Сулайман Рысбаев. «Умай бала»

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

Психиатрда

— О-о, Акылтай деген жакшы бала турбайсыңбы? — деди врач жигит алдында тепейип отурган балага эркелете карап.

Тайыр менен апасы Сауле Акылтайдын «өөдүк-сөөдүк» айткан сөздөрүнөн коркушуп, анын эки күн бою кайда, эмне кылып жүргөнүнө таң калышып, акыры ушул психиатр врачка көргөзүүнү чечишкен.

— Кана, мага түшүндүрүп берчи, — деп, болгон окуяны башынан баштап сурай баштады.

Ал, адегенде, тоого кайсы күнү, кимдер менен барганын сурады. Тоодо эмне кылып, кимдер менен кантип ойногондорун тактады.

Акылтай болсо, дем алыш күнү «Жаштык» деген муз тепчү тоого атасынын досу Азим, анын баласы Умар досу, Умар досунун апасы, өзүнүн атасы, апасы болуп барышканын; чана тээп, асма жол менен тоого чыкканын, баарын кадимки болгонундай эле айтып берди. Анан дөңдөн ылдый чана тээп келатканда бороон болуп, кайдадыр учуп кеткенин; оозуна, көзүнө кар кирип, дем алалбай жатып калганын; андан соң жыгылып тура калганда, ызылдаган бороон кайра учуруп кетип, бир коктуга куланып түшкөнүн; анда да оозу-мурдуна кар кирип дем ала албай, пальтосуна башын катып, тура албай көпкө үшүп жатканын; «ата-апа» деп коркуп ыйлап-кыйкырганын, анын үнүн эч ким укпай койгонун; караңгы киргенде да ошол бойдон коркуп жата бергенин…, анан бир кезде бирөө келип колунан тартып, бетинин карын тазалап, тоңуп калган колдорун-буттарын ушалап, «тур-тур» дегенин; анан аны килемге отургузуп алыс-алыс жакка алып кеткенин… жомоктой кылып узакка айтып берди…

Анын сөзүн угуп бүтүп, врач жигит көз айнегин көзүнө салды да, далдайган чоң кара китепти текчеден алып, кайсы бир барагын издеп тапты. Анын ойлуу, сырдуу кыймылынан Тайыр менен Сауле бир жакшылыктуу сөз күтүп, ооздорунан сөз учуп, карап отурушту.

Врачтын оозунан: «Балаңар психикалык ооруга туш болгон, нервине суук тийип, галюцинацияга кабылган» деген сөзүн уккусу келбей, ар бири өз ичинен бул табышмактуу окуянын жандырмагынын жакшылыкча чечилишин күтүшүүдө. Бирок, ушул эки күндө деги эмне болушу мүмкүн эле? Бала тоңуп талаада калса, аны ким, качан, кайда алпарып, анан аман-соо бойдон кантип өз үйүнө апкелип койду? Чоң киши болгондо түшүндүрүп айтып берет эле да, «момундай киши, моминтип алып келди» — деп…

Акылтай болсо, терезени карап, бөлмөдөгү өсүп турган гүлдөрдү кармалап, бейкапар ойной берди. Анын оюнда Умай бала досу, аны менен ойногон оюндары келе берди. «Чын эле, аны качан чакырсам, — деп ойлоду Акылтай, — бирок аны эч бир киши билбеш керек. Эч ким көрбөшү да керек. Аны жөн эле чакыра бербеш да керек. Аны балдар уурдалып, же кимдир-бирөөгө аябай жардам керек болгондо гана чакырыш керек да. Бул жөнүндө менден башка эч ким, бул врач да, атам-апам да билбеши керек… Досторума да айтпашым керек»..

Анын бул ойлорун врачтын сөзү бузуп жиберди.

— Балаңар чана тээп ойноп жүргөндө тердеди беле… — деп сурады Тайырдан.

— Тердегендир да… Чуркап, чана тээп ойноп жүргөндө тердесе тердейт да… — деди кыжаалат, ал тургай, күлкүсү келип, анча жактыра бербей.

— Кеп ошондо, — деп сөзүн бышыктагысы келди врач, — дал ошондо бороон болуп, арчанын түбүнө көпкө жатып калганда, баш нервине катуу суук тийген…

— Балага башына суук тийсе температурасы көтөрүлмөк, эти ысып, башы оорумак да… — деди чыдабай кеткен Сауле. Мунун эч жери ооруган жок…Температурасы да көтөрүлгөн жок…

Ошондо врач Акылтайга кайрылды:

— Сенин башыңдын каери ооруду ошондо…

— Иги, менин башымдын эч жери ооруган жок.

— Эч жери оорубаса, анда балаңар аябай корккондуктан эсин жоготуп жатып калган да, кимдир бирөө таап алып, үйүнө алып келген. Эсине келгенде үйүңөрдүн дарегин айтып, таап жеткизген… Корккондо да ушундай болот. Ушул — болгон сөз. Балаңар ошондон бери өз акылына толук келе элек… Такай галюцинацияда жүрөт. Ишенбесеңер, азыр да баягысын кайталайт…

— Анда эмне кылыш керек…? — деди көзү жашылданган Сауле чыдамы кетип.

— «Эмне кылыш керек?» Бир гана нерсе-ооруканага жаткырыш керек тезинен… Дарылаш керек…

Ишенип келген «олуя врачтын» бул сөздөрү Тайырдын кулагынын сыртынан кетип жатты. Сауле болсо, «жаткырса жаткыралы» — деген ойго келди.

«Болуптур, — деди анан күбүрөнүп, бүгүн дагы да карай туралы, эртеңден алып келели…» — деди өйдө болуп Тайыр.

Жаш врач жигит алакан жайды: «Мейлиңер, бала силердики. Өзүңөр билгиле…Бирок…»

 

Чоң атанын кеңеши

Тайыр врачтын айтканына түк ишенбеди. «Эч нерсе билбейт, дагы да врач..!» — деди ал ачуулана машинасын от алдырып жатып.

Ал үйүнө кайрылып, аялы менен баласын калтырды да, жумушуна барып, бир аптага кезексиз өргүү алды. «Айылга, атама алып барайын… Балким, атам билер…. «кыргызча» бир аз күн дарылатайын дем салдырып», — деген чечимге келди.

Сауле анын бул чечимине макул болуп, эртеси таң эрте аларды айылга узатты.

Миң-Булак айлына жеңил машина менен бешим ченде кирип келишти. Булардын күтүүсүз келгенине атасы чоочуп кетти.

— Тынччылык эле, жөн-жай… Иштен облустун борборуна командировкага жиберген. Анан силерге көрсөтө кетейин деп бу тентекти ала келдим, — деди адегенде. Чай ичип болгон соң, Акылтай айыл балдары менен ойноп кетти. Ошондо Тайыр атасына болгон ишти бүтүндөй айтып берди.

— Эми эмне кылсак болот… — деп эси эки болгон Тайыр элейе атасынын оозун карады.

Атасы жетимишке келип, салабаттуу карыя болуп калган. Баласынын сөзүн угуп болгон соң, күбүрөнө, ата-бабалардын арбагына багыштап узакка куран окуду, «Неберемди Теңир ата, Умай эне, өзүң колдой көр!» — деп муңкана узакка бата тиледи апакай чокчо сакалын кайра-кайра сылап.

— Коркпо, балам. Корко турган эч нерсе жок. Баламды ошол түнү Умай энеси өзү колдоп, аман калган тура… Болбосо — деп муундары бошоп жашып кетти карыя.

— О, Умай энеси, жаным тартуу сага! Кара башым тартуу сага. Кагылайын Умай энеси.. Каралдымды өзүң аман алып калган экенсиң…Эми, мындан ары да өзүң жар болуп жүргөйсүң… Тентек балам ошону көтөрө алар бекен…

Ырыскелди карыя Умай энеге кайра-кайра жалынып-жалбарды да, тигинде ойноп жүргөн небересин өзүнө чакырып алып, балта менен эмдеп, камчы менен домдоп, кыйлага убараланды.

— Теңир ата, өзүң колдо. Умай энеси, өзүң жар бол, балама. Кара жер, сен көтөр, менин балам көтөрө албайт… Айланайын ата-арбактар, өзүңөр жар болгула…

Ошенткен соң, атасы Ырыскелди карыя, айылдын алты-жети аксакалын чакырып, короодон бир сары серкени небересине садага чапты. Теңир ата менен Умай энеге арнап куран окуп, түлөө өткөрдү.

Эртеси Таажы чоң энеси дагы да көп ырым-жырым иштерин жасады: кантсе да, «коркуп калдыбы» деп, айылдагы Зейнеп деген бүбү кемпирди чакырып, жүрөгүн көтөрттү, коргошун эритип, жүрөк куйдурду. Түштүктүн зире чөбүнүн таптырып, данынан жүрөк тумар тиктирип, кыбыланы карап аккан Мазар булактын көзүнөн тогуз кара таш алдырдып тумар тактыртты. Анын эртеси Ажар деген төлгөчү кемпирди апкелдирип, төлгө тарттырды. Ажар кемпирдин төлгөсү оң түшүп, баары ыраазы болушту. Андан соң, Бекбоо деген көзү ачык абышканы алдыртып, шам жактырып, олуя-мазарлардын колдоочуларын чакырып, балага дагы да дем салдырды.

Ошентип бүткүчө арадан төрт күн өттү. Баары жайында. Төлгөчү, бүбү, көзү ачыктардын баары Акылтайдын дени сак, баары ордунда экендигин айтышып, Ырыскелди карыяны абдан кубантышты. Тайыр болсо, «баары жакшы болсо болду» деп ойлоп, атасынын айтканын гана аткарды. Тайыр бул аткарылып жаткан ырым-жырымдарга тушүнбөсө да, ага ишенбесе да, атасынын айтканы менен болду.

 

2-БӨЛҮК

Бакчадагы сырдуу окуя

Бакчадан уурдалган бала

Акылтай кайрадан бакчасына бара баштады. Күндөлүк оюн, достору баары бир да, Умай досу өзүнчө. Аны түк да унуткан жок. Кээде өзүнө чакырып алып, баягыдай, килемине түшүп, Жашыл-Нурабад шаарынын үстүн, шаарды курчаган апакай тоолорду айланып учкусу келет. Керемет кооз шаарынын кооздугун көктөн көргүсү келет.

Ошентип жүргөндө, бир күнү кечке жуук Жакып деген баланы апасы бакчадан издеп ыйлап жүргөнүн көрдү. Жакып деген бала болпойгон жоош бала болчу. Урса деле унчукпай жүрө берчү. Бирок ал бүгүн бакчага келген эмес да. Келбесе, апасы эмне үчүн аны кечинде издеп жүрөт?

Тарбиячы эжейи да Жакыптын бүгүн бакчага келбегенин, аны эмне үчүн издеп келгенин сурап жатты.

— Капырай, мен Жакуну эртең менен бакчага өзүм киргизип коюп кетпедим беле…? — дейт чыркырап апасы.

— Бакчагабы, ушул бөлмөгөбү? — деп сурады тарбиячы эжейин тактап.

— Эшиктен киргизип кеткен болчумун, жумушка шашып жатып, бул бөлмөгө киргизгенге үлгүргөн эмесмин…

— Балким, адашып башка бөлмөгө кирип кеткендир… Жүрүңүзчү, издейли…

Ошентип тарбиячы эжейи менен Жакунун апасы башка бөлмөлөрдү түрө кыдырып, «Жаку, Жаку, кайдасың?» деп кыйкырып издеп жүрүштү.

Бирок Жаку бакчадан ал күнү табылбады. Жакунун жоктугун угуп атасы да келип, бакчага чуру-чуу түшүп, эч кандай натыйжа чыкпады.

Бул окуя Акылтайдын ата-энесин да ойлонтуп койду.

«Бул эмне деген окуя… Деги, Жашыл-Нурабадда эмне деген окуя болуп жатат? Бакчадан баланы уурдап кетет? — деген эмне? Уурдай элек эми адам баласы калдыбы?»…

Кечинде тамак ичип отурушканда кудум баягы күнү Акылтай жоголгондо издешкенсип, телевизордон: «Издөө салабыз. Бүгүн Жашыл-Нурабад шаарындагы №252-бакчадан беш жашар Садырбек уулу Жакып жоголду», — деп кулактандыруу берип жатты.

— Көрдүңбү? — деди апасы Сауле Акылтайга эскерте, — этиеттеп жүрбөгөндүгүнөн жоголуп кетип, ата-энелерин азапка салып отурат.

— Койчу, баланын жүрөгүн оорутпай, — деди анда Тайыр аялына ачуусу келип.

Акылтай ойго батты: «Эмне кылуу керек? Умай досумду чакырып, байкуш баланы таап бер деш керекпи? Өзү деле ошентип жардам берем — дебеди беле… Байкуш апасы ыйлап жатпайбы…Бирок, бул жөнүндө эч кимге айтпаш керек. Балким, эртең Жаку табылып калар… Табылбаса анда Умай досума сөзсүз айтамын…»

 

«Умай досум, жардам бер..!»

Эртеси кечинде бакчадан келген соң, Акылтай балдар менен ойногону сыртка чыкты. Ата-энеси аны баягы окуядан соң ээн коё бергенине аз күн эле болгон. Ал короодо бир аз ойноп туруп, уурданып чыкты да, ары жактагы «Кара-Бак» деген чоң ботаника багынын коюу жерине кирип кетти. Бак ичи ээн экен. Ары-бери карап турду да, Умай досун чакыра баштады. Негедир, денеси чыйрыккансып калтырап чыкты.

«Умай досум, жардам бер,

Учуп мага азыр кел» — деп, үч ирет кайра-кайра кайталап жатып, коркконунан элеңдеп ары-бери карай берди.

Аңгыча баягы кооз учуучу килемин минип алып, Умай досу учуп келди да, алдына конду. Акылтай, ушундай болорун билип турса да, көз-ачып жумганча болуп өткөн окуяга сестене түштү.

— Эмне, коркуп турасыңбы менден. Экөөбүз убадалашпадык беле, же ишенген жок белең келериме… Сен коркпо да… — деди Умай бала эпилдеп.

Акылтай дагы деле болсо корконунан унчуга албай, чекесинен муздак тер тамчылап кетти.

— Андан көрө, айт тезинен, эмне болду?

Ошондо гана Акылтай, баягы күндөрдү ойлоп, корккону бир аз унутулуп, экөө дос болгонун эстеп, кучакташып учурашты. Анан акырын унчукту:

— Менин бакчамдан бир баланы уурдап кетиптир. Ким уурдап кеткенин эч ким билбейт? Атасы, апасы издеп жүрүшөт?

— Каяктан уурдашыптыр?

— Эртең менен апасы өзү бакчага жеткирип келиптир да, бөлмөгө киргизбестен шашып жумушуна кетип калыптыр. Ошол… Ошол бойдон Жаку жок… Бөлмөгө кире электе эле уурдап кетишиптир…

— Анан..?

— Ошол….Эки күн болду… Анын аты — Жаку…Чын аты — Жакып.

— Акылтай, болуптур. Бул айтканың жакшы болду. Мен аны издеп табам. Сөзсүз табам да, бакчасына алып келип жектирип берем… Эртең ушул убакытта ушул жерге кел.. Макулбу…?

— Макул…Мени атам издеп калып жүрбөсүн, кеттим. — деди да, Умай баланы карабастан чуркап кетти.

Ырас эле атасы аны издеп келип калыптыр.

— Акылта-ай! — деген атасынын үнү чыкты алыстан.

— Мен мындамы-ын! — деп жооп берип, бактын ичинен чуркап чыкты Акылтай.

— Эй, бул жакта эмне кылып жүрөсүң? — деди атасы баласынын колунан алып.

— Ойноп жатканбыз… Анан ичим ооруп…

Акылтай, эптеп шылтоо тапты.

Бирок ал дагы эле ойлуу болчу. Бир сыр бар экенин туйган атасы, ичинин чын эле ооруган-оорубаганын, кантип ооруганын, бак ичинде эмне кылганын, чын эле ооруса дары ичиш керек экенине чейин сурап, негедир шексинип, аны сынап да көрдү. Акылтай, берген дарысын да ичпей, «эми жакшы болуп калды, дагы ооруса, анан ичейин», — деп моюн толгоду. Кантсе да, баягы айылга барганда атасы Ырыскелдинин айткан сөздөрү көңүлүнөн кетпей, Тайырдын оюна келе берди:

«Бу уулуңда бир касиет бар экен, балам. Буга Умай эне жолукканы жалган эмес. Бир касиет менен аман калыптыр, болбосо, ал мындайды эч качан оюнан чыгарып да айта алмак эмес. Эгер жөн гана көзүнө көрүнгөн болсо, кайра айткан сөзүндө айырма болмок. Бала неме жаңылып айтмак… Мындай окуя дагы да кайталанышы мүмкүн. Ошол үчүн көп ээн коё бербей, байкап жүргүн. Уктуңбу?» — деген атасы.

Азыркы анын такып сурабаганы ошол болчу. Кантсе да, баласы жанында турганы үчүн, кайра баарын унутуп, уулу менен атасы башка сөзгө өтүштү.

— Балам, — деди Тайыр, — эми сен чоңоюп, чоң жигит болуп калбадыңбы? Сендей балдар эчак эле тамга таанып, өзүнүн, апасынын, атасынын, чоң ата, чоң энесинин, досторунун, ал тургай, үйдөгү мышыгы менен короодогу күчүгүнүн аттарын жазып үйрөнүп алышты. Сен болсоң, беш-алты тамгадан башка тамганы тааныбай жүргөнүң болбойт. Кел, андан көрөкчө, бир күндө бирден тамга таанып, окуп-жазганды үйрөнөлү. Макулбу?

Атасынын бул сунушу Акылтайды абдан кубантты. Аз жерден: «Умай бала досумдун да атын жазып үйрөнөйүн» — деп айтып жибере жаздады.

Кантсе да, ал ошол күндөн баштап тамга таанып, жазганга катуу киришти. «Умай бала» деп досунун атын тез эле жазып үйрөнүүгө ашыкты.

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий