Рысбек Маткасымов: “Акындын ыр дептерин 40 жылга жакын убактан бери сактап келдим…”

2013-жылы кыргыз тилдүү гезиттердин бирине поэзиянын жарык жылдызы, 35 жашында ааламдан өткөн чыгаан акын Тургунбай Эргешовдун уулу, акындын “Сүйүнчү” деп аталган китебин чыгарган Ураанбек Чокмоев менен болгон маегим жарыялангандан кийин мага Оштун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Рысбек Маткасымов телефон чалып, анда акындын ырлары жазылган чоң дептери бардыгын, аны 37 жыл бою көз карегиндей сактап келатканын айтып, Ураанбектин телефон номурун сурап, ата мурасын колуна тапшыруу ниети бар экенин айтты. Арадан бир топ айлар өтүп, Рыспек ага Бишкекке атайын келип, Ураанбектин колуна менин көзүмчө сыртына “Даңаза” деп жазылган көк тыштуу чакмак дептерди тапшырды. Акындын уулунун да, Рысбек аганын да көзүнөн кубанычтын көз жаштары акканына күбө болдум. Дептерде Тургунбай Эргешовдун 1976-жылдары жазылган ырлары бар экен.

 

Рысбек агайдын айтымында дептердин анын колуна тийип калуу тарыхы мындайча болуптур:

— 1976-жыл болчу. Фрунзеде (азыркы Бишкек) окуган каракулжалык жердештер өз ара жолугуп турчубуз. Тургунбай аке ооруканадан жаңы чыккандыктан, сыйлап коёлу деп “Соң-Көл” ресторанына чакыргам. Ал киши жазган ырларын жатка билет экен. Айтып берип, көпкө отурдук. Анан дептерин ошончо адамдын ичинен “сенде боло турсун” деп мага калтырып кеткен. Ошол бойдон жолукпай калдык. Окууну бүткөндөн кийин мен айылга кеттим. Дептерди берейин деп канча аракет кылдым. Моюнума карыз болбосун деген ой менен гезиттерге да жарыялап көрдүм. Бирок, эч ким издеп келген жок. Гезиттен акындын эл арасында калып кеткен ыр дептерлерин издейбиз деген жарыяны окуп, абдан кубандым. Азыр болсо акындын артында калган туягын көрүп, көз жашымды токтото албай турам… Ураанбек атасын тирүүсүндө бир да жолу көрбөй, апасынын курсагында алты айлык кезинде кеткенине карабай, анын артында калган адабий мурасын көп жылдардан бери тынымсыз издеп, таап, китеп кылып чыгарып келатканы анын атасына болгон терең сый-урматы деп түшүнөм. Уул болсо Ураанбектей болсун!…

t_ergeshov_koljazma

t_ergeshov_koljazma2

Автордон: Акын1983-жылы, 35 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салган. Көз жумгандан 10 жыл өткөндөн кийин алгачкы жыйнагы топтолуп, “Өлбөгөн жанга жаз келер” деген ат менен жарык көргөн. Экинчи жыйнагы 2002-жылы “Булбулдардын тукуму аз” деген аталышта чыкса, 2013-жылы  «Сүйүнчүсү» басылып күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөгөн. 2014-жылы болсо, ошол “Сүйүнчү” китебиндеги ырларынын арасынан эң мыкты 100 ыры тандалып алынып, акын чыгарсам деп көксөп, бирок тилегине жетпей армандуу кеткен “Перзент” ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Поэзия

Жаз алды менен чыккан бул саныбызда жазды сүйгөн, жаш баладай баео мүнөз акындын ошол 37 жыл бою окурманынын сандыгында сакталган “Даңаза” деп аталган дептериндеги эч жерге жарыяланбаган ырларынан берүүнү туура көрдүк.

 

БӨЛҮНҮҮ

Эми кимге эртели-кеч эркелейм,
Эми кимди эрмек кылып жетелейм.
Ажал сени тартып кетти койнуман,
Жашыл көзүм жаш төгүүгө бүткөн бейм.

Ачыла элек эмес беле гүлүбүз,
Угула элек эмес беле үнүбүз.
Мен күн болуп, сен үр болуп көрүнүп,
Жеттик эле бирибизге-бирибиз.

Кайдан билдим коштошорду ушинтип,
Кара жерге түшкөнүңдө түңүлтүп.
Эң биринчи топурактан мен септим,
Анан эмне алмак белем тирилтип.

Сенче болор жайнап туруп жаш өлгөн,
Менче болор жер кучактап көгөргөн.
Койгон гүлүм куурап калат кайрадан,
Жаткан жериң жашылдансын нөшөрдөн.

 

* * *

Сезилет менин соодам бүтө электей,
Эх, тагдыр, коё турчу тегеретпей.
Калтырбай каалгасын ачып койчу,
Көрүнгөн базарларга жетелетпей.

“Кечир” деп, ооп кетип оңолчусуң,
Тоо болуп жүрөгүмдө козголчусуң.
Алыстан азык болуп аңкып турар,
Ал базар балам жана сен болчусуң.

 

УЛУУ УУЛУМ МАШАЯККА ДА БИР ЫР

Менин уулум: элиң тоолук, жериң тоо,
Бүркүттөрдөн айланып ал бир мүнөз.
Айбаттанган аскаларды жаңыртып,
Оңой эмес асман жактан күркүрөш.

Жата калып сүйөрлүгүң чын болсо,
Тууган жерге урук түшсүн салааңан.
Жатып алып жетиш оңой алыска,
А сен болсо озуп жаша санааңан.

Калайыгың карап калсын дал болуп,
Жылкы минсең жылан кармап камчылан.
Шуулдагы жердин бетин жапырып,
Шамал гана тосуп чыксын каршыңан.

Бут шилтебе, кол көтөрбө башкага,
Андан көрө топтомолок мунжу бол.
Укпас, күлбөс, сүйлөбөстү сыйла да,
Ашыксынбай сен аларга муңдуу бол.

 

УШУЛ ЖАРЫК ТЕРЕЗЕ

Калдым мына керебетке бөлөнүп,
Кайра кетмей же айыгып же өлүп.
Ооруп келген күндөн бери жатамын,
Ушул жарык терезеден күн көрүп.

Эгер жетсе менде болчу кудурет,
Мүмкүн көпкө жашарымды ким билет.
Асманынан тереземе эңкейип,
Жалгыз көзүн жалжылдатып күн күлөт.

Кайра угулчу жалгыз күндүн күлкүсү,
Кимдин келбейт күлкүлүү өмүр сүргүсү.
Ушул жарык терезе бейм жашоомдун,
Мен жүзүмдү көрүп турчу күзгүсү.

Терезеден дүйнө карайм эмесе,
Тирүүлөргө кызмат кылгын миң эсе.
Тийип турса болду сенин жарыгың,
Мен өчсөм да сен өчпөчү терезе.
(Болушунча балбылдачы терезе).

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 10.03.2015-ж.

 

Тургунбай Эргешовдун дагы башка чыгармаларын бул жерден окуй аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий