1916-жыл: Азияда беш түрк

1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын бир бөлүгүн түзгөн Жетисуудагы көтөрүлүштө Осмон мамлекетинен келген беш түрктүн ролу тууралуу маалымат берген эмгек 1999-жылы Стамбул шаарындагы “Өтүкен” басмаканасынан «Азияда беш түрк» деген аталышта китеп болуп басылып чыккан. Аны араб арибинен латын арибине Юсуф Гедикли которгон. Эмгектин автору Адил Хикмет 1914-жылы Орто Азияга келген беш түрктүн бири болгон. Ал сапарын карыткан соӊ, Орто Азияда күбө болгон окуяларды, көргөн-билгендерин Түркиянын «Cumhuriyet» (“Жумурият”) аттуу гезитинин 1928-жылдын 16-июнунан 16-октябрына чейинки сандарына араб ариби менен жарыялап турган. Мына ушул гезитке чыккан маалыматтардын дээрлик бардыгы бир канча жылдан кийин жогорудагы аталыш менен жарыкка чыккан.

Эмгекте 1916-жылы улуттук-боштондук кыймылга беш түрктүн катышкандыгы жана Шабдан баатырдын уулу Хисамидиндин Кытайга качкан кыргыздарды Анатолияга көчүрүү жөнүндө беш түрккө сунуш киргизгендиги жаӊы тарыхый маалымат катары бизди кызыктырбай койбойт. Мындан сырткары, автор сапарлаштары менен Индияда, Чыгыш Түркстанда болгонун, жолдо орус аскерлеринин кылтагына илинип калып, араӊ дегенде алардан качып кутулуп, аӊдоосуздан кыргыздарга туш келишкенин, Чыгыш Түркстанга кайра келип, Такламакандан Хотенге, Кытайга сапар тартышканын жана Шанхайдаөткөргөн күндөрүн баяндап келип, жалпысынан Чыгыш жана Батыш Түркстандагы беш түрктүн (ошол мезгилде Осмон мамлекетинин армиясында кызматөтөгөндөрдүн) иш-аракеттери, башынанөткөргөн окуялары, айрыкча алардын Жетисуудагы көтөрүлүшкө катышкандыгы жөнүндө маалымат берет. Эмгектин автору тууралуу кошумча маалыматтар жок. Ал төрт тилде (французча, арабча, италянча жана англисче) эркин сүйлөгөн. Өз мезгилинде аскердик жөндөмдүүлүгүнөн улам жүзбашылык кызматка чейин көтөрүлгөн. Ал эми эмгеги болсо эскерүү, күндөлүк, тарыхый роман жана саякатнаама сыяктуу жанрдык типте жазылган.

Эмгекте берилген маалыматка караганда, Осмон мамлекетинен Кушчубашы Селим Сами, Хүсейин Эмруллах, Хүсейин (түбү крымдык болгон), Ибрахим жана биз сөз кылып жаткан эмгектин автору Адил Хикмет деген соодагер кейпиндеги беш киши 1914-жылы 14-июнда узак сапарга аттанып чыгат да, 4-августта Измирден кемеге отуруп, эптеп Кашкарга жетип, андан ары Памир аркылуу Афганистанга жөнөйт. Чыгыш Түркстан аймагын кесипөтүп баратып 1915-жылы 27-апрелде орус аскерлеринин колуна түшүп, Ташкоргонго жөнөтүлөт да, аяктан адегенде эле алардыөлүм жазасына тартмакчы болушуп, анан ырысы ошол жактан кыйылсын дешкенби, айтор, Ташкентке жеткиришет. Ошол мезгилде Германиянын Кытайдагы элчиси Фон Хинтсе аларды өлүмдөн куткарып калат. Ичер суусу түгөнө элек немелер 1915-жылдын 14-июлунда камактан чыгышып, оболу Балкаштын түштүк-чыгышындагы Капал шаарына, андан кыргыз-казактар жашаган Сархан шаарына айдалышат. Жазмышка айла барбы, куугун-сүргүндөн башы арылбаган байкуштардын багына, кудай жалгап, ошол кезде Жетисууда көтөрүлүш башталып кетип, абакта жүргөн бешөө ошол тарыхый окуяга активдүү катышат. Эмгектин негизгиөзөгүн мына ушул Жетисуу көтөрүлүшүндөгү алардын орду жөнүндөгү тарыхый маалымат түзөт. 1916-жылы 2-августта башталган көтөрүлүш Бишкек, Каракол, Токмок аймактарын тез эле кучагына алып, анын башында Канат жана Шабдан баатырдын уулу Хисамидин турган. Бирок, 1999-жылы “Азияда беш түрк” аттуу китепти араб арибинен латын арибине которгон Юсуф Гедикли Адил Хикметтин ушул эмгеги тууралуу жазган кириш сөзүндө Шабдан баатырдын 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкандыгын, ал тургай уулдарына кошулуп козголоӊчуларды жетектегенин айтат (Adil Hikmet Bey, Asya’da Beş Türk. Араб арибинен латын арибине которгон Ю. Гедикли. Стамбул, 1999. 16-б.). Адил Хикметтин эмгегинде болсо Шабдан баатыр тууралуу таптакыр сөз кылынбайт, анын уулу Хисамидин тууралуу гана айтылат. Ал эми Шабдан баатыр үркүн башталганга чейин эле, 1912-жылы 6-апрелде, көз жумганы баарыбызга маалым.

1916-жылдын ноябры ченде баягы беш түрк Шабдан баатырдын уулу Хисамидинге кошулуп, орус аскерлерине каршы урушка катышкандыгы, ошол кезде жети миӊдей куралдуу кыргыз көтөрүлүшкө даяр турушканы тууралуу эмгекте үстүртөдөн болсо да айтылып кеткен жерлери бар. Россия империясынын аскердик күчү алардан алда канча күчтүү болгондуктан, айыгышкан күрөштө Жетисуу аймагынын жергиликтүү калкы отуз пайызга азайган. Натыйжада үч жүз миӊдей казак, кыргыз Чыгыш Түркстанга көчүүгө аргасыз болушкан. Бул окуя боюнча түрк изилдөөчүсү З. В. Тоган жүз миӊ чатырдан көп кыргыз үй-бүлөсү аргасыздан Кытайга көчкөндүгү жөнүндө маалымат берет (Z. V. TOGAN, Bugünkü Türkili Türkistan ve Yakın Tarihi. Стамбул, 1981. 2. басым. 341-б.). Адил Хикмет жогоруда аталган эмгегинде Кытайга көчкөн кыргыздардын арасында келишпестик пайда болгонун, ошондан улам алардын бир тобу кайраөз мекенине кайтууну, орустар ээлеп алган жерге барууну көздөшсө, экинчилери Кытай жергесиндеөлгөнгө даяр экенин айтышканын кабарлайт.

Алар Орто Азияга келгенде Түркстандын бир бөлүгү (азыркы Орто Азия же Батыш Түркстан) Россияга, экинчи бөлүгү (азыркы Синцзянь провинциясы, же Чыгыш Түркстан) Кытайга, ал эми калган бөлүгү ( Түндүк Афганистан аймагы) Англияга караганы тууралуу баяндайт. Эмгектин автору сапарлаштары менен чогуу Түркстанга жергиликтүү калктын улуттук аӊ-сезимин ойготуу максатында баргандыгын билдирет. Ушундан улам, автор бизди ынандырууга аракеттенгендей, ошол түрктөр чындап эле Орто Азия калкынын улуттук аӊ-сезимин ойготуу максатында жолго чыгышкан болсо, анда эмне үчүн беш түрктүн төртөө аскер адамы эле деген мыйзамдуу суроо туулат.

Автордун берген маалыматы боюнча, алар кыргыздарга кошулуп, кайсы жерлерде топтолуп сүйлөшүү керектигине чейин талкууга алышкан. Кыргыздардын негизги куралдуу күчтөрү Ысыккөлдө беш түрктүн катышуусунда чоӊ жыйын курушуп, жыйында көтөрүлүшчүлөргө беш түрк менен Хисамидин жетекчи болуп дайындалышат. Бирок, орус аскерлерине күчтөрү жетпей тургандыгын алдыртан билишип, алгач алардын курал-жарак койгон жерлерин түн ичинде талап-тоной башташкан. Натыйжада ар бир кыргыз курал-жаракка ээ болгон. Мындан сырткары, кээ бир колунда бар кыргыздар бардык мал-мүлкүн согуштук курал-жарактарга айырбаштаган. Буга мисал катарында Шабдан баатырдын уулу Хисамидинди көрсөтүүгө болот. Эмгектен Хисамидин жүз элүү миӊден ашуун акчасын согушка короткондугу кабарланган.

Көтөрүлүштү басууда орус аскерлеринин башында генерал Куропаткин турган. Анын жазалоочу отряды Ысыккөлдүнөзүндө эле отуз миӊ кыргызды кырып таштаганын автор аталган эмгегинде баяндайт. Бирок, Куропаткин көтөрүлүштү жетектеген Осмон түрктөрүн колго түшүрө албаган соӊ, төмөндөгүдөй указ чыгарган. Аны эмгекте автор мындайча берет: «Император Николайдан (бул жерде Николай II тууралуу сөз болуп жатат – Р.А.) баштап баарыбызга Жетисуу облусундагы беш түрк тынчтык бербей койду. Россия падышачылыгынын тынчтыкта болушу калкка бейпилдикти алып келет. Анткени, калктын кайгы-муӊу падышачылыктын кайгы-муӊу болуп саналат. Акыркы мезгилдеги бейпилдик менен тартиптин бузулушунан улам бир топ башаламандык келип чыкты. Бул биздин биримдигибизге туура келбейт. Бардык күч-кубатыбыз мененөкмөткө зыян келтирген бузукуларды жок кылуубуз керектигин падыша буйрук кылды. Беш түрктү кармап, колдорун байлапөкмөткө тапшырган адамга акчалай сыйлык (ар бир түрк үчүн он миӊ сомдон) берилет. 1916-ж. 15-декабрь. Генерал Куропаткин».

Беш түрктү кыргыздар орус аскерлери жете албаган жайга, токойго, алпарып жашырышып,өлүмдөн сактап калышат.

Эмгектеги маалыматка караганда, бир күнү Хисамидин Шабдан уулу Кытайга качкан кыргыздардын ал жерде дагы көпкө кала албастыгын, мындан улам аларды Афганистан жана Иран аркылуу Анатолияга көчүрүү маселесин сүйлөшүү үчүн беш түрккө кайрылат. Автордун ою боюнча, кыргыздар Чыгыш Анатолиянын тоолуу аймактарына жайгаштырылса, Түркия үчүн пайдалуу болмок. Мындан улам ал жердеги армян кыштактарынын арасына үчтөн кыргыз кыштагын орнотсо болору тууралуу оюн автор эмгегинде билдирип кетет. Хисамидиндин сунушу боюнча, кыргыздар Анатолияга карай бет алмак эле. Бул жерде жеке эле кыргыздарды эмес, Хотендеги түрк калкын да көчүрүү жөнүндө сөз болгон, автордун пикиринче, алар да Түркияда колөнөрчүлүккө, чыгармачылыкка жаӊылык киргизип, экономикага пайда келтиришмек. Бирок, ал мезгилде Түркия согушка катышып жаткан.

Түрктөр Индиядан Чыгыш Түркстанга Памир аркылууөтүшөт да, памирлик кыргыздардын арасында жүрүшүп, алардын чарбасы, маданияты, жашоо образы менен таанышышат. Мисалы, автор алардын койлорунун чоӊдугу торпоктой бар экенин, кышкысын кар калыӊ жааганына карабастан, малдары карды тээп оттоп жүргөнүнө күбө болушканын баяндайт. Памирлик кыргыздардын азыркы каада-салт боюнча койду соёрдон мурун «оомийин» деп, анан мууздаганына таӊыркаганын, койдун астынкы ээгинен башкасын толугу менен дасторконго койгонуна кызыкканын, койдун башынын астыӊкы бөлүгү кокусунан конокко берилип калса, коноктун сүйлөөк экенин билдирээриненөйдө жазат.

Андан соӊ түрк туугандар Ташкоргонду (Кытайга караган аймактын аты) көздөй бет алышып, ал жерден да кыргыздарга туш келишет. Калктын көбү жылкы асырап, кой жана топоз багышарын,өтө жакырлары эт менен эле тамактанышарын, колунда барлары болсо Кытай базарларынан шекер, ун, күрүч жана арпа алышарын, эттен казы-карта жасашарын, бээнин сүтүн ичип, андан кымыз жасашарын ошол жерден көрүшөт. Мындан тышкары, автор капканга түшкөн бүркүттү коё беришкенин баяндап келип, андагы капкан кыргыздарга таандык болчу деп жазат. Бул жерден кыргыздардагы мүнүшкөрлүктү байкоого болот.

Кызык жери – ал мезгилде Орто Азиялыктар Осмон түрктөрүн «Стамбул түрктөрү» деп аташчу экен. Балким, бул аймактардан Меккеге жол тарткан болочок ажылар Стамбул аркылуу сапар карытышкандыктан, шаардын аты элге ошондо эле кеӊири белгилүүдүр…

Беш түрк Анжиянга келген кезде, ал жердеги жергиликтүү калк гезиттен алар тууралуу кабар угушканын, алардын Памирдеги кыргыздарды көтөрүлүшкө үндөгөндүгү тууралуу эшитишкендигин автор эмгегинде айтып кетет. Демек, ошол мезгилде чыккан орусча гезиттерден алар тууралуу маалыматты учуратууга болот экен да. Мындан улам архивдерде (айрыкча Россиядагы архивдерде) булар жөнүндө маалыматтар бар болуш керек деп ой жорууга да болот.

1917-жылы беш түрк Кучарга барат. Ошол маалда Россия менен Кытайөз ара келишип алып, аларды кармоого аракет кылышат. 1918-жылы 29-июнда жаны жай албаган түрктөр Шанхайга барышканда, англичандар алардын артынан сая түшүшөт. Артынан түшкөн куугунду адаштыруу максатында беш түрк бир-бирден ар кайсы жакка чачырап, ар башка жол аркылуу качып отуруп, араӊ дегенде Түркияга кайтып келишет. Тактап айтканда, Селим Сами менен Ибрахим 1920-жылдын 13-апрелинде Манчжурия аркылуу Россияга, Адил Хикмет менен Хүсейин 1920-жылдын 14-апрелинде Япониянын кемесине түшүп Гамбургга келишет. Эмруллах Афганистан, Батуми, Трабзон аркылуу 1919-жылы 19-июлда Стамбулга келет. Эмгектин автору Адил Хикмет болсо Стамбулга сүлдөрүн сүйрөп араӊ гана 1921-жылдын 23-мартында жеткен.

Жыйынтыктап айтканда, 1914-жылы Орто Азияга келип, Жетисуудагы көтөрүлүшкө активдүү катышкан беш түрк тууралуу 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылына таандык архивдик материалдар кайрадан каралууга тийиш.

Роза Абдыкулова, Шоокум Журналы, 05.02.2006-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий