айылдагы чоң атасыныкына окшош экенин, алар учуучу килемге отуруп алып, кооз тоону кыдырып саякат кылганын, Умай эне аябай жакшы, боорукер экенин, Умай бала экөө дос болушкандыгын…баарын бир укмуш «жомок» кылып, быдылдап айтып берди.

Атасы менен апасы мындай «керемет жомокко» эстери ооп, эмне дээрин билбей отурушту.

— Врач психиатрга көргөзүш керек тезинен! — деди күбүрөп, көзүнүн жашы алиге тыйыла элек Сауле үнү калтырап.

Тайыр болсо оозуна сөз келбей, уулунун сөзүнө оозу ачыла отура берди шалдырап.

(Уланбысы бар)

 

Sulayman RysbaevС.Рысбавдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий