Адылдын кызы Ак Мөөр

«Ак Мөөр» аттуу кинотасманы сегиз жашымда көргөм. Ал убакта КТРден кино кеч башталганына карабай, апам: «Ак Мөөр» – кыргыздын эң сонун кинолорунан», – деп, бизди алдап-соолап отуруп көргөзгөн. Тасманын экинчи бөлүгү эртеси көрсөтүлдү. Кинону алгач көргөнүмдө, Ак Мөөрдүн ролун ойноп жаткан Таттыбүбүдөй сулуу болсом деп кыялданып, жер таянып калган картаң чалдын Болот менен Ак Мөөрдү эркине койбой ажыратып салганына капа болуп, эртеси жалган дүйнөдө бири-бирине жетпей калган эки жаштын чын дүйнөдөн жолукканын көрүп алып, коркконумдан, түнү бою кирпик какпай чыккам…

«Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, «Ак Мөөр» дастанындагы негизги каармандар: Жантай, Болот жана айтылуу Мөөркан – XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсандар. Чыгармада чыныгы турмуштук окуя камтылган. Анын негизинде Алыкул Осмонов драма, Сүйүнбай Эралиев поэма жазса, Мелис Убукеев кинотасма тарткан. Бирок, советтик саясатка байланыштуу, чыгарманын тарыхый чындыгы ачылбай келген. Антүүгө Жантайдын эл башкарып, хандык даражага ээ болгондугу себеп болгон. Ошондон улам, окуя бурмаланып, Жантай жашы жетимиштен ашкан, төрүнөн көрү жакын калган чал, ал эми Адыл өз башына ээ эмес, итке минген кедей, Мөөркан канайым эмес, зордук-зомбулуктун торуна түшкөн армандуу аял делип келген. Баарынан да, Жантай каза болгондон кийин, кыз кезинде арзышкан Болотуна кайра кетип калбасын деп, Мөөрканды Баяке өлтүрүп койгон дегенге эл нечен жылдар бою ишенип келди.

1965-жылы түзүлгөн фольклордук экспедициялык топ Кетмен-Төбөгө келип, кенже эпостор менен бирге “Ак мөөр” дастанын айтып жүргөн Сарыкунан Дыйканбаевден ушул дастанды биринчи жолу жазып алган. Сарыкунандын вариантында мындай деп айтылат: “Болот Ак Мөөрдүн жээни болгон. Андан сырткары, жаш кезинде жүрөк оту өчпөй, Жантайдын айылына бат-бат келип-кетип турган. Айыл ичинен тараган ушак кептерден улам, Жантай Болоттун өзүн чакыртып алып, ачык сөздү жигиттин өз оозунан угуп: “Мен өлгөндөн кийин, Ак Мөөрүң өзүңдүкү”, – деп керээзин айтат. Кийин Жантай набыт болуп, аш-жыты чыккандан кийин, Болот хандын сөзүн элдин эсине салып, Мөөрканына жеткен экен. Экөө баш кошуп, үч уулдуу болгондо, Жантайдын улуу баласы Шабдан: “Атамды ырга салып уят кылдың”, – деп, Ак Мөөрдү өкүл атасы аркылуу чакыртып алып өлтүртүп койгон экен”. Кээ бир булактарда Болотту аттандырып жиберип, Баяке жолдон эки Ак Мөөрдү жигити менен кошо өлтүртүп коёт. “Болор иш болду, тирүүмдө кошула албадым, эми өлгөнүмдө кошулайын”, – деп, Болот Мөөрдүн сөөгүн сурап алып, Жумгалга өңөрүп барып, жерге берген деп айтылат.

Ошентип, Ак Мөөрдүн окуясы, өмүр-жолу аңгеме-жомокко, фольклорго айланып, таптакыр башкача мазмунга ээ болуп кеткен. Кичи-Кемин, Чоң-Кемин аймактарында бул окуянын чын-төгүнүн билгендер көп эле болгону менен, мезгилдин сүрүнөн чоочуганбы, айтор, хан тукумунун санжырасын чечмелеп айтып берүүгө эч ким батынган эмес. Кийин Абдрасул Токтомушев Калмак-Ашуу кыштагында жашаган Токкожо уулу Тентимиштен (ал кезинде Ак Мөөрдүн улуу уулу Муңайтпастын чайчысы болгон), Муңайтпастын уулу Жамалиден, Ак Мөөрдүн бир тууган агасы Төлөмүштүн уулу Асанбектен сурамжылап, окуяны бир топ тактайт.

