Таттыбүбү

(Уландысы. Башы)

Сулуулугуна арман кылганы

Таттыбүбү эженин кыялкечтигине, кээде кармап калчу сентименталдуулугуна чек жок эле, чиркин. Кээде үйүнө барып калганымда Таттыбүбү эже жаратылыш тартуулаган сулуулугуна нааразы болуп: “Ушул сулуулуктан көрө аялдык бак берсе болмок, сулуулук болбогон нерсе экен. Башкалардай болуп эл көңүлүнө түшпөй жөнөкөй эле жаралсам, балким жашоом элдикиндей болмок беле? Кээде элдин көңүл борборунда болгон учурларда жан дүйнөм кыйналып кетет” деп үшкүрүгү таш жара арманын айтып калчу. Жаратылыш кубулуштарынын түбү чексиздей, адам баласы көзүккөндөн деле каза таап калган учурларды бул чалкеш дүйнөдө көп эле учуратып жүрбөйбүзбү. Ошондон улам эжебиз ошол жаман сөздөрдүн, жаман көздөрдүн кесепетинен улам көз жумуп кеткенби, же болбосо Таттыбүбү эжеге жараткандын жазган тагдыры ушудур деп ойлоп кетесиң.

 

Көз жумаарын алдын ала билген

Эженикине бат-баттан каттап турчумун. Күндөрдүн биринде кабар алганы үйүнө барып калдым. Ысытмага күйүп-жанып, катуу ооруп жатыптыр. Канат менен Асел жаш. Эже керебетте от-жалын болуп жатат. Дарыканага чуркап чыгып, ысытманы түшүрүүгө ылайык дары-дармек алып келип эжеге ичирген соң, ысытмасы түштү. Балдарына, эжеге тамак, ысык чай бердим. Жанына олтуруп көңүлүн көтөрүү максатында ар кандай кызыктуу окуяларды айтып жаттым. Бир убакта эже: “Мен бу дүйнөдөн эрте эле кетет окшойм. Негедир ошондой туюмдар келе берет” деди. Жаш жаным эженин бул сөзүн укканда чочуй түштүм. Эмне дээримди билбей, “Эже, эч убакта антип айтпаңыз. Кудай буйруса өмүрүңүз узун, өрүшүңүз жайык болот. Сиз азыр жашсыз. Сахнада, кинодо жарата элегиңиз али көп. Жакшылыктар алдыда. Балдарыңыз чоңоет. Алардын бүт жакшылыктарынын үстүндө болосуз. Кыргыз элине далай сонун ролдорду тартуулайсыз” деп көңүлүн көтөргөнгө аракет кылып жаттым. Ошол түнү эже көпкө уктабады. Мен да анын жанынан жылган жокмун. Ар кандай темаларда сүйлөшүп олтурдук. Бир оокумда: “Эгер көзүм өтүп кетсе балдарымдан кабар алып турчу” деди. “Эже, антпеңиз” деп өзүмчө эле буулугуп, көзүм жашылданып кетти. Ошондо өзүмдү араң токтотуп, эжени башка сөзгө алаксытып кеттим. Ошол күндөн бир ай өткөн соң эже өзү айтканындай эле каза болуп калды. Эженин өлүмү мага катуу тийди. 3 күн сабакка барбадым. Бүт жан дүйнөм талкаланып, эч ким менен сүйлөшпөй да койдум. Кымбат адамымдан ажыраганыма балалык сезимим менен абдан кайгырдым. Чындыгында Таттыбүбү эже мен үчүн абдан ыйык, баалуу, эң жакшы көргөн адамдарымдын бири эле. Кийин тынымсыз мүрзөсүнө барып, кыялымда эже менен сүйлөшүп, бугум чыгып калчу. “Мен жакында бул дүйнөдөн кетем го” деп айткан сөзүнүн сырдуу түйүнүн кийинчерээк билдим. Ал түйүндү эженин агасы Нуркан байке чечип берди. Нуркан байке: “Таттыкем жөнүндө жазып жүрөсүң, андан калса сенде сүрөттөрү бар. Ошол сүрөттөрдөн Таттыбүбүнүн көргөзмөсүн жасоо керек” деп, 1991-жылы Москвада өткөн Таттыбүбү эжеге арналган сулуулар конкурсуна мени алып барган. “Ак Мөөр – 91” сулуулар конкурсун өткөрүп бүтүп, Москвадан Бишкекке учуп келе жатканда “Билесиңби Ракыя, Таттыкемдин түшүнө апам кирип, “кызым, жүр алып кетейин, бу дүйнөдө абдан кыйналып кетиптирсиң, мени менен эле бол” деп аппак кийинип келип, Таттыбүбүнү жетелеп кетиптир. Бул түшүн мага өзү айтып берген. Түшүн көргөндөн көп узабай эле Таттыкем каза болуп калбадыбы”, – деп айтып берген эле. Ал эми мен Таттыбүбү эжеге барганда бул түшүн атайы жашырып, мени жаш, коркуп калат деп айтпаган сыягы.

 

* * *

Таттыбүбү эже каза болгон соң балдарын күйөөсү карап калды. Ага карабай Таттыбүбү эженин керээзин жадымдан чыгарбай, бош боло калган учурларымда балдарынан кабар алып турдум. Үйүнө барган сайын баягы кичинекей радио түйүн, экөөбүз бирге жаткан диван көзүмө биринчилерден болуп уруна берчү. Кээде Аселди ээрчитип, мүрзөсүнө барып гүл тиккен күндөрүм болгон. Жан дүйнөсү аппак кардай тазалыгынан, баладай ишенчээктигинен улам Таттыбүбү эженин бул дүйнөдөгү жашоосу кыска болду. Эгер анча-мынча митайым болсо узак жашамак беле… ким билет?! Элге тартуулай турган көптөгөн ролдорду өмүрүнүн кыскалыгынан улам аткара албай калды. Аттиң арман дүйнө!!!

 

Актриса жөнүндөгү алгачкы жазгандарым

Ошентип, жан дүйнөсү жаркын, жакын адамым болгон Таттыбүбү эжемден ажыраган соң, анын кыргыз театр жана киносун өнүктүргөнгө кошкон салымын, ошондой эле адамдык мыкты сапаттарын жазууну пландап жүрдүм. Себеби мен эженин кыргыз элине сиңирген эмгегин даңазалоону ыйык парзым, жашоомдогу негизги максаттарым катары эсептечүмүн. Бул максатыма жетүү үчүн эже менен бирге иштегендерге, анын бир тууганы Нуркан байкеге, кинорежиссер, жазуучу, драматургдарга жолугуп, алардан актрисанын чыгармачылыгын, кандай адам экендигин сурап аңгеме-дүкөн куруп, өзүм билгенден сырткары көп маалыматтарды жыйнадым. Эң алгач жыйнаган материалдарымдын негизинде “Кыргыз маданияты” жумалыгынын 1988-жылдын 6-октябрындагы №41 санына “Таттыбүбүнү эскерип” деген чоң макала жарыяладым. Андан соң кыргыз телекөрсөтүүсүндө атайын көрсөтүү уюштурдум. Бул телекөрсөтүүнү таланттуу режиссерлордун бири Бейшенбек Мамбетакунов тартып, көрсөтүүбүз байгеге татыктуу болгон. Эң башкысы, кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алтын фондунда сакталып калган. 1991-жылы Москвадагы Таттыбүбү эженин рухуна багышталып өткөрүлгөн сулуулар конкурсу жөнүндө макаланы “Экран” журналынын 1991-жылы май айында чыккан №9-10 сандарына “Аңызга айланган өмүр” деген аталыш менен жарыяладым.

“Таттыбүбүнү эскерип” деген макаламда аалам алпы Чыңгыз Айтматов баш болгон бир топ өнөр адамдарынан тартып, карапайым калктын ичин аралап алган маектеримди уюштурган элем. Тилекке каршы, мени менен маектешкен өнөр адамдардын дээрлик 95 пайызынын бу дүйнөдөн көзү өтүп, арбагы Таттыбүбү эженин руху менен аралашып жүрөт. Алардын жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!

Макаламдагы маектештерим Таттыбүбү Турсунбаеванын аңызга айланган өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу ар тараптуу жана кызыктуу баян курушуп, анын адамгерчилик бийик сапаттарын, ак маралдай керилген ай чырайлуу ажарын классикалык деңгээлде ачып салышкан. Маектер 20-кылымдын 80-90-жылдары жазылып алынган болчу. Макаланын башталышында улуу актриса жөнүндөгү өзүмдүн ой чабыттарым жана агасы Нурканбек Турсунбаевден алган маегим камтылган эле. Андан соң залкарлардын, кесиптештеринин, курсташтарынын, шакирттеринин, күйөрмандарынын маектери кетет. Учурунда макала гезиттин шартына ылайык кыскартылып берилип, алынган маектердин көбү кесилип калган. Аларды мен толук боюнча өз архивиме сактап койгон элем. Алынган маектерди жаңы китебиме толугу менен киргиздим.

 

Биринчи макаламдын баш сөзүнөн

1981-жылдын 21-декабрында Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Эл кызы Таттыбүбү Турсунбаева күтүүсүздөн каза болду. Ал көз жумган күнү шаар калкы бүт көтөрүлүп чыгып, анын өлүмүнө бирде ишенишсе, бирде ишенишпей, аргасыздан түбөлүк жайына узатышты. Таттыбүбүдөй жылдыз учуп кеткен соң, театрдын сахнасына каран түн түштү. “Бүгүн Таттыбүбү ойнойбу?” деп театрдын кассир кызын тажатып келе беришчү күйөрмандарынын да аягы суйдаң тартып, акыры келбей да калышкан. Көрсө, театрдын жарык жылдызы болгон Таттыбүбүнүн сулуулугу менен таланты, анын сахнада жараткан образдары көпчүлүк элди өзүнө тартып турчу турбайбы. Кээ бири Таттыбүбүнүн көрк-келбетин көрүп эстетикалык ырахат алганы келишсе, кээси анын талантына таазим этип келишчү. Ал сахнага чыкканда асмандагы чолпон жылдыздай жанып, анын сулуулугунун шооласы чачырап, сахнаны жарыкка бөлөп турчу. Таттыбүбү сахнада гана эмес, көчөдө да басып баратканда канчалаган адамдар анын кермаралдай керилген мүчө келбетине, келишкен басыгына, нур төгүлгөн жүзүнө моюндары талыгыча кылчак-кылчак карашып суктанышчу. Элибиздин белгилүү акындарынын бири, маркум Жолон Мамытовдун Таттыбүбү Турсунбаевага арнаган “Ажал менен Сулуулук” деген чыгармасындагы:

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда,
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл-күзгүгө бир каранган экен да
, – деген саптарында айтылгандай, Таттыбүбү кыргыз элине жаратылыштын атайын тартуулаган белеги болчу. Андан калса, ал театрдын бешенесине жаралган бакыт кушу эле. Бакыт кушу театр сахнасынан учуп кеткендигине карабай, көрүүчүлөр көп убакыттарга чейин эле кайсы гана спектаклдин башкы каарманы болбосун, аны Таттыбүбү аткарып жаткандай элестетип жүрүштү. Кийинки жылдары театр сахнасында элдик эпостордун негизинде оюн койгон кыргыздын белгилүү драматургу Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” спектаклдериндеги Каныкей менен Айчүрөктүн ролдорун “Таттыбүбүгө гана ылайык ролдор экен, аттиң арман дүйнө” деп эл спектаклден чыккандан кийин күбүр-шыбыр кылгандарын кулагыбыз чалып, биз да эл шарына кошулуп, аттиңибизди айтып калчу элек.

(Уландысы кийинки санда)

Ракыя Жусупова, «Көк асаба», 02.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий