Ат жабдыктары: бөлүнүшү жана жасалыш технологиясы

Илимий-техникалык революциянын келиши, интеграциялык байланыштардын күч өшү элибиздеги ат кармоо деген эң баалуу адат-салтты мурунку ыйык касиетинен алыстатып баратканын байкоо кыйын эмес. Ал эми ат жабдыктары тууралуу билбегендер арабызда ого эле көп. Ушул жагдайды эске алып, улуттук кол өнөрчүлүгүбүздүн эң маанилүү бутагы болгон ээр чабуу, ат жабдыктарын даярдоо туурасында сөз кылалы дедик.

 

Ээр

Ат жабдыктарынын эң негизги түрү. Ээр жыгачтан, башкача айтканда, талдан, теректен, карагайдан же кайың жыгачынан байтеше менен сомдолуп чабылат. Байтеше менен сомдоодон ойдогудай чабылган жыгач андан ары балта, керки менен чабылат. Кем-карчтары маки, бычак менен чебер жонулуп, жымсалдоо үчүн түрпүлөнөт. Ээр чабылышы боюнча бир нече түрлөргө бөлүнөт. Мисалы, оймо ээр, аштама ээр, курама ээр (же чаптама ээр), кучмач ээр (же ак каңкы ээр).

Оймо ээр – Туюк чабылган ээр. Аны чабууда айрым ээрчилер сары талды кыйып келип, аябай кургатып туруп чабышса, айрымдары талды кыйып келери менен, кабыгын аарчып, күнгө коюп, улам аздан чаап, таштап коюп, кайра чаап отурушат. Ошондуктан, мыкты чеберлер бир топ ээрди бир мезгилде баштап коюшат да, кезек-кезек менен алмак-салмак кармап отурушат.

Аштама ээрдин эки капталы, кашы жана чарасы өзүнчө даярдалып, анан бириктирилет. Чарасы уюл жыгачтан тандалып алынат, кашына катуу жыгач керектелет.

Курама ээрди жасоодо тал, терек кыйылып алынат да, андан атайын тактай жасалат. Ээрдин үлгүлөрү боюнча тактай кесилип алынат. Кураштырууда, алгач, ээрдин эки босогосу чыгарылып, ал жыгач желим менен чапталат. Андан соң, ээрдин чарасы жана эки каптыргасы өзүнчө бириктирилип, ага эки босого карматылат. Ээрдин мындай бөлүктөрүн бириктирүүдө араларына уйдун же жылкынын майда тарамыштары коюлат.

Ээрдин чарасынын эндүүлүгү 37 сантиметрге барабар келет. Алдыңкы актасы 4-5 сантиметр, калыңдыгы бир сантиметрдей, арткы актасы 15 сантиметр, калыңдыгы 1,5 сантиметрдей болот. Эки капталы 20 сантиметрдей болушу зарыл. Ошондо ээрдин узундугу 40 сантиметр, кашынын бийиктиги 25 сантиметр, чаранын жаздыктан бийиктиги 15 сантиметр болот. Чабылып бүткөн ээрге шорпонун майы (же башка май деле болот) коюу шыбалат. Суу жыгач ошондо жарылбай, майды боюна тартып, мүйүздөй катып, ойдогудай кургайт. Андан соң, бодо малдын ийленген, ашталган териси бычылып, даяр болгон ээрдин сыртынан карматылат. Теринин кооздугун арттыруу үчүн, ар башка чебер өзүнүн табитине жараша боёп же күмүш, коло, жезден ар түрдүү оймо-чиймелерди салып, көркүнө чыгара берет.

 

Үзөңгү

Ат жабдыгынын бир бөлүгү. Адам ат үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүгө, аттанып-түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкталып, ээрдин эки капталына тагылат. Алар жердигине жараша коло үзөңгү, жез үзөңгү, темир үзөңгү деп аталат. Жыгачтан, мүйүздөн да жасалат. Мунун бутка таканч таманы (темингичи, эки жак капталы (жаактары), боо өткөрүүчү тешикчеси (таралгасы) болот. үз өңгүнүн ээрдин оң жана сол капталына беките турган кайыштан каттай боосу (үзөңгү боо) болот. Буюм көбүнчө калыпка куюлуп жасалат. Жасалуучу калып негизинен эки, үч, беш бөлүктөн турат. Такай кармалган калып үч күндө бүтөт. Ошол бир нече бөлүк, темир кайра жик-жиги менен куралат. Мисалы, эриткич чөйчөккө колону салып, көмүрдүн табына койгондо, ал бир топ убакыттан кийин эрийт. Эритиндини үзөңгү калыбына куюп, болот менен карматканда, ал он-он беш мүнөттө катат. Андан кийин аны өгөөлөп, жымсалдап коюу керек.

 

Куюшкан

Атчан жүргөндө ээр токум ат жалына түшүп кетпеш үчүн, кош кайыштан каптай кыйылган же өрүлгөн ат жабдыгынын бир бөлүгү. Куюшкандын эки учу ээрдин арткы актасындагы чагаракка бекитилет. Кийинки куюшкандардын алты жүзмөсү эки чагарак аркылуу бекитилип келет. Чагарак – тегерек формадагы шөкөт. Анын бат жешилип кетпөөчү быдыр жолчолору болот. Жүзмө – учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпок шөкөт. Узундугу 6-7 сантиметр, туурасы 2-2,5 сантиметрге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандык кайыш кошунду аркылуу биригип турат. Анын ортосунун узундугу эки сантиметр, туурасы бир сантиметр келет. Кайышка жез чегелерин бекитет. Куюшкандын аттын эки соорусуна түшүп турган, тогоого кирип-чыгып турган, кайышка эки жеринен чабыла турган сүйрү шөкөтү “солоңдор” деп айтылат. Анын узундугу, болжол менен, 5 сантиметрдей, туурасы 2,5 сантиметрдей болот.

 

Көмөлдүрүк

Ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип, чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайыма же өрмө кайыштан жасалуучу, атты өр таяна бастырганда ат токулгасы артка жылып кетпеш үчүн тагыла турган ат жабдыгы. Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи учу сагак менен биригет. Көмөлдүрүктүн узундугу аттын омуроосуна жараша жөнгө салынат. Ээрдин алдыңкы актасына урулуучу шакекче учтуу мыкча аркылуу бекитилет. Ал жүзмөгө чакан эки чагарак менен туташат. Көмөлдүрүктүн жүрөкчөсү да кош жүзмөлүү чагарак аркылуу бекийт. Жүрөкчөнүн узундугу 5,5-6 сантиметр, туурасы 2,8-4 сантиметр келет. Ал кайышка үч жеринен шөкөттөлөт. Жүрөкчө бекиген кайыштын учунда 5-7 сантиметрдей сеңселген купалары көрк кошуп турат. Көмөлдүрүктүн учундагы чачылуу жүрөкчө жүзмөгө чагарак аркылуу байланышат. Анын чеке-бели да кайыштан чачыланат.

 

Желдик

Ээр токумдун дагы бир маанилүү бөлүгү. Ал тердиктин үстүнө коюлат. Ээрдин эки каптыргасына кынала өлчөнүп, эки-үч каттала катуу шырылган, кошогу кайыш кош кийиз. Желдиктин сыртына көбүнчө булгаары капталат. Көчмөн турмушта кыз-келиндер токунуучу ээрге “Булгаары тердик, муз желдик, бурчтарын чеге жылдыздап” деп зергерлер көркөм шөкөттөрдү чөгөрүшкөнү эл оозунда айтылып келет.

 

Ичмек

Аттын жонуна ээр-токумдун эң алдына салынуучу кийизден жасалган ат жабдыгы.

 

Тердик

Ээрдин астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Ал пайдаланылышы боюнча кыз-келиндерге жана эркектерге арналып, булгаары жана кара кийизден жасалат. Тердиктин ичи боз кийизден болот. Кыз-келиндердин тердиги кооздолуп, кыргактары саймаланып, баркыт же манат менен кыюуланып, кундуз бастырылат.

Тердиктин мыктысы булгаарыдан тышталат да, эки этегине темирди көчөт сымал чөгөрүп, күмүш жалатылат. Чабылган шөкөттөрдүн формасы тегерек, сүйрү, томпок, иймекей келип, атайын “кууш тумшук”, “каркыра канат”, “карга тырмак”, “мүйүзчө”, “кыял” сыяктуу көркөм оюмдар менен кооздолуп жасалат.