Анын маалыматтары боюнча, Жантай Карабек уулу 1794-жылы туулуп, 1868-жылы дүйнөдөн кайтат. Мөөрдү алганда Жантай 53 жашта, Мөөр 14 жашта болот. Мөөр Жантай менен 20 жыл бирге түтүн булатып, Жантайдын аш-суусу берилгенден кийин, 1869-жылы 35 жашында дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Жол-Булакка коюлуп, айкели да ошол жакта орнотулат. Мөөркан Жантайдан үч балалуу болот: Муңайтпас, кызы Калый (ал көлдүк бир жигитке турмушка чыккан экен), Токтоян (кичинесинде чарчап калыптыр).

Мөөркан Боркок уулу Адыл деген дөөлөттүү, бай кишинин кызы болгон. Адылдын Каратай аттуу тууганы Мөөрдү Жантайга берүү жонүндө кеп козгоп, калыңын Чыныбай төлөйт. Мөөрдү Жантай Соң-Көлдөн көрөт. Болот болсо Мөөрдөн сегиз жаш улуу экен. Мөөр турмушка чыккандан кийин, ал Жантайдын айылына үч жылдан кийин келиптир.

Дагы бир кызыктуу факт – Ак Мөөрдүн капыстан каза болушу. Жантайдын ашы өткөн түнү Мөөр каза табат. Анын каза болгонуна байланыштуу эл арасында ар кыл ушак-айың тарайт. Мөөрдү “уу берип өлтүрүп коюшту” деген каңшаардын тарашына жесирдин ооруп-сыктаганы билинбей өтүп кетиши себеп болот.

Жантайдын беш аялы болгон. Алар: Табарик, Туруке, Курма, Баалы жана Сейилкан (Сейилкан Баалынын сиңдиси). Курма Кара-Булактагы кытай уурусунан чыккан Yйсүн дегендин кызы болгон. Бир күнү Жантай түн ооп калганда жыйындан кайтып келе жатып, Курманын өргөөсүнөн бүлбүлдөгөн жарыкты көрүп, “Бул эмне болгон жарык?” – деп, боз үйгө баш багып, аялы Карагул деген ойношу менен төшөктө жатканын көрүп калат да, аялын токмоктоп, башын жарып, өлтүрүп салат.

Албетте, Ак Мөөрдүн эмнеден өлгөнүн тактоо кыйын. Ошентсе да, ал 14 жашында беш аялдын үстүнө токол болуп кирип, өзүнөн 39 жаш улуу, хандык даражадагы байдын үйүнө келип түшөт. Анын үстүнө, кыздын жаш башы жабыркап, көңүлү чалкып жашай албайт. Анын үстүнө, Жантай көз жумган күндөн тартып бетине тамга салдырып, кара кийгизип, үч маал жоктотуп, таза аба жуткузбай, хандын жесири катары бир жыл капаста камагандай кылышат. Мындай шартта аял киши жүдөп, өз ажалынан деле өлүшү мүмкүн. Аны атайылап өлтүргөн дегенде деле жүйөө жоктой. Себеби, ал Жантай менен 20 жыл бирге жашап, үч бала төрөгөн, башка күндөштөрүнө тең укуктагы хандын жесири катары саналган.

Болоттун тагдыры да өтө татаал. 1901-жылы Чоро элине барган манасчы Жаңыбай Кожеков Болоттун өзүнө жолугат. Болот бул мезгилде жашы жетимиш бештерге жетип, көзү көрбөй калган кези экен. Ал жогорудагы айтылгандарды ырастап, кийин Жантайга кезигип, анын колунан ат минип, чапан кийип, Мөөрканга жолугуп, кантип коштошконун айтып берет. Балким, Болот ошондогу коштошуу ырын хандын суранычы менен жамактап бергендир. Болоттун айтымында, Жантай анын курчтугуна, чынчылдыгына баа берген.

Шоокум Журналы, 01.01.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий