Сулайман Рысбаев. “Чоң кишилер баарын билеби?”

(аңгеме)

Азамат бир күнү атасынан минтип сурады.

– Ата, сиз ат минип катуу чаптыра аласызбы?

– Ооба, уулум,– деди атасы иши менен алаксып отуруп.

– Ата, — деди Азамат баягы суроосун улантып,- Сиз чо-оң тоонун башына чыга аласызбы?

– Ооба, уулум, — деди атасы баягы калыбында.

– А чо-оң суудан да кече аласызбы?

– Кече алам, уулум…

– Сиз чоңсуз да, ата. Сиз баарын билесиз да э?..

– Ооба, күчүгүм… Мага жолтоо болбочу, балам…

Азамат ага болбой, суроосун дагы улантты:

– А чо-оң паравоз кантип жүрөт, билесизби, ата?..

Эми уулунун бул суроосуна атасы ойлонуп калды. Ал паравозго көп эле түшкөнү менен, анын кантип жүргөнүн, үнү кандай экенин байкабаптыр. Байкаса да, аны дал өзүндөй кылып туурап бере албайт эле. Ал баласын карап, жылмайды да, башын чайкады.

– А өзүң билесиңби?-дсп сурады уулунан.

Азамат заматта токтоо боло калды да, паравоздун кантип жүргөнүн өзүндөй кылып туурап кирди.

– Пыш-ш-ш… Буу-у-уп. Гар-гар-гар… гар… шау… шау… шау… шау… шау… дүк-дүк… шау- шау-дүкү-дүк… шау-щау–дүкү-дүк… бүү-үү-үп… Мына, көрдүңбү ата, мен паравоз айдай алам… Сизден да кыйын бекемин…

– Ооба, сен анык Азамат турбайсыңбы, — деди атасы уулун эркелетип.

Чын эле, баланын да билген нерсеси болот да… Аны улуулар биле албайт!

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары.

Соц тармактар:

Добавить комментарий