 

Басмайыл

Кайыш жана өрмө аркылуу бүтк өрүлүп, токулганы бекитүү үчүн унаанын белинен тартылуучу ат жабдыгынын бир бөлүгү. Басмайылдын бир учунда жазы жез же темир жаа сымал тогоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи учундагы так ошондой тогоосуна улаштырылган ичке кайыш боо аркылуу тартылат. Тогоонун ортосу да “жагалмай канаттанып” көркөмдөлүүсү зарыл. Басмайылдын ээр бастыргычы жазылыгы төрт эли кайыштан кыйылат да, уландысы эки метрден ашпаган кош “беш кашка” өрмө же эндей кайыштан болот. Көрпөчөгө басмайыл канжыгадай эки үзүм кайыштан – ак быштан курчалат.

 

Жүгөн

Ал жылкынын башына катылат да, орточо жүг өндүн жагы 50-55 сантиметр, тумшугу 40-45 сантиметр болушу керек. Кайыкчылык ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүкт өрүнүн (жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы 3 сантиметрден ашпоого тийиш. Анын ооздугу эки бөлүктөн турат. Эки чагарагы жүзмө аркылуу кайышка тутумдашат. Жүгөндүн кежигесиндеги тогоо жылкынын башынын өлчөмүнө карай узартылып-кыскартылып турат.

 

Тогоо (сагалдырык)

Кайыштын көзчөсүнө бел курдай кирип бекип турган төрт бурчтуу шөкөт. Тогоонун узундугу 8 сантиметр, туурасы 3 сантиметр, ортосундагы олоң тилинин узундугу да ошончо сантиметрге барабар. Катылган жүгөн шыпырылып кетпеш үчүн, алкымдын астына сагалдырык тагылат. Мунун узундугу 30-35 сантиметрдей келет. Ооздук менен жүгөн чагарак аркылуу бекитилет.

Жүгөндү кооздоо үчүн, маңдайына, эки жаагына (капталына) шөкөттөлгөн топчулар: купа, сагалдырык, анын балдагы жана олоң тили өңдүүлөр чөгөрүлөт. Жүгөндүн маңдайында, эки жагында “купалар” чабылат, ал төрт чарчы (2,5-3,5 сантиметр) томпогой кыр чыгарыла чабылган кош шөкөт болуп саналат. Жүгөндүн маңдай купасынын төмөнкү четинде 6,5-7,5 сантиметр чачы, үстүндө 3 сантиметр жүрөкчө болот.

 

Тизгин

Жүгөндүн негизги бөлүгү. Мингичти ийкемдүү башкаруу үчүн, ак кайыштан эни 1,5-2 сантиметрдей, узундугу 220-250 сантиметрдей тилинип, учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка “чаян түйүлүп” байланат.

 

Камчы

Унааны камчыланууга колдонулуучу буюм же ат жабдыгы. Табылгы жана элик сап камчылар болот. Жигиттин камчысынын сабы көк же калай менен курчалып, күмүш менен шакектелет. Аны “бел көк” деп аташат. Ал камчынын сабына төрт, алты, сегиз курдай имерилет. Камчынын кармай турган жерине кызыл, күрөң, кара булгаары капталып, ага 7-9 төкмө чачы чыгарылат. Анын узундугу 3 сантиметр келип, нукумдай жеринен көзөлүп, ичке кайыштан бүлдүркөн өткөрүлөт. Ат үстүндө жүргөндө камчы түшүп кетпеш үчүн, адатта колдун ортонуна илинет. Мындай камчы мыкка, бозүйдүн керегесине илүүгө да ылайыктуу.

Камчынын башына калай кадалат. Ал “камчы бөрүк” же “бөрүктүн калайы” делет. Камчынын алаканына көбүнчө кара булгаары капталып, узундугу 3 сантиметр келип, анын 8-10 чачысы болот. Чакан камчынын сабы 42-45 сантиметрдей болууга тийиш. Камчынын өрүмү “түшкүн” деп аталып, 34-36 сантиметрге жетет. Түшкүндү бекитүү чоң чеберчиликти талап кылат. Анын чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанып кетпес үчүн, “түшкүн түйүмү” түйүлөт, анын узундугу 2,5-3 сантиметрге барабар болот.

Камчы – ат минген адамдын негизги куралы. Камчы сапка кабыгы сыйрылган жыгач жарабайт. Ошондуктан, тобулгуну кабыгы менен кошо катырып, андан камчы сап жасашкан.

Бактияр Өмүров, Шоокум Журналы, 01.06.2007-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий